(1) Бул тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон.
(2) Аллах акыйкатка карай багыттоо жолун ачык көргөзгөн Куран менен ант берди.
(3) Эй, силердин тилиңерде Куран түшкөн коом! Силер аны башка коомдорго жеткириш үчүн анын маанилерине акыл жүгүртүп түшүнөт деген үмүттө Биз Куранды араб тилинде кылдык.
(4) Чындыгында бул Куран бийиктикке, улуктукка жана даанышмандыкка ээ болгон Сакталган Тактада (Лаухул Махфузда). Анын буйруктары жана тыюулары тууралуу аяттары бекемделген.
(5) Силер ширк менен күнөөлөрдү көп кылганыңар үчүн эле Биз силерден баш тартып Куранды түшүрбөй коймок белек? Биз андай кылбайбыз. Тескерисинче силерге болгон мээримдүүлүгүбүз мунун карама-каршысын талап кылат.
(6) Биз мурунку коомдорго канчалаган пайгамбарларды жибердик.
(7) Ал коомдорго Аллах тарабынан кандай пайгамбар келсе да, аны шылдыңдашкан.
(8) Анан Биз ал коомдордон да күч-кубаттуу болгондорду жок кылдык. Биз алардан да алсыз коомду жок кылып коюуга күчсүз эмеспиз. Куранда Аад, Самуд, Лут коому жана Мадиян ээлери сыяктуу мурунку коомдор кандай сыпатта жок кылынганы тууралуу өткөн.
(9) Оо, пайгамбар! Жалганчы мушриктерден: «Асмандарды ким жараткан? Жерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар сурооңо жооп кылып: «Аларды эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, бүткүл нерсени Билүүчү жараткан» – деп гана айтышат.
(10) Аллах силерге Жерди жайык кылып, аны бутуңар менен басууга ылайыктуу төшөк кылды. Жана силер жол жүргөндө туура багыт алсын деп андагы тоолор менен өрөөндөрдө жолдорду кылып койду.
(11) Ал силерге, малдарыңарга жана эгинзарларыңарга жетиштүү өлчөмдө асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен өсүмдүк өспөгөн кургак жерди тирилттик. Аллах өсүмдүк өспөгөн ал кургак жерди тирилткен сыяктуу силерди да кайрадан тирилтет.
(12) Ал түн менен күн, эркек жана ургаачы сыяктуу бардык түрлөрдү жаратты. Ошондой эле силерге сапарларда минген улоолорду жана кемелерди жаратты. Силер деңизде кемелерге, кургактыкта улоолорго олтурасыңар.
(13) Силер сапарларда үстүнө минип жүрөсүңөр деген үмүттө ушунун баарын силер үчүн жаратты. Андан соң Раббиңер силерди алардын үстүнө мингизип, моюн сундуруу менен кылган жакшылыгын эстегиле жана тилиңер менен мындай деп айткыла: «Бизге бул улоону даярдаган жана моюн сундурган Аллах аруу жана ыйык! Эми биз аларды башкара алабыз. Эгерде Аллах аларды бизге моюн сундурбаганда аларды башкара алмак эмеспиз».
(14) Жана биз өлгөндөн кийин сурак бериш үчүн жана сыйлык-жаза алыш үчүн Раббибизге гана кайтабыз.
(15) Мушриктер кээ бир макулуктардын Жаратуучудан төрөлгөн деген ойдо: «Периштелер Аллахтын кыздары» – деп айтышты. Чындыгында ушундай сөздү айтып жаткан инсан – ал анык эле четке каккан жана адашкан шүгүрсүз адам.
(16) Эй, мушриктер! Аллах жараткандардын арасынан Өзүнө кыздарды энчилеп, ал эми силерге уул балдарды ыйгарды деп жатасыңарбы? Силер ойлоп жаткан мындай бөлүштүрүү эмне деген бөлүштүрүү?
(17) Эгерде алардын бирине Аллахка таандык деп жаткан сыяктуу кыздуу болгону жөнүндө сүйүнчүлөнсө, катуу кайгырып капаланганынан жүзү карарып, ачуусу ичине батпай кетет. Анда эмнеге сүйүнчү айтылса өзү кайгырып жаткан нерсени Раббисине таандык кылып жатат?
(18) Алар аялзаты болгону үчүн аны жасантып тарбиялаган жана талаш-талкууда сөзүн ачык айталбаган кыз баланы Раббисине таандык кылып жатышабы?
(19) Алар Ырайымдуунун кулдары болгон периштелерди кыздар деп аташты. Алар кыздар экенин билгидей Аллах аларды жаратып жатканда көрүшүптүрбү? Алардын бул күбөлүктөрүн периштелер жазып коюшат. Ал эми кыямат күнү ал тууралуу суралышат жана жалгандары себептүү азапталышат.
(20) Тагдырды шылтоо кылгандар: «Эгерде Аллах бизди аларга сыйынуубузду каалабаганда, анда биз аларга сыйынбайт элек. Анын бизден ушуну каалоосу – Анын ыраазы экенин билдирет» – деп айтышат. Алардын бул айткан сөзү илимге жатпайт, алар жалганды гана сүйлөп жатышат.
(21) Же Биз Куранга чейин ал мушриктерге Аллахтан башкага сыйынганга уруксат деп айтылган китеп берген бекенбиз? Алар ошол китепти карманып, далил кылып жатышабы.
(22) Жок! Андай болгон жок! Тескерисинче алар ээрчигендерин далил кылып: «Биз мурунку ата-бабаларыбызды ушул динде таптык. Алар айкелдерге сыйынышкан. Эми биз дагы алардын жолун жолдоп, аларга сыйынабыз» – дешет.
(23) Оо, пайгамбар! Булар жалганга чыгарып, ата-бабаларын ээрчүүнү бетке кармашканы сыяктуу Биз сенден мурун кайсы гана шаарга болбосун, элин эскертсин деп пайгамбар жибербейли, алардын бай башчылары жана чоңдору: «Биз ата-бабаларыбызды ушул динде тапканбыз жана биз алардын жолун жолдойбуз» – деп айтышкан. Бул нерседе сенин коомуң биринчи болуп жаткан жок.
(24) Аларга пайгамбары: «Мен силерге ата-бабаларыңардын дининен да жакшысын алып келсем да аларды ээрчийсиңерби?» – деп айтканда алар айтышты: «Чындыгында биз сен алып келген жана сенден мурунку пайгамбарлар алып келишкен нерсеге каапырлык кылдык».
(25) Биз сенден мурунку пайгамбарларды жалганга чыгарган коомдордон өч алып, аларды жок кылдык. Пайгамбарларын жалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонун ойлонуп көрчү. Алардын акыбети өкүнүчтүү болду.
(26) Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Ибрахим атасына жана элине мындай деп айтты: «Мен силер Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайларыңарга эч катышым жок.
(27) Мени жараткан Аллахка гана сыйынам. Ал мени Өзүнүн туура динине ээрчитип, пайдалуу нерсеге багыттайт».
(28) Ибрахим алар ширкти жана күнөөлөрдү таштап, Аллахка тообо кылып кайтышат деген үмүттө «Лаа илааха иллаллах» деген Аллахты жалгыздоо келмесин өзүнөн кийинки урпактарына калтырып кетти. Алардын арасында Аллахка ширк кылбай, жалгыз Ага сыйынгандар дагы деле бар.
(29) Мен ал жалганчы мушриктерди жок кылууга шашкан жокмун. Тескерисинче аларга Куран жана баяндоочу пайгамбар Мухаммад келгенге чейин Мен аларды бул дүйнөдө жашатып жыргаттым жана алардан мурунку ата-бабаларын да жыргаттым.
(30) Качан аларга эч кандай шек-күмөнү жок бул Куран келгенде алар айтышты: «Бул сыйкыр! Мухаммад аны менен бизди сыйкырлап койду. Биз ага каапырлык кылдык жана эч качан ишенбейбиз».
(31) Жалганчы мушриктер айтты: «Аллах бул Куранды жакыр жана жетим Мухаммадга түшүргөндүн ордуна Мекке же Таифтен болгон эки улуу адамдын бирине түшүрсө болбойт беле?!».
(32) Оо, пайгамбар! Алар Раббиңдин ырайымын өздөрү каалаганга берип, өздөрү каалагандан тыйып койгудай Анын ырайымын алар бөлүштүрөбү же Аллахпы? Биз дүйнөдө алардын ырыскыларын бөлүштүрүп, алар бири-бирине моюн сунсун деп аларды бай-кедей кылдык. Акыретте Раббиңдин пенделерине болгон ырайымы алардын убактылуу дүйнөдө топтогон нерселеринен жакшыраак.
(33) Эгерде адамдардын баарысы каапырлыкта бир коом болбогондо, анда Биз Аллахка каапырлык кылгандардын үйлөрүнүн чатырларын күмүштөн кылып, алар ага чыга тургандай тепкичтерди кылмакпыз.
(34) Биз аларды акырындык менен жазалап жана сынаш үчүн алардын үйлөрүндө эшиктерди жана жөлөнүп отурган сөрүлөрдү кылдык.
(35) Жана Биз аларга алтындарды кылдык. Мына ушулардын баарысы дүйнө жашоосундагы гана ырахаттар. Алар убактылуу болгону үчүн пайдасы аз. Оо, пайгамбар! Ал эми Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбалар үчүн Раббиңдин алдындагы акыреттеги жыргалчылыктар жакшыраак.
(36) Кимде-ким Куранга чын көңүлдөн назар салбай, аны жүз бурган абалга жеткирсе, анда ага жаза катары аны шайтанга башкартып коёбуз, ал анын жанынан калбай адашканын күчөтөт.
(37) Курандан жүз бургандардын үстүнөн башкартып коюлган жандооч шайтандар аларды Аллахтын дининен тосушат. Алар Анын буйруктарын аткарышпайт, тыйгандарын ташташпайт жана өздөрүн акыйкат жолдобуз деп ойлошот. Ошол себептен алар адашкандарына тообо кылышпайт.
(38) Аллахты эстөөдөн жүз бурган адам кыяматта акыры Бизге келген кезде үмүттөнө: «Эй, жандоочу! Аттиң, сен экөөбүздүн ортобуздагы аралык чыгыш менен батыштай болгондо кана! Сен эң жаман жандоочусуң!» – деп айтат.
(39) Кыямат күнү Аллах каапырларга айтат: «Силер ширк жана күнөөлөрдү кылып өзүңөргө зулумдук кылдыңар. Бүгүн силерге азапта шериктеш болгонуңар эч пайда бербейт. Ал шериктериңер силердин ордуңарга азабыңарды эч качан көтөрбөйт».
(40) Чындыгында алар акыйкатты угаарга келгенде дүлөй, аны көрөөргө келгенде сокур. Оо, пайгамбар! Сен дүлөйгө угуза аласыңбы же сокурду тууралыкка багыттай аласыңбы же акыйкат жолдон ачык эле адашып кеткенди туура жолго сала аласыңбы?
(41) Эгерде Биз аларды азаптаганга чейин жаныңды алуу менен сени алып кетсек, анда Биз аларды дүйнөдө жана акыретте азаптап өч алабыз.
(42) Же Биз аларга убада кылган кээ бир азаптарды сага көргөзөбүз. Аларга Биздин күчүбүз жетет. Алар Бизге эч бир нерседе үстөмдүк кыла алышпайт.
(43) Оо, пайгамбар! Раббиң сага вахий кылган нерсени бекем карма! Сен эч кандай адашуусу жок акыйкат жолдосуң.
(44) Чындыгында бул Куран сен үчүн жана сенин коомуң үчүн кадыр-барк. Жакында кыямат күнү силер ага ыйман келтиргениңер, анын жол-жобосун ээрчигениңер жана ага даават кылганыңар тууралуу сураласыңар.
(45) Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун жиберген пайгамбарлардан сурачы, Биз Ырайымдуудан башка сыйынуу үчүн кудайларды кылган бекенбиз?
(46) Биз Мусаны аят-белгилерибиз менен Фараонго жана анын элиндеги башчыларга жибердик. Ал аларга: «Чындыгында мен бүткүл макулуктардын Раббисинин элчисимин» – деп айтты.
(47) Качан аларга Биздин аят-белгилерибиз келгенде алардын үстүнөн маскаралап жана шылдыңап күлүштү.
(48) Биз Фараон менен анын элиндеги башчыларга Муса алып келген нерсе акыйкат экендигине кандай далилдерди көргөзбөйлү, андан кийинки келген далил андан дагы күчтүү болчу. Биз аларды дүйнөдө азап менен алдык. Балким алар каапырлыктан кайтышар деп үмүт кылдык, бирок эч кандай пайда чыккан жок.
(49) Аларга кээ бир азаптар келгенде Мусага айтышты: «Эй, сыйкырчы! Раббиңдин ыйман келтирсеңер азаптан куткарабыз деп сага айтканы боюнча биз үчүн Ага дуба кылчы. Эгер Ал бизди куткарса, Биз Ага карай туура жолго түшөбүз».
(50) Качан Биз аларды азаптан куткарсак, ошол замат убадаларын бузушту, аны аткарышкан жок.
(51) Фараон бийлигине чиренип элине жар салды: «Эй, элим! Мисирдин бийлиги жана хан сарайларымдын астынан аккан Нил сыяктуу дарыялар мага таандык эмеспи?! Силер бийлигимди көрбөй жатасыңарбы жана улуктугумду тааныбай жатасыңарбы?!
(52) Мен куулган жана алсыз Мусага караганда артыкмын. Ал сөздү да тыңдап сүйлөй албайт.
(53) Аны жиберген Аллах анын элчи экенин көргөзүү үчүн ага алтындан билериктерди такса болбойт беле же бири-бирин ээрчиген периштелерди аны менен жиберсе болбойт беле?!».
(54) Фараон өз элин азгырып алдады. Ошондо алар анын адашуусуна моюн сунушту. Чындыгында алар Аллахка баш ийбеген коом эле.
(55) Качан алар каапырлыктан такыр баш тартпай ачуубузду келтиргенде Биз алардан өч алып, алардын баарысын сууга чөктүрдүк.
(56) Биз Фараон менен анын жан жөкөрлөрүн адамдардан алдын кылдык, ал эми анын каапыр коомун алардан кийин кылдык жана адамдар алардын кылгандарын кылып, алардын башына түшкөн нерсеге кабылбаш үчүн аларды ибарат алгандарга сабак кылдык.
(57) О, пайгамбар! Мушриктер Аллах Тааланын: «Силер жана силер сыйынган Аллахтан башка нерселер силер кире турган тозоктун отуну» деген сөзүнө христиандар сыйынган Иса дагы кирип калат деп ойлошкон. Бирок, Аллах Таала айкелдерге сыйынуудан тыйган сыяктуу Исага да сыйынуудан тыйган эле. Ошондо сенин коомуң кыйкырып чуу чыгарып: «Биздин кудайларыбыз да Исадай болуусуна ыраазыбыз» дешкенде, Аллах аларга жооп кылып: «Ал эми Биз кимге алдын ала жакшылык жазсак, мына ошолор андан алыс болот» – деп айтты.
(58) Алар: «Биздин кудайларыбыз жакшыбы же Исабы?» – деп айтышты. Ибн Аль-Зибаара жана ага окшогондор сага бул мисалды акыйкатка жетүүнү жакшы көрүшкөнү үчүн эмес, талаш-тартышты жакшы көрүшкөнү үчүн келтирди. Алар табиятынан талашып-тартышкан адамдар.
(59) Мариямдын уулу Иса – Аллахтын пенделеринин бири. Биз ага жакшылык кылып пайгамбарчылык менен элчиликти бердик. Биз аны Исраил урпактарына Аллахтын кудуреттүлүгүн далил кылуулары үчүн мисал кылдык. Анткени Аллах Адамды ата-энесиз жараткан сыяктуу аны атасыз жаратты.
(60) Эй, Адам балдары! Эгер Биз силерди жок кылууну каалаганда, силерди жок кылып коймокпуз жана силердин ордуңарга периштелерди жер бетинде орун басар кылып коймокпуз. Алар Аллахка эч нерсени шерик кылбастан сыйынышмак.
(61) Чындыгынды Иса улуу кыяматтын белгилеринен. Ал акыр заман келгенде түшөт. Силер кыямат кайымдын болорунан шек санабагыла. Мен силерге Аллах тараптан алып келген нерседе мени ээрчигиле. Мен силерге алып келген бул нерсе эч кандай бурмалануусу жок туура жол.
(62) Шайтан силерди азрыгуу жана адаштыруу менен туура жолдон чыгарып жибербесиң. Чындыгында ал силерге анык душман.
(63) Иса өз элине анын пайгамбар экендигин билдирген ачык-айкын далилдер менен келгенде аларга айтты: «Мен силерге Аллах тараптан даанышмандык менен жана ошондой эле силер диниңерде талашып-тартышкан кээ бир нерселерди баяндаш үчүн келдим. Эми силер Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерселерде мага моюн сунгула!
(64) Чындыгында Аллах менин жана силердин Раббиңер. Биз үчүн Андан башка Рабби жок. Андыктан Ага гана чын ыкластан сыйынгыла. Бул жалгыз кудайга сыйынуу – эч кандай бурмалануусу жок туура жол.
(65) Христиан жамааттар Иса тууралуу талашып-тартышты. Кээ бирлери «ал – кудай» дешсе, кээ бирлери «ал кудайдын баласы» дешти, кээ бирлери болсо «ал энеси экөөсү кудай» дешти. Исаны кудай же анын баласы же ыйык үчилтик деп сыпаттоо менен өздөрүнө зыян келтиргендерге кыяматта аларды күткөн кыйноочу азап-тозок болсун!
(66) Иса тууралуу талашып-тартышкан ал жамааттар кыяматтын келгенин сезбей калган абалда аларга капыстан келүүсүн күтүп жатышабы? Эгерде ал алардын каапырлык абалында келсе, анда алардын барар жайы кыйноочу азап болот.
(67) Каапырлыкта жана адашууда дос болгондор кыямат күнү бири-бирине душман болушат. Бирок Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбалар гана андай болушпайт. Алардын достугу түбөлүк.
(68) Аллах аларга айтат: «Оо, пенделерим! Бүгүн силерге мындан ары эч кандай коркунуч болбойт жана силер өткөрүп жиберген дүйнө ырахаттары үчүн кайгырбайсыңар.
(69) Алар пайгамбарына түшкөн Куранга ыйман келтиришти жана Куранга ээрчип, анын буйруктарын аткарышты жана тыйгандарын ташташты.
(70) Силер жана силерге окшогон ыймандуулар бейишке киргиле! Силер эч качан бүтпөгөн жана түгөнбөгөн түбөлүктүү жыргалчылыктарды көрүп кубанасыңар.
(71) Аларды кызматчылары алтын идиштер жана кармоочсуз чөйчөктөр менен айланып турушат. Бейиште көңүлдөр самаган, көздөр караганда ырахаттанган нерселер бар. Силер ал жакта түбөлүк жашайсыңар, ал жактан эч качан чыкпайсыңар.
(72) Силерге сыпатталган мына ошол бейиш – Аллах Өз жакшылыгы менен силерге кылган иш-аракеттериңер үчүн мурас кылды.
(73) Ал жакта силер жешиңер үчүн түгөнбөгөн мөмө-жемиштер бар.
(74) Чындыгында каапырлык жана күнөөлөрдү кылган күнөөкөрлөр кыямат күнү тозок азабында түбөлүк болушат.
(75) Аларга азап жеңилдетилбейт жана алар ал нерседе Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болушат.
(76) Биз аларды тозокко киргизип зулумдук кылбадык. Бирок алар каапырлык себептүү өздөрүнө зулумдук кылышты.
(77) Алар тозоктун сакчысы Маликти чакырып: «Оо, Малик! Раббиң бизди өлтүрсүнчү, биз азаптан алалы» – дегенде ал аларга мындай деп жооп берет: «Силер өлбөстөн дайым азапта болосуңар, силерге азап токтотулбайт».
(78) Биз силерге дүйнөдө шек-күмөнсүз акыйкат менен келгенбиз, бирок көпчүлүгүңөр акыйкатты жаман көрдүңөр.
(79) Эгерде алар пайгамбарга айлакердик кылышып, ага каршы айла-амал уюштурса, Биз дагы алар үчүн алардыкынан да өткөн айла-амалдарды камдап койдук.
(80) Же Биз алар жүрөктөрүнө каткан сырларын же жашыруун шыбырашкан сыр сөздөрүн угушпайт деп ойлошобу? Албетте, биз алардын баарын угабыз! Алардагы периштелер алардын кылган бардык иш-аракеттерин жазып турушат.
(81) О, элчи! Кыздарды Аллахка таандык кылгандарга айткын: «Аллах алардын сөзүнөн Жогору. жана Ал балалуу болуудан Таза. Аллахка ибадат кылып, Аны аруулоочулардын алгачкысы менмин».
(82) Асмандар менен жердин Раббиси жана Арштын Раббиси мушриктердин Анын шериги, аялы жана баласы бар деген сөздөрүнөн аруу.
(83) Оо, пайгамбар! Аларды тим кой! Алар убада кылынган кыямат күнгө кезиккенге чейин жалганга батып, ойноп жүрө беришсин.
(84) Ал Аллах асмандагы чыныгы кудай жана жердеги чыныгы кудай. Ал Өз жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана башкаруусунда Даанышман, пенделеринин абалдарын Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
(85) Асмандар менен жердеги жана алардын ортосундагы бийлик Ага гана таандык болгон Аллахтын жакшылыгы жана берекеси көбөйдү. Кыяматтын болор убактысын Ал гана билет. Аны Андан башка эч ким билбейт. Силер акыретте сурак бериш үчүн жана сыйлык-жаза алыш үчүн Ага гана кайтасыңар.
(86) Мушриктердин Аллахтан башка сыйынгандары Анын алдында шапаат кылууга ээлик кылышпайт. Бирок Иса, Узейр жана периштелер сыяктуу «Аллахтан башка кудай жок» экендигин билип күбө беришкендер гана ээлик кылышат.
(87) Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар: «Бизди Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Анда эмнеге ушинтип моюнга алгандан кийин Ага сыйынуудан четтеп жатасыңар?
(88) Аллах пайгамбарынын аны өз эли жалганга чыгарганы тууралуу арыз-муңун жана ал тууралуу мындай деп айтканын билет: «Оо, Раббим! Чындыгында бул адамдар Сен мен аркылуу жиберген нерсеге ыйман келтиришпеди».
(89) Эми сен алардан жүз бур жана сени жамандыктарынан коргогон сөздү айт: «Силер жакында жазаңарды алганда билесиңер». (Бул окуя Меккеде болгон).