(1) Аллах топуракты сапырган шамал менен ант берди.
(2) Мол сууну көтөрүп жүргөн булуттар менен ант берди.
(3) Деңизде кыйынчылыксыз сүзүп жүргөн кемелер менен ант берди.
(4) Пенделердин иштерине байланыштуу Аллахтын буйругун бөлүштүргөн периштелер менен ант берди.
(5) Чындыгында Раббиңердин сурак, жаза жана сыйлык тууралуу силерге берген убадасы шек-күмөнсүз акыйкат.
(6) Кыямат күнү пенделердин сурагы сөзсүз болот.
(7) Аллах жолдору бар кооз жаратылган асман менен ант берди.
(8) Эй, Мекке калкы! Силердин айткан сөзүңөр бири-бирине каршы келет, кээде «Куран сыйкыр» дейсиңер, кээде аны «поэзия» дейсиңер, кээде «Мухаммад сыйкырчы» дейсиңер, кээде аны акын дейсиңер.
(9) Куранга жана пайгамбарга ыйман келтирүүдөн бурулган адам Аллахтын илиминде да андан бурулган. Анткени Ал анын ыйман келтирбесин билген. Ошондуктан ага туура жолго түшүүгө ийгилик берген жок.
(10) Куран жана пайгамбар тууралуу ар кандай сөздөрдү айткан жалганчыларга каргыш болсун!
(11) Алар акырет жайы тууралуу бейкапар наадандыкта, ага көңүл да бурушпайт.
(12) Алар: «Жаза жана сыйлык күн качан?» – деп сурашат. Бирок ал үчүн эч кандай аракет деле кылышпайт.
(13) Аллах алардын суроосуна жооп кылып айтты: «Алар тозокто азапталган күн».
(14) Аларга: «Азабыңарды тарткыла! Силерге эскертилген кезде аны эртелет деп шылдыңдап сураганыңар – мына ушул» – деп айтылат.
(15) Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор кыямат күнү бакчаларда жана агып туруучу булактарда болушат.
(16) Алар Раббиси берген улуу сыйлыкты алышат. Анткени алар бул улуу сыйлыкка чейин дүйнөдө жакшылыктарды кылгандар эле.
(17) Алар түндөсү намаз окуп, аз гана убакыт укташат эле.
(18) Ал эми таң заарларда күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим сурашат эле.
(19) Алар сурап келген адамга жана кандайдыр бир себептертен улам ырыскысынан куру калса да сурай албаган адамдарга мал-мүлкүнөн ыктыярдуу түрдө алардын акысын берчи.
(20) Жерде жана Аллах ага жайгаштырган тоолордо, деңиздерде, дарыяларда, бак-дарактарда, өсүмдүктөрдө жана жаныбарларда Аллах келбет Берүүчү, Жаратуучу деп терең ишенгендер үчүн Анын кудуреттүүлүгүнө белгилер бар.
(21) Оо, адамдар! Өзүңөрдө да Аллахтын кудуреттүүлүгүнө белгилер бар. Сабак алыш үчүн назар салбайсыңарбы?
(22) Асманда силердин дүйнөгө жана динге байланыштуу ырыскыңар бар жана силерге убада кылынган жакшылыктар же жамандыктар бар.
(23) Асман менен жердин Раббисине ант! Чындыгында кайра тирилүү силердин сүйлөп жатканыңардай эле шек-күмөнсүз акыйкат.
(24) О, пайгамбар! Сага Ибрахимге сыйлуу конок болуп келген периштелер тууралуу кабар берилдиби?
(25) Качан алар анын үстүнө киршкенде: «Салам» – дешти. Ибрахим аларга: «Салам» – алик алып, ичинен: «Булар бейтааныш адамдар го» – деди.
(26) Ал үй-бүлөсүнө жашыруун барып, ал жактан толук семиз музоону алып келди. Ал аларды адамзат деп ойлогон.
(27) Анан музоону аларга жакындатып, жумшактык менен кайрылып: «Алдыңарга коюлган тамактаң жебейсиңерби?» – деди.
(28) Алардын жебегенин көргөндө ичинен коркуп кетти. Алар аны сезип, анын көңүлүн тынчтантып: «Коркпо! Биз Аллахтын алдынан келген элчилербиз» – дешти. Жана ага көптөгөн илимге ээ болгон перзенттүү балалуу болорун сүйүнчүлөштү. Ал сүйүнчүлөнгөн бала Исхак болчу.
(29) Качан анын аялы сүйүнчүнү укканда кубанганынан кыйкырып келип, өзүн жүзүнө чапкылап, таң калган абалда: «Кемпир дагы төрөйбү?» – деди. Ал буга чейин төрөгөн эмес эле.
(30) Ага периштелер айтышты: «Биз сага айткан кабарды Раббиң Өзү айтты. Ал эмнени айтса, аны эч ким кайтара албайт. Чындыгында Ал жаратуусунда жана тагдыр кылуусунда Даанышман, пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү».
(31) Ибрахим алайхи салам периштелерге: силерге эмне болду? эмнени максат кылып жатасыңар - деди.
(32) Периштелер ага жооп кылып айтышты: бизди Аллах ыплас күнөөлөрдү аткарган күнөөкөр коомго жиберди.
(33) Алардын үстүнө катуу чопо-таштарды жаадырыш үчүн
(34) Оо, Ибрахим ал сенин Раббыңдын алдында Аллахтын чегинен ашып, каапырлык жана күнөө иштерге чуңкуп киргендерге белгиленип коюлган.
(35) Лут коому (жашаган) айылдагы ыймандууларды күнөөкөрлөргө жеткен азап жетпеши үчүн чыгардык.
(36) Алардын айлында бир үйдөн башка мусулмандарды таппадык. Алар Лут алайхи саламдын үй-бүлөсү эле.
(37) Луттун коому (жашаган) айылга түшкөн жан чыдагыс азаптан коркуп, үлгү алып, андан кутулуу үчүн ал жолго барбай тургандарга далил боло турган белгилерди калтырдык.
(38) Мусаны Фараонго ачык далилдер менен жибергенибизде да жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн белгилер бар.
(39) Фараон кубатына жана аскерлерине ишенип, акыйкаттан жүз бурду да Муса алайхи салам жөнүндө мындай деди: ал адамдарды сыйкырлаган сыйкырчы жана тушүнүксүз сөздөрдү сүйлөгөн жинди.
(40) Аны, аскерлерин баарын азаптап деңизге таштадык. Алар чөгүп өлүштү. Фараон (элчини) жалганга чыгарып, Кудайлыкты даава кылып айыпталуучу иш кылды.
(41) Худ коому Аадка түшкөн жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн үлгү (сабак) бар. Биз аларга жамгыр көтөрбөгөн, дарак чаңдаштырбаган берекесиз шамал жибергенбиз.
(42) Эч бир жанды да малды да андан башкасын да калтырбай, баарын талкалап, чирип майдаланган (сөөк) сыяктуу кылып койду.
(43) Салих алайхи саламдын коому Самудка (бул дүйнө) жашооңорду ажалыңар келгенче пайдаланып калгыла деп айтылганда түшкөн жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн үлгү (сабак) бар.
(44) Раббыларынын ыйман келтирип, баш ийгиле деген буйругуна текеберденип каршы чыгышты. Ошондо аларды ач айкырык азабы кармады. Алар анын түшөөрүн күтүп турушкан эле. Анткени, (ал азап) аларга үч күн мурда убада кылынган эле.
(45) Өздөрүнө түшкөн азапты кетире алышпады. Андан коргоно турган күчтөрү деле жок эле.
(46) Чынында алардан (Аад, Самуд жана Фараондон) мурда Нух коомун да чөктүрүп жок кылганбыз. Алар Аллахка баш ийбей, жазага татыктуу болушкан.
(47) Биз асманды мыктылап, бекемдеп курдук жана анын айланасын кеңейте беребиз.
(48) Жерди анын бетинде жашагандарга төшөк сымал тегиз кылып даярдадык. Биз кандай жакшы даярдоочубуз, себеби аны аларга тегиз кылып даярдадык.
(49) Аллахтын жалгыздыгын жана кудуретин эскерүүңөр үчүн эркек-ургаачы, асман-жер, кургактык-деңиз сыяктуу ар бир нерсени жубу менен жараттык.
(50) Аллахка күнөөкөр болбой, Ага баш ийип, Анын жазасынан сообуна качкыла (шашылгыла). Оо, адамдар! Мен силерге Анын жазасынан ачык эскертүүчүмүн.
(51) Аллах менен бирге (өзүңөргө) андан башка сыйынган кудай кылып албагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!
(52) Меккеликтер (пайгамбарды) жалганга чыгарган сыяктуу мурдакы коомдор деле жалганга чыгарышкан. Аллах тарбынан кандай элчи келсе да, «ал жалганчы» же «жинди» - деп айтышкан.
(53) Мурдакы жана кийинки каапырлар элчилерди жалганга чыгарууга бири-бирине осуят кылышты беле?! Жок, алардын баары (каапырлыкта) чектеринен ашкан элдер.
(54) Оо, элчи! Ал жалганга чыгаргандардан жүз бургун. Ага сен айыптуу эмессиң. Чынында сен аларга жиберилген нерсени жеткирдиң.
(55) Алардан жүз бурууң аларга насаат кылып, эскертүүдөн тосуп койбосун. Аларга насаат айтып, эскерткин! Анткени, эскертүү Аллахка ыйман келтиргендерге пайда берет.
(56) Жин менен инсанды жалгыз Мага гана ибадат кылуулары үчүн жараттым. Мага шерик кошуулары үчүн жаратпадым.
(57) Алардан ырыскы да Мени тамактандырууларын да каалабаймын.
(58) Чынында, Аллах пенделерине ырыскы берүүчү, жаралгандын баары Анын ырыскысына муктаж. Ал эч ким жана эч нерсе үстөм боло албаган бекем кубат ээси. Жин жана инсандардын баары Анын кубатына баш ийишет.
(59) Оо, элчи, сени жалганчыга чыгарып, өз жандарына зулумдук кылгандарга өздөрүнөн мурдакы шериктеринин үлүшүндөй азаптан болгон үлүштөрү бар. Анын белгиленген убактысы бар. Убактысы келмейинче аны Менден эртелетүүнү талап кылышпасын!
(60) Аллахка каапыр болуп, элчилерин жалганга чыгарган адамдарга аларга азап түшүүсү убада кылынган Кыямат Күндө өлүм, зыянга учуроо болсун!