93 - Ad-Dhuhaa ()

|

(1) Аллах күндүн баштапкы убактысы менен ант берди.

(2) Жана кыймыл-аракет токтоп, адамдар тынчыган караңгы түн менен ант берди.

(3) Оо, пайгамбар! Вахий басаңдап калганда мушриктер айткандай Раббиң сени таштаган жок жана сени жек көргөн жок.

(4) Сен үчүн акырет жашоосу дүйнөдөн жакшыраак. Анткени анда түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктар бар.

(5) Жакында Раббиң сага жана үммөтүңө улуу сыйлыкты берет, ошондо сен жана үммөтүң Анын бергенине ыраазы болосуңар.

(6) Ал сени атаң кайтыш болуп калган кичине кезиңде тапты. Анан сага чоң атаң Абдулмутталипти, кийин абаң Абу Талипти сага башпаанек кылды.

(7) Ал сени китеп эмне экенин, ыйман эмне экенин билбеген абалда таап, сага андагы билбеген нерселериңди үйрөттү.

(8) Жана сени кедей абалда таап, кийин сени байытты.

(9) Жаш кезинде атасынан ажыраган адамга жаман мамиле кылба жана аны кордобо.

(10) Жана муктаждыгын сурап келген адамды кууба.

(11) Жана Аллахтын сага берген жакшылыктарына шүгүр кыл жана алар тууралуу айт.