39 - Az-Zumar ()

|

(1) Куран китеби эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман Аллах тараптан гана түшкөн.

(2) Оо, пайгамбар! Биз сага акыйкатты камтыган Куранды түшүрдүк. Андагы кабарлардын баарысы чындык жана өкүмдөрдүн баарысы адилеттүү. Андыктан ширкти таштап, жалгыз Аллахка гана чын ыкластан сыйын!

(3) Ширктен таза болгон дин Аллахка гана таандык! Ал эми Аллахтан башка кудайларды жана тагуттарды колдоочу тутуп аларга сыйынгандар бул кылгандарынын шылтоосу катары мындай деп айтышат: «Биз аларга бизди Аллахка бир аз болсо да жакындатсын, муктаждыктарыбызды Ага айтсын жана Анын алдында бизге ортомчулук кылышсын деп гана сыйынабыз». Чындыгында Аллах Ага гана сыйынган ыймандуулар менен мушрик каапырлардын ортосундагы Аллахты жалгыздоого байланышкан талаш-тартыштары тууралуу кыяматта өкүм кылат. Аллахтын шериги бар деп жана Анын жакшылыктарын танып кеткендерге Ал акыйкатка карай ийгилик бербейт.

(4) Эгерде Аллах балалуу болушун каалаганда, анда жараткандардын арасынан Өзү каалаганын тандап, аны бала кылып алмак. Аллах мушриктердин айткандарынан аруу! Ал Өз затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде Жалгыз. Бул нерселерде Анын шериги жок. Ал бүткүл макулуктарды Багынтуучу.

(5) Ал асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жаратты. Залымдар айткандай жөндөн-жөн эле жараткан жок. Түндү күндүзгө киргизет, күндүздү түнгө киргизет. Алардын бири келсе, экинчиси кетет. Жана Күндү менен Айды моюн сундурду. Ал экөөсүнүн ар бири бул жашоо бүтө турган белгиленген убакытка чейин жүрөт. Чындыгында Ал Өз душмандарынан өч алган жана эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү.

(6) Эй, адамдар! Раббиңер силерди бир жандан – Адамдан жаратты, кийин андан аялы Хаваны жаратты. Ошондой эле силер үчүн төөлөрдү, уйларды, койлорду жана эчкилерди сегиз түр кылып жаратты. Ар бир түрүнөн эркек-ургаачысын жаратты. Аллах силерди энеңердин курсагында үч караңгылыкта – курсакта, жатында жана тондун ичинде баскыч-баскыч кылып жаратты. Мына ошолордун баарысын жараткан Аллах – силердин Раббиңер. Бийлик Ага гана таандык. Андай башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Эмнеге силер Ага сыйынгандын ордуна эч нерсени жараталбаган, тескерисинче өздөрү жаратылган нерселерге сыйынып жатасыңар!

(7) Эй, адамдар! Эгерде Раббиңерге каапырлык кылсаңар, Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес. Силердин каапырлыгыңар Ага зыян келтирбейт. Анын зыяны өзүңөргө гана кайтат. Ал пенделеринин Ага каапырлык кылууларына ыраазы эмес жана аларды каапырлыкка да буйрубайт. Анткени Аллах букузукулукка жана күнөөгө буйрубайт. Эгерде Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылсаңар жана Ага ыйман келтирсеңер, анда Ал шүгүрчүлүгүңөргө ыраазы болот жана ал үчүн соопторду берет. Эч бир жан башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Тескерисинче, ар бир жан кылган ишине жараша кармалып турат. Кийин силер кыяматта жалгыз Раббиңерге кайтасыңар. Ошондо Ал силердин дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет. Силерге иш-аракеттериңер үчүн сыйлыгын берет. Чындыгында Ал пенделеринин жүрөктөрүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.

(8) Эгерде каапыр адам оору, мал-мүлк жоготуу, сууга чөгүү сыяктуу зыянга учураса, ал Раббисине гана кайтып, андагы зыянды кетирүүсүн сурап дуба кылат. Кийин Ал анын башына түшкөн зыянды кетирип жакшылык кылган болсо, анда ага чейин Аллахка жалынганын таштап коёт жана башкаларды Аллахка карай жеткирген жолдон адаштырыш үчүн Ага башкаларды шерик кылып сыйынышат. Оо, пайгамбар! Ушундай абалдагы адамдарга айт: «Калган өмүрүңдө каапырлыгың менен жыргап ал. Ал аз гана убакыт. Чындыгында сен кыяматта дос досту коштогондой тозокко киргендер менен бирге болосуң.

(9) Же болбосо, Аллахка моюн сунуп, түнкү убакыттарды Раббисине сажда кылган, намазда турган абалда өткөргөн, акырет азабынан корккон, Раббисинин ырайымын үмүт кылган адам жакшыбы же кыйналганда гана Аллахка сыйынып, барчылыкта Ага каапырлык кылган жана Аллахка шериктерди кошкон адамбы жакшыбы? Оо, пайгамбар! Аллахты таанып билишкени себептүү аларга милдет болгон нерселерди билгендер менен булардын эч бирин билбегендер тең боло алабы? Чындыгында бул эки топтун айырмачылыгын туура акыл жүгүрткөндөр гана билишет.

(10) Оо, пайгамбар! Мага жана пайгамбарларга ыйман келтирген пенделериме айт: «Раббиңердин буйруктарына баш ийип, тыюуларын таштап Андан корккула! Силерден бул дүйнөдө жакшылык иштерди кылгандар үчүн дүйнө жашоосунда жеңиш, ден-соолук жана байлык сыяктуу жакшылыктар болот. Ал эми акыретте бейиш болот. Аллахтын жери кенен. Андыктан Аллахка сыйынууга тоскоолдук жаратпагандай жер тапканга чейин көчө бергиле! Чындыгында кыямат күнү сабырдууларга берилген сооп-сыйлыктары көптүк жана түрдүүлүк жактан эсепсиз жана ченемсиз болот».

(11) Оо, пайгамбар! Айт: «Аллах мени чын ыкластан Ага гана ибадат кылууга буйруду.

(12) Жана бул үммөттөн мени эң биринчи болуп Ага баш ийип, Аны ээрчигендерден болууга буйруду».

(13) Оо, пайгамбар! Айт: «Эгер мен Аллахка баш ийбестик кылып, Ага моюн сунбасам, анда мага улуу кыямат күндөгү азап жетишинен коркомун».

(14) Оо, пайгамбар! Айт: «Мен чын ыкластан ибадат кылып Аллахка гана сыйынам. Андан башка эч кимге сыйынбайм.

(15) Эй, мушриктер! Силер дагы Андан башка каалаган кудайларга сыйына бергиле (коркутуу максатта айтылган буйрук)». Оо, пайгамбар! Айт: «Чыныгы жоготууга учурагандар – алар өздөрүн жана үй-бүлөсүн зыянга учураткандар. Алар өздөрү гана бейишке киргени себептүү же алар менен бирге тозокко түшкөнү себептүү алардан бөлөк болгону үчүн аларды жолуктурбайт. Мына ушул эч кандай бүдөмүксүз ачык-айкын адашуу эмеспи!

(16) Алар үчүн үстүлөрүндө түтүн, жалын жана ысыктык болот жана астыларында да түтүн, жалын жана ысыктык болот». Мына ушул айтылган азап менен Аллах пенделерин коркутат. Оо, пенделерим! Менин буйруктарыма баш ийип, тыюуларымды таштап Менден корккула!

(17) Ал эми айкелдерге сыйынуудан жана Аллахтан башка бардык сыйынылган нерселерден алыстагандарга жана тообо кылып Аллахка кайткандарга өлгөндө, кабырда жана кыяматта бейиш тууралуу куш кабар айтылат. Оо, пайгамбар! Пенделериме сүйүнчүлө!

(18) Ал эми сөзгө кулак салып, анын жакшы-жаманын айырмалап, пайдасы бар жакшы сөздөрдү ээрчигендерге – мына ушундай сыпаттагы адамдарга Аллах туура жолго карай ийгилик берет, мына ушулар туура акыл жүгүрткөндөр.

(19) Оо, пайгамбар! Кимге каапырлыктан жана адашуудан баш тартпаганы үчүн азап сөзү милдет болсо, сен аны туура жолго салууга жана ийгилик берүүгө эч кандай айла таба албайсың. Оо, пайгамбар! Сен ушундай сыпаттагы адамды тозоктон куткара аласыңбы?

(20) Бирок Раббисинин буйруктарына баш ийип, тыюуларын таштап Андан корккондор үчүн биринин үстүнө бири курулган бийик бөлмөлөр бар, алардын алдыларынан дарыялар агып турат. Бул Аллахтын аларга берген анык убадасы. Аллах убадасын бузбайт.

(21) Силер көрүп билесиңер, Аллах асмандан жамгыр суусун түшүрүп, аны булактарга жана агындарга киргизди. Кийин ал суу аркылуу түркүн түстөгү эгиндерди чыгарды. Кийин ал кургады. Эй, назар салуучу! Сен аны жапжашыл болгондон кийин саргайганын көрөсүң. Анан аны как кургагандан кийин сынма жана майдаланма кылып койду. Чындыгында бул айтылгандарда жүрөгү тирүү адамдар үчүн эскертмелер бар.

(22) Аллах көкүрөгүн Исламга ачып, Өзүнө карай багыттап, Раббиси тараптан көрөгөчтүк берилген адам Аллахты эстебей жүрөгү мерез болуп калган адам менен тең болобу? Алар эч качан тең болушпайт! Туура жолдогулар куткарылат, ал эми Аллахты эстебей жүрөктөрү мерез болуп калгандар кыйроого туш болушат. Мына ошолор акыйкаттан анык адашууда.

(23) Аллах пайгамбары Мухаммадга эң мыкты сөз болгон Куранды түшүрдү. Ал аны чындыкта, көркөмдүктө жана шайкештикте жана карама-каршылыктардын жоктугунда бири-бирине окшош кылып түшүрдү. Анын ичинде көптөгөн окуялар, өкүмдөр, убадалар, коркутуулар, акыйкат жана жалган жолдогу адамдардын сыпаттары тууралуу айтылган. Раббисинен корккондор андагы келген коркутууларды жана эскертүүлөрдү укканда терилери титирейт. Андан соң эгер алар андагы үмүт жараткан нерселерди жана сүйүнчү кабарларды угушса, Аллахты эстеп алардын терилери жана жүрөктөрү тынч алат. Курандагы бул айтылгандар жана анын таасири – Аллах Өзү каалаганды багыттаган туура жолу. Аллах кимди жардамсыз таштаса жана туура жолго ийлигик бербесе, анда аны эч ким туура жолго сала албайт.

(24) Аллах туура жолго салган, дүйнөдө ийгилик берген жана акыретте бейишке киргизген адам менен каапырлык кылып ошол жолдо өлгөн, колу-буту кишенделип тозокко кирген адам тең болобу? Ал жер сүргөн жүзү менен тозоктон коргоно албайт. Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зыян бергендерге жемелөө катары айтылат: «Өзүңөр кылган каапырлык менен күнөөлөрдүн азабын таткыла! Бул силердин жазаңар».

(25) Ал мушриктерден мурунку коомдор да жалганга чыгарышкан. Ошондо алар аны сезип тообо кылып даярдык көрүүгө жетишпей тургандай абалда аларга капыстан азап келген.

(26) Ошондо Аллах аларга бул азап менен дүйнө жашоосунда кордукду, шерменделикти жана маскаралыкты таттырды. Ал эми акыретте аларды күткөн азап мындан да катаал, эгер алар муну билишкенде.

(27) Биз Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куранда адамдарга жакшылык менен жамандык, акыйкат менен жалган, ыйман менен каапырлык тууралуу түрдүү мисалдарды келтирдик. Биз муну адамдар мисалдардан үлгү алып, акыйкатты иш жүзүндө аткарып, жалганды таштап сабак алат деген үмүттө кылдык.

(28) Биз аны араб тилиндеги Куран кылдык, анда эч кандай бурмалоо, өзгөртүү жана бүдөмүк нерсе жок. Биз муну алар анын буйруктарына ээрчип жана тыюуларын таштап Аллахтан коркушат деген үмүттө кылдык.

(29) Аллах ширк кылган адам менен Ага гана сыйынган адамды салыштырып мисал келтирди. Ыркы келишпеген эки шериктин бир эркек кулу бар, ал бирөөсүн ыраазы кылса, экинчисин ачуулантат. Ошол себептеп ал эмне кыларын билбей башы маң. Ошондой эле бир эркекке тийиштүү бир кул бар, ал ага өзү гана ээлик кылат, ал анын максатын билет. Анын көңүлү тынч, эч кандай кабатырлануу жок. Эми ушул эки эки эркек тең болобу? Аллахка мактоолор болсун! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. Ошол себептен Аллахка башкаларды шерик кылышат.

(30) Оо, пайгамбар! Акыйкатта сен дагы, алар дагы сөзсүз өлөсүңөр.

(31) Эй, адамдар! Кийин силер кыяматта Раббиңердин алдында талашып-тартышасыңар. Ошондо чынчыл менен жалганчы ачык билинет.

(32) Шериги бар, аялы бар, баласы бар деп Аллахка ылайык келбеген нерсени Ага тийиштүү кылган адамдан да өткөн залым жок. Ошондой эле Аллахтын элчиси алып келген вахийди жалганга чыгарган адамдан да өткөн залым жок. Аллахка каапыр болгондор үчүн тозокто орун жок бекен? Албетте, бар! Чындыгында алар үчүн ал жакта орун да, жай да бар.

(33) Ал эми сөзүндө, иш-аракеттеринде пайгамбарлардан жана башкалардан акыйкатты алып келген, анын чындык экенине ишенген жана анын талаптарына ылайык иш-аракет кылгандар – мына ошолор Раббисинин буйругуна баш ийип, тыюуларынан алыстаган чыныгы такыбалар.

(34) Алар үчүн Раббисинин алдында өздөрү каалагандай түбөлүк ырахаттар бар. Бул Жаратуучусуна жана адамдарга жакшылык кылгандардын сыйлыгы.

(35) Аллах алардын дүйнөдө кылган эң жаман күнөө иштерин өчүрүш үчүн кылды. Анткени алар тообо кылышты, Раббисине кайтышты. Ошондой эле аларга кылган эң жакшы иштеринине соопторду берет.

(36) Аллах пендеси Мухаммадга дин жана дүйнө иштеринде, ошондой эле аны душмандарынан коргоого Өзү жетиштүү эмеспи?! Албетте, Ал ага Өзү жетиштүү! Оо, пайгамбар! Алар наадандыктан жана кем акылдыктан өздөрү Аллах менен катар сыйынышкан кудайлары сага зыян берет деп сени коркутушат. Аллах кимди жардамсыз таштап, туура жолго түшүүгө ийгилик бербесе, анда аны туура жолго салган, ага ийлигик берген эч ким болбойт.

(37) Ал эми Аллах кимге туура жолго түшүүгө ийгилик берсе, анда аны эч ким адаштыра албайт. Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Ага каапырлык кылып, баш ийбегендерден өч Алуучу эмеспи?! Албетте, Ал Өзү Кудуреттүү, өч Алуучу!

(38) Оо, пайгамбар! Эгерде мушриктерден: «Асмандар менен Жерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар: «Аны Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Аларга кудайларынын алсыздыгын жар салып мындай деп айт: «Силер Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар тууралуу мага айткылачы, эгер Аллах мага зыян берүүнү кааласа, алар мени андан куткара алышабы?! Же болбосо, Раббим мага Өз алдынан ырайым тартууласа, алар аны менден тосо алышабы?!». Аларга айткын: «Аллахтын Өзү мага жетиштүү! Бүткүл ишимде Ага гана тобокел кыламын. Тобокел кылган адамдар жалгыз Ага гана таянышат».

(39) Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, элим! Силер өзүңөргө жаккандай абалда Аллахка ширк амалыңарды кыла бергиле. А мен болсо Раббим мага буйруган Аны жалгыздоого чакырып, Ага чын ыкластан ибадатымды кыламын. Жакында ар бир жолдун акыбети кандай экенин билесиңер».

(40) Силер жакында кимге бул дүйнөдө кордукка салган азап келерин жана акыретте эч качан бүтпөгөн түбөлүк азап түшөрүн билесиңер.

(41) Оо, пайгамбар! Биз сени адамдарды эскертсиң деп алар үчүн сага Куранды акыйкат менен түшүрдүк. Ким туура жолго түшсө, анда анын туура жолго түшкөнү өзүнө гана пайда. Анын тууралыкка түшкөнү Аллахка эч кандай пайда келтирбейт. Анткени Ал ага муктаж эмес. Ал эми ким адашса, анда ал адашканынын зыянын өзү гана тартат. Анын адашканы Аллахка эч кандай зыян бербейт. Сен аларды туура жолго салууга кепил эмессиң. Сен өзүңө буйрулганды гана аларга жеткирүүгө милдеттүүсүң.

(42) Аллах жандарды ажалы жеткенде алат. Ошондой ажалы келе элек уйкудагы жандарды да алат, өлөт деп өкүм кылынганын кармап калат, ал эми Аллахтын илиминде белгилүү бир мөөнөткө чейин жашайт деп өкүм кылынгандарды коё берет. Чындыгында жанды алууда, коё берүүдө, өлтүрүүдө жана тирилтүүдө – ушундай нерселерди кылган Аллах адамдарды өлгөндөн кийин сурак, сыйлык же жаза үчүн кайра тирилтүүгө кудуреттүү деп ой жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар.

(43) Мушриктер Аллахтан башка өздөрүнүн айкел кудайлары пайда берет деген үмүттө аларды шапаатчы кылып алышты. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Алар силер үчүн жана өздөрү үчүн эч нерсеге ээлик кылбаса да, акыл жүгүртө албаса да аларды шапаатчы кылып алдыңарбы?! Алар сүйлөй албаган, укпаган, көрбөгөн, пайда-зыян бере албаган жансыз заттар».

(44) Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Бүткүл шапаат Аллахка гана таандык. Анын алдында Анын уруксатысыз эч ким шапаат кыла албайт, Өзү ыраазы болгондор гана шапаат кылышат. Асмандардын жана Жердин мүлкү жалгыз Ага гана таандык. Кийин кыяматта сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн жалгыз Ага гана кайтасыңар. Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет».

(45) Эгерде Аллахтын Өзү гана эскерилсе, анда акыретке жана андагы кайра тирилүүгө, суракка, жаза-сыйлыкка ишенбеген мушриктердин жүрөгү иренжип баштайт. А эгер Аллахтан башка алар сыйынышкан кудайлары эскерилсе, ошол замат кубанып шаттанышат.

(46) Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Аллах! Асмандар менен Жерди мурда болбогондон көрүнүштө Жаратуучу, кайыпты да, учурду да Билүүчү. Сага булардын эч бири жашыруун эмес. Пенделер дүйнөдө талашып тартышкан нерселерге кыяматта Өзүн гана өкүм чыгарасың. Ошондо чынчыл менен жалганчы, бактылуу менен бактысыз анык болот».

(47) Эгер ширк жана күнөө кылып өзүнө зулум кылгандарга жер бетиндеги бардык байлыктар жана андан бир нече эсе көп байлык таандык болсо, кайра тирилүүдөн кийин көрө турган катуу азаптан кутулуу үчүн байлыктын баарын садага чаап жибермек. Бирок, аларга андай кылууга уруксат берилбейт. Чындап аларда ошончо мүлкү болсо да, баары бир кабыл кылынбайт. Аллах тараптан алар үчүн күтүлбөгөндөй азаптын түрлөрү ачыкка чыгат.

(48) Алар кылган ширк жана күнөөлөрү ачыкка чыгат жана аларга дүйнөдө коркутуу иретинде айтылганда шылдыңдаган азап аларды ороп алат.

(49) Эгерде каапыр адам ооруга же жакырлыкка кабылса, Биз аны куткарышыбыз үчүн дуба кылат. Кийин Биз ага жакшылык кылып ден-соолук же байлык берсек, ал каапыр: «Аллах мага муну татыктуу экенимди билген үчүн гана берди» – дейт. Чынында бул сыноо жана акырындык менен жазалоо болчу. Бирок каапырлардын көпчүлүгү муну билишпейт. Аллах аларга берген жакшылыктар себептүү куру кыялдарга азгырылышат.

(50) Бул сөздү алардан мурунку каапырлар да айтышкан. Бирок аларга тапкан байлыктары, кадыр-барктары эч кандай пайда берген жок.

(51) Кийин алар кылган ширк жана күнөөлөрдүн жазасын өздөрү тартышты. Ширк жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулум кылган азыркы адамдар мурункулардай сыяктуу эле кылган күнөөлөрүн жазасын алышат. Алар Аллахтан эч качан кутула алышпайт жана Ага үстөмдүк да кыла алышпайт.

(52) Ал мушриктер сөз кылып жатышабы, Аллах сынаш үчүн Өзү каалаганга ырыскыны кенен кылып берерин, ошондой эле Аллахтын тагдырына ким сабыр кыларын же кыжырданарын билиш үчүн Өзү каалаганга ырыскысын тарытарын билишпейби?! Чындыгында бул айтылган ырыскынын кенендиги, тарлыгы сыяктуу нерселерде – ыймандуу адамдар үчүн Аллахтын башкаруусун билдирген аят-белгилер бар. Анткени мына ошолор аят-белгилерден пайда алышат. Ал эми каапырлар болсо аларды элес алышпайт жана алардан жүз бурушат.

(53) Оо, пайгамбар! Аллахка ширк кылып жана күнөөлөрдү кылып чектен чыккан пенделериме айт: «Аллахтын ырайымынан жана күнөөлөрүңөрдү кечирүүсүнөн үмүт үзбөгүлө! Чындыгында Аллах тообо кылгандардын бардык күнөөлөрүн кечирет. Чындыгында Ал тообо кылуучулардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу».

(54) Тообо жана жакшы иштерди кылуу менен Раббиңерге кайткыла жана силерге кыяматтагы азап келишинен мурун Ага ээрчигиле! Болбосо кийин кудайларыңардан жана үй-бүлөңөрдөн силерди азаптан куткарып жардам берген эч кимди таппайсыңар.

(55) Жана Раббиңер Өз элчисине түшүргөн эң сонун Куранды ээрчигиле жана силер тообо кылып даярдык көрө электе сездирбестен, күтүүсүз азап келгенге чейин анын буйруктарын аткаргыла жана тыйгандарын таштагыла.

(56) Силер кыяматта катуу өкүнүчтөн: «Аттиң ай, мен каапырлык жана күнөөлөр себептүү Аллахтын акысына көңүл кош караганым үчүн, ыймандууларды жана Аллахка моюн сунгандарды шылдыңдаганым үчүн мени өкүнүч басты!» – деп айтып калбашыңар үчүн муну аткаргыла.

(57) Же болбосо ал тагдырды бетине кармап: «Эгер Аллах мага ийгилик бергенде мен дагы такыбалардан болмокмун, Анын буйруктарын аткармакмын, тыйгандарын таштамакмын» – деп айтат.

(58) Же болбосо ал азапты өз көзү менен көргөндө: «Эгер мен дүйнөгө кайра кайтсам, мен Аллахка тообо кылмакмын, жакшылык иштерди кылган адамдардын катарында болмокмун» – деп айтат.

(59) Сен туура жолду кыялданып ойлогондой болбойт! Сага Менин аят-белгилерим келгенде сен аны жалганга чыгаргансың, текеберлик кылгансың жана Аллахка, Анын аяттарына жана пайгамбарларына каапырлык кылгансың.

(60) Аллахтын шериги бар, баласы бар деп Ага жалган жалаа жапкандардын жүздөрү кыяматта карарып кеткенин көрөсүң. Бул алардын бактысыз экендигинин белгиси. Аллахка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтирүүгө текеберлик кылгандар үчүн тозокто орун жок бекен?! Албетте, алар үчүн орундар бар!

(61) Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондорду Аллах ийгилик жайы болгон бейишке киргизип азаптан сактайт. Аларга азап тийбейт жана алар дүйнөдө өткөрүп жиберген жыргалчылыктарга эч качан кайгырышпайт.

(62) Аллах бүткүл нерселердин Жаратуучусу, Андан башка Жаратуучу жок. Ал бардык нерсени Сактоочу. Ал иштерди башкарат жана аны Өзү каалагандай жолго салат.

(63) Асмандар менен Жердеги жакшылык казыналарынын ачкычтары жалгыз Ага гана таандык. Ал аны Өзү каалаганга берет, Өзү каалагандан тыйып коёт. Аллахтын аяттарына каапырлык кылгандар – мына ошолор жоготууга учурагандар. Анткени алар дүйнө жашоосунда ыймандан куру калышты жана акыретте түбөлүк тозокко киришти.

(64) Оо, пайгамбар! Сени өздөрүнүн кудайларына сыйынууга азгырып жаткан мушриктерге айт: «Эй, Раббисине наадандык кылгандар! Силер мени Аллахтан башкага сыйынууга буйруп жатасыңарбы?! Жалгыз Аллахтан башка эч ким сыйынууга татыктуу эмес. Мен Андан башкага сыйынбайм».

(65) Оо, пайгамбар! Аллах сага жана сенден мурунку пайгамбарларга: «Эгерде сен Аллах менен катар башкага сыйынсаң, жакшы иштериңдин сооптору жок болуп кетет жана бул дүйнөдө диниңден куру калган, акыретте азапка туш болгон жоготууга учурагандардан болосуң» – деп вахий кылган.

(66) Жалгыз Аллахтын Өзүнө гана сыйын, Ага эч кимди шерик кылба жана сага кылган жакшылыктары үчүн шүгүр кылгандар менен бирге бол!

(67) Мушриктер Аллахка алсыз макулуктарды шерик кылып, Аны талаптагыдай улукташкан жок. Жана алар Аллахтын кудуреттүүлүгүнө көңүл бурушкан жок, Анын кудуреттүүлүгүнүн белгилеринен – жер бетиндеги тоолор, бак-дарактар, дарыялар, деңиздер кыямат күнү Анын чеңгелинде болот жана жети кабат асмандын баарысы Оң Колунда түрмөктөлгөн болот.

(68) Ал күнү Сур кернейди тартууга жоопкер периште аны үйлөйт. Ошондо асмандар менен жердеги бардык жандуулар өлөт. Андан соң кайра тирилтүү үчүн Сурду экинчи жолу үйлөйт. Ошол замат бардык тирүү жан Аллах эми аларды эмне кылар экен деп күтүп туруп калышат.

(69) Пенделердин ортосунда өкүм кылыш үчүн Рабби пайда болгондо Жер жаркырады, адамдардын иш-аракеттери жазылган баракчалар таркатылды, пайгамбарларды алып келишти, ошондой эле пайгамбарлар өз коомдоруна күбө болушу үчүн Мухаммад пайгамбардын үммөтүн да алып келишти. Аллах алардын баарына адилеттик менен өкүм кылды. Ал күнү аларга зулумдук кылынбайт, эч бир адамдын күнөөсү көбөйтүлбөйт жана жакшылыктары азайтылбайт.

(70) Аллах ар бир жандын кылган жакшылык же жамандык иштеринин жаза-сыйлыгын толук берет. Аллах алардын кылып жаткан иштерин билет. Алардын кылган жакшылык, жамандык иштеринин эч бири Ага жашыруун эмес. Ал күн келгенде алар кылган иштеринин сыйлыгын же жазасын алышат.

(71) Периштелер Аллахка каапырлык кылгандарды топ-тобу менен кордогон абалда тозокко алып келишет. Качан алар тозокко келгенде ага сакчылык кылган периштелер анын эшиктерин ачышат жана аларды жемелелеген абалда: «Силерге Раббиңер тараптан түшкөн аяттарды окуп берген, кыямат күндөгү катуу азаптар болгон жолугушуу тууралуу коркутуп эскерткен, өзүңөрдөн болгон пайгамбарлар келген жок беле?» – деп тосуп алышат. Каапырлык кылгандар моюндарына алып: «Ооба, ошонун баарысы болгон. Бирок азап сөзү каапырлардын башына түшөрү милдет экен. Биз каапырлардан болчубуз» – деп айтышат.

(72) Аларды кордош үчүн жана Аллахтын мээриминен жана тозоктон чыгууга үмүтсүз кылыш үчүн аларга айтылат: «Силер түбөлүк кала турган тозоктун эшиктеринен киргиле! Акыйкатка текеберлик кылгандардын жайы кандай жаман!».

(73) Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштап Андан корккон ыймандууларды периштелер сыпайылык, сый-урмат менен топ-топ кылып бейишке алып келишет. Качан алар бейишке келгенде анын эшиктери ачылат. Жана ага сакчылык кылган периштелер аларга: «Силерге жакпаган бардык нерселерден жана бүткүл жамандыктардан саламаттык болсун! Жүрөгүңөр да, ишиңер да таза болду. Эми силер түбөлүк кала турган бейишке киргиле!» – деп айтышат.

(74) Ыймандуулар бейишке киргенде: «Пайгамбарлардын тили менен бизге берген убадасын аткарган Аллахка мактоолор болсун! Ал бизди бейишке киргизем, бейиш жерине мураскор кылам деп убада кылган. Эми биз анын каалаган жеринен орун алабыз. Раббисинин Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылгандардын сыйлыгы кандай сонун!» – деп айтышат.

(75) Бул улуу күндө периштелер Аллахты каапырлардын айткан Ага ылайыксыз сөздөрүнөн аруулап, Аршты тегеректеп турушат жана Аллах бардык макулуктардын ортосунда адилеттик менен өкүм кылат. Каалаганын урматтайт, каалаганын азаптайт. Жана айтылат: «Ыймандууларга ырайымдуулук менен, каапырларга азап менен өкүм кылган бүткүл макулуктардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!».