61 - As-Saff ()

|

(1) Асмандар менен жердегилер Аллахты ылайык келбеген бардык айып-кемчиликтерден аруулашты жана улукташты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, тагдырында жана шариятында Даанышман.

(2) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер! Эмнеге силер аныгында өзүңөр кылбаган нерсени кылдым деп айтасыңар? Бул араңардан кимдир бирөө: «Мен кылычым менен салгылаштым» деп айтканы сыяктуу, бирок ал кылычы менен салгалышкан эмес жана аны менен чапкан да эмес.

(3) Өзүңөр кылбаган нерсени айтууңар – Аллахтын алдында ушунчалык жек көрөрлүк иш! Ыймандуу адамга Аллах менен чынчыл болуу гана ылайыктуу, ал айткан сөзүн иш жүзүндө аткарат.

(4) Чындыгында Аллах Анын ыраазылыгына жетүү максатта, бири-бирине тыгыз жайгашкан имараттар сыяктуу сап-сап болуп жанаша тизилип Анын жолунда согушкандарды сүйөт.

(5) Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Муса коомуна кайрылып: «Оо, элим! Силер мени Аллах тараптан келген элчи экенимди билип туруп, эмнеге буйругумду аткарбай мени кыйнап жатасыңар?» – деди. Качан алар ал алып келген акыйкаттан четтеп бурулуп кетишкенде, Аллах дагы алардын жүрөктөрүн акыйкаттан жана тууралыктан буруп койду. Аллах баш ийбес коомду акыйкатка жолдобойт.

(6) Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Мариямдын уулу Иса мындай деди: «Оо, Исраил урпактары! Мен мурунку түшкөн Тооратты тастыктоо үчүн жана менден кийин келе турган, ысымы Ахмад деген пайгамбар тууралуу сүйүнчүлөш үчүн Аллах тараптан силерге жиберилген элчимин. Мен пайгамбарлардан биринчиси эмесмин». Качан Иса аларга чынчылдыгын билдирген далилдерди алып келгенде, алар: «Бул анык эле сыйкыр. Биз аны ээрчибейбиз» – дешти.

(7) Аллахка жалган жалаа жапкан адамдан өткөн эч бир залым жок. Анткени ал жалгыз Аллахка сыйынуу дини болгон Исламга чакырылганда, ал Аллахка башка шериктерди кошуп, аларга сыйынды. Аллах ширк жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылган адамдарга туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт.

(8) Ал жалганчылар бузуку сөздөр жана акыйкатты бурмалоо менен Аллахтын нурун өчүрүүнү каалашат. Аллах болсо алардын текеберлигине карабастан, жердин батышы менен чыгышында динин ачыкка чыгаруу жана сөзүн бийик кылуу менен Өзүнүн нурун толуктайт.

(9) Жер бетинде анын бийлиги орношун жек көргөн мушриктердин текеберлигине карабастан, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн, Аллах Өзүнүн элчиси Мухаммадды жакшылыкка туура багыт көрсөтүүчү жана пайдалуу илим менен жакшылык иштердин дини болгон Ислам дини менен жиберди.

(10) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Силерди кыйноочу азаптан куткара турган пайдалуу сооданы көргөзөйүнбү?

(11) Ал пайдалуу соода мындай – Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиресиңер жана өз жаныңарды жана мал-мүлкүңөрдү Анын ыраазылыгы үчүн сарптап, Анын жолунда согушасыңар. Эгер билсеңер, бул айтылган иш силер үчүн жакшыраак. Андыктан ага шашылгыла.

(12) Бул сооданын пайдасы – Аллах силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип, хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет жана көчпөй турукташып жашаган бейиштердеги кооз турак-жайларга киргизет. Бул айтылган сыйлык – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш.

(13) Бул сооданын пайдасынын силерге жаккан дагы бир өзгөлүгү бар, ал бул дүйнөдө ишке ашат – ал Аллахтын силерди душманыңардын үстүнөн жеңишке жеткирүүсү жана жакында болуучу жеңиш, ал Меккени жана башка жерлерди багынтуу. Оо, пайгамбар! Ыймандууларга аларды кубанткан бул дүйнөдөгү жеңишти жана акыретте бейишке кирүү жеңишин кабарла.

(14) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Исанын жолдоочулары колдоо көргөзгөн сыяктуу силер дагы пайгамбарыңар алып келген Аллахтын динине колдоо көргөзүп, Анын колдоочулары болгула! Качан Иса аларга: «Аллахтын жолунда ким мага жардамчы болот?» – дегенде, алар: «Биз Аллахтын жардамчылары болобуз» – деп дароо жооп беришти. Анан Исраил урпактарынын бир бөлүгү ага ыйман келтирип, башка бир бөлүгү ага каапырлык кылышты. Ошентип, Биз Исага ыйман келтиргендерди ага каапырлык кылгандарга каршы колдодук, нажыйтажа алардын үстүнөн жеңишке жетишти.