(1) Адамзат менен жиндерди Аллахтын азабынан коркутуп аларга пайгамбар болсун деп Өзүнүн пендеси жана элчиси Мухаммадга (ага Аллахтын саламаттыгы-тынчтыгы болсун) акыйкат менен жалганды ажыраткан Куранды түшүргөн Аллах улук жана жакшылыгы көп Зат.
(2) Асмандардын мүлкү жана жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Анын баласы жок жана мүлкүндө Анын шериги жок. Ал бүткүл нерсени жаратып, алардын жаралуусун Өз илими жана даанышмандыгы талап кылгандай ар бирин өзүнө ылайык деңгээлде өлчөп белгилеп койгон.
(3) Мушриктер Аллахтан башка кудайларды тутуп алышты, алар болсо кичине да, чоң да нерсени жарата алышпайт, алар өздөрү жаратылгандар. Аллах аларды жоктон жаратты. Алар өздөрүн зыяндан коргой алышпайт, өздөрүнө пайда да келтире алышпайт, өлүктү тирилте, тирүүнү өлтүрө алышпайт жана өлүктөрдү кабырларынан кайра тирилте алышпайт.
(4) Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар: «Бул Куран анык жалган! Мухаммад аны өзү ойлоп таап, кийин аны жалган жолдо Аллахка тийиштүү кылып койду. Аны ойлоп табууга башка адамдар да жардам беришкен»,– дешти. Ал каапырлар жалган сөздү ойлоп табышты. Куран – бул Аллахтын сөзү. Мындай сөздү адамзат да, жиндер да алып келе алышпайт.
(5) Куранды жалганга чыгарган ошол адамдар айтышты: «Куран – байыркылардын сөздөрү жана алардын жазган жалгандарынан. Мухаммад аны көчүрүп алган. Ал ага эртели-кеч окулуп турат».
(6) Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Куранды асмандардагы жана жердеги бүткүл нерсени билген Аллах түшүрдү. Силер ойлогондой ал ойлоп табылган эмес. Андан кийин аларды тообо кылууга чакырып: «Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу» – деп айтты».
(7) Пайгамбарды жалганга чыгарган мушриктер айтты: «Өзүн Аллах тараптан келген пайгамбармын деп ойлоп жаткан буга эмне болду? Ал башка адамдар сыяктуу эле тамак-аш жейт, тиричилик кылыш үчүн базарларда жүрөт. Аллах аны менен кошо жүргөн, анын чынчылдыгын тастыктап, ага жардам берип жандаган периште жиберсе болбойт беле?
(8) Же ага асмандан казына түшпөйт беле же мөмөлөрүнөн жеген анын бакчасы болбойт беле? Ошондо ал базарларда ырыскы издеп жүрбөйт эле». Залымдар айтышты: «Эй, ыймандуулар! Силер пайгамбарды ээрчиген жоксуңар! Силер сыйкырланып акылын жоготкон адамды гана ээрчип жүрөсүңөр».
(9) Оо, пайгамбар! Карачы, алар сен тууралуу таң кала тургандай жалган сыпаттарды айтып жатышканын. Сыйкырчы дешти, сыйкырланган дешти, жинди дешти. Ошол себептен алар акыйкаттан адашты. Эми алар туура жолго түшө алышпайт жана сенин чынчылдыгыңды жана аманаткөйлүгүңдү жаманатты кылууга да жол таба алышпайт.
(10) Аллах улуу берекеттүү Зат. Ал кааласа бул дүйнөдө сага алардын сунуштаган нерселеринен да жакшыраак болгон бакчаларды кылат. Андагы хансарайлардын жана бак-дарактардын алдыларынан дарыялар агып турат. Сен алардын мөмөлөрүнөн жейсиң. Ошентип эгер кааласа сен жыргап жашай турган хансарайларды жаратат.
(11) Алардан акыйкатты жана далилдерди издегендей сөздөр чыккан жок! Тескерисинче, алар кыямат күнүн жалганга чыгарышты. Биз кыямат күндү жалганга чыгаргандарга алоолонуп күйүп турган тозокту даярдап койдук.
(12) Качан тозок аны көздөй алыстан айдалып кела жаткан каапырларды көргөндө, алар анын буркулдап кайнаганын жана аларга катуу каарданган коркунучтуу үнүн угушат.
(13) Качан ал каапырлар колдору моюндарына чынжыр менен кишенделген абалда тозоктогу тар жерге ыргытылганда, андан кутулуш үчүн өздөрүнө өлүм тилеп калышат.
(14) Эй, каапырлар! Бүгүн өлүмдү бир эле жолу эмес, көп жолу чакыргыла! Бирок сураганыңарга эч качан жооп берилбейт. Силер кыйноочу азапта түбөлүк каласыңар.
(15) Оо, пайгамбар! Аларга: «Силерге сыпатталып айтылган ушул азап жакшыбы же жыргалчылыгы токтобой дайым уланган түбөлүк бейиш жакшыбы?» – деп айт. Аллах аны ыймандуу пенделеринин ичинен такыбаларына сыйлык жана кыямат күнү алардын кайтып барар жайы болот деп убада кылган.
(16) Алар үчүн бул бейиште каалаган жыргалчылыктар болот. Бул Аллахтын убадасы. Андан такыба пенделери бул тууралуу сурашат. Аллахтын убадасы ишке ашат. Ал убадасын бузбайт.
(17) Ал күндө Аллах жалганчы мушриктерди жана Аны менен катар сыйынылган кудайларын жыйнайт жана сыйынуучуларын айыбын билгизүү максатта ал кудайларына айтат: «Силер пенделеримди өзүңөргө сыйынгыла деп адаштырдыңарбы же алар өздөрү эле адаштыбы?».
(18) Кудайлары айтышат: «Оо, Раббибиз! Сен Өзүңө шерик тутуудан аруусун. Сенден башкаларды башкаруучу-коргоочу тутканыбыз бизге ылайык эмес. Кантип эле Сенин пенделериңди бизге сыйынгыла деп айтмак элек?! Бирок ал мушриктерди жана алардан мурунку ата-бабаларын акырындык менен жазалоо үчүн Сен аларга дүйнө жыргалчылыктарын бергенде алар Сени эстөөнү унутуп коюшту. Кийин Сени менен катар башкаларга сыйынышты жана алар бактысыздыктары себептүү кыйраган коом болушту».
(19) Эй, мушриктер! Силер Аллах менен катар сыйынган кудайларыңар силердин айткан сөздөрүңөрдү жалганга чыгарышты. Эми силер өзүңөрдү азаптан коргой албайсыңар жана алсыздыгыңар үчүн өзүңөргө жардам да бере албайсыңар. Оо, ыймандуулар! Силерден ким Аллахка ширк кылып өзүнө зулумдук келтирсе, Биз айтып өткөн адамдарды азаптагандай ага да катуу азапты таттырабыз.
(20) Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун да адамзаттан гана болгон пайгамбарларды жибергенбиз. Алар да тамак жешкен, базарларда жүрүшкөн. Бул нерседе пайгамбарлардан биринчиси эмессиң. Оо, адамдар! Биз силерди байлыкта, кедейликте, саламаттыкта жана ооруда болгон айырмачылыктар себептүү бири-бириңерге сыноо кылып койдук. Силер сыноолорго сабыр кыласыңарбы? Ошондо Аллах силерге сабырдуулугуңар үчүн соопторду берет. Сенин Раббиң сабыр кылганды жана сабыр кылбаганды, моюн сунганды жана моюн сунбаганды Көрүүчү.
(21) Бизге жолугууну үмүт кылбаган жана азабыбыздан коркпогон каапырлар: «Аллах бизге периштелерди түшүрүп, алар бизге Мухаммаддын чынчылдыгын айтышса же биз Раббибизди өз көзүбүз менен көрүп, Ал бизге ал тууралуу кабар берсе болбойт беле?» — деп айтышты. Алардын жан дүйнөсүндө текеберлик күч алып, ал акыры аларды ыймандан тосту жана алар бул сөздөрү менен каапырлыктын жана аша чабуучулуктун чегинен чыгып кетишти.
(22) Каапырлар өлгөндө, кабырда, кайра тирилгенде, суракка жөнөшкөндө жана тозокко киришкенде периштелерди өз көздөрү менен көрүшкөн күнү, ал жайларда алар үчүн ыймандууларга болгондой сүйүнүч кабар болбойт. Периштелер аларга: «Аллахтын сүйүнүч кабары силер үчүн таптакыр арам» – дешет.
(23) Биз каапырлардын бул дүйнөдө кылышкан жакшылык иштерине бет алып келдик жана аларды каапырлыктары себептүү жок кылып, пайдасыз кылганыбыз кудум терезеден кирген күндүн шооласына чагылышып көрүнгөн сапырылган чаңдай кылып салдык.
(24) Ошол күнү бейишке кирген ыймандуулар ал каапырлардан эң жакшы орундарда жана дүйнөдө түшкү эс алуу убагындагыдай эң рахаттуу жайларда болушат. Бул нерсе алардын Аллахка болгон ыйманы жана жакшылык иштери үчүн болду.
(25) Оо, пайгамбар! Асман жарылып сейрек агыш булуттар каптаган жана көп сандагы периштелер сурак майданына түшкөн күндү эстегин.
(26) Кыямат күнүндөгү өзгөрбөс чыныгы бийлик чексиз Ырайымдууга гана таандык. Ал күн каапырлар үчүн оор, ыймандуулар үчүн жеңил болот.
(27) Оо, пайгамбар! Эстегин, ал күнү залым адам пайгамбарды ээрчибегени үчүн катуу өкүнүчтөн эки колун тиштеп: «Аттиң ай! Пайгамбар Раббиси тараптан алып келгенге ээрчип, аны менен бирге кутулуу жолуна түшсөм болмок го!» – деп айтат.
(28) Катуу кайгыргандан өзүнө каршы жамандык тилеп мындай деп айтат: «Шорум куругур ай! Баланча каапырды дос тутпай койсом кана?!
(29) Бул каапыр досум пайгамбар аркылуу жеткен Курандан мени адаштырды». Чындыгында шайтан адамды дайым жардамсыз таштайт. Эгер анын башына кыйынчылыктар түшсө, андан баш тартып кетет.
(30) Ошол күнү пайгамбар өз элинин абалын айтып: «Оо, Раббим! Чындыгында Сен мени жиберген элим бул Куранды таштап, андан баш тартышты» – деп арызданды.
(31) Оо, пайгамбар! Сен өз элиң тараптан зыяндарга жана сенин жолуңдан тосууга туш болгонуң сыяктуу Биз сенден мурунку ар бир пайгамбарга да өз элиндеги күнөөкөрлөрдөн душмандарды кылып койдук. Туура жолго салууга Раббиң Өзү жетиштүү жана Ал душманыңа каршы сага жардам берүүгө да Өзү жетиштүү!
(32) Аллахка каапырлык кылгандар: «Бул Куран пайгамбарга бөлүк-бөлүк болуп түшпөй, чогу бир эле түшсө болбойт беле?» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Биз Куранды биринин артынан бирин түшүрүү менен сенин жүрөгүңдү кубатташ үчүн бөлүк-бөлүк кылып түшүрдүк. Ошондой эле аны жеңил түшүнүп, жеңил жатташ үчүн биринин артынан экинчисин түшүрдүк.
(33) Оо, пайгамбар! Мушриктер сага кандай гана мисалдарды алып келишпесин, Биз сага андан да негиздүү акыйкат жоопту жана эң түшүнүктүүсүн алып келебиз.
(34) Кыямат күнү жүздөрү менен тозокко сүйрөлүп келингендер – мына ошолор эң жаман орундагылар, анткени алардын орду тозокто. Жана алар акыйкаттан алыс жолдогулар, анткени алардын жолу каапырлык менен адашуунун жолу.
(35) Биз Мусага Тооратты бердик жана ага жардамчы болуш үчүн бир тууганы Харунду аны менен бирге элчи кылдык.
(36) Анан ал экөөсүнө: «Биздин аят-белгилерибизди жалганга чыгарган Фараонго жана анын коомуна баргыла» – деп айттык. Алар буйругубузга баш ийишип, аларга барышты. Аларды жалгыз Аллахка сыйынууга чакырышканда аларды жалганга чыгарышты, ошондо Биз аларды тыптыйпыл кылып кыйраттык.
(37) Качан Нухтун эли аны жалганга чыгаруу менен пайгамбарларды жалганга чыгарганда Биз аларды деңизге чөктүрүп жок кылдык. Алардын кыйроосун Биз залымдарды кырып жок кылууга кудуреттүү экенибизге далил кылдык. Жана Биз кыяматта залымдарга кыйноочу азапты даярдап койдук.
(38) Биз Худдун коому Аадды, Салихтин коому Самудду жана кудук ээлерин жок кылдык. Жана ушул үчөөсүнүн ортолорундагы көптөгөн коомдорду жок кылдык.
(39) Бул кыйроого учурагандардын баарына алардан мурунку коомдордун кантип кыйрагандарын жана анын себептерин сабак алышсын деп айтып бергенбиз. Биз баарысын каапырлыктары жана баш ийбестиктери себептүү кырып жок кылдык.
(40) Сенин элиңден болгон жалганчылар Шамга баратканда бузукулук кылгандары үчүн жаза катары таш жааган Луттун коомунун шаарына келишкен эле го! Алар бул шаарды эмне болгонун көрбөй жатышабы, сабак алышпайбы? Же көздөрү бул нерселерге сокур болуп калдыбы? Жок! Бирок алар сурак берерден алдыңкы кайра тирилүүнү күтүшкөн жок.
(41) Оо, пайгамбар! Сени шылдыңдашкан жалганчылар сага жолугуп калышса сени маскара кылып шылдыңдашып мындай деп айтышат: «Аллах бизге пайгамбар кылып жиберген адам ушулбу?
(42) Ал бизди аз жерден кудайларыбызга сыйынуудан буруп жибере жаздады. Эгер биз аларга сыйынууда сабыр кылбаганда, ал бизди өзүнүн далилдери менен буруп жибермек. Жакында алар кабырдагы жана кыяматтагы азапты өз көздөрү менен көрүшкөн кезде алардын кимиси туура жолдон көбүрөөк адашканын билишет, ал бекен же тигилер бекен? Жакында кимиси анык адашканын билишет.
(43) Оо, пайгамбар! Өзүнүн каалоосун кудай кылып, ага моюн сунган адамды көрбөйсүңбү?! Эми сен аны ыйманга келтирген жана аны каапырлыктан сактаган көзөмөлдөөчү болосуңбу?
(44) Оо, пайгамбар! Же сен Аллахка сыйынууга жана Ага моюн сунууга чакырып жаткандардын көбү сени кабыл алып угушат же далилдерге акыл жүгүртүшөт деп ойлоп жатасыңбы? Алар угууда, акыл жүгүртүүдө жана түшүнүүдө айбандарга эле окшош. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандардан да катуу адашкан.
(45) Оо, пайгамбар! Сен Аллахтын жер бетинде көлөкөнү (таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койгон учурдагы жаратуучулук белгилерин көрбөйсүңбү? Эгер Ал аны жылбай турган болушун кааласа, анда сөзсүз ошондой кылып коймок. Кийин Биз күндү анын узарып кыскарышына белги кылдык.
(46) Кийин Биз көлөкөнү күндүн көтөрүлгөнүнө жараша акырындык менен аз-аздан кыскартып жыйнайбыз.
(47) Аллах силер үчүн түндү силерди жана башка нерселерди жапкан кийим сыяктуу кылды жана силер үчүн уйкуну жумуштарыңардан эс алуу кылды. Ошондой эле Ал силер үчүн күндүздү жумуштарыңарга бара турган убак кылды.
(48) Жана Ал пенделерине карата ырайым болгон жамгырдын жаашын сүйүнчүлөгөн шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан пенделер тазалыкка колдоно турган таза жамгыр суусун түшүрдүк.
(49) Себеби Биз ал түшкөн суу менен чөп чыкпаган кургак жерден түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, ал жерди жашылдантып тирилтебиз. Ошондой эле ал суу менен Өзүбүз жараткан көптөгөн адамдарды жана айбанаттарды сугарабыз.
(50) Биз алар сабак алсын деген максатта Куранда далилдерди түр-түрү менен келтирип баяндадык. Бирок көпчүлүк адамдар акыйкатка каапырлык кылып, аны жактырбай баш тартышты.
(51) Эгер Биз каалаганда ар бир шаарга Аллахтын жазасын эскерткен жана андан коркуткан пайгамбар жибермекпиз. Бирок Биз муну каалаган жокпуз. Чындыгында Биз Мухаммадды гана бүткүл адамзатка пайгамбар кылып жибердик.
(52) Андыктан каапырлардын алдамчылык менен сага койгон талаптарына жана айткан сунуштарына моюн сунба. Сен алардан көргөн зыяндарга сабыр кылып, аларды динге чакыруудагы кыйынчылыктарга чыдоо менен сага түшкөн бул Куран аркылуу алар менен катуу күрөш.
(53) Аллах таала эки деңиздин суусун кошуп койду, алардын тузсузуна туздуусун кошту. Жана ортолоруна аларды аралаштырбай, бирин-бири бузбай, бөлүп турган тосмо кылып койду.
(54) Ал эркек менен аялдын бел суусунан адамды жаратты жана Ал адамды жараткан Зат ага тууган-урукту жана куда-сөөктү кылды. Оо, пайгамбар! Сенин Раббиң кудуреттүү, Аны эч бир нерсе алсыз кыла албайт. Анын кудуреттүүлүгүнөн – инсанды эркек менен аялдын бел суусунан жаратуусу.
(55) Каапырлар Аллахтан башка кудайларга сыйынышат. Аларга моюн сунушса пайда бере албайт, баш ийбестик кылышса зыян бере албайт. Чындыгында каапыр адам Аллах тааланын каарын келтирген иштерде шайтанды ээрчүүчү.
(56) Оо, пайгамбар! Биз сени ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып Аллахка моюн сунгандарга сүйүнүч кабарды жеткирүүчү жана каапырлык кылып, Ага баш ийбестик кылгандарга эскертүүчү кылып жибердик.
(57) Оо, пайгамбар! Айткын: «Мен кабар жеткиргеним үчүн силерден акы сурабаймын. Бирок араңардан ким Аллахтын ыраазылыгына карай садака берүү жолун тандаса, анда ошондой кылсын».
(58) Оо, пайгамбар! Бардык иштериңде эч качан өлбөгөн, түбөлүк Тирүү калуучу Аллахка таян жана Ага мактоолорду айтып аруула. Ал Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет.
(59) Ал асмандарды жаратты, жерди жаратты жана алардын ортосундагы нерселерди алты күндө жаратты. Андан соң Өзүнүн улуулугуна жараша Аршка бийиктеди жана көтөрүлдү. Ал – Ырайымдуу! Оо, пайгамбар! Сен ал тууралуу Кабардардан сура! Ал Аллах бүткүл нерсени билет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес.
(60) Эгерде каапырларга: «Ырайымдууга сажда кылгыла» – деп айтылса, алар: «Биз Ырайымдууга сажда кылбайбыз. Ал Ырайымдуу деген эмне? Биз аны билбейбиз, аны моюнга да албайбыз. Биз Аны тааныбасак деле сен сажда кыл десең эле сажда кыла бермек белек?» – деп айтышат. Анын Аллахка сажда кылгыла деген буйругу аларды Аллахка ыйман келтирүүдөн алыстоолорун күчөтөт.
(61) Асманда планеталар менен топ жылдыздардын жайгашкан орундарын жараткан, асманда нур чачкан Күндү жараткан жана күн нурун чагылтып жер бетине жарык чачкан Айды жараткан Зат улуу жана берекеттүү.
(62) Аллах Анын аят-белгилеринен үлгү-насаат алып туура жолго түшүүнү же Анын жакшылыктарына шүгүр кылууну каалагандар үчүн күн менен түндү биринин артынан бири келип алмаша турган кылып койду.
(63) Ал эми Ырайымдуунун ыймандуу пенделери – алар жер бетинде салабаттуулук, кичипейилдик менен басып жүрүшөт. Эгерде аларды наадандар сөзгө тартса, аларга теңелишпейт. Тескерисинче, аларга наадандык кылбастан жакшыны гана сүйлөшөт.
(64) Алар түн ичинде Раббисине маңдайы менен сажда кылгандар жана Аллах үчүн тике туруп намаз окушкандар.
(65) Алар Раббисине дуба кылып айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизден тозок азабын алыстат! Чындыгында тозок азабы каапыр болуп өлгөндөрдү өзүнөн куткарбайт.
(66) Чындыгында ал жакта тургандар үчүн ал эң жаман орун жана ал жакта жашагандар үчүн эң жаман жай.
(67) Алар мал-мүлктөрүн сарпташканда ысырапчылык чекке жеткиришпейт жана өздөрү же башкалар сыяктуу аларга камсыздоосу милдеттүү болгон адамдарга сарп кылууда да сараңдык кылышпайт. Алардын сарптоосу ысырапчылык менен сараңдыктын ортосунда адилеттүү чекте болот.
(68) Алар Аллах менен катар башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрүшпөйт, ал эми, Аллах адам өлтүрүүчүнү, динден баш тартканды жана үй-бүлөлүү зынакорду өлтүрүүгө уруксат берген (топтогу кишилерге жазаларын берүүдө өзү билемдик эмес, шарияттын талаптарынын чегинде аткарышат). Ошондой эле алар зына кылышпайт. Кимде-ким ушул чоң күнөөлөрдү кылса, анда ал кылган күнөөсү үчүн кыямат күнү жазага туш болот.
(69) Ага (жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) кыямат күнү азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана ал кордолгон абалда түбөлүк азапта калат.
(70) Бирок ким Аллахка тообо кылса, ыйман келтирсе жана анын тообосу чын экенин билдирген жакшылык иштерди кылса, анда Аллах ошолордун кылган жамандыктарын жакшылыктарга алмаштырат. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
(71) Жана ким Аллахка тообо кылса жана ибадаттарды аткарып, күнөөлөрдү таштап тообосунун чын экенин далилдесе, анда анын тообосу кабыл кылынат.
(72) Алар күнөө кылынган жерлер жана арам көңүл ачуу жайлары сыяктуу жалгандарга катышпайт. Эгер маңызсыз жаман сөздөргө жана иштерге кез болуп калышса, анда аларга аралашпастан өз кадырын сактап өтүп кетишет.
(73) Аларга Аллахтын угууга жана көрүүгө мүмкүн болгон аят-белгилери эскертилсе, алар угулган аяттарга кулактарын жабышпайт жана көрүлгөн аят-белгилерди көрмөксөн болушпайт.
(74) Алар Раббисине кылган дубаларында айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге такыбалыгы жана акыйкатка бекемдиги менен көзүбүздү кубанткан жубайларды жана бала-чакаларды бер жана бизди акыйкатта үлгү туткан такыбаларга башчы кыл».
(75) Мына ушул сыпаттагы адамдар Аллахка баш ийүүдө сабырдуулук кылышкандары үчүн бейиштин эң жогорусу болгон Фирдаустагы бийик орундар менен сыйланышат. Аларды ал жайда периштелер саламдашып тосуп алышат жана алар бардык балээлерден аман болушат.
(76) Алар ал жакта түбөлүк болушат. Алар турукташкан жай жана алар жайланышкан жер кандай сонун!
(77) Оо, пайгамбар! Каапырлыктан кайтпаган каапырларга айт: «Раббим силердин баш ийүүңөрдөн Ага кайткан пайдага көңүл бурбайт, эгер Анын сыйынып жана сурап дуба кылган пенделери болбогондо Ал силерге көңүл бурмак эмес. Силер Раббиси тараптан пайгамбардын алып келгенин жалганга чыгардыңар. Эми жакында жалгандын жазасы силер менен бирге болот».