(1) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Сөз же иш-аракет менен Аллах жана Анын элчисинен озбогула жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, иш-аракеттериңерди Билүүчү. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.
(2) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Анын элчиси менен болгон мамиледе адепти кармангыла. Ага кайрылганда үнүңөрдү анын үнүнөн бийик көтөрбөгүлө жана бири-бириңерди чакыргандай аны атынан атап чакырбагыла. Бул себептүү иш-аракетиңердин сообу силер билбеген абалда күйүп кетпеш үчүн аны сылыктык менен пайгамбар же элчи деп чакыргыла.
(3) Чындыгында Аллах Анын элчисинин алдында үнүн жай чыгаргандардын жүрөгүндөгү такыбалыкты жана ыкластуулукту сынады. Мына ошолордун күнөөлөрүнө жазасыз кечирим жана кыяматта Аллах аларды бейишке киргизген улуу сооптор бар.
(4) Оо, пайгамбар! Сага аялдарыңдын бөлмөлөрүнүн сыртынан сени чакырып кыйкырган арабдардын көпчүлүгү акыл жүгүртүшпөйт.
(5) Оо, пайгамбар! Аялдарыңдын бөлмөлөрүнүн сыртынан сени чакырып жаткандар сен чыкканга чейин чакырбастан сабыр кылып турушканда жана сага үндөрүн жай чыгарып кайрылганда, бул нерсе алар үчүн сырттан чакырып турганга караганда жакшыраак болмок. Анткени бул нерседе урматтап сыйлоо жана таазим кылуу бар. Аллах тообо кылган пенделеринин жана башкалардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын наадандыгын да Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.
(6) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге бир бузуку адам кайсы бир адамдар тууралуу кабар алып келсе, ал кабардын тууралыгын тактагыла жана ага ишенгенге шашылбагыла. Эгерде тактабастан туруп анын кабарына ишенсеңер, анда иштин чоо жайын билбестен адамдарды күнөө ишке кириптер кылуу коркунучу бар. Кийин силер анын кабары жалган экенин билип калсаңар, бул кылганыңарга өкүнүп каласыңар.
(7) Оо, ыймандуулар! Билгиле, араңарда вахий түшүп турган Аллахтын элчиси бар. Жалган айтуудан сак болгула. Болбосо ага силердин жалганыңар тууралуу кабар берген вахий түшпөсүн. Ал силерге эмне пайдалуу экенин жакшы билет. Эгерде ал силердин сунуштарыңардын көпчүлүгүнө макул боло берсе, анда ал силерге ыраа көрбөгөндөй кыйынчылыктарга түшүп каласыңар. Бирок Аллах Өз жакшылыгы менен силерге ыйманды сүйүктүү кылды жана аны жүрөгүңөрдө кооз кылды, анан силер ыйман келтирдиңер. Жана силерге каапырлыкты, Ага баш ийбестикти жана Ага күнөө кылууну жаман көргөздү. Мына ушул сыпаттарга ээ болгон адамдар туура жолго түшкөндөр.
(8) Жүрөгүңөргө жакшылыктын кооз көрүнүшү, жамандыктын жек көрүнүшү, чындыгында бул Аллахтын силерге кылган айкөлдүгү жана жакшылыгы. Аллах шүгүр кылган пенделерин Билүүчү, Ал аларга ийгилик берет. Ал бардык нерсени өзүнө ылайык орунга койгон Даанышман.
(9) Оо, ыймандуулар! Эгерде момундардан эки тайпа өз ара согушуп кетсе, анда алардын ортосундагы талаш-тартышты Аллахтын шарияты менен чечүүгө чакырып аларды жараштыргыла. Эгер алардын бири келишүүдөн баш тартып чектен чыкса, анда чектен ашкан тарап Аллахтын өкүмүнө кайтканга чейин аны менен согушкула. А эгер Аллахтын өкүмүнө кайтса, анда аларды бири- бири менен адилеттик жана калыстык менен жараштыргыла жана алардын ортосунда өкүм кылууда адилеттүү болгула. Чындыгында Аллах адилеттүү өкүм кылгандарды жакшы көрөт.
(10) Чындыгында ыймандуулар – Исламда бир туугандар. Оо, ыймандуулар! Исламдагы бир туугандык силерден урушуп кеткен эки мусулман бир тууганыңарды жараштырууну талап кылат. Силер Аллахтын ырайымын үмүт кылуу менен Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула.
(11) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Араңардан бир адамдар башка адамдарды шылдыңдабасын. Балким шылдыңга кабылгандар Аллахтын алдында жакшыраактыр. Эң негизгиси – Аллахтын алдындагы нерсе. Ошондой эле аялдар да башка аялдарды шылдыңдабасын. Балким шылдыңга кабылгандар Аллахтын алдында жакшыраактыр. Мусулман бир туугандарыңарды айыптабагыла, анткени алар силер менен бирдей деңгээлде. Пайгамбар келгенге чейин кээ бир ансарлардын абалы сыяктуу бири-бириңерди жаман аттар менен атабагыла. Араңардан ким ушундай кылса, анда ал бузуку. Ыйман келтиргенден кийин бузукулук сыпатта болуу кандай жаман! Ким бул күнөөлөргө тообо кылбаса, анда алар күнөө кылуу менен өздөрүн кыйроого учуратып өзүнө өзү зыян келтиргендер.
(12) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эч кандай себептерге жана далилдерге негизделбеген көпчүлүк айыптоолордон алыс болгула. Чындыгында кээ бир күмөн ойлор күнөө. Мисалы, сыртынан жакшы көрүнгөн адам тууралуу жаман ойлоо сыяктуу. Ошондой эле ыймандуулардын артынан түшүп айып-кемчиликтерин издебегиле жана араңардан эч ким мусулман бир тууганы тууралуу ага жакпагандай сөздөрдү айтпасын. Чындыгында анын ага жакпагандай сөз айтканы өлүмтүктүн этин жеген сыяктуу. Өлгөн мусулман бир тууганынын этин жеш кимиңерге жакмак эле? Ушул сыяктуу эле ал тууралуу ушак айтууну жаман көргүлө. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин тооболорун Кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу.
(13) Оо, адамдар! Чындыгында Биз силерди Адам атаңар болгон бир эркектен жана Хава энеңер болгон бир аялдан жараттык. Ата-тегиңерди айтып бири-бириңерге мактанбагыла. Андан соң Биз силерди мактанышыңар үчүн эмес, өз ара таанышууңар үчүн көптөгөн элдер жана чачыранды уруулар кылдык. Себеби артыкчылык такыбалык менен гана болот. Ошондуктан Ал: «Аллахтын алдында эң урматтууңар – эң такыбаңар» – деп айтты. Чындыгында Аллах силердин абалдарыңарды Билүүчү, силердеги артыкчылыктар менен кемчиликтер тууралуу Кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
(14) Кээ бир чөлдүк арабдар пайгамбарга келип: «Биз Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирдик» – деп айтышты. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силер ыйман келтирген жоксуңар». Андан көрө: «Биз моюн сундук жана баш ийдик» – дегиле. Анткени силердин жүрөгүңөргө ыйман али кире элек жана ал бара-бара кирет. Оо, арабдар! Эгерде силер ыйман келтирүүдө жана жакшылык иштерди кылууда Аллахка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, анда Аллах силердин кылган иш-аракеттериңердин соопторун кемитпейт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерин Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.
(15) Чыныгы ыймандуулар – Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан соң ыймандарына эч кандай шек-күмөн аралашпагандар, мал-мүлкүн жана жанын аябастан Аллах жолунда согушкандар. Мына ушундай сыпаттагы адамдар өз ыймандарында чынчыл адамдар.
(16) Оо, пайгамбар! Ошол арабдарга айт: «Силер Аллахка диниңерди билдирип жана сездирип коёюн дедиңерби? Аллах асмандардагы нерселерди билет жана жердеги нерселерди билет. Аллах бүткүл нерселерди билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал силердин диниңерди билдирүүңөргө муктаж эмес».
(17) Оо, пайгамбар! Ал арабдар сага Исламга киргендерин милдет кылышат. Аларга айт: «Аллахтын динине киргениңерди милдет кылбагыла! Анын пайдасы өзүңөргө гана кайтат. Тескерисинче, Аллах силерге ыйманга келүүңөргө ийгилик берип ырайымдуулук кылды, эгер силер Исламга кирдик деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор».
(18) Чындыгында Аллах асмандардагы жана жердеги кайыпты билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Аллах силердин кылып жатканыңарды Көрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын жакшысынын сыйлыгын жана жаманынын жазасын берет.