(1) Аллах Өзүнөн башка эч кимдин кудурети жетпеген кудурети себептүү улук жана аруу болду. Аллах Өзүнүн кулу Мухаммадды Аллах тааланын кудуретине далил болгон кээ бир белгилерибизди көрүш үчүн түндүн бир бөлүгүндө ал ойгоо абалда денеси жана руху менен Аль-Харам мечитинен айланасы пайгамбарлардын ордулары жана мөмө-жемиштер менен берекелүү болгон Байтул-Макдис мечитине алып бардык. Чындыгында Ал Угуучу жана угулган үндөрдүн эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Көрүүчү жана көрүнгөн нерселердин эч бири Ага жашыруун эмес.
(2) Биз Мусага Тооратты бердик жана аны Исраил урпактарына туура жолду көргөзүүчү кылдык. Биз Исраил урпактарына айттык: “Силер өзүңөрдүн ишиңерди тапшырган Менден башка колдоочу кылып албагыла. Тескерисинче жалгыз Мага таянгыла”.
(3) Силер Биз Нух менен кошо топон сууга чөгүп кетүүдөн куткарып жакшылык кылгандардын урпактарысыңар. Бул жакшылыкты эстеп жүргүлө! Жалгыз Аллахка баш ийип жана сыйынып шүгүр кылгыла. Бул нерседе Нухту ээрчигиле. Чындыгында ал Аллах таалага көп-көп шүгүр кылуучу болгон.
(4) Биз Исраил урпактарына аян кылып, чындыгында алар күнөө кылып жана акыйкатты четке кагып жерде сөзсүз эки жолу бузукулук кылышарын Тооратта билдирдик. Алар адамдарга зулумдук жана душмандык кылышып, адамдардын үстүнөн өздөрүн бийик көрүшүп, аларга болгон текебердиктин чегинен ашышат.
(5) Алардан биринчи бузукулук болгондо, алардын үстүнөн Биздин күчтүү жана каардуу пенделерибизди башкартып койдук, аларды өлтүрүп куугунтуктады. Жашаган жайларын кыдырышып, барган жерлерин бузушту. Бул нерсеге Аллахтын убадасы болгон, ал сөзсүз ишке ашат.
(6) Эй, Исраил урпактары! Андан кийин силер Аллахка тообо кылганыңарда, силерди башкаргандардын үстүнөн жеңишке жеткирип, силерге мамлекетиңерди кайтардык. Мал-мүлкүңөрдү тартып, балдарыңарды кул кылып алгандан кийин силерге жардам бердик. Ошондой эле саныңарды душманыңардан да көп кылып койдук.
(7) Оо, Исраил урпактары! Эгерде силер иштериңерди жакшы кылып, талаптагыдай аткарсаңар, анда сыйлыгы өзүңөргө эле кайтат. Аллах силердин ишиңерге муктаж эмес. А эгер ишиңерди жаман кылсаңар, анын акыбети өзүңөргө зыян. Кылган жакшы ишиңер Аллахка пайда бербейт, жаман ишиңер зыян бербейт. Эгерде экинчи жолу дагы бузукулук кыла турган болсоңор, силерди душманыңардын колуна салып беребиз. Алар силерге кордук көрсөтөт жана силерге көрсөткөн түрдүү кордуктардан улам кыйналганыңар жүзүңөргө чыгат. Ошондой эле алар Байтул-Макдиске киришип, аны биринчи жолкусунда талкалашкандай бул ирет да талкалашат жана алар багынткан жерлердин баарысын кыйратып жок кылышат.
(8) Оо, Исраил урпактары! Эгерде Аллахтын бул катуу өч алуусунан кийин Ага тообо кылсаңар жана жакшы иштерди аткарсаңар, балким Раббиңер силерге ырайым кылар. А эгер бузукулукка үчүнчү жолу же андан да көп кайта турган болсоңор, анда кайрадан силерден өч алабыз жана тозокту каапырлар үчүн жатак кылабыз. Алар андан эч качан кутула алышпайт.
(9) Чындыгында Мухаммадга түшкөн бул Куран жолдордун эң жакшысын көргөзөт жана ал Ислам жолу. Ошондой эле жакшылык иштерди кылган ыймандууларды сүйүнүчкө салган Аллах тараптан боло турган улуу соопторду кабарлайт.
(10) Жана кыямат күнүнө ыйман келтирбегендерге жамандыкты кабарлайт. Ал нерсе – Биз алар үчүн кыямат күнү даярдап койгон кыйноочу азап.
(11) Адам өзүнө жакшылык тилеп дуба кылган сыяктуу ачууланганда да билбестиктен өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө жамандык тилеп дуба кылат. Эгерде Биз анын кылган жаман тилегин кабыл кылганда, ал бала-чакасы жана мал-мүлкү менен кошо кыйрап жок болмок. Адам баласы табиятынан шашкалак. Ошондуктан ал өзүнө зыян берген нерсеге шашат.
(12) Түндү жана күндуздү Аллахтын жалгыздыгына жана Анын кудуреттүүлүгүнө далил-белги кылып жараттык. Ал экөөнүн узун-кыскалыгында, ысык-суугунда айырмачылык бар. Түндү эс алып уктоо үчүн караңгы кылдык. Күндүздү адамдар көрүүсү жана тиричилик кылуусу үчүн жараттык. Ошондой эле күн менен түндү байкоо аркылуу жылдардын санын жана аларга керек болгон айлардын, күндөрдүн жана сааттардын убактыларын билүү үчүн жараттык. Бардык нерселер бири-биринен, акыйкат жолдогулар жалган жолдогулардан айырмалануусу үчүн Биз ар бир нерсени ачык-айкын баяндадык.
(13) Ар бир адамдын кылган иштери моюнга тагылган чынжырдай аны дайым коштоп жүрөт. Кылган иштеринен эсеп-кысап кылынмайынча андан ажырабайт. Кыямат күнү ал кылган бардык жакшылык жана жамандык иштерин камтыган китепти ага чыгарып беребиз, ал анын бет алдында жайылып ачылып турганын көрөт.
(14) Ошол күнү ага айтабыз: “Эй, адам! Китебиңди оку! Сен өз сурагыңды иш-аракеттериңе тапшыр. Кыяматта сенден сурак алууга өзүң жетиштүүсүң.
(15) Ким ыйман жолуна түшсө, анда анын туура жолго түшкөнүнүн сообу өзү үчүн. Ал эми ким адашкан болсо, анда анын адашканынын жазасы да өзү үчүн. Эч бир адам башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Биз кайсы бир коомго элчи жиберип аларга далил алып келбестен туруп аларды азаптабайбыз.
(16) Эгерде Биз кайсы бир шаарды зулумдугу үчүн жок кылууну кааласак, анда жакшылыкты көтөрө албай чиренгендерди баш ийгиле деп буйруйбуз, бирок алар баш ийишпейт. Тескерисинче, моюн сунуудан баш тартышат. Мына ошондо аларды жок кылуучу азап сөзү баштарына түшүп, Биз аларды кыйратып жок кылабыз.
(17) Биз Нухтан кийин келген Аад жана Самуд коомдору сыяктуу канчалаган жалганчы коомдорду жок кылдык. Эй, пайгамбар! Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар, Көрүүчү. Ага эч бири жашыруун эмес жана ал үчүн аларды жазалайт.
(18) Кимде-ким жакшылык иштерди дүйнө жашоосун максат кылып аткарса жана Акыретке ыйман келтирбесе, ага көңүл бурбаса, анда Биз ага бул дүйнөдө ал каалаган нерсени эмес, Өзүбүз каалагандарга берчү жакшылыкты эртелетип беребиз. Андан соң Биз ага тозокту даярдайбыз, кыямат күнү ал тозокко кирип оттун ысыгына азапталат. Бул Анын акыретке ишенбей, бул дүйнөнү тандап Аллахтын ырайымынан куулгандыгы үчүн.
(19) Ал эми кимде-ким жакшылык иштерди кылуу менен Акыреттин сообун кааласа жана эл көрсүн, эл уксун дегенден алыс болуп аткарган болсо жана Аллах ыйман келтирүүгө буйруган нерсеге ыйман келтирген болсо, анда мына ушул сыпаттар менен сыпатталган адамдардын кылган иштери Аллахтын алдында кабыл болот. Аллах алардын сыйлыктарын берет
(20) Оо, пайгамбар! Жакшылык кылуучу адам болобу же бузуку адам болобу, бул эки топко тең Раббиңдин ырыскысынан токтотпостон көбөйтүп бере беребиз. Ал жакшылык кылуучу адам болсун же бузуку адам болсун бул дүйнөдө Раббиңдин ырыскысы эч кимден тыйылбайт.
(21) Оо, пайгамбар, ой жүгүртүп көрчү! Бул дүйнөдө ырыскы берүүдө жана даражаларды көтөрүүдө аларды биринен экинчисин артык кылдык. акыреттеги жыргалчылык даражалары жана жакшылыктары бул дүйнөгө салыштырмалуу айырмасы өтө чоң. Ошондуктан ыймандуу адам аларга аракет кылып умтулсун.
(22) Оо, пенде! Аллах менен бирге башка кудайга сыйынба. Эгерде ошондой кылсаң, анда сен Аллахтын алдында жана Анын жакшы пенделеринин жанында жек көрүлүп каласын жана сени эч ким жактырбайт. Аллахтын жардамынан куру каласың жана сага эч ким жардам бербей калат.
(23) Оо, пенде! Раббиң Өзүнөн башкага сыйынбоону кескин түрдө буйруду. Ата-энеге жакшылык кылууну буйруду, айрыкча алар карылык жашына жеткен болушса. Эгерде ал экөөнүн бирөөсү же экөөсү тең сенин алдыңда карылык жашка жеткен болушса, анда сөз же ушугуа окшогон нерсе менен тажаганыңды билдирбе. Аларга кыйкырба, катуу сүйлөп оройлонбо. Аларга сылык жана жумшак сөздөрдү гана айткын.
(24) Ата-энеңе жумшак болуп жана аларга ырайым кылып жөнөкөй бол. Жана мындай деп айт: "Оо, Раббим! Мага кичинемде тарбия бергендиктери үчүн аларга ырайым кыл".
(25) Оо, адамдар! Раббиңер Ага ибадат жана жакшы иштерди кылууда ошондой эле ата-энеге жакшылык кылууда силердин ичиңердеги Ага болгон ыкласыңарды жакшы билет. Эгерде ибадатыңарда, ата-энеңерге кылган мамилеңерде жана дагы экөөнөн башка иштерде силердин ниетиңер туура болсо, анда айып-кемчиликтерден аруу Аллах Ага тообо кылып кайткандарды кечирет. Кимде-ким Раббисине ибадат кылууда мурда кемчилик кылгандыгы үчүн же ата-энесин нааразы кылгандыгы үчүн кийин тообо кылса, анда Аллах аны кечирет.
(26) Оо, ыймандуу адам! Туугандын туугандык акысын бер. Муктаж болгон кедейге садака бер. Сапарда акчасы калбай калган адамга жардам бер. Байлыгыңды күнөөгө же ысырапчылыкка жумшаба.
(27) Чындыгында өзүнүн мал-мүлктөрүн күнөө иштерге жумшагандар жана ысырапкорлор мал-мүлктөрүн сарптоодо шайтандардын бир туугандары болуп саналат. Шайтандар аларды ысырапкорлукка буйруса, аларга баш ийишет. Ал эми шайтан Өз Раббисине каапыр болгон. Ал күнөө ишти гана кылат. Ал Раббисин ачууланткан нерсеге гана буйруйт.
(28) Аллахтын сага ырыскы берүүсүн күтүп сенде аларга бере турган эч нерсең жок болгондугу үчүн аларга бир нерсе берүүдөн тыйылган болсоң, анда аларга көңүл оорутпаган жумшак сөз айт. Мисалы, аларга ырыскыңар кенен болсун деп дуба кыл же эгерде Аллах сага байлык берип калса, силерге да берем деп убада кыл.
(29) Садака кылуудан колуңду тыйба. Акча сарптоодо ысырап кылба. Эгерде колуңду садака берүүдөн тыйсаң, анда сараңдык кылгандыгың үчүн адамдардын жемесинде каласың жана ысырап кылгандыгың үчүн бергенге эч нерсе таппай садака бере албай каласың.
(30) Чындыгында Раббиң чоң бир даанышмандык үчүн каалаганына ырыскыны көбөйтүп берет жана каалаганына азайтып берет. Ал пенделерин көрүп билип турат. Алардан Ага эч нерсе жашыруун эмес. Аларга Өзү каалаган нерсе менен иш жүргүзөт.
(31) Эгерде балдарыбызды баксак, кийин ачка калабыз деп коркуп аларды өлтүрбөгүлө. Биз аларга да жана силерге да ырыскы берүүнү Өзүбүздүн кепилдигибизге алабыз. Аларды өлтүрүү чоң күнөө. Анткени алардын күнөөсү жок жана аларды өлтүрүүгө түрткөн себеп да жок.
(32) Зынанын өзүнөн жана ага кызыктыра турган нерселерден да алыс болгула. Ал жамандыктын жеткен чеги. Ал ата-тектин бузулуп кетүүсүнө жана Аллахтын азабына алып баргандыгы үчүн жаман жол болду.
(33) Аллах ыйман себептүү же коргоо кепилдиги берилгендиги себептүү аны өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрбөгүлө. Бир гана динден чыгып же үйлөнгөндөн кийин зына кылып же өч алуу менен өлүмгө татыктуу болуп калса өлтүрүлсө боло берет. Кимде-ким өлтүрүүнү адал кылбаган себеп менен зулум чеккен абалда өлтүрүлсө, анда Биз маркумдун мураскорлорунун бирөөсүнө өлтүрүүчүнүн үстүнөн бийлик беребиз. Ошондо ал андан өч алам деп өлтүрүүсүн талап кылса болот. Ошондой эле ага эч бир нерсе талап кылбай эле кечирип койсо болот. Же кечирип кун алса да болот. Ал өлтүрүүчүнү Аллах адал кылган чектен ашып ашыкча кескилеп салбасын, же ал өлтүрбөгөн нерсе менен аны өлтүрбөсүн, же өлтүрүүчүдөн башка адамды өлтүрбөсүн. Чындыгында ал жардам берилген адам.
(34) Аталары өлгөн жаш балдардын мал-мүлктөрүн пайдаланбагыла. Бир гана ага пайда болуп көбөйө турган болсо жана сакталып тура турган болсо, анда анын акылы толуп чоңойгонго чейин пайдалансаңар болот. Аллах менен силердин ортоңордогу келишимди жана силер менен Анын пенделеринин ортосундагы келишимдерди бузбай же кемитпей аткаргыла. Чындыгында Аллах убада берген адамдан убадасын аткардыбы же аткарбадыбы сурайт. Эгерде аткарган болсо, анда ага сыйлыгын берет, а эгер аткарбаган болсо, анда ага жазасын берет.
(35) Эгерде өзүңөрдөн башка бирөөгө тараза тартып берсеңер кемитпестен толук тарткыла. Эч нерсени кемитпеген туура тараза менен тарткыла. Ушундай өлчөгөнүңөр жана таразага тартканыңар силер үчүн бул дүйнөдө жана акыретте жакшы. Анын акыбети тараза өлчөмдөрүндө азайтып тартуудан жакшы.
(36) Оо, адам баласы! Билбестен туруп ээрчибе! Күмөндүү ойлордон, божомолдордон этият бол! Чындыгында адам кулагы, көзү жана жүрөгү менен кылган жакшылыктары жана жамандыктары үчүн суралат, жакшылыгы үчүн сооп алат, жамандыгы үчүн жазаланат.
(37) Жер бетинде текеберленип, бой көтөрүп баспа! Сен текеберлене бассаң да, бул басыгың менен жерди тешип жибере албайсың жана бул турпатың менен тоолор тиреген бийиктиктерге да жете албайсың! Анда кайсыга текеберленип жатасың?!
(38) Оо, инсан! Жогоруда айтылган нерселерден жаман деп саналгандары Раббиңдин алдында тыйылган. Ал аны кылган адамга ыраазы эмес, тескерисинче, ага каарданат.
(39) Биз ачыктап түшүндүргөн буйруктар, тыюулар жана өкүмдөр – Раббиң сага аян кылган кабарлардан. Эй, инсан! Аллах менен бирге башка нерсени кудай кылып алба! Андай кылсаң кыяматта тозокко ыргытыласың, ошондо өзүңдү-өзүң жемелейсиң, адамдар да сени жемелейт жана бардык жакшылыктан куру каласың.
(40) Оо, периштелер Аллахтын кыздары деп айткандар! Эй, мушриктер! Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү болсо периштелерди кыз кылып алыптырбы?! Аллах силер айткан нерседен аруу. Чындыгында силер Аллахтын баласы бар, кыздары бар деп каапырлык кылып Ага каршы өтө оор сөздү айтып жатасыңар.
(41) Адамдар пайдалуусун аткарып, зыяндуусун таштап сабак алуулары үчүн Биз бул Куранда өкүм-буйруктарды, үлгү-насааттарды жана окуяларды баяндадык. Бирок аныгында бул нерсе ички дүйнөсү бузуктардын кээ бирлерин кайра акыйкаттан алыстатты жана жаман көрүүлөрүн күчөттү.
(42) Оо, пайгамбар! Мушриктерге айт: «Эгер алар жалган жалаа жаап айткандай Аллах менен катар башка кудайлар болгондо, анда ал жалган кудайлары Арштын Ээси Аллахтын бийлигин басып алууга жол издешмек, аны талашышмак».
(43) Аллах мушриктер сыпаттаган нерселерден аруу, ыйык жана алар айткан сөздөрдөн бийик.
(44) Аллахты асмандар аруулайт, жер аруулайт жана асмандар менен жердин ортосундагы бүткүл макулуктар аруулайт. Кайсы нерсе болбосун, Ага мактоо айтып аруулап турат. Бирок силер алардын кантип аруулап жаткандарын түшүнбөйсүңөр. Силер тилиңер менен аруулаганыңарды гана түшүнөсүңөр. Чындыгында Аллах жазалоого шашылбаган Кеңпейил жана Ага тообо кылгандарга Кечиримдүү.
(45) Оо, пайгамбар! Сен Куран окуганда алар андагы насааттарды, коркутууларды угушуп баш тартышкан болсо, алардын жазасы катары сени менен кыямат күнүнө ишенбегендердин ортосунда тосмо кылып коебуз. Ал аларды Куранды түшүнүүдөн тосуп коёт.
(46) Алар Куранды түшүнбөш үчүн жүрөктөрүн жаап койдук. Алар угуп пайда албаш үчүн кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгерде сен Куранда Раббиңди эле айтып, алардын жалган кудайларын айтпай турган болсоң, анда алар Аллахты чын ыкластан жалгыздабастан артка бурулуп кетишет.
(47) Биз алардын башчылары Куранды кандай максатта угуп жатышкандарын жакшы билебиз. Алар аны менен туура жолго түшүүнү каалашпайт. Алардын каалоосу – сен Куран окуганда маанисиз сөздөрдү сүйлөп, тоготпогондой мамиле кылуу. Биз алардын аны жалганга чыгарган, адамдарды андан тоскон сыяктуу өз ара шыбырашкан сөздөрүн да жакшы билебиз. Ошол кезде ал залымдар каапырлык кылышып: «Эй, адамдар! Силер сыйкырланган, акылынан адашкан адамды гана ээрчип жатасыңар»,– деп айтышат.
(48) Оо, пайгамбар! Карасаң, алар сени түрдүү жаман сыпаттар менен сыпаттап жатышкандарына таң каласың. Алар акыйкаттан адашты, алар акыйкат жолго түшүшкөн жок.
(49) Мушриктер кайра тирилүүнү четке кагып: «Биз өлүп сөөккө айлансак, денелерибиз чирип кетсе, анан кантип кайрадан тирилмек элек?! Мындай болушу мүмкүн эмес!»,– деп айтышат.
(50) Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Эй, мушриктер! Таштай катуу болсоңор да, темирдей бекем болсоңор да, бул нерсе колуңардан келбейт.
(51) Же көкүрөгүңөрдө улук туткан ал экөөсүнөн да чоң нерсе болсоңор да, Аллах силерди башында жараткандай кайра жаратат, баштапкы жолу жараткандай кайра тирилтет. Ал каршы чыккандар: «Биз өлгөндөн кийин бизди ким кайра тирилтет?» – деп сурашат. Айткын: «Силерди мурда эч бир окшошу болбогон турпатта баштапкы жолу жараткан Зат». Кийин алар сенин жообуңду шылдыңдай баштарын чайкап: «Ал кайра тирилүү качан?» – деп айтышат. Айткын: «Балким жакын калгандыр. Келе тургандардын баарысы жакын».
(52) Силер сурак майданына чакырыла турган күндө Аллах силерди кайра тирилтет. Анын буйругуна баш ийип, Ага мактоолорду айтып жооп бересиңер. Ошондо жер бетинде аз гана убакыт жашаптырбыз деп ойлойсуңар.
(53) Оо, пайгамбар! Мага ыйман келтирген пенделериме айткын: «Маетешкен кездеринде жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн, жаман сөздөрдөн алыс болушсун. Анткени шайтан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алардын арасына кирип дүйнө жана акырет жашоолорун бузуп жүрбөсүн. Чындыгында шайтан адамга анык душман. Андыктан ал андан сактануусу керек».
(54) Оо, адамдар! Раббиңер силерди жакшы билет. Эч нерсеңер Ага жашыруун эмес. Ал силерге ырайым кааласа, силерди ыйман жолуна түшүүгө, жакшылык иштерди кылууга ийгилик берип ырайым кылат. Силерге азапты кааласа, силерди ыймансыз калтырып, каапырлыкта өлтүрүп азаптайт. Эй, пайгамбар! Сен аларды ыйманга салып, каапырлыктан тыйып, кылган иштерин жазып койгондой Биз сени аларга колдоочу кылып жиберген эмеспиз. Чындыгында сен Аллах жеткир буйруган нерсени гана жеткирүүчүсүң.
(55) Оо, пайгамбар! Раббиң асмандар менен жердеги ар бир нерсени жакшы билет жана алардын абалдарын, эмнеге татыктуу экендиктерин да жакшы билет. Биз кээ бир пайгамбарларды ээргигендердин санын көп кылып, китептерди түшүрүп башка пайгамбарлардан артык кылдык. Даудга Забур деген китепти бердик.
(56) Оо, пайгамбар! Мушриктерге айткын: «Эй, мушриктер! Аллахтан башка силер кудай деп ойлогондоруңарга дуба кылгылачы, алар алсыз болгону үчүн силердин башыңарга түшкөн зыянды кетире албайт, аны башкаларга да оодара албайт. Ким алсыз болсо, анда ал кудай боло албайт».
(57) Алар дуба кылышкан периштелер же ошолор сыяктуулары өздөрү жакшылык иштерди кылып Аллахка жакындоого жол издешет. Алар өздөрү моюн сунушуп кимиси Аллахка көбүрөөк жакын деп жарышышат, аларга ырайым кылуусун үмүт кылышат, аларды азаптоосунан коркушат. Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиңдин азабынан коргонуу милдеттүү нерселерден.
(58) Бул дүйнөдө каапырлыгы себептүү Биз азап жана кыйроо түшүргөн же өлүм сыяктуу катуу жазалар менен сынаган кайсы шаар же айыл болбосун, ал азап менен кыйроо – Лавхул Махфузда (сакталган тагдыр китебинде) жазылган Аллахтын өкүмү.
(59) Пайгамбардын чынчыл экендигин далилдеген өлүктөрдү тирилтүү ж.б.у.с. мушриктер талап кылган кереметтерди түшүрбөй койгонубуздун себеби – биз аларды мурунку коомдорго да түшүргөнүбүздө аларды жалганга чыгарышкан. Биз Самуд коомуна ачык-айкын улуу кереметти «төөнү» бердик. Алар аны жалганга чыгарышты, анан Биз алардын азабын тездеттик. Биз пайгамбарлардын колу менен кандай кереметти көрсөтпөйлүк, ал коомдор балким моюн сунушар деп аларды коркутуу максатта гана көрсөткөнбүз.
(60) Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз сага айтканбыз: «Чындыгында Раббиңдиң кудуреттүүлүгү бүткүл адамдарды өзүнө камтып алат, алар Анын уучунда. Аллах сени алардан коргойт. Сен буйрулган нерсеңди жеткир». Биз сага Исра түнүндө көргөзгөн нерселерди, адамдар ага ишенет бекен же жалганга чыгарат бекен деп аларды сыноо үчүн кылганбыз. Ошондой эле Куранда айтылган тозоктун түбүндө өскөн Заккум дарагын да аларды сынаш үчүн кылганбыз. Эгерде алар бул эки аят-белгиге ишенбей турган болсо, анда башкаларына эч качан ишенишпейт. Биз аларга аят-белгилерди түшүрүп коркутабыз, бирок бул алардын каапырлыгын жана адашууларын андан бетер күчөтөт.
(61) Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз периштелерге: «Адамга сыйынып эмес, саламдашып сажда кылгыла» – дегенибизде алар моюн сунушуп баарысы сажда кылышты. Бирок Иблис текеберлик кылып: «Ылайдан жараткан нерсеңе сажда кылмак белем? Мени оттон жараткансың. Мен мындан артыкмын»,– деп сажда кылуудан баш тартты.
(62) Иблис Раббисине айтты: «Айтчы, мени ага сажда кыл деп буйруп менден артык көрүп жараткан макулук ушулбу?! Бул дүйнө бүткөнгө чейин мени тирүү калтыра турган болсоң, мен мунун урпактарын Сенин туура жолуңдан сөзсүз адаштырам, аларды азгырам. Бирок Өзүң коргогон аз сандагы ыкластуу пенделериңди гана азгыра албайм».
(63) Раббиси ага айтты: «Кет! Сага баш ийгендер да кошо кетсин!». Чындыгында тозок сенин жазаң жана алардын кылган иштеринин толук жазасы болот.
(64) Күнөөгө чакырган добушуң менен алардын кимисин азгыра алсаң азгыр! Атчан жана жөө жан-жөкөрлөрүң менен аларды сени ээрчүүгө чакыр! Шариятка каршы жолду кооз көргөзүп алардын мал-мүлктөрүнө шерик бол. Алардын бала-чакасында да шерик бол, баласы эмес болсо да жалган жолдо баласы кыл, зына жолдо балалуу кыл, ат койгондо Аллахтан башканын кулу деп ат койдур. Аларга жалган убадаларды, калп кыялдарды кооз кылып көргөз. Шайтандын аларга берген убадасы аларды азгырган жалган гана убадалар.
(65) Эй, Иблис! Чындыгында сен Мага баш ийген ыймандуу пенделеримдин үстүнөн бийлик кыла албайсың! Анткени Аллах аларды сенин жамандыгыңдан коргойт. Бардык ишинде Ага гана таянган адамга Аллах жетиштүү Коргоочу.
(66) Оо, адамдар! Силер соода-сатык пайдалары жана башка жолдор аркылуу ырыскы издешиңер үчүн Раббиңер силерге деңиздин үстүндө кемелерди жүргүзүп койду. Чындыгында Ал силерге Ырайымдуу. Анткени Ал силерге бул каражаттарды жеңил кылды.
(67) Эй, мушриктер! Эгерде силер деңизде кыйынчылыкка кабылып, жок болуу коркунучуна туш болсоңор, анда Аллахтан башка сыйынып жүргөн кудайларыңар эсиңерден чыгып, Аллахты гана эстеп каласыңар, Андан жардам сурайсыңар. Качан Ал силерге жардам берип, корккон нерсеңерден куткарса жана силер кургактыкка чыксаңар, анда Аны кудай тутуудан жана жалгыз Андан гана суроодон баш тартасыңар жана кудайларыңарга кайтып кетесиңер. Чындыгында инсан Аллахтын жакшылыктарын танып кетүүчү.
(68) Эй, мушриктер! Силерди куткарып кургактыкка чыгарганда Аллах аны силердин үстүңөргө бастырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Же Луттун коомуна кылгандай силердин да үстүңөргө асмандан таштарды жаадырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Ошондо силерди коргой турган жана кыйроодон сактай турган коргоочу да, колдоочу да таппайсыңар.
(69) Же Аллах силерди кайрадан деңизге чыгарып, андан соң катуу бороон жиберип, силерди мурунку жолу куткарып Аллахтын кылган жакшыгын танганыңар үчүн силерди чөктүрүп жиберишинен коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Ошондо Биздин кылганыбызга каршы силерди колдоп таламыңарды талаша турган эч кимди таппайсыңар.
(70) Чындыгында Биз адам баласын акылдуу кылып, периштелерди алардын түпкү атасына сажда кылууну буйруп урматтадык. Аларды кургактыкта көтөрүп жүргөн жаныбарларды, унааларды жана деңизде ташып жүргөн кемелерди баш ийдирдик. Аларга адал тамактарды, суусундуктарды жана аялдарды ырыскы кылып бердик. Аларды көптөгөн макулуктардан артык кылдык. Эми алар Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылышсын.
(71) Оо, пайгамбар! Биз бардык топторду алар ээрчишкен башчылары менен кошо чакырган күндү эстегин. Ошондо кимдин амал китеби оң тарабынан берилсе, мына ошолор китептерин кубаныч менен окушат. Алардын соопторунан эч нерсе кемитилбейт, ал нерсе данектин сыныгындай ийненин көзүнчөлүк кичине болсо дагы.
(72) Кимде-ким бул дүйнө жашоосунда акыйкатка баш ийип, аны кабыл алууда жүрөгү сокур болсо, анда ал кыямат күнү жеткен сокурлукта болот. Андыктан ал бейиштин жолуна түшө албайт жана туура жолдон адашкан жолдо болот. Жаза-сыйлык иштин түрүнө жараша болот.
(73) Оо, пайгамбар! Чындыгында мушриктер каалоолоруна туура келген Курандан башка нерсени ойлоп табууң үчүн Биз сага вахий кылган Курандан сени адаштырып коё жаздашты. Эгер сен алар каалаган нерсени кылганыңда алар сени жакын сүйүктүү адамы кылып алышмак.
(74) Сени акыйкатка бекем кылып сага жакшылык кылбаганыбызда сен кээ бир нерселерде аларга ооп кетүүңө аз калган болчу. Андай болгондо алардын алдоолорунун жана айла-амалдарынын катуулугу менен бирге алардын ыйман келтирүүсүнө болгон сенин умтулууңдун катуулугу болгондуктан сен алардын сага кылган сунуштарына макул болуп кетмексиң. Бирок Биз сени аларга ооп кетүүңдөн сактадык.
(75) Алардын сага кылган сунуштарына ооп кеткениңде, анда сага дүйнө жашоосунда жана акыретте эселеп азап бермекбиз. Кийин сенден азапты кетире турган бизге каршы жардамчыны тапмак эмессиң.
(76) Каапырлар сага болгон душмандыктары менен сени Меккеден куугунтуктоо үчүн сенин тынчыңды алууларына аз калды. Бирок Раббиңдин буйругу менен Меккеден чыгууңа чейин аларды сени чыгаруусунан тосуп койду. Эгерде алар сени чыгарышканда, анда сени чыгаргандан кийин алар аз гана убакыт жашашмак.
(77) Сенден кийин алар аз гана жашайт деген Аллахтын өкүмү бул сенден алдынкы пайгамбарлар туурасында болгон Аллахтын өзгөрбөс жолу. Ал жол – кайсы пайгамбарды өз эли куугунтуктаганда Аллах ал коомго азап түшүрүп турган. Оо, пайгамбар! Сен Биздин жолдун өзгөргөнүн көрбөйсүң. Бул өзгөрбөгөн бекем уланып туруучу жол экенин көрөсүң.
(78) Күн чак түштөн оогондон кийин намазыңды өз убагында талаптагыдай толук оку. Бул сөз түн киргенге чейин окула турган бешим жана асыр намаздарын, ошондой эле шам жана куптан намаздарын да камтыйт. Багымдат намазын оку жана анда кыраатты узун оку. Анткени багымдат намазына түнкү периштелер жана күндүзгү периштелер катышат.
(79) Оо, пайгамбар! Окуган намазың сенин даражаларыңды көтөрүш үчүн түндүн бир бөлүгүндө туруп намаз оку. Кыямат күнү Раббиң кыяматтын оор жагдайларында турганда сени адамдарга шапаатчы кылуусун тилеп оку. Ошондо сага абалкылар жана акыркылар алкыш айткан чоң шапаат макамы берилет.
(80) Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Оо, Раббим! Мен кайсы жакка кирбейин, кайсыл жактан чыкпайын анын баарын Сага болгон ибадатта жана Сени ыраазы кыла турган иштерде кыл! Жана душмандарыма каршы Сен мага жардам бере турган Өзүң тараптан мен үчүн ачык далил кыл”.
(81) Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге мындай деп айткын: “Ислам келди жана Аллах жардам беришин убада кылган нерселер орундалды. Ширк жана каапырлык кетти. Чындыгында жалган акыйкаттын алдында туруштук бере албай алсырап жок болот.
(82) Наадандыктан, каапырлыктан жана шектенүүдөн арылуу үчүн жүрөктөргө жана аны менен дем салынса денелерге шыпаа болгон, ошондой эле ага амал кылган момундар үчүн ырайым болгон Куран аяттарын түшүрөбүз. Бул Куран каапырлардын кыйроосун күчөтөт. Анткени аны угуу аларды ачуулантып жана алардын жалганга чыгаруусун жана жүз бурууларын күчөтөт.
(83) Эгер адамга ден-соолук жана байлык сыяктуу жакшылыктарды берсек, анда ал Аллахка шүгүр кылып жана Ага ибадат кылуудан жүз бурат жана текеберленип Андан алыстайт. Ал эми адамга оору же жакырлык сыяктуу кыйынчылыктар жетсе, анда ал Аллахтын ырайымынан абдан үмүтсүз болот.
(84) Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Ар бир адам туура жана адашуудагы абалын чагылдырган жолунда иш-аракеттерди кыла берсин. Раббиңер ким акыйкат жолдо экенин жакшы билет”.
(85) Оо, пайгамбар! Китеп ээлеринен болгон каапырлар сенден рухтун кандай экендиги туурасында сурашат. Аларга мындай деп айткын: “Рухтун кандай экендигин Аллахтан башка эч ким билбейт. Аруу Аллахтын илиминин алдында силерге жана бардык адамдарга аз гана илим берилди”.
(86) Оо, пайгамбар! Эгер Биз сага түшүргөн аян-кабарды көкүрөктөрдөн жана китептерден өчүрүү менен Өзүбүзгө кайтарып алууну кааласак, анда аны кайтарып алмакбыз. Андан кийин сага жардам бере турган жана аны сага кайтара турган эч кимди тапмак эмессиң.
(87) Бирок Раббиңден сага ырайым болуп аян-кабарды кайра кайтарып алган жокпуз, аны сакталган абалында калтырдык. Раббиңдин сага кылган жакшылыгы чоң. Анткени сени пайгамбар кылды, сени пайгамбардын эң акыркысы кылды жана сага Куранды түшүрдү.
(88) Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Сага түшүрүлгөн Куран сыяктуу өткүрлүү, мыкты түзүлгөн жана уккулуктуу китеп алып келүү үчүн адамдар менен жиндер баары чогулушса да жана алар бири-бирине жардамдашса да Куранга окшош китепти эч качан алып келе алышпайт.
(89) Чындыгында Биз адамдарга бул Курандагы нерселерди баяндап бердик. Ошондой эле адамдар ыйман келтирүүлөрүн үмүт кылып Курандан сабак ала турган үлгү насааттарды, буйрук-тыюуларды жана окуялардын баарын түрлөп бердик. Көпчүлүк адамдар бул Куранды жокко чыгаруу менен четке кагышат.
(90) Мушриктер мындай деп айтышты: “Эй, Мухаммад! Сен бизге Мекке жеринен суусу соолубай агып турган булак чыгарып бермейинче биз сага ыйман келтирбейбиз”.
(91) Сага бак-дарактары көп бакча жана анда суусу мол агып турган дарыялар болсунбу?
(92) Өзүң айткандай биздин үстүбүзгө асмандан азаптын бир бөлүгүн түшүрбөйсүңбү? Же сен айтып жатканыңды тастыкташ үчүн биздин алдыбызга Аллах жана периштелерди күбө катары алып келбейсиңби?
(93) Сенин алтын же башка нерселер менен кооздолгон үйүң болуп же асманга көтөрүлсөң дагы сен Аллахтын элчиси экениңе ишенбейбиз. Эгер Аллахтан Мухаммад пайгамбар деп жазылган китеп алып келип бизге окутсаң гана ишенебиз. Эй, пайгамбар! Сен мушриктерге мындай деп айт: “Менин Раббим бардык айып-кемчиликтерден аруу Зат. Башка пайгамбарлар сыяктуу эле мен да адамдардан болгон пайгамбармын. Бир нерсени алып келүүгө кудуреттүү эмесмин. Ошондуктан силер сунуштап жаткан нерсени кантип алып келмек элем?!”.
(94) Каапырларды Аллахка жана анын пайгамбарына ыйман келтирүүдөн жана пайгамбар алып келген нерселерди аткаруудан тоскон нерсе – аларга келген пайгамбар адамзатынан болгондугун четке каккандыктары гана тоскоол болду. Алар айтышты: “Аллах бизге адамдан болгон пайгамбар жибердиби?”
(95) Оо, пайгамбар! Аларга жооп кайтарып мындай деп айт: “Эгер жер бетинде периштелер жашап, алар силердей болуп тынч абалда басып жүрүшсө, анда Биз аларга өздөрүнөн болгон периштени элчи кылып жибермекпиз. Анткени периште аларга эмне жиберилгенин түшүндүрүп бере алмак. Биз периштелерге адамдардан болгон пайгамбар жөнөтсөк, анда ал даанышмандыкка туура келбейт. Силердин абалыңар да ошондой”.
(96) Оо, пайгамбар! Айткын: “Мени менен силердин араңарда силерге менин пайгамбар экендигиме Аллах Өзү жетиштүү күбө. Мен эмне үчүн жөнөтүлгөн болсом ошонун баарын силерге жеткирдим. Аллах пенделеринин абалдарын толук билет. Ага пенделеринин абалдарынан эч бир нерсеси жашыруун эмес. Силердин напсиңер жашырган бардык нерселерди Көрүүчү”.
(97) Оо, пайгамбар! Аллах кимге туура жолго түшүүгө ийгилик берсе, анда ал чыныгы туура жолдо болот. Ал эми кимди Аллах кор кылып туура жолдон адаштырса, аларды акыйкатка сала турган жардамчы таппайсың. Ал жардамчылары алардан зыянды кетирип жана аларга пайда бере албайт. Биз аларды кыямат күнү кайра тирилтебиз. Алар жүздөрү менен сүйрөлгөндө көрбөгөн, сүйлөбөгөн, укпаган абалда болушат. Алардын баш калкалап барар жери тозок. Анын жалыны азайганда Биз анын жалынын күчөтөбүз.
(98) Биздин пайгамбарга түшкөн аяттарга каапырлык кылышып жана кайра тирилүүнү жокко чыгарышып: “Эгер биз өлгөндөн кийин чириген сөөк болуп жана үгөлөнгөн бөлүктөргө айлангандан кийин кантип кайрадан тирилмек элек?”- деп айткандарынын жазасы катары алар ушул азапка туш болушту.
(99) Кайра тирилүүнү четке каккандар билишпейби. Асмандар менен жерди чоңдугуна карабастан жаратууга кудуреттүү болгон Аллах, ошол экөөсүнө окшогон нерселерди жаратканга кудуреттүү. Ал эми ким чоң нерсени жаратууга кудуреттүү болсо, анда ал андан кичине нерсени да жаратууга кудуреттүү. Чындыгында Аллах бул дүйнөдө аларга жашоолору бүткүчө белгиленген убакыт берди. Ошондой эле аларга ажал бердик, андан кийин аларды шексиз кайра тирилтебиз. Кайра тирилүүнүн далилдери ачык болсо да мушриктер аны четке кагышты.
(100) Оо, пайгамбар! Мушриктерге мындай деп айт: “Эгер Раббимдин түгөнбөс ырайым казынасына ээлик кылсаңар, анда силер анын түгөнүп калуусунан коркуп, кедей болуп калабыз деп аны сарптамак эмессиңер”. Момундардан башка адамдар табиятында сараң болушат. Момундар Аллахтын соопторун үмүт кылып сарпташат.
(101) Чындыгында Биз Мусага күбө боло турган ачык тогуз далил бердик. Алар аса таяк, жаркыраган кол, ачарчылык жылдар, жемиштердин аз болушу, топон суу, чегиртке, бит, бака, кан. Эй, пайгамбар! Жөөттөрдөн тигил аяттарды Муса өткөн ата-бабаларына алып келгендигин сурачы. Фараон Мусага мындай деп айтты: “Эй, Муса! Мен сени сыйкырланган адам деп ойлоп жатам. Анткени сен таң калыштуу нерселерди алып келип жатасың”.
(102) Муса аларга жооп кайтарып мындай деп айтты: “Эй, Фараон! Бул аят-белгилерди асмандар менен жердин Раббиси болгон Аллах гана түшүргөнүн жакшы билесиң. Бул аят-белгилерди Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана пайгамбардын чынчылдыгын тастыкташ үчүн түшүрдү. Бирок сен бул аят-белгилерди четке кактың. Эй, Фараон! Албетте сен өлүп зыянга учурашыңды билемин.
(103) Фараон Муса пайгамбарды жана анын коомун жазалап Мисирден чыгарууну каалады. Ошондо Биз Фараонду жана аны менен бирге болгон жан-жөкөрлөрүн чөктүрүп өлтүрдүк.
(104) Биз Фараон жана анын жан-жөкөрлөрүн өлтүргөндөн кийин Исраил урпактарына мындай деп айттык: “Шам жеринде жашагыла. Кыямат күнү Биз силердин баарыңарды сурак майданына алып келебиз”.
(105) Биз Мухаммадга бул Куранды акыйкат менен түшүрдүк. Жана Куран Мухаммадга эч өзгөрбөстөн жана бурмаланбастан акыйкат менен түштү. Оо, пайгамбар! Биз сени такыбаларды бейиш менен сүйүнтүү үчүн жана каапырлар менен күнөөкөрлөрдү тозок менен коркутуу үчүн жөнөттүк.
(106) Биз сага Куранды адамдарга шашылбай кыраат кылып окуп берсин деп түшүрдүк жана баяндадык. Анткени бул түшүнүүгө жана ой жүгүртүүгө эң ылайыктуусу. Ошондой эле Биз аны окуяларга жана абалдарга жараша бөлүк-бөлүк кылып түшүрдүк.
(107) Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахка ыйман келтиргиле. Силердин ыйман келтиргениңер Ага бир нерсени көбөйтүп да жибербейт же Ага ыйман келтирбесеңер да силердин каапырлыгыңар Андан бир нерсени азайтып да жибербейт. Асмандан түшкөн мурунку китептерди окугандарга, вахийди жана пайгамбарлыкты билгендерге Куран окулса, алар Аллахка шүгүр кылып жүздөрү менен сажда кылып жерге жыгылышат».
(108) Алар сажда учурунда: «Биздин Раббибиз убадасын аткарбай коюудан алыс. Ошондуктан Мухаммаддын келүүсү тууралуу берген убадасы анык болот. Албетте Раббибиздин ал тууралуу же башка тууралуу убадасы сөзсүз ишке ашат».
(109) Алар Аллахка жүздөрү менен жыгылышып сажда кылышкан абалда Андан коркушуп ыйлашат. Куран угуу жана маанилерин түшүнүү алардын Аллахтан коркуусун жана жалбарууларын көбөйтөт.
(110) Оо, пайгамбар! Сенин: «Оо, Аллах! Оо, Ырайымдуу!» деп айткан дубаңа каршы чыккандарга айткын: «Аллах жана Ырайымдуу деген – Аллахтын тааланын ысымдары. Ага ал экөөнүн кимиси менен болсо да же башка ысымдары менен болсо да дуба кылгыла. Анткени Анын көркөм ысымдары бар. Бул экөөсү Анын көркөм ысымдарынан. Андыктан ал экөөсү менен да башка көркөм ысымдары менен да дуба кылгыла. Намазда Куран окуганыңда жарыя окуба, мушриктер угуп алышат. Өтө купуя да окуба, ыймандуулар укпай калышат. Мына ушул эки абалдын ортосундагы деңгээлде оку».
(111) Оо, пайгамбар! Айткын: «Бардык мактоолорго татыктуу болгон Аллахка чексиз мактоолор болсун. Анын баласы жок жана шериги да жок. Бийлик кылууда да Анын шериги жок. Ага эч ким кордук көрсөтө албайт жана кемсинте да албайт. Анткени Ал жардамчыга жана кубаттоочуга муктаж эмес. Аны көп-көп улукта. Андыктан Анын падышачылыгында Ага баланы да, шерикти да, жардамчы да тааңуулабагыла».