3 - Aal-i-Imraan ()

|

(1) Алиф, лаам, миим. Бул бириндеген тамгалар тууралуу бакара сүрөөсүнүн башында келген. Мында арабдар ушул сыяктуу Куранды алып келе албастыгына ишараттар бар. Болбосо Куран бул сүрөөнүн башында келген жана алар сөз жасоодо колдонгон тамгалардан эле куралган.

(2) Аллах – жалгыз Андан башка сыйынынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү, анда эч кандай өлүм да, кемчилик да болбойт. Ал Өзү жеке бүт баарын кармап Туруучу жана жараткандарынын эч бирине муктаж эмес. Бардык макулуктар Ал себептүү кармалып турат жана алар бардык абалдарында Ага муктаж.

(3) Оо, пайгамбар! Ал сага окуяларда жана өкүмдөрдөгү адилеттикте мурдагы илахий китептерге ылайык келген Куранды акыйкат менен түшүрдү жана алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Ошондой эле сага Куран түшүрүлгөнгө чейин Мусага Тооратты, Исага Инжилди түшүргөн. Бул илахий китептердин баарысы адамдардын дининин жана дүйнөсүнүн оңолуусуна туура жол жана багыт көрсөтүүчү. Ал акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап көрсөткөн Фурканды (ажыратуучу) түшүрдү. Ал эми Аллахтын сага түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Аллах – Ага эч бир нерсе үстөмдүк кыла албаган кудуреттүү жана Анын элчилерин жалганга чыгарып, Анын буйругуна каршы чыккандардан өч алуучу.

(4) Оо, пайгамбар! Ал сага окуяларда жана өкүмдөрдөгү адилеттикте мурдагы илахий китептерге ылайык келген Куранды акыйкат менен түшүрдү жана алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Ошондой эле сага Куран түшүрүлгөнгө чейин Мусага Тооратты, Исага Инжилди түшүргөн. Бул илахий китептердин баарысы адамдардын дининин жана дүйнөсүнүн оңолуусуна туура жол жана багыт көрсөтүүчү. Ал акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап көрсөткөн Фурканды (ажыратуучу) түшүрдү. Ал эми Аллахтын сага түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Аллах – Ага эч бир нерсе үстөмдүк кыла албаган кудуреттүү жана Анын элчилерин жалганга чыгарып, Анын буйругуна каршы чыккандардан өч алуучу.

(5) Чындыгында жердеги жана асмандагы эч бир нерсе Аллахка жашыруун эмес. Анын илими сырткы жана ички бардык нерселерди камтыган.

(6) Ал силерди энеңердин курсагында Өзү каалагандай уул же кыз, жакшы же жаман, ак же кара кылып ар кандай көрүнүштө жаратты. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жеңилбеген кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, башкаруусунда, шариятында Даанышман.

(7) Оо, пайгамбар! Ал сага Куранды түшүрдү. Анда эч кандай бүдөмүгү жок, мааниси айкын аяттар бар. Алар китептин негизин жана көпчүлүгүн түзөт жана талаш-тартышта негизги таяныч булак болуп саналат. Ошондой эле анда бир нече маанини туюнткан аяттар да бар, алардын мааниси көпчүлүк адамдар үчүн түшүнүксүз. Ал эми жүрөгүндө акыйкаттан четтеген адамдар мааниси айкын аяттарды таштап, ыктымалдуулугу бар бүдөмүк аяттарды карманышат. Алар муну менен шек салууну жаратып, адамдарды адаштырууну көздөшөт жана муну менен аларды өздөрүнүн адашкан жолдоруна тууралап, напси каалоолоруна жараша чечмелөөгө аракет жасашат. Бул аяттардын чыныгы маанилерин жана алардын акыркы жыйынтыгын Аллах гана билет. Ал эми илими тереңдер жана күчтүүлөр: «Биз Курандын баарына ыйман келтирдик, анткени анын баары Раббибизден» – деп айтышат жана мааниси бүдөмүк аяттарды андагы айкын маанидеги аяттар менен чечмелешет. Туура акыл калчаган адамдар гана үлгү, сабак алышат.

(8) Ошол терең илимдүүлөр айтышат: «Раббибиз, бизди акыйкат жолго салганыңдан кийин жүрөгүбүздү андан бурба, акыйкаттан четтеп адашкандардын башына түшкөн нерседен сакта, Өзүң тараптан жүрөктөрүбүздү туура жолго багыттаган кенен ырайымды тартуула жана аны менен бизди адашуудан сакта. Оо, Раббибиз! Чындыгында Сен эч нерсени аябаган Берешенсиң.

(9) Раббибиз, Сен эч кандай шек-күмөнү жок, сөзсүз келе турган күндө бардык адамдарды сурак алуу үчүн Өзүңө чогултасың. Оо, Раббибиз! Чындыгында Сен убаданы бузбайсың».

(10) Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандарды мал-мүлктөрү жана бала-чакасы бул дүйнөдө да, акыретте да кутката албайт. Мына ушундай сапаттарга ээ болгондор кыямат күнү күйүүчү тозок отундары.

(11) Бул каапырлардын абалы Фараондун үй-бүлөсү жана алардан мурун Аллахка каапырлык кылып, Анын аят-белгилерин жалганга чыгаргандардын абалына окшош. Аллах аларды күнөөлөрү үчүн жазалады жана аларга мал-мүлкү да, бала-чакасы да пайда келтирген жок. Аллахка каапырлык кылгандарга жана Анын аят-белгилерин жалганга чыгаргандарга Анын жазасы катаал.

(12) Оо, пайгамбар! Ар кайсы диндеги каапырларга айт: «Жакында ыймандуулар силердин үстүңөрдөн жеңишке жетип, каапырлыкта өлөсүңөр. Аллах силерди тозок отуна чогултат. Ал силер үчүн кандай жаман жай».

(13) Бадр күнү согушуу үчүн беттешкен эки жоодо силер үчүн өрнөктөр жана белгилер бар. Алардын бири – ыймандуулар тайпасы, алар Аллахтын сөзү бийик жана каапырлардын сөзү төмөн болуусу үчүн согушкан Аллахтын элчиси жана анын сахабалары. Ал эми экинчиси – каапырлар тайпасы, алар эл көрсүн үчүн менменсинип, уруусуна берилген абалда чыккан Мекке каапырлары. Ыймандуулар алардын чындап эле эки эсе көп экенин өз көздөрү менен көрүштү. Ошондо Аллах досторуна жардам берди. Аллах кимге кааласа Өз жеңиши менен колдоо көрсөтөт. Саны аз болсо да жеңиш ыйман ээлери тарапта, саны көп болсо да жеңилүү жалган ээлери тарапта экенин билүүлөрү үчүн мында акыл ээлери үчүн үлгүлөр жана сабактар бар.

(14) Аллах таала адамдарды сыноо үчүн дүйнө кумарларына болгон сүйүүнү, мисалы, аялдарды, уул балдарды, алтын-күмүштөн чогулган көп байлыктарды, үйрөтүлгөн асыл жылкыларды, төө, уй, кой сыяктуу үй жаныбарларын, айдоо жерлерди кооз кылып көрсөтүп койгондугун айтты. Булар аз гана убакыт пайдаланылып жок боло турган дүйнө жашоосунун ырахаты. Ошондуктан ыймандуу адам буларга байланбашы керек. Ал эми Аллахтын алдында кайтып баруучу эң сонун жай бар, ал асмандар менен жердин кеңдигиндей болгон бейиш.

(15) Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерге бул кумарлардан да жакшыраак нерсени айтайынбы?». Аллахка иш жүзүндө моюн сунуп жана Ага баш ийбестик кылууну таштап Андан корккондор үчүн хан сарайларынын жана бактарынын астынан дарыялар агып турган бейиштер бар, алар ал жайда өлбөстөн жана жок болбостон түбөлүк калышат жана алар үчүн жаралуусунда жана кулк-мүнөзүндө бардык жамандыктардан таза болгон аялдар бар. Ушуну менен бирге алар үчүн Аллахтан болгон ыраазылык бар жана Ал аларга эч качан ачууланбайт. Аллах пенделеринин абалдарын Көрүүчү. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга сыйлыгын берет.

(16) Мына ушул бейиш адамдары дубаларында Раббисине айтышат: «Раббибиз, биз Сага жана Сенин элчилериңе түшүргөн нерселерге ыйман келтирдик, Сенин шариятыңды ээрчидик. Эми биздин кылган күнөөлөрүбүздү кечир жана бизди тозок азабынан алыстат».

(17) Алар ибадаттарды аткарууда, күнөөлөрдү таштоодо жана баштарына түшкөн сыноодо сабыр кылуучулар, сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде чынчылдар, Аллахка толук моюн сунгандар, мал-мүлктөрүн Аллах жолуна сарптагандар, түндүн акырында кечирим сурагандар, анткени бул учурда дубанын кабыл болуу ыктымалы жогору жана жүрөк түйшүктөрдөн алыс болот.

(18) Аллах Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине күбөлүк берди. Мунун себеби Ал Өзүнүн сыйынууга татыктуулугун көрсөткөн шарияттык жана ааламдык аят-белгилерди белгиледи. Жана буга периштелер күбөлүк беришти. Ошондой эле буга илим ээлери да жалгыз кудайлуулукту (таухид) түшүндүрүү жана ага чакыруу менен күбөлүк беришти. Алар эң чоң күбөлүк болгон Аллахтын жалгыздыгына (таухид) жана Анын жараткандарында, шариятында адилеттүүлүктү орнотуусуна күбөлүк беришти. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Ал жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман.

(19) Акыйкатта Аллахтын алдында кабыл боло турган дин – Ислам. Ал – ибадат кылуу аркылуу Аллахтын Өзүнө гана моюн сунуу жана кулчулук кылуу менен Ага толук берилүү, ошондой эле акыркы пайгамбар Мухаммадга чейинки бардык пайгамбарларга ыйман келтирүү. Аллах аны менен пайгамбарчылыкты жыйынтыктады жана анын шариятынан башкасы кабыл кылынбайт. Жөөттөр менен христиандар өздөрүнө келген илим себептүү далил келтирилгенден кийин көрө албастыктан жана дүйнөгө берилгендиктен улам диндеринде талашып-тартышып, агымдарга жана жамааттарга бөлүнүп кетишти. Кимде-ким Аллахтын элчисине түшүргөн аяттарына каапырлык кылса, анда Аллах Өзүнө каапырлык кылгандардын жана Анын элчилерин жалганга чыгаргандардын эсебин тез берүүчү.

(20) Оо, пайгамбар! Эгер алар сага түшүрүлгөн акыйкат жөнүндө сени менен талашып-тартышса, анда аларга: «Мен жана ыймандуулардан мени ээрчигендер Аллах таалага моюн сундук» – деп жооп бер. Оо, пайгамбар! Китеп ээлерине жана мушриктерге айт: «Мен алып келген нерсеге ээрчип, Аллах таалага чын ыкластан моюн сундуңарбы?». Эгер алар Аллахка моюн сунуп, сенин шариятыңды ээрчишсе, анда алар туура жолго түшкөн болот. А эгер Исламдан баш тартышса, анда сен жиберилген нерсени гана жеткирүүгө милдеттүүсүң. Ал эми алардын ишин Аллах чечет, Ал пенделерин Көрүүчү. Жакында ар биринин кылган иш-аракетине жараша сыйлыгын же жазасын берет.

(21) Аллахтын аларга түшүргөн далилдерине каапырлык кылгандар жана укугу жок туруп зулумдук жана душмандык менен пайгамбарларын өлтүргөндөр, ошондой эле адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйып, аларды адилеттүүлүккө чакыргандарды өлтүргөн канкор каапырларга кыйноочу азапты сүйүнчүлө.

(22) Мындай сыпаттагы адамдардын иш-аракеттери жокко чыгарылат жана Аллахка ыйман келтиришпегени үчүн алардын пайдасын дүйнөдө да, акыретте да көрүшпөйт. Аларды азаптан куткара турган эч бир жардамчы болбойт.

(23) Оо, пайгамбар! Аллах Тоорат илиминин бир бөлүгүн жана сенин пайгамбарлыгыңа далил болгон нерселерди берген жөөттөрдүн абалына карабайсыңбы? Алар өз ара талашып-тартышкан нерселерде өкүм чыгаруу үчүн Аллахтын китеби Тооратка кайтууга чакырылат, анан алардын аалымдары менен башчыларынын бир тобу анын өкүмү алардын напси каалоолоруна туура келбегени үчүн андан жүз буруп кайтып кетишет. Эгерде алар ага ээрчийбиз деп ойлогондой болгондо, анда алар адамдардын ичинен аны менен өкүм кылууга эң шашылгандардан болушмак.

(24) Акыйкаттан минтип бурулуунун жана андан жүз буруунун себеби, алар кыямат күнү бир нече күн эле тозокто болуп, кийин бейишке киребиз деп айтышат эле. Аларды бул ишеним алдап койду. Алар муну жалган нерселерден ойлоп таап, Аллахка жана Анын динине асылышты.

(25) Эми алардын абалы жана өкүнүчү кандай болот? Биз аларды эч кандай шек-күмөнү жок кыямат күнү чогултканда эң жаман болот. Ошондо ар бир жанга кылган ишине жараша сыйлыгы же жазасы берилет, анын жакшылыктары азайтылып же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт.

(26) Оо, пайгамбар! Раббиңди мактоо жана улуктоо менен минтип айт: «Оо, Аллах! Сен дүйнө жана акыреттеги бардык мүлктүн Падышасысың. Жараткандарыңдын кимисине кааласаң мүлк бересиң, кимисинен кааласаң тартып аласың, алардын каалаганын ардактуу кыласың, каалаганын кор кыласың. Мунун баары Сенин даанышмандыгыңдан жана адилеттүүлүгүңдөн. Бардык жакшылык жалгыз Сенин колуңда жана Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң.

(27) Сенин кудуреттүүлүгүңдүн көрүнүштөрүнөн, Сен түндү күндүзгө киргизип, күндүздүн убактысын узартасың, күндүздү түнгө киргизип, түндүн убактысын узартасың. Каапырдан ыймандууну, уруктан өсүмдүктөрдү чыгарган сыяктуу өлүктөн тирүүнү чыгарасың жана ыймандуудан каапырды, жумурткадан жөжөнү чыгарган сыяктуу тирүүдөн өлүктү чыгарасың. Жана кимге кааласаң, эсептебестен жана санабастан кенен ырыскы бересиң».

(28) Оо, ыймандуулар! Ыймандуулардын ордуна каапырларды сүйүктүү жана жардамчы дос кылып албагыла. Ким ушундай кылса, ал Аллахтан баш тартты жана Аллах да андан баш тартты. Бирок силер алардын бийлик астында болуп, өзүңөр үчүн корксоңор, анда аларга болгон душмандыгыңарды жашыруу менен сөзүңөрдө жумшактыкты жана ишиңерде сыпайылыкты көрсөтүп, алардын зыянан сактансаңар күнөө эмес. Аллах силерди Өзүнөн эскертет, андыктан Андан корккула жана күнөө кылып Анын каарына калбагыла. Пенделер иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын алуу үчүн кыямат күнү Аллахка гана кайтышат.

(29) Оо, пайгамбар! Айткын: «Каапырлар менен достошуу сыяктуу Аллах тыйган нерселерди көкүрөгүңөргө жашырасыңарбы же ачыкка чыгарасыңарбы, Аллах аны билет. Алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Ал асмандардагы жана жердеги нерселерди билет. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, алардын эч бири Аны алсырата албайт».

(30) Кыямат күнү ар бир жан кылган жакшы иштерине туш болот, алар эч кемитилбестен алып келинет, ал эми жаман иштерди кылган адам, ал экөөнүн ортосунда узак убакыт болсо деп тилейт. Бирок тилеги кантип кабыл болсун! Аллах силерди Өзүнөн эскертет, андыктан күнөө кылып Анын каарына калбагыла. Аллах пенделерине Боорукер, ошондуктан аларга эскертет жана коркутат.

(31) Оо, пайгамбар! Айткын: «Эгер Аллахты чындап сүйсөңөр, анда мен алып келген нерсеге ичиңерден жана сыртыңардан ээрчигиле. Ошондо Аллахтын сүйүүсүнө жетесиңер жана Ал күнөөлөрүңөрдү кечирет. Аллах тообо кылган пенделерине кечиримдүү, аларга ырайымдуу».

(32) Оо, пайгамбар! Айткын: «Буйруктарды аткарып, тыюуларды таштоо менен Аллахка баш ийгиле жана Анын элчисине моюн сунгула». Эгерде алар мындан жүз бурушса, анда Аллах Анын буйругуна жана элчисинин буйругуна каршы чыккан каапырларды жакшы көрбөйт.

(33) Чындыгында Аллах Адам атаны тандап, ага периштелерди сажда кылдырды. Нухту тандап, аны жер жүзүнө биринчи элчи кылды. Ибрахимдин үй-бүлөсүн тандап, анын урпактарына пайгамбарлыкты кылды. Ошондой Имрамдын үй-бүлөсүн да тандады. Ушулардын баарысын тандап, өз доорундагы адамдардан артык кылды.

(34) Мына ушул аталган пайгамбарлар жана алардын жолун жолдогон урпактары – алар Аллахты жалгыздоодо жана жакшылык иштерди кылууда биринин артынан бири келген урпактар. Алар бири-биринен асыл сыпаттарды жана артыкчылыктарды мураска алышкан. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Ошол себептен алардын арасынан Өзү каалагандарын тандайт.

(35) Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Имрандын аялы (Мариямдын энеси) айтты: «Оо, Раббим! Мен курсагымдагы баланы Сага жана Сенин үйүңө кызмат кылуусу үчүн Сенин Жүзүңдү көздөп бүткүл нерседен бошотууну өзүмө милдет кылдым. Муну менден кабыл кыл. Чындыгында Сен дубамды Угуучусуң, ниетимди Билүүчүсүң».

(36) Ал уул төрөйм деп үмүт кылып жүрүп, айы-күнү жетип төрөгөндө өкүнүп: «Оо, Раббим! Мен кыз төрөдүм» – деди. Аллах анын ким төрөгөнүн жакшы билет. Ал үмүт кылып күткөн уул күч-кубат жана турпат жактан ага берилген кыздай эмес. Ал: «Мен анын атын Мариям койдум, аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргоону Өзүңө тапшырдым» – деди.

(37) Аллах анын назирин жакшы кабыл алып, аны татыктуу тарбиялап чоңойтту, пенделеринин ичинен такыба адамдардын жүрөктөрүн ага жумшак кылды жана анын жоопкерчилигин Закарияга тапшырды. Закария анын ибадат кылган жайына кирген сайын анын алдынан жеңил жана таза ырыскыларды көрчү. Бирде ага кайрылып: «Оо, Мариям! Бул ырыскы сага кандай келди?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ырыскы Аллахтан. Чындыгында Аллах кимге кааласа эсепсиз кенен ырыскы берет».

(38) Мына ошондо Закария пайгамбар Имрандын кызы Мариямдын алдынан Аллахтын ырыскы берүүдөгү адаттан тыш жолдорунда Ал тараптан келген ырыскыны көргөндө, өзүнүн жашы улгайып, кемпири төрөй турган курактан өтүп калганына карабастан, Аллахтан бала үмүт кылып, мындай деди: «Оо, Раббим! Мага жакшы бала бер. Чындыгында Сен дуба кылгандардын дубасын угасың жана ага жооп бересиң».

(39) Ал сыйынуучу жайда намазда турган кезде периштелер чакырык салды жана ага кайрылып мындай дешти: «Аллах сени Яхья деген уулду болот деп сүйүнчүлөп жатат. Анын өзгөчөлүктөрүнүн бири – ал Аллахтан болгон сөздү (Мариямдын уулу Исаны) тастыктайт, анткени ал Аллахтан болгон сөз менен өзгөчө жаратылышта жаратылган. Бул бала илимде жана ибадатта элине башчы болот, өз напсисин тыят, кумарлардан, анын ичинде аялдарга жакындоодон карманат, өзүн Раббисине ибадат кылууга арнайт жана ошондой эле салихтерден болгон пайгамбар болот».

(40) Периштелер Закарияга Яхья тууралуу сүйүнчүлөгөндө ал айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүм картайып, кемпирим төрөбөс болсо, анан мен кантип балалуу болмок элем?». Аллах анын сөзүнө жооп кылып мындай деди: «Сен карылык жашка келип, аялың төрөттөн калган кезде Яхьянын төрөлүүсү ¬– Аллах адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратуусуна мисал. Анткени Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Өз даанышмандыгы жана илими менен каалаганын кылат».

(41) Закария: «Оо, Раббим! Аялым менден боюнда болгон кезде белги бер» – деди. Аллах айтты: «Сен сураган белгиң – эч кандай кемчиликке кабылбастан адамдар менен үч күн, үч түн ишарат менен гана сүйлөшүп каласың. Андыктан эртең менен жана кечинде Аллахты көп зикир кыл жана аруула».

(42) Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде периштелер Мариямга айтты: «Аллах сени мактоого татыктуу сыпаттарга ээ болгонуң үчүн тандады, сени кемчиликтерден тазалады жана заманыңдагы ааламдагы аялдардан тандап алды.

(43) Оо, Мариям! Намазда узакка тур, Раббиңе сажда кыл жана Анын такыба пенделеринен рүкү кылгандар менен бирге Ага рүкү кыл».

(44) Оо, пайгамбар! Закария менен Мариям тууралуу айтылган бул кабар – Биз сага вахий кылуучу кайып кабарларынан. Сен ал аалымдар менен такыба адамдар Мариямды тарбиялоого ким татыктуу деп талашып-тартышып жатканда жанында эмес болчуң, алар акыры чүчү кулакка токтолуп, калемдерин ташташты, ошондо Закариянын калеми утуп чыкты.

(45) Оо, пайгамбар! Эстечи, периштелер айтышты: «Оо, Мариям! Аллах сага атасыз жаралуучу уулду сүйүнчүлөп жатат. Чындыгында ал Аллахтын «бол» деген сөзү менен гана ишке ашып, Аллахтын уруксаты менен ошол замат бала болот. Бул баланын аты Аль-Масих Иса ибн Мариям. Анын бул дүйнөдө да, акыретте да орду бийик жана ал Аллах таалага жакындардан болот».

(46) Ал тили чыга турган убакка чейинки ымыркай бала кезинде эле адамдарга сүйлөйт, ал эми күч-кубатка толуп, эр жетилип чоңойгондо аларга кайрылып дин жана дүйнө иштеринде пайдалуу нерселерди сүйлөйт. Ал сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде такыба адамдардан болот.

(47) Күйөөгө чыкпай туруп эле балалуу болууга таң калган Мариям: «Мага бир дагы киши адал жолдо да, арам жолдо да жолобосо, мен кантип балалуу болмок элем?!» – деди. Периште ага айтты: «Аллах сага атасыз уул жаратканы сыяктуу адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратат. Эгер бир ишти кааласа, ага «бол» дейт, ал ошол замат ишке ашат. Аны эч бир нерсе алсыз калтыра албайт.

(48) Ал ага жазууну, тууралыкты, сөз менен иш-аракетте ийгиликке жетүүнү үйрөтөт, ага Мусага түшүргөн Тооратты үйрөтөт жана ага жакында түшүрө турган Инжилди үйрөтөт.

(49) Ошондой эле аны Исраил урпактарына элчи кылат, ал аларга айтат: «Мен силерге жиберилген Аллахтын элчисимин жана силерге пайгамбарлыгымдын чындыгын билдирген белгилер менен келдим, алар: мен силерге ылайдан куш жасап, ага үйлөсөм, ал Аллахтын уруксаты менен тирүү кушка айланат, тубаса сокурду айыктырам, ал көрүп калат, ала оорусуна чалдыккандардын терисин калыбына келтирем, өлгөн адамды тирилтем. Ушулардын баарысы Аллахтын уруксаты менен болот. Силерге тамак-аштардан эмнени жеп, эмнени үйүңөрдө катып жатканыңарды айтып берем. Мен силерге айткан адам баласынын кудурети жетпеген мындай улуу иштер, эгер силер ыйманды кааласаңар жана далилдерге ишенсеңер, анда менин силерге Аллахтын элчиси экендигиме ачык белги болот.

(50) Ошондой эле силерге мага чейин түшүрүлгөн Тооратты тастыктоо үчүн келдим, силерге жеңил болсун үчүн буга чейин арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылуу үчүн келдим жана силерге айткандарым чындык экендигин көрсөткөн ачык далилдер менен келдим. Андыктан Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула жана мен силерди чакырган нерседе мага баш ийгиле.

(51) Анткени Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Ал жалгыз Өзү гана баш ийдирүүгө жана коркууга татыктуу. Андыктан Ага гана сыйынгыла. Мен силерди Аллахка сыйынгыла жана Андан корккула деп чакырган нерсе – эч кандай бурмалануусу жок туура жол».

(52) Иса алардын каапырлыктан кайтпастыгын билгенде, Исраил урпактарына кайрылып: «Аллахка даават кылууда ким мага жардамчы болот?» – деди. Аны ээрчигендерден такыбалары: «Биз Аллахтын динине жардам беребиз. Биз Аллахка ыйман келтирдик жана сени ээрчидик. Оо, Иса! Күбө бол, биз Аллахты жалгыздап, Ага моюн сунуу менен Аны ээрчийбиз» – дешти.

(53) Ошондой эле шакирттери айтышты: «Раббибиз, Биз Сен түшүргөн Инжилге ыйман келтирдик жана Исаны ээрчидик. Бизди Сага жана элчилериңе ыйман келтирип, акыйкатка күбө болгондор менен бирге кыл».

(54) Исраил урпактарынын каапырлары айлакерлик кылып Исаны өлтүрүүгө аракет жасашты. Аллах да айлакерлик кылып, аларды адашкан боюнча калтырды жана башка адамды Исага окшотуп койду. Аллах айлакерлердин эң мыктысы, анткени душманга кылган айлакерликте Андан эч ким өтө албайт.

(55) Аллахтын аларга кылган дагы бир айлакерлиги, Ал Исага кайрылып: «Оо, Иса! Мен сени өлтүрбөстөн алып кетем, денеңди жана рухуңду Өзүмө көтөрүп кетем. Сага каапырлык кылгандардын ыпластыгынан сени тазалап, аларды сенден алыстатам. Ал эми акыйкат динде (анын ичинде Мухаммадга ыйман келтирүү да бар) сени ээрчигендерди кыяматка чейин далил жана кадыр-барк менен сага каапырлык кылгандардан жогору кылам. Андан кийин кыяматта жалгыз Мага кайтып келесиңер, ошондо силер өз ара талашып-тартышкан нерселерде акыйкат менен өкүм чыгарам.

(56) Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка каапырлык кылгандарды бул дүйнөдө өлтүрүү, туткундоо, кордукка салуу ж.б. катаал азап менен, акыретте болсо тозок азабы менен азаптаймын. Аларды азаптан куткарган эч кандай жардамчы болбойт».

(57) Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка ыйман келтиргендерге жана намаз, зекет, орозо, туугандык мамилени бекемдөө ж.б. ушул сыяктуу жакшылык иштерди кылгандарга Аллах алардын иш-аракеттеринин сообун кемитпестен толук берет. Бул сөз Иса пайгамбар өзү куш кабарын берген Мухаммад пайгамбар келгенге чейинки анын жолдоочулары тууралуу айтылды. Аллах залымдарды жакшы көрбөйт. Аллах таалага ширк кылуу жана Анын элчилерин жалганга чыгаруу – эң чоң зулумдуктардан.

(58) Биз сага окуп жаткан Иса пайгамбардын кабары – сага түшкөн нерсенин чындык экендигин көрсөткөн ачык белгилерден. Ал – такыбалар үчүн эскертме, эч кандай жалганды алып келбеген акыйкат.

(59) Аллахтын Исаны жаратуусунун мисалы, Адамды атасыз жана энесиз топурактан жаратканына эле окшош. Чындыгында Аллах ага «бол» деди, ал Аллах таала каалагандай болду. Эмнеге алар Адамды атасыз жана энесиз жаралганына карабастан пенде экенин моюнга алып, ал эми Исанын атасыз жаралганын бетке кармап аны кудай деп ойлоп жатышат?!

(60) Иса тууралуу шексиз чындык сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн. Андыктан шектенгендерден жана экиленгендерден болбо. Тескерисинче, өзүң турган акыйкатка бекем бол.

(61) Оо, пайгамбар! Эгер Нажран христиандары сага Иса жөнүндө анык илим келгенден кийин деле Иса Аллахтын пендеси эмес деп талаша беришсе, аларга: «Келгиле, биздин жана силердин балдарыңарды, биздин жана силердин аялдарыңарды жана өзүбүздү кошо катышууга чакырып, баарыбыз чогулалы, анан Аллахка дуба кылып, биздин жана силердин араңардагы жалганчыларга каргышыңды түшүр деп сураналы» – деп айт.

(62) Биз Иса жөнүндө сага айткан бул нерсе – эч кандай жалганы жок жана шек-күмөнсүз чындык кабар. Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Чындыгында Аллах Өз мүлкүндө Кудуреттүү жана Өз башкаруусунда, буйругунда, жаратуусунда Даанышман.

(63) Эгер алар сен алып келген нерседен жүз бурушса жана сени ээрчишпесе, анда бул алардын бузукулугунан. Аллах жер бетиндеги бузукуларды жакшы билет жана жакында алардын жазасын берет.

(64) Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эй, жөөттөрдөн жана христиандардан болгон китеп ээлери! Келгиле, баарыбыз бирдей болгон адилеттүү сөзгө биригели: «Жалгыз Аллахка ибадат кылабыз жана Андан башканын орду жана даражасы канчалык жогору болсо да, Аны менен катар эч кимге сыйынбайбыз. Ошондой эле Аллахты таштап, бири-бирибизди сыйынуу жана баш ийүү үчүн кудай тутпайбыз». Оо, ыймандуулар! Эгерде алар силер чакырып жаткан акыйкаттан жана адилеттүүлүктөн баш тартышса, анда аларга: «Күбө болгула, биз Аллахка өзүбүздү тапшырдык жана моюн сунуу менен Аны ээрчидик» – деп айткыла.

(65) Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахимдин дини тууралуу талашып жатасыңар? Жөөттөр Ибрахимди жөөт болгон дешет, христиандар болсо аны христиан болгон дешет. Бирок силер иудаизм жана христиан дини анын өлүмүнөн көп убакыт өткөндөн кийин гана пайда болгонун билесиңер. Силер сөзүңөрдүн жалган жана оюңардын ката экенине акылыңар жетпейби?!

(66) Эй, китеп ээлери! Мына, силер өзүңөр билген диний иштер жана силерге түшүрүлгөн нерселер тууралуу пайгамбар менен талашып-тартыштыңар. Эми болсо силердин китептериңерде айтылбаган жана пайгамбарларыңар алып келбеген Ибрахимдин иши жана анын дини тууралуу өзүңөр билбеген нерселер жөнүндө эмнеге талашып жатасыңар. Аллах иштердин акыйкатын жана ички табиятын билет, силер билбейсиңер.

(67) Ибрахим иудаизм дининде да, христиан дининде да болгон эмес, ал жалган диндерден алыстаган жана Аллахты жалгыздап, Ага моюн сунган адам болгон. Араб мушриктери биз анын дининдебиз деп ойлошкондой ал Аллахка ширк кылгандардан эмес эле.

(68) Ибрахимге кошулууга эң татыктуулар – алар анын заманында ал алып келген нерселерге ээрчигендер, ошондой эле адамдардын арасынан ага эң татыктуусу – бул Мухаммад пайгамбар жана бул үммөттөн ага ыйман келтиргендер. Аллах Ага ыйман келтиргендерге жардам берүүчү жана аларды коргоочу.

(69) Оо, ыймандуулар! Китеп ээлеринен болгон жөөттөр менен христиандардын аалымдары силерди Аллах багыттаган туура жолдон адаштырууну каалашат, бирок өздөрүн гана адаштырат. Анткени алардын ыймандууларды адаштырууга болгон аракети өздөрүнүн адашуусун гана күчөтөт. Алар иш-аракеттеринин кесепети кандай болорун билишпейт.

(70) Эй, китеп ээлеринен болгон жөөттөр жана христиандар! Эмне үчүн Аллахтын силерге түшүргөн аят-белгилерине жана анын ичинде Мухаммаддын пайгамбарлыгын көрсөткөн нерселерге ишенбейсиңер, анын акыйкат экени китептериңерде көрсөтүлгөнүнө өзүңөр күбө болдунар го?!

(71) Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн китептериңерде түшүрүлгөн акыйкатты өзүңөрдөгү жалган менен аралаштырасыңар, андагы чындыкты жана туура жолду жашырасыңар, анын ичинде Мухаммаддын пайгамбарлыгынын чындык экендиги да камтылган жана акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап билесиңер?!

(72) Жөөт аалымдарынын бир тобу айтышты: «Мусулмандарга түшкөн Куранга эртең менен сыртынан ыйман келтиргиле, кечинде ага каапырлык кылгыла. Балким алар силердин ыйман келтиргенден кийин каапырлык кылганыңар себептүү: «Булар бизге караганда Аллахтын китептерин жакшыраак билгендиктен андан кайтып кетишти» – деп дининен шектенип, андан кайтып кетишет.

(73) Жана дагы: «Ыйман келтирбегиле жана диниңерди тутунгандарды гана ээрчигиле» – дешет. Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында акыйкатка карай туура жол – Аллахтын туура жолу, ал – силерге берилген жакшылык башкаларга берилбесин деген коркунучтан же силер аларга түшкөн нерсени моюнга алсаңар, алар Раббиңердин алдында силер менен талашып-тартышат деген коркунучтан улам силер карманган жалгандык жана баш ийбестик эмес». Оо, пайгамбар! Айткын: «Жакшылык Аллахтын колунда, аны пенделеринен кимге кааласа берет. Анын жакшылыгы бир эле үммөткө чектелбейт. Аллахтын жакшылыгы кең жана Ал ага татыктууларды билет».

(74) Жараткандарынан кимди кааласа, Өзүнүн мээримине бөлөйт жана ага туура жолду, пайгамбарлыкты, түрдүү сыйлыктарды тартуу кылат. Аллах эч кандай чеги жок улуу жакшылык ээси.

(75) Китеп ээлеринин арасында ишенип көп мал-мүлк тапшырсаң, аманатыңды кайтарып бергендер бар, ошондой эле алардын арасында бир аз мал-мүлктү тапшырсаң, аманат кылган нерсеңди артынан түшүп доолаганда жана соттошкондо гана кайтаргандары бар. Бул алардын: «Биз арабдар үчүн жана алардын мал-мүлкүн жегенибиз үчүн күнөөкөр эмеспиз, анткени Аллах аны бизге адал кылган» – деген сөздөрү жана бузуку ишенимдери себептүү. Алар Аллахка жалаа жаап жаткандарын билип туруп ушул жалганды айтышат.

(76) Абал алар ойлогондой эмес, тескерисинче, алар күнөө алышат. Бирок ким Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирип Аны менен болгон милдеттенмесин аткарса, аманатка бекем болуп адамдар менен болгон милдеттенмесин аткарса жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корксо, албетте Аллах такыбаларды жакшы көрөт жана жакында аларга эң жакшы сыйлыктарды берет.

(77) Аллах Өзүнүн китебинде түшүргөн жана Өзүнүн элчилерине жиберген нерсеге ээрчүү тууралуу аларга кылган осуятын, ошондой эле Аллах менен болгон келишимди бузбайбыз деген анттарын арзыбаган дүйнө жыргалчылыгына алмаштыргандар акыретте эч кандай соопко ээ болушпайт, кыямат күнү Аллах аларды кубанта тургандай сөз айтпайт, аларга ырайымдуулук менен карабайт жана аларга кыйноочу азап болот.

(78) Жөөттөрдүн бир тобу бар, силер аларды Тоораттан окуп жатат деп ойлошуңар үчүн алар Аллахтан түшүрүлгөн Тооратта жок эле нерсени тилдери менен бурмалап айтышат, бирок ал Тоораттан эмес. Тескерисинче, бул алардын жалгандарынан жана Аллахка жапкан жалааларынан. Алар: «Биз окуп жаткан нерселер Аллахтан түшкөн» – дешет, бирок ал Аллахтан эмес. Алар Аллахка жана Анын элчилерине жалганчылык кылып жатышканын билип туруп, Аллахка каршы жалган айтышат.

(79) Кайсы бир адамга Аллах Өзү тараптан китеп түшүрсө, ага илим жана түшүнүк берсе жана аны пайгамбар кылып тандаса, кийин ал адамдарга: «Аллахты таштап мага кулчулук кылгыла» – деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок аларга: «Силер адамдарга түшүрүлгөн китепти үйрөтүп, ошондой эле аны жаттоо жана түшүнүү менен үйрөнгөн нерсеңер аркылуу адамдарды тарбиялоочу, алардын иштерин жөнгө салуучу, иш жүзүндө аткаруучу илимдүүлөрдөн болгула» – деп айтат.

(80) Ошондой эле ал силерге Аллахтын ордуна периштелерди жана пайгамбарларды кудай тутуп сыйынгыла деп буюрушу мүмкүн эмес. Силер Аллахка моюн сунуп, өзүңөрдү толук тапшыргандан кийин силерди Ага каапырлык кылууга буйруганы болмок беле?

(81) Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Аллах пайгамбарлардан бекем убада алып, аларга мындай деди: «Мен силерге түшүргөн китептен жана үйрөткөн даанышмандыктан эмнени берсем, ошондой эле араңардан кимдир бирөө артыкчылыкка жана кадыр-баркка жетсе, кийин Мен тараптан Мухаммад силерге элчи болуп келип, силердеги китепти жана даанышмандыкты тастыктаса, анда силер ал алып келген нерсеге сөзсүз ыйман келтиресиңер жана аны ээрчүү менен жардам бересиңер. Оо, пайгамбарлар! Силер ушуга макулсуңарбы, Менин бекем келишимимди кабыл алдыңарбы? – дегенде, алар: «Аны кабыл алдык» – дешти. Аллах айтты: «Өзүңөргө жана үммөттөрүңөргө күбө болгула, Мен дагы силерге жана аларга күбө болуучуларданмын».

(82) Кимде-ким Аллахтын жана Анын элчилеринин күбөлүгү менен тастыкталган бул келишимден жүз бурса, мына ошолор Аллахка баш ийбестик кылып, Анын дининен чыккандар.

(83) Аллахка баш ийбестик кылып, Анын дининен чыккандар Аллах пенделери үчүн Өзү тандаган Ислам дининен башканы каалап жатышабы?! Асмандардагы жана жердеги макулуктардын баарысы ыймандуулардын абалы сыяктуу ыктыярдуу түрдө жана каапырлардын абалы сыяктуу мажбур түрдө Ага моюн сунуп, багынышты. Кийин кыямат күнү макулуктардын бүт баарысы сурак берүү үчүн, сыйлык жана жаза алуу үчүн Аллах таалага кайтышат.

(84) Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахты кудай деп ыйман келтирдик, Анын бизге буйруган нерселерине моюн сундук, бизге түшүргөн вахийине, ошондой эле Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка жана Якубга түшүргөн нерселерге, Якубдун балдарынан болгон пайгамбарларга түшүргөн нерселерге, Мусага, Исага жана бардык пайгамбарларга Раббисинен түшкөн китептерге жана аят-белгилерге ыйман келтирдик. Биз алардын бирине ыйман келтирип, бирине каапырлык кылып, аларды бөлүп-жарбайбыз. Биз бир гана Аллахка ээрчийбиз жана Ага багынабыз».

(85) Ал эми ким Аллах Өзү ыраазы болгон Исламдан башка динди кааласа, Аллах андан аны кабыл албайт жана ал акыретте тозокко кирүү менен өздөрүнө зыян келтиргендердин катарында болот.

(86) Аллахка ыйман келтирип, Мухаммад пайгамбар алып келген нерсе акыйкат экендигине күбөлүк берип жана анын тууралыгына ачык-айкын далилдер келгенден кийин кайра каапырлык кылган коомго Аллах Өзүнө жана элчисине ыйман келтирүүгө кантип ийгилик берсин?! Аллах туура жолдун ордуна адашууну тандап алган залым коомду Ага ыйман келтирүүгө ийгилик бербейт.

(87) Жалганды тандап алган залымдардын жазасы – аларга Аллахтын, периштелердин жана бүткүл адамдардын каргышы болот. Алар Аллахтын ырайымынан куулуп, алыстатылгандар.

(88) Алар тозокто түбөлүк калышат, андан чыгышпайт, азаптары жеңилдетилбейт жана аларга тообо кылып, кечирим суроо үчүн мөөнөт берилбейт.

(89) Бирок каапырлык жана зулумдук кылгандан кийин Аллахка кайткандар жана жакшылык иштерди кылгандар гана андайга кабылбайт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.

(90) Ыйман келтиргенден кийин каапыр болгондор жана өлүмдү өз көзү менен көргөнгө чейин каапырлыгын уланткандар, өлүм келген кезде тооболору кабыл кылынбайт, себеби анын убактысы өтүп кетти. Мына ошолор Аллах таалага алып баруучу туура жолдон адашкандар.

(91) Ал эми каапырлык кылып жүрүп ошол абалда өлгөндөр, тозоктон кутулуш үчүн жердин салмагындай алтынды сунуш кылса да кабыл кылынбайт. Аларга кыйноочу азап бар жана кыяматта аларды азаптан куткарган жардамчылар болбойт.

(92) Оо, ыймандуулар! Өзүңөр жакшы көргөн мал-мүлкүңөрдөн Аллах жолуна сарптамайынча жакшылык ээлеринин соопторуна жана даражасына жете албайсыңар. Сарптаган нерсеңер аз болобу, же көп болобу, Аллах ниетиңерди жана иш-аракетиңерди Билүүчү жана ар бирине иш-аракетине жараша сыйлыгын берет.

(93) Исраил урпактарына таза тамактын баары эле адал болчу. Болгону Тоорот түшө элегинде Якуб пайгамбар кээ бир тамактан өзүн тыйып жечү эмес. бул Яхудилер айткандай Тооротто арам кылынган эмес. Оо, пайгамбар, сен аларга: эгер айтып жатканыңарчын болсо, Тооротту алып келип окуп көргүлөчү, - деп айт. Алао оозунан сөзү учуп аны алып келе алышпайт. Бул Яхудилердин Тооротко жалаа жаап, анын мазмунун өзгөртүп жибергенине далил боло турган бир мисал

(94) Якуб пайгамбар тыйылган азыктар Аллахтын тыюусу эмес, жеке өзүнүн каалоосу менен тыйылуу деген ачык далил келгенден кийин деле Аллахка бул нерсени жүктөп доомат кыла бергендер; алар далили ачык болгондон кийин да чындыкты таштап жандарына залым кылгандар

(95) Оо, пайгамбар, аларга айт: Аллах Таала Якуб пайгамбар тууралуу туура кабар айтты, ошондой эле Анын ар бир түшүргөнү жана шарият кылганы чындык. Ибрахимдин динине ээрчигиле, Исламдан башка бардык динден жуз бурган, Аллахка башка нерсени эч шерик кылган эмес

(96) Чынында адамдар Аллахка ибадат кылуусу үчүн курулган жердеги үй - бул, Меккедеги Аллахтын үйү Харам мечити. Ал өтө ыйык үй, дүйнө жана диний пайдалары көп, анда бүтүндөй ааламга туура жол бар

(97) Бул үйдө анын шарапаттуулугуна жана өзгөчөлүгүнө ачык белгилери бар, иадат кылына турган орундары сыяктуу, мисалы, дубалын тургузууда Ибрахим пайгамбар бутунун алдына койгон таш. Дагы бири, ага кирген адамдын жүрөгү тынчып коркуусу жоголот жана ага эч зыян боолбойт. Адамдарга Аллах үчүн бул үйдү максат кылып келип ажы амалдарын аткаруу милдети жүктөлдү. Бул милдет, ага келүүгө мүмкүнчүлүгү жеткен адамга гана тиешелүү. Ал эми ким ажы амалы парз экенине каапыр болсо, Аллах ага муктаж эмес, деги эле Аллах Таала ааламда эч нерсеге муктаж эмес

(98) Оо, пайгамбар, аларга айт: эй, яхудилер менен христиандар, эмнеге менин пайгамбарлыгым тууралуу ачык далилдер келип жатса деле аны тана бересиңер, мындай далилдердин кээси Тоорот менен Инжилде да келбеди беле?! Аллах Таала бул кылганыңарды карап, ага күбө болуп турат, кийин ошого жараша жазаланасыңар

(99) Оо, пайгамбар, аларга минтип айт: Эй, яхудилер жана христиандар, Аллах ишенген адамдарды эмне үчүн Анын дининен тыясыңар, Аллахтын динин чындыктан жалганга өзгөртүүгө аракет кыласыңар диндегилерди туура жолдон адашууга үгүттөйсүңөр. А өзүңөр бул дин чыныгы дин экенине, силердин китебиңерди тастыктап келгенине күбө болуп турасыңар?! Аллах Таала силер Ага каапырлык кылып, Анын жолунан тосуп жатканыңардан бейкапар эмес, кийин ушуга жараша жазаланасыңар.

(100) Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, эгер яхуди же христиандардын кээ бир тайпалары айтып жаткан сөзгө кирсеңер жана алардын оюна ээрчисеңер, ыйманыңардан кийин кайра каапырлыкка ээрчитип кетет, анткени аларда силерди көралбастыгы жана туура жолдон адашуу бар

(101) Аллахка ыйман келтиргенден кийин кайра кантип каапыр болосуңар, ыйманыңарды сактап турууга чоң себептер турбайбы! Аллахтын аяттары окулуп жатат, Анын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) силерге ачык баяндап жатат. Ким Аллахтын динин жана пайгамбардын сүннөтүн бекем карманса, Аллах Таала аны адашуусу жок туура, түз жолгобагыттап коёт

(102) Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарга ээрчиген ыймандуулар, Жаратуучуңардан чындап корккула, бул Анын буйруктарын аткаруу, күнөөлөрдөн тыйылуу, нээматтарына шүгүр кылуу аркылуу болот. Ажалыңар жетип өтүп кеткичеңер диниңерде бекем болгула

(103) Оо, ыймандуулар, китеп жана сүннөттү бекем кармагыла, бөлүнүп-жарылууга алап барчу иштерден сак болгула. Исламдан мурда болбогон себеп менен согушуп, душман элеңер, Аллах Таала жүрөгүңөрдү исламга бириктирип, бири-бириңе ырайымдуу, жардам берүүчү диндеш бир тууган болдуңар. Аллахтын мына ушул нээматын эстегиле. Буга чейин каапырлыгыңар менен тозокко бет алган элеңер, андан Аллах Таала Ислам менен куткарып калды жана ыйманга баштады. Аллах Таала силер түз жолдо бекем болууңар, туура жолдо жүрүүңөр жана дүйнө, акыретте абалыңар жакшы болуусу үчүн мына ушинтип аяттарын баяндады

(104) Оо, ыймандуулар, силерден Аллахка жаккан бадык жакшылыкка үндөгөн, шарият талап кылган жана акылга сыя турган жакшы иштерге чакырган, шариятта тыюу салынган жана акылга да туура келбеген жаман иштерден кайтарган жамаат болсун. Мына ушулар дүйнө жана акыретте жеңишке жеткен адамдар

(105) Оо, ыймандуулар, бөлүнүп-жарылып бир канча тайпа, топторго айланган китеп берилгендерге окшобогула. Алар Аллах Тааладан ачык-айкын аят, далилдер келгенден кийин дининде каршылаш болуп кетишти. Буларга Аллах Тааланын катуу азабы болот

(106) Аларга бул катуу азап кыямат күну болот. Бул күну ыймандуулардын жүзү кубаныч жана бакыттан улам агарып нурданып турат. Каапырлардын жүзү болсо кайгы жана кыйынчылыктан улам карарып кетет. Ал улук күндө жүзү карарып калгандарга: Ишенип, тастыктаганыңардан кийин Аллахтын Жалгыздыгына каапыр болуп, Ага эч шерик кылбагыла деген келишимин буздуңарбы?! Эми ушул каапырлыгыңар себептүү силерге даярдалып коюлган азаптын даамын тата бергиле

(107) А берки жүзү агарган адамдардын орду нээматтуу бейиште, анда түбөлүк калышат, анын нээмат жакшылыгы азайбайт жана түгөнбөйт

(108) Аллахтын бул жакшылыкты жана жамандыкты убада кылган аяттарын сага, оо, пайгамбар, чыныгы кабар, адилеттүү өкүм менен окуп беребиз. Аллах Таала ааламда эч кимге залымдык кылбайт, ар кимди кылган ишине жараша гана азаптайт

(109) Асман жердегинин баарынын жаралуусу да, башкарылуусу да Жалгыз Аллахка тиешелүү, баарынын иши Ага кайтат, анан ар бирине өзүнө тиешелүү жазасын же сыйын берет

(110) Оо, Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үммөтү, силер үммөттөрдүн арасынан ыйманыңарда жана амалыңарда эң жакшы үммөт болдуңар. Адамдарга эң пайдалуу болдуңар, шарият көрсөткөн жана акылга туура келген жакшы иштерге чакырасыңар, шарият тыюу салган жана акылга сыйбас жаман иштеден тыясыңар. Аллахка чындап ишенип, ишенимиңерди иш жүзүндө далилдейсиңер. Эгер тиги китеп берилген яхудилер менен христиандар Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жанамактоо дубасы болсун) ишенишсе алардын дүйнө акырети үчүн жакшы болмок. Алардын арасынан азы гана Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген динге ишеништи, көбү Аллахтын дини жана шариятынан сыртта калды

(111) Оо, ыймандуулар, алардын душмандыгы канчалык күчөбөсүн силердин диниңерге жана өзүңөргө эч зыян тийгизе албайт, болгону доомат артып, же силерди шылдыңдап тили менен зыян тийгизет. Кокус согушуп калсаңар, алдыңарга түшүп качышат, аларга эч ким эч качан жардам бербейт

(112) Яхудилер кайда барбасын кор, жер көз болуп жүрүшөт. Аллахтын же адамдардын келишимин аткарып жашашса гана тынч болушат. Алар Аллахтын каар-казабына калышты, эми алар муктаждыкта бечара өмүр сүрүшөт. Себеби алар Аллахтын аятына каапырлык кылышты, заалымдык менен пайгамбарларын өлтүрүштү, күнөөгө батып Аллах чийген чектен чыгып кетишти

(113) Китеп берилгендердин баарынын абалы окшош эмес, алардын арасында Аллахтын дининде бекем болгон тайпасы да бар. Буйругун аткарат, күнөөдөн тыйылат, Аллах үчүн намазга туруп, түнү Аллахтын аяттарын окуйт. Бул тайпа Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жиберилгенге чейин болчу. Алардын катарындагылардан пайгамбарыбыздын пайгамбарлыгына жеткени, Исламды кабыл кылды.

(114) Аллахка жана кыямат күнүнө шексиз, толук ишенишет, туура, жакшы иштерге чакырат, тыюу салынган, жаман иштерден кайтарышат. Жакшы амалдарды жасоого шашылат. ибадаттын жемишин татышат. Булар ниет жана амалы түз болгон пенделер

(115) Булар жакшы иштери азбы, көппү, анын сообу жоголбойт жана кемибейт. Буйругун аткарып, тыйганынан тыйылган такыба кишилерди Аллах жакшы билет. Алардын эмне кылып жатканынан бей капар эмес, кийин аларды ошол амалдарына жараша сыйлайт

(116) Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондорго мал-дүйнөсү, бала-чакасы эч пайда бербейт, Аллахтын азабынан арачалай албайт. Аллах аларга ырайым кылбайт, алардын азабын жана өкүнүчүн арттырат. Алар тозокто түбөлүк калуучулар

(117) Ал каапырлардын жумшаган жакшылыктары жана сообун күтүп отурган иштери, шамалга окшош; ал ызгаардуу шамал күнөөсү менен өз жандарына зыян кылган кайсы бир коомдун эгинин талкалап жок кылат. Алар болсо эгининен көп жакшылыкты үмүт кылып отурган эле. Шамал талкалап кеткенден кийин ал эгинден кыпындай да пайда көрүшпөйт. Ошол сыяктуу каапырлар да амалдарынын сообун үмүт кылышат. Аллах Таала ч кимге залым кылбайт, бирок тигилер Аллахка каапыр болуп, Анын элчисин жалганга чыгарып өздөрүнө өздөрү залым кылышты

(118) Оо, Аллахка ишенген жана Анын элчисин ээрчиген ыймандуулар, момундардан башкаларды сырдаш, акылдаш кылбагыла. Аларга өзүңөрдүн сырыңарды ачпагыла жана абалыңарды билдирбегиле. Алар силерге зыян тийгизүүдөн абалыңарды бузуудан кайра тартпайт. Силерге машакат жаратып, зыянын тийгизүүнү самашат. Алардын душмандыгы жана жек көрүүсү, диниңерди кемсинткен, сырыңарды жайылткан, ортоңорго от жаккан сөздөрүнөн билинип турат. Ал эми ичине каткан жек көрүүсү андан да жаман. Эй, момундар, эгер Жаратуучуңар түшүргөн нерсеге жакшы акыл жүгүртсөңөр, силерге дүйнө, акыретте пайдасын тийгизе турган ачык далилдерди баян кылдык.

(119) Оо, ыймандуулар, силер ал коомду жакшы көрүп, аларга жакшылык каалаганыңар менен алар силерге жакшылык каалабайт, тескерисинче, силерге жаалданат. Силер бардык китептерге анын ичинде алардын китебине да ишенесиңер. Алар болсо Аллах Таала силердин пайгамбарыңарга түшүргөн китепке ишенишпейт. Силерге жолукканда тил учунда: ыйман келтирдик дешет. Ал эми өздөрү менен өздөрү калганда силер бир ооздон ыраазы болуп, биригип алганыңарга, Исламдын ызатына, а өздөрү кор болуп калганына ичи күйүп, силерди жек көрүп манжаларын чайнашат. Эй, пайгамбар, ал коомго кайрылып: ушул ачууланган, жек көргөн абалыңарды жүрүп өтүп кеткиле, Аллах Таала көкүрөктө жашырылган ыйман жана каапырлыкты, жакшылык жана жамандыкты билип турат - деп айт.

(120) Оо, ыймандуулар, эгер душмандарыңарды жеңсеңер, же мал-мүлк, бала-чакаңар көбөйсө, алар буга кыжаалат болуп кайгырат. А эгер душманыңардан жеңилсеңер, же мал-мүлк, бала-чакаңар азайса, буга кубанышат жана силерге жаман айтат. Силер такыба болуп, алардын кылык-жоругуна сабыр кылсаңар, алардын кылганы жана куулук-шумдуктары силерге зыянын тийгизбейт. Аллах Таала алардын куулук-шумдугун билип турат жана аларды кайгырган абалда кайтарат

(121) Оо, пайгамбар, эстегин, таң эрте Мадинадан чыгып Ухудда бутпарастар менен согушуу үчүн момундарды орду-ордуна жайгаштырдың, ар бирине ордун табыштадың. Аллах силердин сөзүңөрду Угуучу, ишиңерди Билүүчү

(122) Оо, пайгамбар, эстегин, Бану Салама жана Бану Хариса урууларынан болгон момундардын эки тайпасы мунафыктар кайра тартканда, өздөрүн алсыз сезип жеңиштен үмүтү үзүлдү. Аллах Таала алардын үмүтүн жандыруу жана согушта туруктуу кылуу менен жардам берүүчү. Момундар бардык абалда Аллах Таалага гана таянып, сүйөнүшсүн

(123) Бадр согушунда да силердин саныңар, курал-жарагыңар аз болгону үчүн алсыз болуп турганыңарда бутпарастарды жеңүүңөгө Аллах Таала жардам берген. Аллахтан корккула, силерге берген жакшылыктарына шүгүр кылгыла

(124) Оо, пайгамбар, эстегин, ошондо, Бадрда бутпарастарга жардам келгенин угушканда момундарга сен дагы: Аллах Таала силерге жардам берсин деп үч миң периштени түшүргөнү жетиштүү эмеспи?! деп айттың.

(125) Эгер ушул жетиштүү болуп, согушка сабыр кылып чыдап турсаңар жана Аллахка такыба болсоңор, силерге Аллахтан дагы бир жардам болору сүйүнчүлөнөт. Душмандарыңар силерге атырылып кол салары менен каапырлардын айласын билген, ачык белгилери бар беш миң периште менен жардам берет.

(126) Аллах Таала бул жардамын жана периштелер аркылуу колдоосун силердин жүрөгүңөр тынчтансын үчүн кубанычтуу кабар кылды. Болбосо, негизи жардам мындай ачык себептер менен болбойт. Жардам чынында эч ким үстөмдүк кыла албай турган Ызаттуу, тагдыры жана шариятында Даанышман Аллахтан болот

(127) Бадрдагы силерге берилген жеңиш аркылуу Аллах Таала согушта каапырлардын бир тобун кыйратып, бир тобун ачууланган, кордолгон, үмүтсүз абалда кайтарууну каалады

(128) Ухудда кыйроого учурагандан кийин Аллахтын элчиси бутпарастардын башчыларын даабат кылганда, Аллах Таала: сенин колуңда аларды ары-бери кыла турган эч мүмкүнчүлүк жок, Аллах аларга өкүм чыгарганча сабыр кылып күтө тур. Алар же тообо кылып мусулман болушат, же каапыр боюнча кала беришет да азапка туш болот. Алар азапка татыктуу залымдар - деди.

(129) Жаратууда, башкарууда да асман-жердегинин баары Аллахтын мүлкү, пенделеринен кимди кааласа, ага ырайым кылып күнөөсүн кечирет, кимди кааласа адилдиги менен аны азаптайт. Тообо кылган пенделерине Аллах Таала ырайымдуу жана Кечиридүү

(130) Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, берген карызыңардын үстүнө үстөк пайыз алып сүткорлук кылуудан сактангыла. Мындайды исламдан мурдагы доордо кылшычу. Буйругун аткаруу жана күнөөдөн тыйылуу менен Аллахка такыба болгула. Ошондо бул дүйнөдө жана акыретте каалаган жакшылыгыңарга жетерсиңер

(131) Аллах Таала каапырларга даярдап койгон тозок менен өзүңөдүн ортоңорго тосмо койгула, бул тосмо жакшы амалдарды аткаруу, күнөөдөн тыйылуу менен болот

(132) Буйругун аткаруу жана тыйганынан тыйылуу менен Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Ошондо бул дүйнөдө дагы, акыретте дагы ырайымга ээ болорсуңар

(133) Ибадаттын түрлөрүн аткаруу менен Аллахка жакындоого, жакылыктарды жасоого шашылгыла; Аллахтын кенен кечиримине жетүүңөр үчүн жана чоңдугу асман-жердебейишке кирүүңөр үчүн, аны Аллах Таала такыба пенделерине даярдаган

(134) Чыныгы такыбалар, булар барчылыкта да, жокчулукта да Аллах жолунда садага берген, өч алууга күчү жетип туруп ачуусун жуткан, зыянын тийгизген адамдарды кечирип жиберген адамдар. Мына ушундай ахлактагы адамдарды Аллах Таала жакшы көрөт

(135) Булар кокустан чоң күнөө кылып алышса, же майда күнөөлөрдү жасаса, Аллахты эстеп, Анын күнөөкөрлөргө убада кылган азабын эстеп, такыбаларга убада кылган жыргалды эстеп, кылганына өкүнүп, дароо Аллахтан күнөөлөрүн жашырууну жана кечирүүнү суранып тобо кылышат. Анткени, күнөөнү Жалгыз Аллахтан башка ким кечирмек эле. Булар күнөө кылганын жана Аллах Таала бардык күнөөлөрдү кечирүүчү экенин билип туруп, күнөөсүн кайра-кайра уланта бербейт.

(136) Ушундай мактоого татыктуу сыпаттар менен сыпатталгандар, алардын сооп-сыйы Аллах алардын күнөөсүн жашырат жана кечирет, алар үчүн акыретте ак сарайлардын астынан дарыялары агып турган бейиш бар. Анда түбөлүк турушат. Бул Аллахка баш ийип амал кылуучуларга берилген кандай сонун нээмат

(137) Момундар Ухуд күнү башына иш түшүп сыналганда, Аллах Таала алардын көңүлүн тынчытып мындай деди: Силерден мурдагы доорлордо да каапырларды кыйраткан учурлар болгон, сыноодон кийин момундарга акыбети берилген. Жер бетин карап, Аллахка жана Анын элчисине жалганчы болгондордун абалы кандай болгонуна, жашаган жерлери аңгырап бош калып, жыйган мүлкү тыптыйпыл болуп кеткенине этибар бергиле

(138) Бул Касиеттүү Куран жалпы адамдарга чындыкты баяндоочу, жалганды эскертүүчү, туура жолго багытоочу жана такыбаларга насаатчы. Анткени, мындан пайдалануучулар туура жолго багыт алат

(139) Оо, ыймандуулар, Ухуд күнүндө болгон ишке өкүнбөгүлө жана алсырабагыла, мындай кылуу силерге ылайык эмес. Силер эгер Аллахка жана Анын ыймандууларга берген убадаларына ишенсеңер, ыйманыңар менен, Аллахтын жардамы менен жана Анын жардамын үмүт кылуу менен ар дайым жогору болосуңар

(140) Оо, ыймандуулар, Ухуд күнү силерде өлүм, жаракат көоп болсо, Бадрда каапырларга ушундай болгон. Аллах Таала мындай күндөрдү момундарга да, каапырларга да кээде кааласа жеңдирип кааласа, жеңилдирип айланта берет, муну көп сыры бар; анын бири: чыныгы ыймандууларды мунафыктардан айырмалоо, дагы бири, каалаган адамын шейиттик менен сыйлоо. Жихадды танып өзүнө-өзү залым кылгандарды Аллах Таала жакшы көрбөйт

(141) Бул сырлардын кээси, момундарды күнөөсүнөн тазалоо, алардын арасын мунафыктардан арылтуу жана каапырларды кыйратып жок кылуу

(142) Оо, ыймандуулар, силер Аллах жолунда чындап жихад кылганыңарды жана башыңарга келген балээге сабыр кылганыңарды билүү үчүн сыналбай туруп эле бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?!

(143) Оо, ыймандуулар, өлүмгө себеп болгон катуу согушка катышканга чейин, биз да Бадр согушунда шейит болгондор сыяктуу шейит болсок деп каапырлар менен бет келүүнү самабадыңар беле? Мына Ухуд күнү ошол самаганыңар болду, муну өзкөзүңөр менен көрдүңөр

(144) Мухаммад мурда жиберилип өлгөн же өлтүрүлгөн элчилер сыяктуу эле Аллахтын элчиси. Эгер ал өлсө же өлтүрүлсө силер диниңерден кайтып кетесиңерби, жихадды таштап коёсуңарбы? Дининен кайтып кеткен адам Аллах кыпындай зыянын тийгизбейт; анткени, Аллах Ызаттуу, Күчтүү. Дининен кайткан адам дүйнө жана акыретте өкүнүчкө калып, өзүнүн жанына зыян кылат. Дининде бекем, Аллах жолундагы согушта туруктуу болгону үчүн Аллах Таала шүгүр кылуучуларды чоң сыйлык менен сыйлайт.

(145) Адам качан Аллах Таала жазган күнү бүтүп ажалы жетмейинче өлбөйт, буга кошумча да кыла албайт, кемите да албайт. Ким кылган амалына дүйнө жакшылыгын кааласа, ага өлчөмдөгү жакшылк берилет, бирок акыретте ага эч нерсе берилбейт. А ким кылган амалына акырет сообун үмүт кылса, ага акыретте сообу берилет, Жаратуучусуна шүгүр кылгандарды өтө чоң сый менен сыйлайбыз

(146) Көптөгөн пайгамбарлардын сахабалары пайгамбарлары менен бирге өлүм, жаракат коштогон согуштарга катышкан. Алар душманга каршы турууда алсыздык кылган эмес, сабыр кылып, туруктуу болушкан. Аллах Таала Анын жолундагы кыйынчылыкка сабыр кылгандарды жакшы көрөт.

(147) Ал, сабырдуулар башына балээ түшкөндө: Жаратуучубуз, биздин күнөөбүздү, ишибизде чектен чыгып кеткенибизди кечир, душмандар менен бетме-бет келгенде кадамыбызды бекем кыл, сага каапыр болгон коомго каршы бизге жардам бер - деп айтышкан.

(148) Аллах Таала аларга жардам жана жеңишке мүмкүнчүлүк берүү менен сыйлады. А акыретте болсо нээматтуу бейиш, Өзүнүн ыраазылыгы сыяктуу сооп-сый тартуулайт. Ибадатында жана мамилесинде жакшы болгондорду Аллах Таала жакшы көрөт

(149) Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген момундар, эгер яхуди, христиан же бутпарас каапырларга баш ийсеңер, ыйманыңардан кийин силерди өздөрүнүн каапырлыгына тартат, анан дүйнө, акыретте өкүнүүчүлөрдөн болосуңар

(150) Ал каапырлар силер аларга баш ийсеңер да жардам бербейт. Ал эми Аллах душманыңарга каршы силерге жардам берүүчү, Ага баш ийгиле, Ал Кемчиликсиз Аллах жардам берүүчүлөрдүн эң жакшысы, Андан кийин эч кимдин жардамына муктаж болбойсуңар

(151) Каалоолорун ээрчип, эч далили жок эле Аллахка башка нерселерди шерик кылып, анан ага сыйынганы үчүн каапырлардын жүрөгүнө катуу коркунуч салабыз. Анан силер менен согушууда туруштук бере албайт. Алардын акырете тура турган жайлары тозок. Зааламдардын жайы болгон тозок кандай жаман

(152) Ухуд күнү Аллахтын уруксаты менен силер каапырларды кырып-жоюп киргениңерде, Аллах Таала силерге жеңиш берем деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Кийин силер Аллахтын элчиси силерди буйруган иште алсыздык кылып жана ордуңарда калуу же ордуңарды таштап, олжо жыюуга киришүү жөнүндө талаштыңар. Абал кандай өзгөрсө да ээлеген ордуңардан жылбагыла деген Аллахтын элчисине күнөөкөр болдуңар. Бул, силер душманыңарды жеңүүнү каалап турганыңардан кийин болду. Силердин араңардагы дүйнө олжосун каалагандар, ээлеген орундарын таштап коюшту. Ал эми акырет сообун каалагандар, Аллахтын элчисине баш ийип орундарында калышты. Андан кийин Аллах Таала силерди сыноо үчүн аларды силерге үстөм кылып койду. Башына келген балээге алы жетпей, кадамы титиреп чыныгы сабырдуу ыймандуулар ачык болду. Анан Аллах Таала пайгамбардын буйругун аткарбай койгонуңарды кечирди. Аллах Таала ыймандууларга ушундай артыкчылык кылат, аларды ыйманга баштайт, күнөөлөрүн кечирет, кыйынчылыктан чыгарат.

(153) Оо, ыймандуулар, эстегиле, Ухуд күнү согушка чыкканыңарда, Аллахтын элчиси айткан ишти кылбай кыйынчылыкка кабылып, бири-бириңе карабай качып жөнөгөнүңөрдө, Аллахтын элчиси силердин артыңарда силер менен бутпарастардын ортосунда калып, силерге: эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла! Эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла деп кыйкырып жатты. Жеңишти жана олжону өзүңөр колдон чыгарып алганынар үчүн Аллах ушинтип ыза, кыйынчылык менен жазалады. Ал аз келгенсип, араңарда пайгамбар өлтүрүлдү деген кеп тарады. Бул силер жанагы колдон чыгарган жеңиш менен олжого жана өлгөндөр менен жараткаттангандарга өкүнбөшүңөр үчүн болду. Качан Аллахтын элчиси тирүү экенин укканыңарда кайгы-капа, өкүнүчтүн баары унутулду. Аллах Таала силердин кылган ишиңерден кабардар. Жүрөктөгү ниеттер да, сырткы иш-аракеттер да Аллахка жашыруун калбайт

(154) Кыйналып-кысталып, жабыркаганыңардан соң, Аллах силерге бейпилдик берди. Аллахтын убадасына ишенген адамдарды жеңил уйку басып, жүрөктөрүнө бейпилдик орноду. Ал эми керт башынын кызыкчылыгын ойлогон мунафыктарды уйку баспады, алардын жүрөгү да эс албады. Алар тынчсызданып, коркуп, Аллах Таала элчисине элчисине да, пенделерине да жардам бербейт деп, тиги жахилият доорунда Аллахтын кадырына шек келтиришкени сыяктуу мында да жаман күмөндө болушту. Алар Аллахты жакшы тааныбаганы себептүү: бизде бул согушка чыга турчу оюбуз да жок эле, эгер оюбузга койгондо, бул жерге келбейт элек дешти. Эй, пайгамбар, аларга жооп кылып, мындай де: "Иштин баары Аллахтын колунда, Ал каалагандай тагдыр кылат, каалаган өкүмүн жүргүзөт, силердин бул жакка чыгууңарды Ал тагдыр кылган". Мунафыктар жаман, шектүү күмөн санаганы үчүн коркуп сага ачыгын айтышпайт: эгер бул жакка чыгууга биздин оюбузга койгондо согушка чыкпайт элек дешет. Эй, пайгамбар, сен алардын айтканын жокко чыгарып: "Силер эгер согуш талаасынан, андагы өлүмдөн алыс өзүңөрдүн үйүңөрдө олтурсаңар да, Аллах жазып койгон өлүм маалы келсе, өлөсүңөр. Аллах Таала муну (согушту) силердин ниет, максатыңарды текшерүү жана ыймандуу менен мунафыкты ажыратуу үчүн жазды. Аллах Таала пенденин көкүрөгүндөгү сырды Билүүчү, Ага эч нерсе жарыруун калбайт

(155) Оо, Мухаммад пайгамбардын сахабалары, Ухуд күнү бутпарастар менен мусулмандар беттешкенде силердин араңардагы артка качкандарды алардын кээ бир күнөөсү себептүү шайтан азгырды. Аллах аларды кечирди, ырайымы жана артыкчылыгы менен аларды жазалабады. Аллах Таала тобо кылуучулардын тобосун кабыл кылуучу, аларды жазалоого шашылбаган Жумшак пейил.

(156) Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, ырыскы издеп сапарга чыгып же, казатка аттанып ошондо өлгөн же өлтүрүлгөн бир туугандары тууралуу, эгер алар биздин жаныбыздан алыс чыкпаганда өлбөйт эле деп айткан мунафык каапырларга окшобогула. Аллах Таала алардын жүрөгүндөгү өкүнүч жана кайгыны көбөйтүү үчүн аларга ушундай туура эмесишенимди киргизип койгон. А чыны, Аллах Өз каалоосу менен өлтүрөт жана тирилтет. Анын тагдырындагы өлүмдү үйдө олтуруу токтотпойт, же согушка чыгуу тездетпейт. Аллах силердин кылганыңарды Көрүүчү, амалыңар Ага жашыруун эмес, ошол амалыңарга жараша сый көрөсүңөр же жазаланасыңар

(157) Оо, момундар, силер Аллах жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр, Аллах силердин күнөөңөрдү кечирет жана ырайым кылат, мына ушул бул дүйнөдөн жана анда жыйылган эртеби-кечпи жок болуучу көр оокаттан жакшы

(158) Кайсы жерде, кандай абалда өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр; баарыңар Жалгыз Аллахка кайтасыңар жана ар кимиң амалыңа жараша сый же жаза аласыңар

(159) Аллах ыроологон ырайым менен сенин мүнөзүң, эй, пайгамбар, сахабаларыңа жумшак болду. Эгер сөзүң же ишиң аларга катуу тие турган таш жүрөк болгонуңда, анда алар сенден ажырап кетишмек жана сенин укугуңду кыскартышмак. Сен эми аларга кечирим тиле, кеңешке муктаж болсоң алардын ой-пикирин сура. Кеңештен кийин оюңа бекем ишенсең, аны аткар, Аллахка тобокел кыл, чынында, Аллах Таала Ага тобокел кылгандарды жакшы көрөт, аларды ийгиликтүү кылып жардам берет

(160) Эгер Аллах силерге жардам берип, коргоосуна алса, жер бетиндегинин баары чогулса да силерге эч ким үстөмдүк кыла албайт. А эгер силерге жардам бербей өзүңөрдү таштап койсо, Аллахтан башка силерге эч ким жардам бере албайт. Жардам Жалгыз Анын колунда. Момундар бир гана Аллахка таянышсын, Андан башка эч нерсеге таянбасын

(161) Пайгамбарлардын эч кимиси олжодон өзүнө бөлүнбөгөн нерсени кыянаттык менен алган эмес. Силерден ким олжодон өзүнө тиешелүү болбогон нерсени кыянаттык менен алса, кыямат күнү ошонун жаман акыбетир тартат, катып алган нерсесин калайыктын алдын көтөрүп келет. Кийин ар бир жан кылган ишине жараша эч бир азайтпастан жазасын алат, аларга күнөөсү көбөйтүлүп, же жакшылыгы азайтылып залым кылынбайт

(162) Ыйманы жана жакшы амалы менен Аллахтын ыраазылыгын табууну көксөгөн адам менен каапыр болуп, жаман иштерди жасап, Аллахтын каар-казабына калып, барар жери тозок болгон адам Аллах Тааланын хузурунда бирдей эмес. Тозок кандай жаман жай.

(163) мындай адамдар бул дүйнөдө да, акыретте да бирдей эмес. Аллах Таала алардын эмне кылганын Көрүүчү, Ага эч нерсе купуя-сыр эмес, кийин баарын кылган амалына жараша сыйлайт же жазалайт

(164) Өздөрүнөн пайгамбар жиберип, Аллах Таала момундарга чоң жакшылык кылган. Ал пайгамбар аларга Куран окуп берет, ширк жана зыяндуу ахлактардан арылтат, Куран, сүннөттү үйрөтөт. бул пайгамбар аларга келе элегинде туура жолдон адашып, жаңылып жүрүшкөн эле.

(165) Оо, ыймандуулар, Ухудда артка качканыңарда жана араңардан бир топ адам өлтүрүлгөндө: Биз ыйман келтирген болсок, анан кантип мындай балээге кабылдык?! дедиңер. А Бадр согушунда душмандарыңар өлүп жана туткун болууда силерден эки эсе көп жапа тартышкан эле. Оо, пайгамбар, аларга: "Бул балээге өз ара талашып, Аллахтын элчисине баш ийбей койгон себептүү кабылдыңар, - деп айт. Чынында, Аллах Таала бардык ишке Кадыр; каалаганына жардам берет, каалаганын таштап коёт

(166) Ухуд күнү силер менен мушриктер жолуккандагы өлүм, жаракат жана башка кыйынчылыктар Аллахтын уруксаты жана тагдыры менен болду. Бул чыныгы момундарды ажыратуудагы Аллахтын жеткиликтүү даанышмандыгы

(167) Ошондой эле силердин араңардагы мунафыктарды ачыкка чыгаруу үчүн болду. Аларга: Аллахтын жолунда согушкула же жөн эле мусулмандардын караанын көбөйтүп биз менен чогуу чыккыла - дегенде, алар: Биз силер менен чыкмакпыз, бирок силер менен бутпарастардын ортосунда эч кандай согушту көрбөй эле турабыз - дешти. Ушинтишкен учурда алардын абалы ыймандууларга эмес, каапырларга кобүрөөк окшоп турду. Тилдери жүрөгүндө болбогон нерсени айтып жатты. Аллах Таала алар ичине жашырган нерсени билет, кийин аларды ошого жараша жазалайт

(168) Ошентип согушка чыкпай калып калгандар, Ухуд согушуна барып жапа чеккендери тууралуу: Эгер булар чыкпай койгондо минтип өлүмгө учурабайт эле - дешет. Эй, пайгамбар, алардын айтканын четке кагып: Алар бизди укканда өлбөйт эле деген сөзүңөр чындыкка жакын болсо жана согушка чыкпай үйдө отуруу адамды өлүмдөн сактап кала турган болсо, өлүм келген учурда силер өзүңөрдү өлүмдөн алып калгылачы, - деп айт

(169) Оо, пайгамбар, Аллах жолундагы жихадда шейит болгондлорду өлүк деп ойлобогула. алар Жаратуучусунун алдында кереметтүү орунда өздөрүнө гана тиешелүү жашоодо тирүү. Аллахтан башка эч ким билбеген түрдүү ырыскыларды жешет

(170) Аларды бакыт ороп, шаң курчаган, мунун баарын аларга Аллах Өзүнүн артыкчылыгы менен берген. Алар бул жакта бул дүйнөдө калган бир туугандарын күтүшөт. Эгер алар да жихадда шейит болшуса, булар сыяктуу жыргалды табышат. Аларда акырет иштеринен коркуп чочулоо болбойт, ошондой эле дүйнөдо жасаган иштерине өкүнбөйт

(171) мындан сырткары Аллах аларга даярдап койгон чоң соопторго кубанышат. Аллах Таала момундардын сообун кемитпейт, аны толук берет жана кошумча кошот

(172) Ухуд согушунда жапа чегип турганыңарда, анын артынан эле "Хамра ал-Асад" согушуна аттангыла деген Аллахтын жана Анын элчисинин буйругуна баш ийип, жаракаттарына карабай аттанып чыккандарга, алардан амалдарын жакшы аткаргандарга, Аллахтын буйругун аткарып, күнөөдөн тыйылып такыба болгондорго Аллахтын чоң сыйлыгы бар, ал - бейиш

(173) Бутпарастардан бирөөлөрү келип: Курайштар Абу Суфянды башчы кылып, көп кол топтоп, силер менен согушканы турат, - деп коркутканда, бул коркутуу ыймандуулардын Аллахка ишенимин жана Аллахтын убадасына болгон үмүтүн күчөттү. Анан: Бизге Аллах жетиштүү,Ал, ишибизди ишенип тапшыра турган эң жакшы Колдоочу - деп, согушка аттанышты

(174) Кийин алар Хамра ал-Асад казатынан эч кандай согушсуз, өлүм-жаракатсыз, бирок өтө чоң соопко ээ болуп кайтып келишти. Күнөөдөн тыйылып, ибадатын бекем карманып Аллахты ыраазы кылышты. Аллах Таала момун пенделерине өзгөчө Артыкчалуу

(175) Силерди коркуткан ал шайтан, ал силерге өзүнүн достору, жардам берүүчүлөрүн (каапырларды) айтып коркутат. Алардан коркпогула, аларда күч да, кубат да жок. Эгер Ага чындап ишенсеңер, катуу баш ийүү менен бир гана Жалгыз Аллахтан корккула.

(176) Оо, элчи, каапырлыкка шашып жаткан мунафыктар сени кайгыртпасын. Аллар Аллахка эч зыян тийгизе албайт, Аллахтан жана Анын ибадатынан алыстаганы үчүн өздөрүнө гана зыян кылышат. Алардын эки жүздүүлүгү, бекем турбаганы себептүү Аллах Таала аларга акыретте эч нерсе бербөөнү каалады. Акыретте аларга тозокто катуу азап болот

(177) ыйманды каапырлыкка алмаштырып алгандар Аллахка эч зыян тийгизе албайт, болгону өздөрүнө зыян тийгизет, акыретте аларга жан кейиткен азап бар

(178) Шариятына моюн сунбай кежирленип, Жаратуучусуна каапыр болгондор, каапырлыкта көп өмүр сүргөнү аларга жакшы деп ойлошот. Бирок, алар ойлогондой эмес, алардын өмүрү күнөөлөрүнө дагы күнөө кошулуусу үчүн узун болду, эми аларга катуу азап болот

(179) Оо, ыймандуулар, Аллах Тааланын даанышмандыгы силерди мунафыктар менен аралаш, алардын ким экенин билбеген абалда калтырып койбойт. Таза момундарды ыпылас мунафыктардан ажыратуу үчун силерди ар түрдүү кыйынчылыктар менен сынайт. Ошондой эле, Аллах Таала даанышмандыгы менен силерди кайыпты билбей турган кылып койду. Бирок, каалаган адамын пайгамбар кылып, ага кээ бир кайыпты билдирип койду. Мисалы, Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мунафыктарды билдирген сыяктуу. Эми Аллахка жана Анын элчисине ыйманыңарды бекмдегиле. Эгер Аллахка чындап ыйман келтирсеңер, Анын буйруктарын аткарып, тыюусунан тыйылып Ага такыба болгула, силерге Аллах Таала чоң сый даярдап койгон

(180) Аллах Таала артыкчылыгы менен берген нээмат-жакшылыктарга сараңдык кылып, Аллахтын акысын бербегендер, муну жакшылык кылды деп ойлобосун, тескерисинче, бул жамандык. Анткени, азыр сараңдык кылып,эч кимге бербеген нерселери кыямат күнү алардын башына азап болот, ошол нерселери аларды моюнунан кысат. Асман-жердегинин баары Жалгыз Аллахка тиешелүү эмеспи, жаратылгандын баары жок болуп кеткенде да Ал Тирүү калат. Аллах Таала силердин кылган ишиңерди ийне-жибине чейин Билүүчү, кийин ошол амалыңарга жараша сыйлайт, же жазалайт

(181) Яхудилердин: "Аллах бизден карыз талап кылат, Ал кембагал, а биз болсо мал-дүйнөбүз көп байбыз" дегенин Аллах Таала укту. Жаратуучуларына ушинтип жалаа жапкан сөздөрүн жана пайгамбарларды себепсиз өлтүргөндөрүн жазып коёбуз. Анан аларга: тозокто күйгүзүүчү азаптын даамын тарткыла дейбиз

(182) Эй, яхудилер, бул азап күнөө жана тоң моюндугуңардын себебинен болуп жатат, болбосо, Аллах Таала пенделеринин эч бирине залымдык кылбайт

(183) Бул яхудилер жалган жерден: "Аллах Таала бизге китебинде пайгамбарлардын тили менен, бул элчи качан гана өзүнүн айтканын тастыктай турган нерсени б.а. Аллахка садага кылып, анысын асмандан түшкөн от жалмап кеткенин силерге көрсөтүп бермейинче, ага ишенбегиле деп осуят кылган" деп айтышат. Ушинтип Аллахты жалганга аралаштырышат. Ошон үчүн Аллах Таала Мухаммад пайгамбарды аларга минтип айт деп буйруган: "Силерге менден мурдагы элчилер да чыныгы элчи экенине ачык-айкын далилдери менен келген, силер айтып жаткан асмандан түшкөн от садаганы жалмап кетчү курбандыкты да алар көрсөткөн, эгер азыр айтып жатканыңар чын болсо, анда эмне үчүн ошол пайгамбарларды да жалганга чыгардыңар жана өлтүрдүңөр!?"

(184) Оо, пайгамбар, сени жалганчы дешсе, кайгырба, бул каапырлардын көнүмүш адаты. Сенден мурдагы кп пайгамбар,элчилерди алар жалганга чыгарышкан. Болбосо, алар ачык-айкын далилдерди, үлгү, өрнөк ала турган китептерди туура жолго баштай турган өкүм, шариятты камтыган китепти алып келишкен.

(185) Тирүү жан канча көп жашаса да бир күнү өлүмдүн даамын татат. Дүйнөгө түркүк болуп эч ким калбайт. Кыямат күнү бул дүйнөдө аткарган иш-амалдарыңардын сооп-сыйын эч кемитилбестен аласыңар. Аллах Таала кимди тозоктон ары кылып, бейишке киргизсе; үмүт-тилек кылган жакшылыкка жетип, корккон жамандыктан кутулат. Дүйнө жашоосу түккө турбаган, арзыбаган жашоо, ага алданган адамдар гана байланып калат.

(186) Оо, ыймандуулар, милдеттүү зекет, садага берүү же жут, кыргын сыяктуу мал-келге келүүчү сыноо менен сыналасыңар.Ошондой эле, өзүңөр да шариятты так аткарганыңар же аткарбаганыңар жана башыңарга келген ар түрдүү балээлер аркылуу сыналасыңар. Китеп берилгендерден жана Аллахка шерик кошкон бутпарастардан силергежана диниңерге жалаа жапкан көп жаман сөздөрдү угасыңар. Мына ушундай оор сыноо, балээлерге сабыр кылсаңар, буйругуна аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахка такыба болсоңор, чыны бул өтө чыдамкайлыкты талап кылган жана буга шашылып жарыша турган улук иштерден.

(187) Оо, пайгамбар, эстегин, Аллах Таала китеп берилген Яхуд жана христиандардын аалымдарына Аллахтын китебин элге ачык айткыла, андагы туура жолду жана Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тууралуу кабарды жашырбагыла деп ант албады беле. Кийин аларды кээси антты бузду, ага көңүл да бурбады, чындыкты жашырып, жалганды жарыя кылды, Аллахтын ант-келишимин жарыбаган баага, мансап, мал сыяктуу нерсеге алмаштырып жиберишти.Бул кандай жаман иш.

(188) Оо, пайгамбар, жаман иштерине кубанып, жакшылык кылбаганы үчүн башкалардан мактоо угууну каалаган адамдар азаптан саламат кутулуп кетет деп ойлобо. Тескерисинче алардын орду тозок, алар анда катуу азапталат

(189) Асман, жер жана андагынын баарын жаратуу жана башкаруу Жалгыз Аллахтын Өзүнө таандык, Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү

(190) Мурда эч болбогон асман менен жердин жаратылышы, түн менен күндүн бирде узарып, бирде кыскарып ээрчишип жүрүүсү; акыл-эси жайындагы адамдарга ааламдын жаратуучусу бардыгына жана Ал ибадат кылууга ылайыктуу Жалгыз Аллах экенине ачык-айкын далил

(191) Аллах Тааланы бардык учурда, туруп баратканда да, отурганда да, жамбаштап жатканында да эстеп, зикир кылгандар жана асман-жердин жаралышына ой жүгүрткөндөр: Оо, жаратуучубуз, бул көркөм жаратылышты жөндөн-жөн эле жараткан эмессиң, жөн эле жаратып коюудан Сен Аруу-Тазасың. Жакшы амалдарды аткарууга топук бер, жаман амалдардан сакта, тозок отунан алыс кыла көр" - дешет.

(192) Оо, Жаратуучубуз, Сен пенделериңден кимди тозокко киргизсең, аны кордогонуң жана шерменде кылганың. Кыямат күнү залымдарды Аллахтын азабынан жана каарынан коргой турган эч жардамчы болбойт

(193) Жаратуучубуз, биз ыйманга чакырган пайгамбарың Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) уктук. Ал: Жаратуучуңарды сыйынууга ылайык Жалгыз Аллах деп ишенгиле - деп айтты. Биз анын айтканына ыйман келтирдик, шариятын кармандык. Биздин күнөөлөрүбүздү жашыр, ачыкка чыгарба, каталарыбызды кечир, ал үчүн жазалаба. Жакшы амалдарды кылып жаман амалдарды таштоого топук берип, жакшы адамдардын катарында жаныбызды ал

(194) Жаратуучубуз, пайгамбарыңдын тили менен убада кылган бул дүйнөдөгү жеңиш, туура жолду бере көр. Кыямат күнү тозокко киргизип шерменде кылба. Сен, оо, Жаратуучубуз, убадасын түк бузбаган берешенсиң.

(195) Жаратуучусу алардын дубасына жооп кылып мындай деди: Эркекпи, аялбы жакшы амал кылгандардын амалы мейли аз, мейли көп болсун анысынын сооп-сыйын эч кемитпей беремин. Баарыңар бир ишенимдесиңер, эркектерге кошумчаланбайт, аялдарга кемитилбейт, баарыңарга бирдей өкүм. Аллах жолунда көчүп чыккандар, каапырлар журтунан кууп чыккан адамдар, Жаратуучусуна баш ийгени себептүү ыза тарткандар, Аллах жолунда согушкандар, Аллахтын сөзү бийик болсун үчүн согушта өлтүрүлгөндөр, Кыямат күнү мына ушулардын күнөөсүн кечирем, күнөөсүүчүн жазалабайм, ак сарайлардын алдынан шылдыр суулары агып турган бейишке киргизем. Бул Аллахтын сыйлыгы, Аллахта башка эч бир окшошу жок ушундай сыйлыктар бар.

(196) Оо, пайгамбар, каапырлардын бир шаардан экинчи шаарга көчүп конуусу, шаарларды мекендеп отурукташуусу, соодасы кирешелүү, ырыскысы мол болгону сени алдабасын. Алардын ушул абалынан кыжаалат, кайгыны сезесиң.

(197) Бул дүйнөнүн мындай кызыктары өтө кыска, түбөлүк уланбайт. Кийин Кыяматта алардын барар жери тозок, тозок отунун төшөгү кандай жаман!

(198) Ал эми Жаратуучусуна такыба болуп, Анын буйругун аткарып, күнөөдөн тыйылгандарга ак сарайларынын алдынан дарыялар агып турган бейиш бар. Аллах Таала аларга убадалап, берген сыйлык ушу, анда түбөлүк турушат. Аллах Таала ыймандуу пенделерине убада кылган нерселер, каапрлар бул дүйнөдө жыргал деп эсептеген нерселерден алда канча жакшы, абзел.

(199) Китеп берилгендердин да баары окшош эмес. арасында Аллахка, силерге түшүрүлгөн Куранга жана өздөрүнүн китебинде айтылган чындыкка ишенген, Аллахтын элчилерин бири-биринен ажыратпаган, Аллахтан коркуп, кичи пейил болуп, Анын сооп-сыйына кызыккан, Аллахтын аят-сөздөрүн дүйнө үчүн арзыбаган баага сатпаган жакшылары да бар. Мындайларга Жаратуучусу үлкөн сооп-сый тартуулайт. Аллах Таала ишти өтө тез эсеп-кысап кылат жана сый же жазасын да өтө тез берет.

(200) Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, шариятты аткарууда, жашоодогу кээ бир кыйынчылыктарда сабырдуу болгула. Сабырдуулукта каапырлардан кем болбоогула, алар силерден сабырдуу болуп кетпесин. Аллах жолундагы жихадга даяр тургула. Буйруктарын аткарып, күнөөдөн тыйылып, Аллахка такыба болгула. Мына ошондо тозоктон кутулуп, бейишке кирип максатыңарга жетесиңер.