53 - An-Najm ()

|

(1) Аллах кулаган жылдыз менен ант берди.

(2) Аллахтын элчиси Мухаммад акыйкат жолдон тайган эмес жана адашкан да эмес, ал туура жолдо.

(3) Жана ал бул Куранды өз каалоосуна ээрчип сүйлөбөйт.

(4) Бул Куран – Аллах ага Жебреил периште аркылуу түшүргөн вахий гана.

(5) Аны ага абдан кубаттуу Жебреил периште үйрөткөн.

(6) Жебреил сулуу келбет ээси, ал пайгамбарга Аллах аны жараткан келбетте пайда болуп тике турду.

(7) Жана Жебреил асмандын бийик мейкиндигинде.

(8) Андан соң Жебреил пайгамбарга жакындады, кийин дагы жакындады.

(9) Анын ага жакындыгы эки жаанын өлчөмүндөй же андан да жакын болду.

(10) Анан Жебреил Аллахтын кулу Мухаммадга вахий кылды.

(11) Мухаммаддын жүрөгү көзү менен көргөн нерсени жалганга чыгарган жок.

(12) Эй, мушриктер! Ал асманга көтөрүлгөн түнү Аллах ага көргөзгөн нерселер тууралуу талашып тартышасыңарбы?

(13) Мухаммад асманга көтөрүлгөн түнү Жебрейилди дагы бир жолу өз келбетинде көрдү.

(14) Жетинчи асмандагы эбегейсиз чоң дарак Сидра аль-Мунтаханын алдында.

(15) Анын алдында Маъва бейиши бар.

(16) Капыстан Аллахтын буйругу менен Сидраны бир улуу нерсе ороп алды. Анын акыйкатын Аллах гана билет.

(17) Мухаммаддын көздөрү оңгө да, солго да бурулган жок жана ал белгиленген чектен да ашкан жок.

(18) Мухаммад асманга көтөрүлгөн түнү Раббисинин кудуреттүлүгүн билдирген улуу аят-белгилерди көрдү, бейиш менен тозокту көрдү жана алардан башкасын да көрдү.

(19) Эй, мушриктер! Силер Аллахтан башка сыйынган Лат менен Узза айкелдерин көрбөдүңөрбү?

(20) Жана силердин айкелдериңердин үчүнчүсү Манатты дагы. Айткылачы мага, алар силерге пайда же зыян келтире алдыбы?

(21) Эй, мушриктер! Силерге өзүңөр жакшы көргөн уул балдар, ал эми жаман көргөн кыз балдар Аллахка таандыкпы?

(22) Өз каалооңорго карап мындай бөлгөнүңөр адилетсиз бөлүү.

(23) Бул айкелдер жөн гана маанисиз аталыштар. Алар кудайлык сыпаттарга ээ эмес. Аларды өзүңөр жана ата-бабаларыңар эле атап алгансыңар. Аллах буга эч кандай далил түшүргөн эмес. Мушриктер өз ишенимдеринде божомолго гана ээрчишет жана шайтан алардын жүрөктөрүндө кооз кылып көргөзгөн нерселерди каалашат. Аларга пайгамбардын тилинде Раббиси тараптан акыйкат келди. Бирок алар ал жолго түшүшкөн жок.

(24) Же инсан үчүн Аллахтын алдында ал каалагандай айкелдердин шапааты бар бекен?

(25) Жок! Анын каалаганы болбойт. Акырет жана дүйнө жалгыз Аллахка таандык. Алардан Өзү каалаган нерсесин берет, каалабаган нерсесин бербейт.

(26) Асмандарда канчалаган периштелер бар, алардын шапааты эч пайда келтирбейт. Эгерде алар кимдир бирөөгө шапаат кылууну каалашса, анда Аллах Өзү каалагандарга шапаат кылууга уруксат берип жана шапаат кылынгандарга ыраазы болгондон кийин гана шапаат кыла алышат. Аллах шерик кылынгандарга эч качан шапаат кылууга уруксат бербейт жана Аллахтан башка ага сыйынгандардан эч качан ыраазы болбойт.

(27) Акыреттеги тирилүүгө ыйман келтирбегендер периштелерди Аллахтын кыздары деген ишенимден улам аларды аялдардын аттары менен аташат. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн жогору турат.

(28) Периштелерди аялдардын аттары менен атоодо алардын таянар илими жок. Алар бул нерседе божомол жана күмөнгө гана ээрчишет. Чындыгында күмөн акыйкаттын ордун баскыдай эч кандай пайда келтире албайт.

(29) Оо, пайгамбар! Аллахты эстөөдөн баш тарткан, ага маани бербеген жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдан жүз бур. Ал акырети үчүн аракет кылбайт. Себеби ал ага ишенбейт.

(30) Мушриктердин периштелерди аялдардын аттары менен атап айткан бул сөздөрү — алар жеткен илимдин чеги. Анткени алар сабатсыз, алар терең ишенимге жетишкен эмес. Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң акыйкат жолдон четтегендерди жакшы билет жана Анын жолуна түшкөндөрдү да жакшы билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.

(31) Ээлик кылууда, жаратууда жана башкарууда асмандардагы жана жердеги нерселер жалгыз Аллахка таандык. Ошон үчүн Ал дүйнөдө жамандык иштерди кылгандарды азап менен татыктуу жазасын берет жана жакшылык кылган ыймандууларга бейишти сыйлык кылат.

(32) Чоң күнөөлөрдөн жана бузуку иштерден сактангандардын кичине күнөөлөрү, чоң күнөөдөн сактанып, көп ибадат кылганы себептүү кечирилет. О, пайгамбар! Чынында, Раббиңдин кечиримдүүлүгү чексиз. Ал пенделери тобо кылса, күнөөлөрүн кечирет. Ал силерди атаңар Адамды топурактан жараткандан (баштап) энеңердин ичинде улам өөрчүгөн түйүлдүк кездеги абалыңарды жана (кийинки) жасаган иштериңерди жакшы билет. Ага ч нерсе жашыруун эмес. Андыктан, өзүңөрдү такыбамын деп мактабагыла. Аллах Тала анын буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылган такыбаларды жакшы билет.

(33) Исламга жакындагандан кийин жүз бурган адамдын жийиркеничтүү абалын көрбөдүңбү?

(34) Ал болбогон мал-мүлк берди, кийин токтотту. Анткени сараңдык анын табияты. Бирок ал ага карабастан өзүн мактайт.

(35) Ал көрүп же сүйлөп бергидей анда кайып илими барбы?

(36) Же ал Аллахка жалаа жабуучубу? Же бул жалакорго Аллах Мусага түшүргөн байыркы баракчалар тууралуу кабар берилген жок беле?

(37) Жана Ибрахимдин баракчаларычы, ал Раббиси тапшырган нерселердин баарын аткарып, аны аягына чыгарды.

(38) Эч бир инсан башканын күнөөсүн көтөрбөйт.

(39) Жана инсан өзү кылган иш-аракетинин сыйлыгын гана алат.

(40) Ал кыямат күнү иш-аракеттерин өз көзү менен көрөт.

(41) Кийин анын иштеринин сыйлыгын кемитпестен толук берет.

(42) Оо, пайгамбар! Пенделер өлүмдөн кийин Раббиңе кайтышат.

(43) Ал Өзү каалаганын кубандырып күлдүрөт жана Өзү каалаганын кайгыга салып ыйлатат.

(44) Ал дүйнөдө тирүүлөрдү өлтүрөт жана өлүктөрдү кайра тирилтет.

(45) Ал эркек жана ургаачы кылып жуптарды жаратты.

(46) Жатынга жайгашкан бел суудан.

(47) Аларды өлгөндөн кийин кайра жаратуу Анын милдети.

(48) Ал Өзү каалаганын мал-мүлккө ээ кылып байытты жана адамдар ээлик кылган мал-мүлктөн берди.

(49) Ал кээ бир мушриктер Аллах менен катар сыйынган Сириус жылдызынын да Раббиси.

(50) Ал Худдун коому болгон байыркы Аадды каапырлыктан кайтпагандыгы үчүн жок кылды.

(51) Жана Салихтин коому Самудду да жок кылды. Алардан эч ким калган жок.

(52) Ал Аад менен Самудга чейин Нухтун коомун жок кылган. Чындыгында Нухтун коому Аад менен Самуддан өткөн залым жана чектен чыккандардан эле. Анткени Нух алардын арасында 950 жыл жашап, аларды жалгыз Аллахка сыйынууга чакырган. Бирок алар ага жооп беришкен эмес.

(53) Ал Лут коомунун шаарын асманга көтөрүп, кийин аны оодарып туруп жерге таштаган.

(54) Ал асманга көтөрүлүп, кайра жерге түшкөндө анын үстүн жаап калды жана таштар жаады.

(55) Эй, инсан! Раббиңдин кудуреттүүлүгүн көргөзгөн кайсы аят-белгилери тууралуу талашып тартышып, алардан сабак албай жатасың?

(56) Силерге жиберилген бул элчи абалкы элчилердин эле бири.

(57) Жакындоочу кыямат жакындап калды.

(58) Аны Аллахтан башка эч ким кайтара албайт жана эч ким биле албайт.

(59) Силерге окулуп жаткан бул Куран Аллахтан экенине таң калып жатасыңарбы?

(60) Силер андагы осуяттарды укканда ыйлагандын ордуна анын үстүнөн күлүп шылдыңдап жатасыңарбы?

(61) Силер ага жеңил карап, көңүл бурбай жатасыңарбы?

(62) Аллахка гана сажда кылгыла жана Ага чын ыкластан ибадат кылгыла!