102 - At-Takaathur ()

|

(1) Оо, адамдар! Мал-мүлк жана бала-чака менен мактануу силерди Аллахка моюн сунуудан алаксытып койду.

(2) Силер өлүп, кабырга киргенге чейин.

(3) Аны менен мактануу Аллахка моюн сунуудан силерди алаксытпаш керек болчу. Силер ошол алек болгонуңардын акыбетин жакында билесиңер.

(4) Кийин анын акыбетин дагы билесиңер.

(5) Чындыгында силер Аллахка тирилип барарыңарды жана иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын аларыңарды чындап билгениңерде, анда силер мал-мүлк жана бала-чаканы айтып мактануу менен алек болбойт элеңер.

(6) Аллахка ант болсун! Силер кыямат күнү тозокту сөзсүз көрөсүңөр.

(7) Андан соң силер аны эч кандай шек-күмөнү жок анык көрөсүңөр.

(8) Андан соң ал күнү Аллах силерге берген ден-соолук, байлык жана башка жакшылыктар тууралуу сөзсүз сурак алат.