16 - An-Nahl ()

|

(1) Эй, каапырлар! Аллах өкүм кылган силердин азабыңар да жакындап калды. Андыктан силер аны убактысынан мурун шаштырбагыла! Аллах мушриктердин Ага кылган шериктеринен Аруу жана Бийик.

(2) Аллах Өз элчилеринин кимисине кааласа, анда Өзүнүн өкүм-буйруктары менен: «Эй, элчилер! Адамдарды Аллахка ширк кылуудан коркуткула! Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Оо, адамдар! Андыктан менин буйруктарымды аткарып, тыйгандарымдан алыстап Менден корккула!» – деген кабар менен периштелерди түшүрөт.

(3) Аллах асмандар менен жерди мурда болбогондой көрүнүштө акыйкат менен жаратты. Аларды жөн эле жаратып койгон жок. Аларды Өзүнүн улуктугуна далил кылыш үчүн жаратты. Ал алардын кошкон шериктеринен аруу.

(4) Ал инсанды алсыз бел суудан жаратты. Анын дене-түзүлүшү улам өөрчүп өстү. Кийин эле ал акыйкатты жок кылыш үчүн жалганга таянып, ачык эле талашып тартышкан адам болуп чыга келди.

(5) Оо, адамдар! Ошондой эле Ал силердин пайдаңар үчүн төө, уй, кой сыяктуу үй жаныбарларын жаратты. Ал эми бул пайдалардан – алардын жүндөрү жылуулук үчүн пайдаланылат. Ошондой эле алардын сүтүндө, терисинде жана аларды минүүдө башка дагы пайдалар бар жана алардан жейсиңер.

(6) Ошондой эле алар кечинде жайыттан кайтып келишкенде жана таң эрте жайытка чыгышканда да силер үчүн кооздуктар бар.

(7) Бул үй жаныбарлары силер жолго чыкканда оор жүктөрүңөрдү адамдар үчүн кыйынчылык менен гана жетүү мүмкүн болгон шаарларга ташып барышат. Эй, адамдар! Чындыгында Раббиңер силерге өтө Мээримдүү, Ырайымдуу. Анткени Ал силерге бул үй жаныбарларын баш ийдирди.

(8) Аллах силер миниш үчүн, жүгүңөрдү артыш үчүн жана адамдарга жагынганга кооздук болуш үчүн силерге жылкыларды, качырларды жана эшектерди жаратты. Ал Өзү жаратууну каалаган силер билбеген нерселерди жаратат.

(9) Өзүнүн ыраазылыгына жеткирген туура жолду ачыктап баяндоону Аллах Өз милдетине алган. Ал жол – Ислам дини. Жолдордун арасында акыйкаттан тайган шайтандын жолдору да бар. Исламдын жолунан башка бардык жолдор бурмаланган жолдор. Эгер Аллах баарыңар ыйманга келишиңерди каалаганда, анда Ал баарыңарга ага жетүүгө ийгилик бермек.

(10) Ал силерге булуттардан суу түшүрдү. Ал суудан силер ичесиңер жана мал-жандыктарыңар да ичишет. Ошондой эле малыңар жайылган жайыттар да ошол суу менен көгөрүп жашылданат.

(11) Аллах ал суу аркылуу силер жеп жаткан өсүмдүктөрдү өстүрөт жана аны менен силерге зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана мөмө-жемиштердин бардык түрлөрүн өстүрөт. Албетте бул сууда жана андан чыккан нерселерде Аллахтын жараткандары тууралуу ой жүгүрткөн адамдар үчүн Анын кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар. Алар ошолорду Аллахтын кудуреттүүлүгүнө далил кылышат.

(12) Ал силерге эс алышыңар үчүн түндү жана тиричилик кылышыңар үчүн күндүздү баш ийдирди. Жана жарык чачкан Күндү, нурун чачкан Айды жана Анын тагдыр буйругу менен силерге карап жылган жылдыздарды баш ийдирди. Силер алардын жардамы менен кургактык жана деңиз караңгылыктарында жол табасыңар жана убакыттарды билесиңер. Чындыгында бул баш ийдирүүдө – акылдарын иштеткен адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар. Мына ошолор гана мындан эмне максат кылынганын аңдап билишет.

(13) Аллах жер бетинде жараткан ар түрдүү кен байлыктарды, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана жашылча-жемиштерди силерге баш ийдирип койду. Чындыгында бул айтылган жаратууда жана моюн сундурууда насаат алган адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык далилдер бар. Алар Аллах кудуреттүү жана жакшылык кылуучу экенин аңдап билишет.

(14) Ал Аллах силерге деңизди баш ийдирип, анын үстүндө сүзүп жүрүүгө жана андагы нерселерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Анткени силер андан жумшак эттүү балыктарды уулап жейсиңер, бермет сыяктуу асыл таштарды өзүңөр жана аялдарыңар тагыныш үчүн деңизден аласыңар. Ошондой эле кемелер деңиз толкундарынан сүзүп өткөндөрүн көрөсүңөр. Силер ал кемелерге соода-сатыктан түшкөн пайда сыяктуу Аллахтын жакшылыктарына жетиш үчүн отурасыңар. Силер муну Аллах берген жакшылыктарга шүгүр кылууну каалап, Анын Өзүнө гана ибадат кыласыңар.

(15) Жер бетинде силерди чайпабаш үчүн жана кыймылдатпаш үчүн аны бекем кармаган тоолорду орнотту. Жана силер өзүңөр ичип, малдарыңарды жана эгинзарыңарды сугарыш үчүн жер бетинде дарыяларды агызды. Ошондой эле силер жүрүш үчүн жолдорду кылды. Алар менен көздөгөн жериңерге адашпастан жетесиңер.

(16) Ал силер үчүн жер бетинде ачык белгилерди кылды. Силер аларга карап күндүзү жол жүрөсүңөр. Жана Ал силер түндөсү жол табууңар үчүн асманда жылдыздарды кылды.

(17) Мына ушул жана башка нерселерди жараткан менен эч нерсени жарата албаганы бирдейби?! Бардык нерселерди жараткан Аллахтын улуктугуң эстебейсиңерби? Жалгыз Ага гана сыйынгыла жана эч бир нерсени жарата албагандарды Ага шерик кылбагыла.

(18) Оо, адамдар! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарын эсептей турган болсоңор, анын көптүгүнөн жана ар түрдүүлүгүнөн анын эсебине жете албайсыңар. Чындыгында Аллах өтө Кечиримдүү, анткени Ал силерди шүгүр кылууну унутканыңар үчүн жазалаган жок. Ал Ырайымдуу, анткени Ал силердин кылган күнөөлөрүңөр же шүгүр кылуудагы кемчиликтериңер үчүн жакшылыктарын бербей койгон жок.

(19) Эй, пенделер! Аллах силердин жашырган иштериңерди билет жана ачык кылган иштериңерди да билет. Ага эч нерсе жашыруун эмес. Ал силерге кылган ишиңердин сыйлыгын же жазасын берет.

(20) Ал эми мушриктердин Аллахтан башка сыйынган кудайлары аз нерсени да жарата алышпайт. Алардын Аллахтан башка сыйынган кудайчаларын жасаган да өздөрү. Анан кантип Аллахты таштап өз колдору менен жасаган нерселерине сыйынып жатышат?!

(21) Өз колдору менен жасашып алып өздөрү аларга сыйынышат. Алар эч нерсени билбеген жансыз заттар. Алар кыямат күнү сыйынуучулары менен тозокко бирге ыргытылуулары үчүн качан тирилишерин да билишпейт.

(22) Силердин чыныгы кудайыңар эч бир шериги жок болгон жалгыз кудай – ал Аллах. Ал эми акыретте сурак үчүн кайра тирилүүгө ишенбегендердин жүрөктөрүндө коркунуч болбогону үчүн алар Аллахтын жалгыздыгынын четке кагышат. Алар суракка да, жазага да ишенишпейт. Алар акыйкатты кабыл алышпаган жана ага моюн сунбаган текеберлер.

(23) Эч шексиз Аллах алардын жашырган иштерин билет жана ачык кылган иштерин да билет. Ал үчүн аларга сыйлык же жазасын берет. Чындыгында Аллахка моюн сунуп, Ага сыйынуудан текеберленгендерди жакшы көрбөйт. Тескерисинче, аларды ушунчалык жек көрөт.

(24) Аллахтын жалгыздыгын четке кагып, кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандарга: «Аллах Мухаммадга эмнени түшүрдү?» – деп айтылса, алар: «Ага эч нерсе түшкөн жок. Чындыгында ал өз оюнан эле мурункулардын окуяларын жана уламыштарын алып келди» – дешет.

(25) Алардын натыйжасы – өздөрүнүн күнөөлөрүн толук көтөрүү жана наадандыктан, сокур ээрчүүдөн улам Исламдан адаштыргандардын да күнөөлөрүн көтөрүү болду. Өз күнөөлөрүн жана аларды ээрчигендердин да күнөөлөрүн көтөрүү кандай жаман!

(26) Алардан мурунку каапырлар да пайгамбарларына айла-амалдарды кылышкан. Кийин Аллах алардын турак-жайларын орду түбү менен бузуп таштады, алардын чатырлары үстүлөрүнө кулады. Алар күтпөгөн тараптан аларга азап келди. Алар турак-жайлары коргойт деп ойлошкон, бирок алар менен кошо кыйрап жок болду.

(27) Андан кийин Аллах аларды азаптап кордойт. Аларга айтылат: «Сыйынууда Мага шерик кылган, алар үчүн пайгамбарларым жана ыймандуулар менен душмандашкан Мага шерик кылгандарыңар кайда?!». Ошондо чыныгы аалымдар айтышат: «Чындыгында кыямат күнү кордук жана азап каапырлардын башына түшөт».

(28) Аллахка каапырлык кылышып өздөрүнө зулумдук кылгандардын жандарын өлүм периштеси жана анын жардамчы периштелери алып жатканда алар баштарына түшкөн өлүмгө моюн сунушуп, бирок каапырлыктарын жана күнөөлөрүн четке кагышты. Алар четке какканыбыз пайда берет деп ойлошту. Ошондо аларга: «Силер жалган айттыңар! Силер буга чейин күнөөлөрдү кылган каапыр элеңер. Чындыгында Аллах силердин бул дүйнөдө эмне кылганыңарды билет. Ага мунун эч бири жашыруун эмес. Ал жакында силерди ал үчүн жазалайт» – деп айтылат.

(29) Аларга айтылат: «Кылган иш-аракеттериңерге жараша тозоктун эшиктеринен киргиле! Ал жайда түбөлүк каласыңар. Аллахка ыйман келтирип, жалгыз Ага сыйынуудан текеберленгендердин жайы кандай жаман!»

(30) Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккон адамдардан: «Силердин пайгамбарыңарга Раббиңер эмне түшүрдү?» – деп суралганда, алар: «Аллах ага улуу жакшылыкты түшүрдү» – дешет. Аллахка талаптагыдай ибадат кылышып жана бул дүйнө жашоосунда адамдар менен жакшы мамиледе болгондор үчүн жеңиш жана мол ырыскы ж.б. жакшы сыйлыктар бар. Ал эми Аллахтын алар үчүн акыретте даярдап койгон сыйлыгы – аларга бул дүйнөдө бергенинен да жакшыраак. Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарынан алыстаган такыбалардын жайы болгон акырет жайы кандай сонун!

(31) Бул алар кирип турукташып жашашкан бейиштер! Андагы кан сарайлардын жана бак-дарактардын алдыларынан дарыялар агып турат. Алар үчүн бул бейиштерде көңүлдөр самаган тамак-аштар, суусундуктар ж.б. нерселер бар. Мухаммаддын үммөтүндөгү такыбаларга берилген мындай сыйлык – мурунку үммөттөрдүн такыбаларына да берилет.

(32) Жүрөктөрү каапырлыктан таза болгон абалдагы адамдардын жандарын өлүм периштеси жана анын жардамчы периштелери алып жатышканда аларга кайрылып: «Силерге тынчтык болсун! Бардык балээлерден кутулдуңар. Бул дүйнөдө туура ишенимди тутунуп жана жакшы иштерди кылганыңар үчүн бейишке киргиле!» – деп айтышат.

(33) Ал мушриктер менен жалганчылар аларга өлүм периштеси жана анын жардамчы периштелери жандарын алыш үчүн жана жүздөрү менен жондоруна уруу үчүн келишин, же болбосо алар бул дүйнөдө азап менен жок кылынсын деген Аллахтын буйругу келишин күтүп жатышабы? Меккелик мушриктер кылып жатышкан мына ушундай ишти алардан мурунку мушриктер да кылышкан. Ошол себептен Аллах аларды кыйратып жок кылды. Аларды жок кылганда Ал аларга зулумдук кылган жок. Бирок алар Аллахка кылган каапырлыктары себептүү өздөрүн кыйроого учуратып зулумдук кылышты.

(34) Алардын кылган иштеринин жазасы өз баштарына түштү жана аларга эскертилгенде алар шылдыңдап күлүшкөн азап аларды курчап алды.

(35) Аллах менен катар башкаларга сыйынып ширк кылгандар айтышты: «Эгерде Аллах бизди Өзүнө гана сыйынуубузду жана Ага ширк кылбашыбызды каалаганда, анда биз жана бизден мурунку ата-бабаларыбыз да Андан башка эч кимге сыйынмак эмес. Эгерде Ал биз бир нерсени арам кылышыбызды каалабаганда, анда биз аны арам кылмак эмеспиз». Мына ушундай эле жалган дооматтарды мурунку каапырлар да айтышкан. Элчилерге жеткир деп буйрулган нерселерди ачык-айкын жеткирүү милдети гана жүктөлгөн. Алар аны жеткиришти. Эми каапырлар тагдырды шылтоолоп доомат кыла алышпайт. Анткени Аллах аларга каалоо, тандоо берди жана аларга пайгамбарларды жиберди.

(36) Биз мурунку ар бир коомго пайгамбар жибергенбиз. Ал өз коомун жалгыз Аллахка сыйынууга жана Андан башка айкелдер менен шайтандарга сыйынууну таштоону буйруган. Алардын арасында Аллах ийгилик берип Ага ыйман келтиргендери жана пайгамбары алып келгенди ээрчигендери бар. Жана алардын арасында Аллахка каапырлык кылгандары жана пайгамбарынан баш тарткандары бар. Аллах аларга ийгилик бербеди. Андыктан аларга адашуу милдет болду. Эми жалганчылардын башына азап жана кыйроо түшкөндөн кийин алардын акыбети кандай болгонун өз көзүңөр менен көрүш үчүн жер бетин кыдыргыла!

(37) Оо, пайгамбар! Сен аларга колундан келишинче даават кылып, алардын туура жолго келишин кааласаң да жана анын себептерин кылсаң да Аллах Өзү адаштыргандарды туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт жана аларды азаптан коргогон Аллахтан башка эч бир жардамчы болбойт.

(38) Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар ага эч кандай далили жок эле аны жокко чыгарып: «Аллах өлгөндөрдү кайра тирилтпейт» – деп баса белгилеп, аша чаап касам ичишти. Жок! Аллах бардык өлгөндөрдү кайра тирилтет. Анын убадасы чындык. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллах өлүктөрдү тирилтерин билишпейт. Алар кайра тирилүүнү четке кагышат.

(39) Аллахты жалгыздоо, кайра тирилүү жана пайгамбарлык тууралуу алар талашып тартышкан нерселеринин чындыгын көргөзүш үчүн жана каапырлар Аллахтын шериктери бар деп айткан сөздөрүндө жана кайра тирилүүнү жокко чыгарууда жалганчы экендиктерин билиш үчүн Аллах кыямат күнү алардын баарысын кайра тирилтет.

(40) Эгерде биз өлүктөрдү тирилтүүнү кааласак, анда аны кылуудан Бизди эч ким токтото албайт. Эгер биз аны кааласак, анда ага «Бол!» деп гана айтабыз, ал ошол замат сөзсүз ишке ашат.

(41) Каапырлар кысымга алып жана азапка салгандан кийин алар Аллахтын ыраазылыгын көздөшүп өз үй-жайларын, үй-бүлөлөрүн жана мал-мүлктөрүн таштап каапыр өлкөдөн Ислам өлкөсүнө көчкөндөрдү Биз бул дүйнөдө аларды барктай турган жайга жайгаштырабыз. Албетте акырет сыйлыгы андан да чоңураак. Анткени бейиш да ошолорго кирет. Эгерде көчпөгөндөр көчкөндөрдүн сообун билишкенде, анда алар да калбай көчүшмөк.

(42) Аллах жолунда көчкөндөр – мына ошолор өз эли көрсөткөн зыяндарга жана өз үй-бүлөсүн, мекенин таштоого сабыр кылышкандар. Алар Аллахка моюн сунууга сабыр кылышкандар жана бардык иштеринде жалгыз Раббисине гана таянгандар. Ошол себептен Аллах аларга ушундай улуу сыйлыкты берди.

(43) Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун адамзаттан эркек кишилерге гана кабар түшүрүп аларды пайгамбар кылып жибергенбиз. Ал эми периштелерден пайгамбар жиберген эмеспиз. Бул Биздин адатта карманган жолубуз. Эгерде муну четке каксаңар, анда мурунку Китеп ээлеринен сурагыла. Алар силерге пайгамбарлар адамзаттан болгондугун айтышат. Алар периштелерден болгон эмес, эгер силер аларды адамзаттан эмес деп билген болсоңор.

(44) Биз адамзаттан болгон ошол пайгамбарларды ачык-айкын далилдер жана ыйык китептер менен жибердик. Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды адамдарга түшүндүрүү зарыл болгон жерлерин ачыкташ үчүн түшүрдүк. Балким алар акылдарын иштетип, андагы айтылгандардан сабак алышар.

(45) Аллахтын жолунан тосуш үчүн айла-амалдарды кылгандар Аллах Карунду жерге жуттургандай аларды да жерге жуттуруудан же алар күтпөгөн тараптан аларга азап келүүсүнөн көңүлдөрү тынчпы?!

(46) Же болбосо алар жер кесип жана тиричилик кылып жүрүшкөн учурда аларга азап келүүсүнөн көңүлдөрү тынчпы?! Алар андан коргоно да кутула да алышпайт.

(47) Же алар Аллахтан корккон абалда Анын азабына кабылышынан көңүлдөрү тынчпы?! Аллах аларды бардык абалда азаптоого кудуреттүү. Чындыгында Раббиңер өтө Мээримдүү, Ырайымдуу. Ал жазалоону эртелетпейт. Балким пенделери Ага тообо кылып кайтышар.

(48) Жалганга чыгарган адамдар Анын жараткандарына ой жүгүртүү менен назар салышпайбы? Алардын көлөкөсү Раббисине моюн сунуп Ага чындап сажда кылган абалда күндүзү күндүн жүрүшүнө, түндөсү айдын жылышына карап оңго, солго жылып жатпайбы?

(49) Асмандар менен жердеги жандыктардын баарысы жалгыз Аллахка гана сажда кылышат. Периштелер да жалгыз Ага гана сажда кылышат. Алар Аллахка ибадат кылуудан жана Ага моюн сунуудан текеберленишпейт.

(50) Алар дайым кылган ибадаттарына жана моюн сунгандарына карабастан Раббисинен коркушат. Ал Өз Заты, багынтуусу жана бийлиги менен алардан жогору. Ошондой эле алар Раббиси буйруган ибадаттарды аткарышат.

(51) Аллах бардык пенделерине айтты: «Эки кудай тутуп албагыла! Чындыгында Ал жалгыз чыныгы Кудай, Анын экинчиси да шериги да жок. Менден гана корккула жана Менден башка эч кимден коркпогула».

(52) Жаратууда, бийлик кылууда жана башкарууда асмандар менен жердеги нерселер жалгыз Ага гана таандык. Баш ийүү, жалбаруу, ыкластуулук жалгыз Ага гана тиешелүү. Эми силер Аллахтан башкадан коркуп жатасыңарбы?! Жок! Андан гана корккула!

(53) Оо, адамдар! Силерде болгон диний жана дүйнөлүк жакшылыктардын баарысы бир Аллахтын Өзүнөн. Кийин силердин башыңарга балээ же оору же жакырлык түшсө, ал нерседен кутулуш үчүн жалгыз Ага гана дуба кылып жалбарасыңар. Ким жакшылыктарды берип, жамандыктардан куткарган болсо, анда жалгыз ошого гана сыйынуу милдет.

(54) Анан Ал силердин дубаңарды кабыл кылып, башыңарга түшкөн балээден куткаргандан кийин силердин бир тобуңар Раббисине ширк кылып, Аны менен катар башкаларга да сыйынып кетишти. Бул не деген жүзү каралык?!

(55) Алардын Аллахка кылган ширктери – аларды кыйынчылыктан куткаруу сыяктуу Анын аларга кылган жакшылыктарын танууга түрттү. Мына ошондуктан аларга: «Эртеби-кечпи акыры силерге Аллахтын азабы келгенге чейин берилген жакшылыктарга жыргай бергиле» – деп айтылат.

(56) Мушриктер өздөрүнүн эч нерсе билбеген, пайда-зыян бербеген жансыз кудайларына Биз аларга ырыскы кылып берген мал-мүлктөрүнүн бир бөлүгүн аларга жакындаш үчүн арнашат. Эй, мушриктер! Аллахка ант, силер кыямат күнү бул айкелдерди кудайлар деп жана мал-мүлкүңөрдөн алардын да энчиси бар деп ойлогонуңар үчүн сөзсүз сураласыңар.

(57) Мушриктер Аллахтын кыздары бар, алар периштелер деп ойлошот. Ошондой эле Ага перзентти таңуулашып, өздөрүнө жакпаган нерселерди Ага тийиштүү кылышат. Аллах алардын кылып жаткандарынан аруу жана ыйык. Ал эми өздөрүнө болсо көңүлдөрүнө жаккан уул балдарды арнашат. Мындан да өткөн күнөө барбы?!

(58) Эгерде ал мушриктердин бирөөсүнө кыздуу болгону тууралуу кабар айтылса, анда уккан нерсесин ушунчалык жек көргөндүгүнөн жүзү карарып, жүрөгү кайгы-капага толуп кетет. Андан соң өзүнө жакпаган нерсени Аллахка тийиштүү кылат.

(59) Ал кыздуу болгондугу тууралуу айтылган сүйүнчү кабардын жамандыгынан намыстанып элге көрүнбөй жашырынып: «Бул кызды кордукка карабай алып калсамбы же жерге тирүүлөй көмүп салсамбы?» – деп өзүнчө сүйлөнөт. Мушриктердин бул кылган өкүмү кандай жаман! Анткени алар Раббисине өздөрүнө жакпаган нерсени өкүм кылышты.

(60) Акыретке ыйман келтирбеген каапырларга балага болгон муктаждык, наадандык жана каапырлык сыяктуу эң төмөн сыпаттар таандык. Ал эми Аллахка улуулук, кемчилсиздик, беймуктаждык, илим сыяктуу мактоого арзыган бийик сыпаттар таандык. Ал Өз падышалыгында Кудуреттүү, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Ал жаратууда, башкарууда жана өкүм кылууда Даанышман.

(61) Эгерде Аллах таала адамдарды зулумдуктары, каапырлыктары себептүү жазалай турган болсо, анда жер бетинде кыбыр эткен адам да жандык да калмак эмес. Бирок Ал Өз илиминде аларды белгилүү убакытка чейин кечиктирет. Эгер Анын илиминде белгиленген ошол убакыт келсе, анда алар аны бир аз мөөнөткө алдыга да артка да жылдыра алышпайт.

(62) Алар өздөрүнө жакпаган кыз перзентти Аллахка таңуулашат жана алар үчүн Аллахтын алдында эң жакшы даража бар деп тилдери менен жалган сүйлөшөт. Эгер алар айткандай кайра тирилери чындык болсо, анда алар үчүн тозок болору анык. Алар ал жайга ташталат жана ал жактан эч качан чыгышпайт.

(63) Оо, Мухаммад! Аллахка ант, Биз сенден мурунку коомдорго да пайгамбарларды жибергенбиз. Бирок шайтан алар кылган ширкти, каапырлыкты жана күнөөлөрдү аларга кооз кылып көргөздү. Алар аны кыяматта бизге колдоо көргөзгөн колдоочу болот деп ойлошот. Алар үчүн кыяматта жан ооруткан азап бар.

(64) Оо, пайгамбар! Биз сага адамдар талашып тартышып жаткан Аллахты жалгыздоо, кайра тирилүү жана шарият өкүмдөрү сыяктуу нерселерди жалпы адамдарга түшүндүрүп беришиң үчүн гана Куранды түшүрдүк. Ошондой эле Куран – туура жол жана Аллахка, пайгамбарларга, Курандагы келген нерселерге ыйман келтиргендер үчүн ырайымдуулук. Мына ошолор гана акыйкаттан пайда алышат.

(65) Аллах асман тараптан жамгыр түшүрүп, ал себептүү какыраган как жерден өсүмдүктөрдү чыгарып жерге жан киргизди. Чындыгында жамгырдын асмандан түшүүсүндө жана ал аркылуу жерден өсүмдүктөрдү чыгаруусунда Аллахтын сөзүн угуп, ага ой жүгүрткөн адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар.

(66) Оо, адамдар! Чындыгында төөдө, уйда, койдо силер үчүн үлгү-сабактар бар. Биз силерди алардын курсагындагы бок-жини менен кандан турган заттын арасынан желиндери аркылуу сүт чыгарып ичиребиз. Буга карабастан ичкендерге жагымдуу таза, даамдуу сүт болуп чыгат.

(67) Жана Биз силерге ырыскы кылып берген курманын жана жүзүмдүн мөмөлөрүндө да силер үчүн үлгү-сабактар бар. Силер алардан адамдын акылын мас кылган шараптарды чыгарасыңар. Бул жакшы эмес. Ошондой эле алардан курма, мейиз, сирке, коюу ширелерди чыгарып пайдаланасыңар. Чындыгында бул айтылгандарда Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана пенделерине кылган жакшылыктарына акыл жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Мына ошолор мындан сабак алышат.

(68) Оо, пайгамбар! Раббиң бал аарыга жол көргөзүп ага мындай деп илхам кылды: «Уяңды тоолорго сал, бак-дарактарга сал жана адамдар жапкан курулуштарга сал.

(69) Андан кийин өзүң каалаган мөмөлөрдөн жегин жана Раббиң сага баш ийдирип илхам кылган жолдор менен жүргүн». Мына ошол бал аарынын ичинен ак, сары ж.б. түрдүү түстөгү балдар чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Алар аны менен ооруларынан дарыланышат. Чындыгында бал аарыга кылынган илхамда жана анын ичинен чыккан балда Аллахтын кудуреттүүлүгү жана Ал жараткандарынын иштерин башкаруусу тууралуу ой жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Мына ошолор мындан сабак алышат.

(70) Аллах силерди мурда болбогондой көрүнүштө жаратты. Кийин ажалыңар келгенде силерди өлтүрөт. Силердин араңарда өмүрдүн эң жаман баскычы болгон карылыкка жетип көп жашагандар бар. Ал мурда билгендеринин да унутуп калат. Чындыгында Аллах Билүүчү, Ага пенделеринин кылган иштеринин бири да жашыруун эмес. Ал Кудуреттүү, Аны эч нерсе алсырата албайт.

(71) Аллах таала силерге берген ырыскыда бириңерди башкаңардан артык кылып, силердин араңарда бай жана кедейлерди, башчы жана баш ийүүчүлөрдү кылды. Ал эми Аллах көп ырыскы берип артык кылгандары мал-мүлктө кулдары менен тең ата болуп алар менен шериктеш болобуз деп Аллахтын аларга берген нерселерин жокко чыгарышпайт. Эгерде алар өздөрүнө кулдары тең ата болуп шерик болуусун каалашпаса, анда неге Аллахка кулдарын Ага шерик кылууну каалап жатышат? Бул эмне деген зулумдук! Мындан да өткөн Аллахтын жакшылыктарын жокко чыгаруу барбы?!

(72) Оо, адамдар! Аллах силерге ынак болсун деп өзүңөрдөн жубайларды жаратты жана жубайларыңардан балдарды, неберелерди жаратты. Силерге эт, дан азыктары, мөмө-жемиштер сыяктуу адал тамак-аштарды ырыскы кылды. Эми алар жалган кудайларга жана айкелдерге ыйман келтирип жатышабы?! Санаса санак жетпеген Аллахтын көптөгөн жакшылыктарын жокко чыгарып, жалгыз Ага ыйман келтирип шүгүр кылышпай жатабы?!

(73) Ал мушриктер Аллахтан башка кудайларга сыйынышат. Алар болсо асмандар менен жерден аларга эч кандай ырыскы бере алышпайт жана аларга ээлик да кылышпайт. Анткени алар эч нерсени билбеген жансыз заттар.

(74) Эй, адамдар! Силерге пайда да зыян да бере албаган бул айкелдерди Аллахка окшотпогула! Сыйынууда Ага шерик кыла тургандай Анын эч кандай окшошу жок. Чындыгында Аллах Өзүнө тийиштүү улуктук жана кемчиликсиз сыпаттарды билет. Силер аны билбейсиңер. Ошондуктан Аны өзүңөрдүн кудайларыңарга окшоштуруп Ага ширк кылып атасыңар.

(75) Аллах мушриктерге жооп кылып мисал келтирет – эч нерсе кыла албаган, садака кылганга эч нерсеси жок алсыз кул жана Биз Өз алдыбыздан адал байлык берип, ал андан өзү каалагандай ачык да жашыруун сарптаган эркин адам экөөсү бири-бирине тең эмес. Силер Өз мүлкүн Өзү каалагандай сарптап башкарган Аллах менен алсыз кудайларыңарды кантип теңеп жатасыңар?! Аллах Өзү гана мактоолорго татыктуу. Бирок мушриктердин көпчүлүгү кудай болууга жана сыйынылууга жалгыз Аллах Өзү гана татыктуу экендигин билишпейт.

(76) Аллах аларга жооп кылып эки адам тууралуу дагы бир мисалды келтирди – алардын бирөөсү дудук-дүлөй, ал дудуктугу себептүү сүйлөбөйт, дүлөйлүгү себептүү укпайт, сөзгө түшүнбөйт. Өзүнө да башкага да пайда бере албайт. Аны баккан үй-бүлөсү үчүн ал оор түйшүк. Аны кайда жиберсе да жакшылык алып келбейт, көздөгөн максатты ишке ашырбайт. Эми ушундай адам менен кулагы уккан, сүйлөгөн, ашыкча пайда келтирген, адамдарды адилеттикке буйруган, табияты түз жана эч кандай бурмаланбаган туура жолдогу адам тең болобу? Эй, мушриктер! Силер улуктук жана кемчиликсиз сыпаттарга ээ болгон Аллахка өзүңөрдүн укпаган, сүйлөбөгөн, пайда келтирбеген, зыяндан куткарбаган кудайларыңарды кантип теңеп жатасыңар?!

(77) Асмандардагы жана жердеги кайып нерселердин илими жалгыз Аллахка гана таандык. Аны жеке Өзү гана билет, жаратылгандардан эч кимиси билбейт. Ал эми Өзүнө гана тийиштүү кайыптардан болгон кыяматтын тез болушун Ал каалай турган болсо, анда көз ачып жумгуча эле келтирип коёт, балким андан да тезирээк болот. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аны эч ким алсыра албайт. Эгерде ал бир ишти кааласа, анда «Бол!» деп гана айтат, ал ошол замат болот.

(78) Оо, адамдар! Төрөт убагы келгенде Аллах силерди энеңердин курсагынан эч нерсени билбеген ымыркай абалда чыгарды жана силерге угуш үчүн кулак, көрүш үчүн көз жана акыл жүгүртүш үчүн жүрөктөрдү берди. Балким Ал силерге берген жакшылыктарга шүгүр кыларсыңар.

(79) Мушриктер абада калкып жеңил учкан куштарга назар салышпайбы? Аллах аларга канаттарды берди жана абаны жумшак кылды. Ошондой эле аларга канаттарын жазып, кайра жыйноону илхам кылды. Аларды кудуреттүү Аллах гана жерге түшүрбөй абада кармайт. Чындыгында бул моюн сундурууда жана түшүрбөй кармоодо Аллахка ыйман келтирген адамдар үчүн белгилер бар. Анткени алар гана белгилерден жана сабактардан пайда алышат.

(80) Аллах таала силер таштардан жана башка нерселерден курган үйлөрүңөрдү силер үчүн эс алуу жана турак-жай кылды. Жана силерге шаардагы үйлөргө окшош кылып төөнүн, уйдун, койдун терилеринен чөлдөрдө чатырларды кылды. Бир жерден экинчи жерге көчкөн сапарларыңарда аларды ташууну жана конгондо аны орнотууну жеңил кылды. Ошондой эле белгилүү бир убакка чейин пайдаланууңар үчүн койдун, төөнүн, эчкинин жүндөрүнөн үйлөрүңөргө керектүү буюмдарды, кийимдерди, жамынчыларды кылды.

(81) Аллах силерге ысыкта көлөкөлөнүш үчүн бак-дарактарды, турак-жайларды кылды жана силерге сууктан, ысыктан, душмандан коргонуш үчүн тоолорго үнкүрлөрдү кылды. Ошондой эле ысык-сууктан сактаныш үчүн силерге кебезден ж.б. нерселерден кийим-кечектерди кылды жана согушта бири-бириңердин соккуңардан коргонуш үчүн силерди коргогон соот кийимдерди кылды. Алар аркылуу курал денеңерге тешип кире албайт. Ошондой эле Аллах силерге жогорудагы жакшылыктарды берген сыяктуу эле силер жалгыз Ага моюн сунуп, Ага эч бир нерсени шерик кылбашыңарды каалап Ал силерге жакшылыктарын толук кылып берет.

(82) Оо, пайгамбар! Эгерде алар сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүдөн жана ишенүүдөн баш тартышса, анда сенин милдетиң сага буйрулган нерсени гана ачык-айкын кылып жеткирүү. Ал эми аларды туура жолго салуу сенин милдетиң эмес.

(83) Мушриктер Аллахтын аларга берген жакшылыктарын билишет. Аларга пайгамбарды жиберүү да ошол жакшылыктардан. Кийин алар үчүн шүгүр кылышпай, пайгамбарды жалганга чыгарышып жакшылыктарды танышат. Алардын көпчүлүгү Аллахтын жакшылыктарын тангандар.

(84) Оо, пайгамбар! Аллах ар бир үммөттөн аларга жиберилген элчини кайра тирилтип, ал мусулмандын ыйманына жана каапырдын каапырлыгына күбөгө өтө турган күндү эстегин. Ошондон кийин каапырларга алардын кылган каапырлыгы үчүн кечирим суроого уруксат берилбейт жана алар Раббисин ыраазы кылган иштерди кылыш үчүн бул дүйнөгө да кайтышпайт. Акырет – ибадат кылуу жайы эмес, сурак берүү жайы.

(85) Зулумдук кылган мушриктер азапты көрүшкөндө аларга азап жеңилдетилбейт жана ал кечиктирилип аларга мөөнөт да берилбейт. Тескерисинче, алар түбөлүк азапка киришет.

(86) Мушриктер Аллахка шерик кылып сыйынган кудайларын акыретте көрүшкөндө айтышат: «Оо, Раббибиз! Мына ушулар Сенден башка сыйынган кудайларыбыз». Алар муну күнөөлөрүн аларга артыш үчүн айтышат. Ошондо Аллах алардын кудайларын тилге келтирип, алар айтышат: «Эй, мушриктер! Чындыгында силер Аллах менен катар сыйынган шериктерде анык жалганчысыңар. Аны менен катар сыйынылган эч кандай шерик жок».

(87) Мушриктер бой сунушуп, жалгыз Аллахка гана баш ийип калышат. Ал эми Аллахтын алдында шапаат кылышат деген ойдо талашып жүрүшкөн кудайлары болсо аларды таштап кетишет.

(88) Аллахка каапырлык кылышып, башкаларды Аллахтын жолунан бурган адамдардын азабына азап кошобуз. Алар каапырлыктары үчүн ага татыктуу болушту. Себеби алар өздөрү бузулушту жана башкаларды адаштыруу менен бузушту.

(89) Оо, пайгамбар! Биз ар бир үммөттөн пайгамбарды кайра тирилтип, ал алардын каапырлыгына же ыйманына күбөгө өтө турган күндү эстегин. Ошол пайгамбар алардын өздөрүнөн жана ошолордун тилинде сүйлөйт. Эй, пайгамбар! Биз сени бардык үммөттөргө күбө катары алып келдик. Биз сага адал-арам, сыйлык-жаза ж.б. түшүндүрүүсү зарыл болгон бардык нерселерди баяндоо үчүн Куранды түшүрдүк. Биз аны адамдарды акыйкатка багытташ үчүн, ага ыйман келтирип, андагы айтылгандарды аткаргандарга ырайым болуш үчүн жана түбөлүк жыргалчылыкты күтүшүп Аллахка ыйман келтиргендерге сүйүнчү кабар кылып түшүрдүк.

(90) Чындыгында Аллах пенделерин адилеттүүлүккө, Аллахтын жана адамдардын алдындагы милдеттерин аткарууга жана өкүм чыгарууда бирин экинчисинен артык көрбөгөнгө буйруду. Бирок артык көрүүнү талап кылганга укуктуу болгон абалда гана уруксат. Ошондой эле пендеге милдет болбогон жакшылык иштерди кылууга буйруду, мисалы, өз ыктыяры менен садака кылуу, зулум кылганды кечирүү, жакын туугандарга муктаж болгон нерселерин берүүгө буйруу, бардык жаман сөздөрдөн жана зына сыяктуу жаман иштерден тыюу, шарият жаман көргөн бардык күнөөлөрдөн тыюу, адамдарга текеберлик жана зулумдук кылуудан тыюу. Аллах бул аятта силерге буйруган жана тыйган нерселерди аткарууну осуят кылат. Балким Анын кылган окуятынан сабак аларсыңар.

(91) Аллахка же адамдарга берген бардык убадаңарды аткаргыла! Аллахтын аты менен касам ичип берген бекем анттарыңарды бузбагыла! Силер аткарам деп касам ичип Аллахты өзүңөргө күбө кылгансыңар. Чындыгында Аллах силердин кылып жатканыңарды билет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Ал жакында силерге сыйлыгыңарды же жазаңарды берет.

(92) Жеңил ойлуу кем акыл адамдардай убадаларын бузгандардан болбогула! Бул акылсыз аялга окшобогула – ал жүндү же кебезди ийригенден тажап, бекем ийригенден кийин мурункудай кылып кайра аны чечип чубап салды. Ал ийригенден да чубагандан да чарчады, көздөгөн ой-максатына да жетпеди. Силердин үммөтүңөр душмандарыңардан көп жана кубаттуу болуш үчүн силер антыңарды бири-бириңерди алдаган куралга айлантып алдыңар. Аллах силерди убадаларына бек бекен деп сынап жатат. Силер аны аткарасыңарбы же бузасыңарбы? Кыяматта Аллах силердин бул дүйнөдө талашып тартышканыңарды сөзсүз ачык айтып берет. Ошондо акыйкатчыл адамды жалганга чыгарган адамдан, чынчылды жалганчыдан айырмалап берет.

(93) Эгерде Аллах кааласа баарыңарды акыйкатты карманган бир үммөт кылып коймок. Бирок Аллах Өз адилеттиги менен кимиңерди кааласа акыйкатта жана убадаларды аткарууда жардамсыз калтырып адаштырат жана Өз айкөлдүгү менен кимге кааласа ийгилик берет. Силер кыяматта бул дүйнөдө кылган иштериңер үчүн сөзсүз сураласыңар.

(94) Өз каалооңорду ээрчип антыңарды каалаганда аткарып, каалаганда бузуп аны бири-бириңерди алдаган куралга айлантып албагыла! Эгерде силер ошондой кыла турган болсоңор, анда акыйкат жолдо бекем турсаңар да ал жолдон тайып кетесиңер. Өзүңөр адашып жана башкаларды адаштырганыңар себептүү азаптын даамын татасыңар. Силер үчүн эселеген азаптар болот.

(95) Силер Аллахка берилген убаданы бузуп арзыбаган нерсеге алмаштырып жибербегиле! Чындыгында бул дүйнөдөгү Аллахтын алдындагы жеңиш, олжолор жана акыреттеги Анын алдындагы түбөлүк жыргалчылык – арзыбаган нерсе үчүн убаданы бузуп жеткениңерге караганда жакшыраак, эгер муну билген болсоңор.

(96) Эй, адамдар! Силердин алдыңардагы мал-мүлктөр, ырахат-жыргалчылыктар канчалык көп болсо дагы акыры түгөнөт. Ал эми Аллахтын алдындагы сыйлыктар түбөлүктүү. Силер убактылуу нерсени түбөлүктүүдөн кантип артык көрүп жатасыңар? Убадаларын бузбай ага бекем болуп сабыр кылгандардын соопторун кылган ибадаттарынан да жакшыраак кылып беребиз. Жакшылыктын сыйлыгын он эседен жети жүз эсеге чейин же андан да эселеп көбөйтүп беребиз.

(97) Эркек болобу же аял болобу, ал Аллахка ыйман келтирип, шариятка туура келгендей жакшы иштерди кылса, анда Биз аны бул дүйнө жашоосунда Аллахтын тагдырына ыраазы болуп, каниеттүүлүк кылып, ибадаттарга ийгилик берүү менен сөзсүз жакшы жашатабыз жана акыретте алардын соопторун бул дүйнөдө кылган жакшы иштеринин сообунан да артык кылып беребиз.

(98) Оо, мусулман! Эгерде сен Куран окууну кааласаң, анда Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын азгырыктарынан сени коргоосун сура!

(99) Аллахка ыйман келтирип, бардык иштеринде жалгыз Ага гана таянгандардын үстүнөн шайтан башкара албайт.

(100) Бир гана аны дос тутуп, ага азгырылгандарды жана анын азгырыгы себептүү Аллахка шерик кошуп, Аны менен катар башкаларга сыйынгандарды гана азгырыгы менен башкарат.

(101) Эгерде Биз бир аяттын өкүмүн өчүрүп анын ордуна башка бир аятты алып келсек, алар: «Эй, Мухаммад! Албетте сен жалганчысың. Аллахтын атынан жалганды ойлоп таап жатасың» – деп айтышат. Алардын көпчүлүгү өзгөртүлгөн өкүмдүн артында Аллахтын сыры бар экендигинин билишпейт. Аллах кандай максатта Курандан кайсы өкүмдү өчүрүүнү же өчүрбөштү Өзү жакшы Билүүчү.

(102) Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эч кандай катасы, өзгөрүүсү жана бурмалануусу жок бул Куран менен Жебреил периште Аллахтын алдынан акыйкат менен түштү. Аны Аллахка ыйман келтиргендин ыйманын бекемдеш үчүн түшүрдү. Андан жаңы нерсе түшкөн сайын, анын кээ бир өкүмдөрү өчүрүлгөн сайын ыймандары бекемдейт. Ошондой эле аларды акыйкатка багыттап, мусулмандар жете турган улуу соопторду сүйүнчүлөш үчүн түшүрдү».

(103) Биз мушриктердин: «Чындыгында Мухаммадга Куранды бир адам эле үйрөтүп жатат» — деп жатышканын билебиз. Алардын бул айткандары жалган. Алар үйрөтүп жатат деп ойлошкон адам тили бөлөк адам. Ал эми бул Куран жогорку адабий таза араб тилинде түшкөн. Алар кантип аны тили бөлөк адамдан үйрөндү деп айтып жатышат?

(104) Аллахтын аяттары Ал тараптан түшкөн деп ыйман келтирбегендер бул жолдон кайтышмайынча Аллах аларга туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт. Алар Аллахка каапырлык кылып, Анын аяттарын жалганга чыгаргандары себептүү аларга жан ооруткан азаптар бар.

(105) Мухаммад Раббиси тараптан алып келген нерседе жалганчы эмес. Чындыгында ал жалганды Аллахтын аяттарына ишенбегендер гана ойлоп таап жатышат. Анткени алар азаптан коркушпайт жана сооп да үмүт кылышпайт. Мына ошол каапырлык менен сыпатталгандар өздөрү жалганчылар. Анткени жалган айтуу алардын көнгөн адаты болуп калган.

(106) Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапырлык кылып, көкүрөгүн каапырлыкка кенен ачып койсо, аны ыймандан артык көрүп тандаса, ага баш ийип каапырлык сөзүн сүйлөсө, анда ал Исламдан чыгат. Аларга Аллахтын каары болот жана алар үчүн чоң азап бар. Ал эми каапырлык кылууга мажбур кылынып, тили менен каапырлык сөзүн сүйлөсө, бирок жүрөгүндө ыймандын акыйкатына шектенбей бейкут болгондор күнөөкөр болушпайт.

(107) Ошол Ислам дининен чыгуунун себеби — алар каапырлыктары үчүн сыйлык катары алышкан арзыбаган дүйнөнү акыреттен артык көрүштү. Ал эми Аллах каапыр коомго ыйманга келүүгө ийгилик бербейт. Тескерисинче, аларды жардамсыз таштайт.

(108) Ыйманга келип кайра динден кайтып кеткендер — Аллах жүрөктөрүнө мөөр баскандар. Алар насааттарды түшүнүшпөйт. Алардын кулактарына да мөөр басылган, алар насааттарды угуп пайда алышпайт. Алардын көздөрүнө да мөөр басылган, алар ыйманды билдирген аят-белгилерге көз салышпайт. Мына ошолор бактылуулук менен бактысыздыктын себептеринен жана Аллахтын аларга даярдаган азабынан бейкапар жүргөндөр.

(109) Эч шексиз алар кыямат күнү зыянга учурагандар. Алар ыйманга келгенден кийин каапырлык кылышып өздөрүн кыйроого учуратышты. Эгерде алар ыйманды бекем карманышканда, анда сөзсүз бейишке киришмек.

(110) Оо, пайгамбар! Сенин Раббиң ыймандуулардын алсыздарына өтө Кечиримдүү, Ырайымдуу. Мушриктер аларды дини үчүн азаптап, кордук көрсөтүшкөндө алар каапырлык сөзүн айтышка аргасыз болушту, бирок жүрөктөрүндөгү ыйманы өзгөргөн жок. Ошондон кийин алар Меккеден Мединага көчүштү. Кийин Аллахтын сөзү бийик болуш үчүн, ал эми каапырлардын сөзү төмөн болуш үчүн Анын жолунда согушушту жана андагы кыйынчылыктарга сабыр кылышты. Чындыгында Раббиң алар кабылган ошол сыноолордон жана азаптоолордон кийин аргалары калбай каапырлык сөздү айтышса да Ал аларга Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. Анткени алар каапырлык сөздү аргасыздан гана айтууга мажбур болушту.

(111) Оо, пайгамбар! Ал жердин ушунчалык кыйынчылыгы себептүү ар бир адам башкаларды унутуп, өзүнүн гана таламын талашып калган күндү эстегин. Ар бир адамга кылган жакшылык-жамандыгы үчүн сыйгылы же жазасы толук берилет. Алардын жакшылыктары кемитилип же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт.

(112) Аллах Мекке шаарын мисал кылды. Ал шаардын тургундары коркунучтан коопсуз жана тынч эле. Ошол эле учурда анын айланасындагы адамдар таланып тонолууда болчу. Ал шаардын ырыскысы бүт тараптан оңой жолдо келип турчу. Кийин анын жашоочулары Аллахтын аларга берген жакшылыктарын танышып, Ага шүгүр кылышпады. Ошондо Аллах аларды ачкачылык жана жүздөрүнөн эле билинген катуу коркунуч менен жазалады. Бул нерсе алардын каапырлык кылгандары жана жалганга чыгаргандары себептүү алардын кийими сыяктуу эле болуп калды.

(113) Меккенин элине өздөрүнөн эле болгон пайгамбар келди. Алар аны аманаткөй жана чынчыл деп билишчи. Ал – Мухаммад эле. Алар Раббиси тараптан ага түшкөн нерсени жалганга чыгарышканда аларга ачкачылык, коркунуч сыяктуу Аллахтын азабы түштү. Алар Аллахка ширк кылып, Анын пайгамбарын жалганга чыгарышып өздөрүн кыйроого дуушар кылып залым болушту.

(114) Оо, пенделер! Аллах силерге ырыскы кылып берген жегенге жагымдуу адал нерселерден жегиле! Жана Аллах силерге берген жакшылыктарды танбастан моюнга алып Ага шүгүр кылгыла! Эгерде Ага ширк кылбай жалгыз Ага гана сыйынган болсоңор, анда ал жакшылыктарды Ал ыраазы болгон жолдорго сарптагыла!

(115) Аллах силерге адалдап союлбастан өлгөн малды, аккан канды, чочконун бүт мүчөлөрүн, Аллахтан башкага жакындаш максатта курмандыкка чалынган малдын этин арам кылды. Бул арам кылуу – ыктыяры бар болгон абалга гана тийиштүү. Ал эми ким ушул айтылгандарды аргасыз жегенге мажбур болуп, ал арамга көңүлү тартпай, бирок зарылдык чекте гана жеген болсо, анда ал күнөөкөр эмес. Чындыгында Аллах Кечиримдүү, Ал анын жегенин кечирет. Ал ага Ырайымдуу, анткени аргасыз абалда аны жешке уруксат берди.

(116) Эй, мушриктер! Аллахка жалган жалаа жабыш максатта «Бул нерсе адал, бул нерсе арам» – деп адалды арам кылып же арамды адал кылып Аллахка карата тилиңерден чыккан жалганды айтпагыла! Чындыгында Аллахка жалган жалаа жапкандар көздөгөн ой-максаттарына жетишпейт жана корккон нерселеринен да кутулушпайт.

(117) Алар өз каалоолорун ээрчип кетишкендиги себептүү бул дүйнөдө аларга арзыбаган гана нерселер бар. Ал эми кыяматта алар үчүн жан ооруткан азаптар бар.

(118) Биз сага (Анъаам сүрөөсүнүн 146-аятында) айтып өткөн нерселерди айрыкча жөөттөргө арам кылдык. Биз муну арам кылуу менен аларга зулумдук кылган жокпуз. Бирок алар жазага татыктуу себептерди кылып өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты. Анан Биз аларды чектен чыккандыгы үчүн жазалап, алардын жазасы катары ошол нерселерди аларга арам кылдык.

(119) Оо, пайгамбар! Андан соң сенин Раббиң – арты эмне менен бүтөрүн билбестен атайылап күнөө кылышса да, бирок кийин ошол кылган күнөөлөрү үчүн Аллахка тообо кылышып, бузукулук аралашкан иштерин оңдогон адамдарга – албетте Раббиң алар тообо кылышкандан кийин алардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.

(120) Чындыгында Ибрахим пайгамбар асыл сыпаттарга ээ, Раббисине дайым ибадат кылган, бардык диндерди таштап Ислам динине гана кайткан адам эле жана ал эч качан мушриктерден болгон эмес.

(121) Аллах ага берген жакшылыктарга дайым шүгүр кылат эле. Ошондуктан Аллах аны пайгамбарлыкка тандады жана акыйкат Ислам динине багыттады.

(122) Биз ага бул дүйнөдө пайгамбарлык, алкыш-мактоо жана такыба пензент бердик. Жана ал акыретте Аллах бейиштеги бийик даражаларды даярдап койгон жакшы адамдардын катарында болот.

(123) Оо, пайгамбар! Андан соң Биз сага кабар түшүрдүк: «Жалгыз Аллахка сыйынууда, мушриктерден баш тартууда, Аллахтын жолуна чакырууда жана бардык диндерден Ислам динине кайтып Анын шариятын аткарууда Ибрахимдин динин ээрчигин. Анткени ал кээ бир мушриктер ойлогондой эч качан мушриктерден болгон эмес. Тескерисинче, Ал жалгыз Аллахка гана сыйынган».

(124) Ишенби күн тууралуу талашып тартышкан жөөттөргө ал күнү бардык тиричиликтерин таштап аны улуктоо парз кылынды. Буга чейин алар жума күнү тиричиликтерин таштоого буйрулушкан эле, бирок алар адашып кетишти. Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кыямат күнү ошол талашып тартышкандардын талашы тууралуу өкүм кылат. Ошондо алардын ар бири өзүнө татыктуу жазасын алат.

(125) Оо, пайгамбар! Сен жана сени ээрчиген ыймандуулар адамдарды Ислам динине даават кылганда алардын абалына, түшүнүгүнө, кызыгуусуна карап жана коркутуу же кызыктыруу менен насаат айтып чакыргыла. Алар менен эң жакшы сөз, ой-пикир жана адепке туура келген жолдо талаш жүргүз. Бирок адамдарды туура жолго салыш сенин колуңда эмес. Сенин милдетиң аларга жеткирүү гана. Чындыгында Раббиң Ислам дининен адашкандарды жана туура жолго түшкөндөрдү эң жакшы билет. Андыктан аларды көрүп жаныңды кейитпе.

(126) Эгерде душманыңарды жазалоону кааласаңар, анда алар силерге кылган зыяндан ашырбастан жазалагыла! Эгерде жазалаганга күчүңөр жетип туруп аларды жазалабай сабыр кылсаңар, анда аларды адилеттик менен жазалооңорго караганда сабырдуулук кылганыңар жакшыраак.

(127) Оо, пайгамбар! Алардын сага берген зыяндарына сабыр кыл! Сенин сабыр кылууга болгон ийгилигиң – Аллахтын сага берген ийгилигине гана байланыштуу. Каапырлардын сенден жүз бурушканына капаланба жана алардын сага кылган айла-амалдары себептүү жүрөгүң кысылбасын!

(128) Албетте Аллах күнөөлөрдү таштап Андан корккондор менен бирге жана ошондой эле ибадаттарды кылып, буйрулган нерселерди аткарып жакшылык кылгандар менен бирге. Ал Өз жеңиши жана колдоосу менен дайым алар менен бирге.