83 - Al-Mutaffifin ()

|

(1) Таразадан алдагандарга кыйроо жана жоготуу болсун!

(2) Алар башкалардан өлчөтүп алып жатканда, өз акыларын кемитпестен толук кылып алышат.

(3) Өздөрү адамдарга өлчөп же таразага тартканда, өлчөмүн жана салмагын кемитип беришет. Пайгамбар Мединага көчүп барганга чейин мединалыктар ушундай абалда болушкан.

(4) Бул күнөө ишти кылгандар Аллахка тирилип барабыз деп ишенишпейт бекен?

(5) Улуу күндө сурак берүү жана жаза-сыйлык алуу үчүн. Анткени анда кыйынчылыктар жана коркунучтар бар.

(6) Ал күнү адамдар сурак берүү үчүн бүткүл макулуктардын Раббисинин алдында турушат.

(7) Абал силер өлүмдөн кийин кайра тирилүү болбойт деп элестеткендей эмес. Чындыгында каапыр жана эки жүздүү күнөөкөр адамдардын китептери эң төмөнкү жерде жоготууда болот.

(8) Оо, пайгамбар! Сен Сижжин эмне экенин кандай билмек элең?

(9) Алардын китептери жок кылынбастан жазылган, ага эч нерсе кошулбайт жана кемитилбейт.

(10) Ал күнү жалганчыларга кыйроо жана жоготуу болсун!

(11) Алар Аллах пенделерине дүйнөдө кылган иш-аракеттерине жараша сыйлык же жаза бере турган сурак күндү жалганга чыгаргандар.

(12) Ал күндү Аллахтын чектеринен чыгып, көп күнөө кылган адамдар гана жалганга чыгарышат.

(13) Эгерде ага элчибизге түшүргөн аяттарыбыз окулса: «Бул байыркы элдердин уламыштары. Ал Аллах тараптан эмес» – деп айтат.

(14) Абал ал жалганчылар элестеткендей эмес. Тескерисинче, алардын кылган күнөөлөрү акылдарын ээлеп жаап калды. Ошондуктан жүрөктөрү менен акыйкатты көрүшкөн жок.

(15) Акыйкатта алар кыямат күнү Раббисин көрүүдөн куру калышат.

(16) Андан соң тозокко киришип, анын ысыктык азабын тартышат.

(17) Кийин кыяматта аларды жемелөө максатта мындай деп айтылат: «Силер туш болгон бул азап – пайгамбарыңар дүйнөдө силерге ал жөнүндө айткан кезде жалган деген нерсеңер».

(18) Абал силер ойлогондой сурак берүү да жок, сыйлык же жаза алуу да жок дегендей эмес. Чындыгында баш ийүүчү адамдардын китептери Иллийюнда.

(19) Оо, Мухаммад! Сен Иллийюн деген эмне экенин кайдан билмек элең?

(20) Алардын китептери жок кылынбастан жазылган, ага эч нерсе кошулбайт жана кемитилбейт.

(21) Бул китепке ар бир асмандагы жакындатылган периштелер келишет.

(22) Чындыгында ибадаттарды көп кылган адамдар кыямат күнү түбөлүк жыргалчылыкта болушат.

(23) Алар кооздолгон сөрүлөрдүн үстүндө Раббисине жана алардын жан дүйнөсүнө кубаныч тартуулаган бардык нерселерге назар салып олтурушат.

(24) Аларды карай турган болсоң, сулуу жана жылдыздуу жүздөрүнөн жыргалчылыктын белгилерин көрөсүң.

(25) Аларга кызматчылары идиштерине мөөр басылган шараптарды ичиришет.

(26) Андан акырына чейин мисктин жыты буркурап турат. Мына ушул улуу сыйлык үчүн жарышуучулар Аллахты ыраазы кылган иш-аракеттерди кылып жана Анын каарын келтирген нерселерди таштоо менен жарышышсын.

(27) Бул мөөр басылган ичимдик Тасним булагынан болот.

(28) Ал бейиштин эң жогорусунда жайгашкан булак. Аны таза жана тунук абалда жакындатылгандар ичишет, ал эми жалпы ыймандуулар болсо аны башка аралашмасы менен ичишет.

(29) Чындыгында каапырлыкта болуп, күнөө кылган адамдар ыйман келтиргендердин үстүнөн шылдыңдап күлүштү.

(30) Ыймандуулардын жанынан өткөн кезде бири-бирине көз кысып мазакташты.

(31) Ал эми үй-бүлөсүнө кайтышканда, каапырлыктарына жана ыймандууларды шылдыңдашканына кубанган бойдон кайтышты.

(32) Эгер мусулмандарды көрүш калышса: «Чындыгында булар акыйкат жолдон адашкандар. Анткени алар ата-бабалардын дининен безишти» – деп айтышты.

(33) Алар бул сөздү айткыдай, Аллах алардын иш-аракеттерин сактоону аларга тапшырган эмес.

(34) Эми каапырлар дүйнөдө алардын үстүнөн күлүшкөндөй, ыймандуулар да кыямат күнү алардын үстүнөн күлүшөт.

(35) Алар кооздолгон сөрүлөрдүн үстүндө Аллах аларга даярдаган түбөлүк жыргалчылыктарды карап олтурушат.

(36) Каапырлар дүйнөдө кылган иштери үчүн кордоочу азап менен жазаланышты.