69 - Al-Haaqqa ()

|

(1) Аллах баарына анык келе турган кайра тирилүү убактысын эскерди.

(2) Андан соң «Анык Келүүчү деген эмне?» деген суроо менен анын ордун даңазалады.

(3) Сен ал Анык келүүчү эмне экенин кайдан билмек элең?

(4) Салихтин коому Самуд менен Худдун коому Аад коркунучтарынын катааалдыгы менен адамдарга сокку урган кыяматты жалганга чыгарышты.

(5) Аллах Самудду күчтүүлүк жана коркунуч жактан чегине жеткен катуу кыйкырык менен жок кылды.

(6) Ал эми Аадды катаалдык жактан чегине жеткен ызгаардуу суук шамал менен жок кылды.

(7) Аллах аны аларга жети түн, сегиз күнгө жиберип, ал алардын бирин да калтырбай жок кылды. Сен аларды кыйроого учурагандан кийин жерге кулап чирип калган курманын тамырлары сыяктуу өз турак-жайларында жерде сулап өлүп жаткандарын көрөсүң.

(8) Сен алардын башына түшкөн азаптан кийин тирүү калган жанды көрдүңбү?

(9) Фараон жана андан мурунку коомдор жана жер астын-үстүн болуп азапталган Луттун коомунун шаары ширк жана күнөөлөрдү кылуу сыяктуу туура эмес иштерди жасашты.

(10) Алардын баарысы аларга жиберилген пайгамбарына каршы чыгышты жана аны жалганга чыгарышты. Ошондо Аллах аларды түбүнө жете тургандай деңгээлде ашыкча күч менен кармады.

(11) Суу көтөрүлүп чектен ашканда, Биз Өз буйругубуз менен силерди белдеринде көтөрүп жүргөн адамдарды Нух жасаган сүзүүчү кемеге салдык, алар силерди көтүүрүлөр болду.

(12) Биз ал кемени жана анын окуясын каапырлардын жок кылынышына жана ыймандуулардын куткарылышына далил болсун деп жана аны куйма кулак адам укканда жаттап алсын деп сабак кылдык.

(13) Сурнай тартууга жоопкер болгон периште бир жолу үйлөгөндө, (ал сурнайдын экинчи жолу тартылуусу)

(14) Жер менен тоолор көтөрүлөт жана алар бир жолу катуу быркырап талкаланып, жер менен тоолордун бөлүкчөлөрүн бөлүп салат.

(15) Ушулардын баары болгон күнү кыямат болот.

(16) Ал күндө периштелер түшүү үчүн асман ачылат. Ошол күнү ал алсыз болот, ага чейин бекем жана кубаттуу эле.

(17) Ал эми анын чет жакаларында периштелер болот. Ошол улуу күндө Раббиңдин Аршын сегиз жакын периштелери көтөрөт.

(18) Оо, адамдар! Ошол күндө Аллахтын алдына турасыңар. Силерде кандай гана сыр болбосун, ал Аллахка жашыруун калбайт. Тескерисинче, Аллах аны Билүүчү жана Кабардар.

(19) Кимге иш-аракеттери жазылган китеби оң тарабынан берилсе, ал сүйүнгөнүнөн мындай деп айтат: «Мынакей! Менин иш-аракеттер жазылган китебимди алып окугула.

(20) Мен дүйнөдө кайра тирилеримди жана сыйлыгыма жолугарымды анык билчүмүн».

(21) Ал түбөлүк жыргалчылыкты көргөндө көңүлдөгүдөй жашоодо болот.

(22) Орду жана даражасы бийик бейиште болот.

(23) Анын мөмө-жемиштери аны үзүүчүгө жакын болот.

(24) Аларга сый-урмат катары: «Дүйнөдөгү өткөн күндөрдө кылган жакшылык иштериңер себептүү эч кандай зыян тартпастан жегиле жана ичкиле» – деп айтылат.

(25) Ал эми кимге иш-аракеттери жазылган китеби сол тарабынан берилсе, анда ал катуу өкүнүчтөн мындай деп айтат: «Аттиң-ай, мага амал китебим берилбей эле койсо экен. Ал жакта мени азапка татыктуу кылган жамандык иштерим бар.

(26) Аттиң-ай, сурагым кандай болорун билбей калсам экен.

(27) Аттиң, мен өлгөн өлүм, андан кийин кайра тирилүү болбогон өлүм болуп калса кана!

(28) Мал-мүлкүм мени Аллахтын азабынан эч коргой албады.

(29) Эч кандай далилим калбады жана мен таянган күч-кубат да, кадыр-барк да жок болду».

(30) Ага айтылат: «Эй, периштелер! Аны кармагыла да, колун мойнуна байлагыла.

(31) Анан аны тозокко киргизгиле, ал анын ысыктык азабын тартсын.

(32) Андан соң узундугу жетимиш чыканак болгон чынжырга киргизгиле».

(33) Анткени ал улуу Аллахка ыйман келтирген жок.

(34) Башкаларды бей-бечарага тамак берүүгө чакырган жок.

(35) Эми кыямат күнү аны азаптан коргогон жакыны болбойт.

(36) Ал үчүн тозоктогу адамдардын денесинен чыккан ириңден башка тамак-аш болбойт.

(37) Ал тамак-ашты күнөө жана жамандык иштерди кылган адамдар гана жешет.

(38) Аллах силер көргөн нерселер менен ант берди.

(39) Жана силер көрбөгөн нерселер менен ант берди.

(40) Чындыгында Куран – Аллахтын сөзү. Аны улуу пайгамбары адамдарга окуп берет.

(41) Ал акындын сөзү эмес. Анткени ал поэзиянын ыргактарына туура келбейт. Силер аз ыйман келтиресиңер.

(42) Ал көзү ачыктын сөзү эмес. Көзү ачыктардын сөзү бул Курандан айырмаланып турат. Силер аз эскересиңер.

(43) Бирок ал бүткүл макулуктардын Раббиси тараптан түшүрүлгөн.

(44) Эгерде Мухаммад Биз айтпаган эле кээ бир сөздөрдү Биздин атыбыздан ойлоп чыгарган болсо,

(45) Биз андан өч алмакпыз жана аны Өз күч-кудуретибиз менен кармамакпыз.

(46) Кийин анын жүрөгү менен байланышкан тамырын кесип салмакпыз.

(47) Ошондо араңардан эч ким аны Бизден коргой албайт. Ал силер үчүн Биз атыбыздан жалган айтуусу мүмкүн эмес.

(48) Чындыгында Куран Раббисинин буйругун аткарып, Анын тыйгандарын таштаган такыба адамдар үчүн насыят.

(49) Биз силердин араңарда бул Куран тууралуу жалган айткан адамдар бар экенин билебиз.

(50) Куранды жалганга чыгаруу – кыямат күнүндөгү чоң өкүнүч.

(51) Чындыгында Куран – Аллах тараптан экендигинде эч кандай шек-күмөнү жок анык чындык.

(52) Оо, пайгамбар! Раббиңди Ага ылайык келбеген нерселерден аруула жана улуу Раббиңдин ысымын эскер.