(1) Таа-хаа. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
(2) Оо, пайгамбар! Биз сага бул Куранды коомуңдун сага ыйман келтирбей баш тартканына кейип өз жаныңды кыйнаш үчүн түшүргөн жокпуз.
(3) Биз аны Аллахтан корккон адамдарга эскертме катары түшүрдүк.
(4) Аны Жерди жараткан жана бийик асмандарды жараткан Аллах түшүрдү. Ал – ыйык Куран. Анткени ал Улуу Зат тараптан түшкөн.
(5) Ал Ырайымдуу, Өзүнүн улуктугуна ылайык деңгээлде Аршка көтөрүлдү жана бийиктеди.
(6) Жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда Асмандардагы, Жердеги жана топурак астындагы бардык жаратылгандар жалгыз Ага гана таандык.
(7) Оо, пайгамбар! Сен үнүндү чыгарып же шыбырап сүйлөсөң да Аллах анын баарын билет. Ал сырларды жана андан да жашыруун болгон ичтеги ойлорду билет. Бул нерселердин эч бири Ага жашыруун эмес.
(8) Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын Өзүнө гана кемчиликсиз эң көркөм ысымдар таандык.
(9) Оо, пайгамбар! Сага Имрандын уулу Мусанын кабары келди.
(10) Ал жолдо баратып бир маалда отту көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде туруп тургула! Мен от көрдүм. Мүмкүн барып чок алып келермин же жолду көргөзгөн бирөө-жарымды табармын» – деди.
(11) Ал отко жакын келгенде Аллах таала: «Оо, Муса!» – деп чакырды.
(12) «Мен сенин Раббиңмин! Мени менен сырдашып сүйлөшүү үчүн бут кийимиңди чеч! Чындыгында сен ыйык Тува өрөөнүндөсүң.
(13) Оо, Муса! Менин буйруктарымды жеткириш үчүн Биз сени тандадык. Эми Мен сага вахий кылган нерселерге кулак сал.
(14) «Албетте Мен Аллахмын! Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мага гана сыйын жана Мени эстөө үчүн намазды толук аткар!
(15) Ар бир жан кылган жакшы-жаман иштеринин сыйлык-жазасын алыш үчүн кыямат кайым сөзсүз келет жана болот. Мен анын убактысын жашырып койгом, аны эч бир макулук билбейт. Бирок пайгамбар айткан анын белгилерин билишет.
(16) Сени ага ишенүүдөн жана жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүүдөн ага ишенбеген жана напсилери каалаган арам нерселерди ээрчиген каапырлар сени тосуп коюшпасын! Болбосо ал себептүү сен кыйроого учурайсың.
(17) Оо, Муса! Оң колуңдагы эмне?».
(18) Муса айтты: «Бул менин таягым. Басканда таянамын жана койлорума жалбырак күүп беремин. Мындан башка да пайдалары көп».
(19) Аллах айтты: «Оо, Муса! Аны жерге ташта!».
(20) Муса аны таштады эле, ал сойлогон чоң жыланга айланды.
(21) Аллах Мусага айтты: «Таякты кайра ал! Анын жыланга айланганынан коркпо! Сен аны колуңа алганда Биз аны баштапкы абалына келтирип коёбуз».
(22) Жана колуңду колтугуңа сал, ал ала оору эмес аппак нурдуу болуп чыгат. Бул сенин экинчи керемет белгиң болот.
(23) Оо, Муса! Биз кудуретибизди жана сен Аллах тараптан жиберилген элчи экендигиңди билдирген улуу керемет-белгилерибизди көргөзүш үчүн Биз сага ушул эки белгини көргөздүк.
(24) Оо, Муса! Фараонго бар! Чындыгында ал каапырлыкта жана баш ийбестикте чектен чыгып кетти.
(25) Муса айтты: «Раббим! Ызаларга чыдаш үчүн, менин көкүрөгүмдү кенен кыл!
(26) Иштеримди жеңил кыл!
(27) Чечендик менен таза сүйлөөгө жөндөм бер!
(28) Сенин буйруктарыңды жеткиргенде сөздөрүмдү түшүнүүлөрү үчүн.
(29) Мага өз үй-бүлөмдөн иштериме жардам кылган жардамчы бер!
(30) Имрандын уулу Харун бир тууганымды.
(31) Ал себептүү белимди кубаттуу кыл.
(32) Аны пайгамбарчылыкта мени менен шерик кыл!
(33) Сени көп-көп аруулашыбыз үчүн.
(34) Жана Сени көп-көп зикир кылышыбыз үчүн.
(35) Чындыгында Сен бизди көрүп турасың. Биздин ишибиздин эч бири Сага жашыруун эмес».
(36) Аллах айтты: «Оо, Муса! Биз сага сураганыңдын баарын бердик».
(37) Биз сага мындан башка дагы жакшылыктарды кылганбыз.
(38) Ошондо Биз Фараондун айла-амалынан сени сактаган нерселерди апаңдын көңүлүнө илхам кылдык.
(39) Биз ага илхам кылган кезде ага буйрудук: «Ал төрөлгөндөн кийин аны сандыкка салып, аны дарыяга ташта. Кийин дарыя Биздин буйругубуз менен аны жээкке алып чыгат. Ошондо аны Менин жана анын душманы болгон Фараон таап алат». Мен сага Өзүм тараптан сүйүү тартууладым. Ошол себептен сени адамдар жакшы көрөт жана сен Биздин көз алдыбызда, коргообузда жана камкордугубузда тарбияланасың.
(40) Ошондо эжең чыгып сандыктын артынан калбай ээрчип, аны алган адамдарга: «Силерге муну бага турган, эмизип тарбиялай турган адамды көргөзөйүнбү?» — деп жатты. Апаң кайгыдан арылып, кубануусу үчүн сени ага кайтарып, Биз сага жакшылык кылдык. Кийин бир коптту бир уруп өлтүрүп койдуң. Ошондо Биз сени жазадан куткарып калдык. Сен туш болгон бардык сыноолордон сени куткардык. Анан ал жактан кетип, Мадиян элинде бир нече жыл туруп калдың. Эй, Муса! Андан соң сени менен сүйлөшүү белгиленген убакытта бул жакка келдиң.
(41) Мен сага вахий кылган нерсени адамдарга жеткириш үчүн сени пайгамбар кылып тандадык.
(42) Оо, Муса! Бир тууганың Харун экөөңөр Аллахтын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерибиз менен баргыла! Мага (динге) чакырууда жана Мени эскерүүдө алсыздык кылбагыла!
(43) Фараонго баргыла! Чындыгында ал каапырлыкта жана баш ийбестикте чектен чыгып кетти.
(44) Ага орой мамиле кылбай, сылык-сыпаа сөз айткыла! Балким ал эсине келип, Аллахтан коркуп тообо кылар.
(45) Муса менен Харун (аларга Аллахтын саламаттыгы, тынтыгы болсун) айтты: «Чындыгында биз ага толук үгүт кыла электе эле жазалап баштоосунан же бизди өлтүрүп чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз».
(46) Аллах аларга айтты: «Коркпогула! Мен силерди колдоп жана кубаттап силер менен бирге болом. Аны менен ортоңордо болгон нерсени угуп, көрүп турам».
(47) Ага баргыла да: «Эй, Фараон! Чындыгында биз Раббиңдин элчилерибиз. Исраил урпактарын биз менен коё бер. Алардын балдарын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырып, аларды азаптаба. Биз сага Раббиң тараптан чынчыл экенибизди билдирген далилдер менен келдик. Ыйман келтиргендерге жана Аллахтын туура жолуна ээрчигендерге Аллахтын азабынан кутулуу болот!» – деп айткыла.
(48) Чындыгында Аллах бизге вахий кылды: «Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги азап — Аллахтын аяттарын жалганга чыгаргандарга жана пайгамбарлар алып келген нерселерден баш тарткандарга берилет».
(49) Фараон алар алып келген нерсени четке кагып: «Эй, Муса! Силерди мага жиберди деп ойлоп жаткан Раббиңер ким?» – деп айтты.
(50) Муса айтты: «Биздин Раббибиз бардык нерселерге өзүнө ылайык келбет-шекил берген жана бардык жаратылган нерселерди түпкү жаралган максаттарына багыттаган Зат».
(51) Фараон айтты: «Каапырлыкта болгон мурунку элдерге эмне болгонун билесиңби?».
(52) Муса Фараонго айтты: «Ал элдерге эмне болгондугунун илими Раббимдин алдындагы сакталган тагдыр китепте. Раббим ал тууралуу илимде адашкан эмес, эч нерсесин унуткан да эмес».
(53) Ал Раббим силерге жерди жашоого ыңгайлуу кылып жайып берди, анда басууга ылайыктуу жолдорду кылып берди жана асмандан жамгыр суусун түшүрдү. Кийин ал суу менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгарды.
(54) Оо, адамдар! Биз силерге чыгарган адал нерселерден жегиле жана мал-чарбаңарды баккыла! Чындыгында бул айтылган жакшылыктарда акыл ээлери үчүн Аллахтын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар.
(55) Биз түпкү атаңар Адамды (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) жер топурагынан жараттык. Эгер өлсөңөр, анда силерди көмүп кайра ага кайтарабыз. Кийин кыямат күнү тирилтүү үчүн силерди андан кайра чыгарабыз.
(56) Биз Фараонго тогуз аят-белгилерибиздин баарын көрсөттүк. Ал аларды көрүп туруп жалганга чыгарды жана Аллахка ыйман келтирүүгө жооп берүүдөн баш тартты.
(57) Фараон айтты: «Эй, Муса! Сен сыйкырың менен бизди Мисирден чыгарып, андагы мүлккө ээ болоюн деп келдиңби?».
(58) Оо, Муса! Албетте биз дагы сенин сыйкырыңа окшогон сыйкырды алып келе алабыз. Сен ортобузда бир убакытты белгиле жана белгилүү бир жерди айт. Ал жер биз дагы сен дагы калбай бара тургандай эки тараптын ортосундагы жер болсун.
(59) Муса (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) Фараонго айтты: «Ортобуздагы убадалашкан убакыт майрам күн болсун. Анткени түш убака жакын адамдар майрамдаш үчүн чогулушат».
(60) Фараон артка бурулган бойдон кетти. Барып айла-амалкерлерин топтоп, кийин белгиленген убакытта убадалашкан жерге жеңишке жетем деп келди.
(61) Муса Фараондун сыйкырчыларына насаат кылып айтты: «Сак болгула! Адамдарды сыйкырлык менен алдап Аллахка жалган жалаа жаппагыла! Ал силерге Өз азабын жөнөтүп, түп-тамырыңар менен жок кылып коёт. Аллахка жалган жалаа жапкандар сөзсүз зыянга учурайт».
(62) Сыйкырчылар Мусанын сөзүн укканда талашка түшүп калышты жана өз ара шыбырашып сүйлөшө башташты.
(63) Кээ бир сыйкырчылар башкаларына шыбырап: «Чындыгында Муса менен Харун сыйкырчы. Алар сыйкырлары менен силерди Мисирден чыгарууну жана силердин жашооңордо тутунган бийик жолуңарды жок кылууну каалап жатышат.
(64) Ишиңерге бекем болгула, талашып тартышпагыла, сапка тизилип алдыга баскыла, колуңардагы нерселерди баарыңар чогуу таштагыла! Бүгүн ким атаандашын жеңсе, анда ал көздөгөнүнө жетти».
(65) Сыйкырчылар Мусага айтышты: «Эй, Муса! Экөөнүн бирөөсүн танда, сыйкыр көрсөтүүнү сен биринчи баштайсыңбы же биз биринчи баштайлыбы?».
(66) Муса: «Жок, силер биринчи таштагыла!» – деди. Алар өздөрүндөгү нерселерди ташташканда, алардын таштаган аркандары жана таяктары сыйкырдан улам Мусага бат сойлогон жыландардай элес болуп көрүндү.
(67) Муса алардын бул кылгандарынан сестенип кеткенин ичине жашырды.
(68) Аллах Мусанын көңүлүн тынчтандырып мындай деди: «Сага элес болуп көрүнгөн нерселерден коркпо! Оо, Муса! Чындыгында сен жеңиш жана колдоо менен алардан бийиксиң».
(69) Оң колуңдагы аса таякты ташта, ал жыланга айланып, алардын кылган сыйкырларын жутуп коёт. Алардын кылгандары сыйкырлуу айла-амалдан башка эч нерсе эмес. Сыйкырчы кайда болсо дагы максатына жетпейт.
(70) Муса аса таягын таштаганда ал жыланга айланып, сыйкырчылардын кылгандарын жутуп койду. Ошондо сыйкырчылар Мусанын кылганы сыйкыр эмес экендигин жана бул Аллах тараптан гана болгондугун билишип Аллахка сажда кылышты. Алар: «Биз Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик. Ал бардык жаратылыштын Раббиси» – дешти.
(71) Сыйкырчылардын ыйман келтиргендерин Фараон четке кагып, азап менен коркутуп: «Мен силерге уруксат бере электе эле Мусага ыйман келтирдиңерби?! Эй, сыйкырчылар! Көрсө, Муса силерге сыйкырды үйрөткөн башчыңар турбайбы?! Эми мен ар бириңердин колу-бутуңарды кайчылаштырып кесип, тирүүлөй курма дарагына асамын. Бул кылганыңар башкаларга сабак болот! Ошондо кимибиздин азабыбыз оор жана узак экенин анык билесиңер, менинби же Мусанын Раббисининби?!» – деди.
(72) Сыйкырчылар Фараонго айтышты: «Эй, Фараон! Сага ээрчүүнү, бизге келген аят-белгилерге ээрчүүдөн жогору коё албайбыз жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору коё албайбыз. Бизге эмне кылам десең ошону кыла бер! Сен бизге бул убактылуу дүйнөдө гана бийлик кыла аласың, жакында сенин да бийгилиң бүтөт.
(73) Чындыгында биз Раббибизге ыйман келтирдик. Эми Андан каапырлык сыяктуу мурунку күнөөлөрүбүздү кечиришин жана сен бизди үйрөнүүгө, кылууга жана аны менен Мусаны жеңүүгө мажбурлаган сыйкырдын күнөөсүн кечиришин үмүт кылабыз. Аллахтын сыйлыгы сен бизге убада кылган нерсеңден да жакшы жана Анын жазасы сен бизди коркутуп жаткан азабыңдан да узак».
(74) Чындыгында кыямат күнү Раббисине каапыр болуп келген адамдын акыбети ал түбөлүк кала турган тозок оту болот. Ал жактын азабынан кутулбастыгы үчүн ал өлбөйт жана жакшы жашоодо да жашабайт.
(75) Ал эми кыямат күнү Раббисине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып келгендерге, мына ушундай улуу сыпаттарга ээ болгондорго бийик даражалар жана жогорку орундар бар.
(76) Бул даражалар – түбөлүк бейиштер. Андагы хансарайлардын алдыларынан дарыялар агып турат, алар анда түбөлүк калышат. Бул айтылган сыйлык – каапырлыктан жана күнөөлөрдөн таза болгон адамдардын сыйлыгы.
(77) Биз Мусага вахий кылдык: «Менин пенделерим менен эч кимге билинбей аманчылыкта Мисирден түндөп жолго чык жана деңизди таягың менен уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. Фараон жана анын жан-жөкөрлөрү силерге жетип алат деп кооптонбо жана деңизге чөгүп кетүүдөн да коркпо!».
(78) Фараон аскерлери менен бирге алардын артынан түштү. Ошондо деңиз аны жана аскерлерин чөктүрдү. Алардын кандай чөккөндөрүн Аллах гана билет. Алардын баары чөгүп жок болушту. Муса жана аны менен болгондор гана аман калышты.
(79) Фараон каапырлыкты элине кооз көргөзүп аларды адаштырды, жалгандык менен алдады жана аларды туура жолго баштаган жок.
(80) Биз Исраил урпактарын Фараон менен анын аскерлеринен куткаргандан кийин аларга айттык: «Эй, Исраил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Тур тоосунун жанында жайгашкан өрөөндүн оң тарабында Муса менен сүйлөшүүнү силерге убада кылдык. Биз силерге чөлдө бал сыяктуу шириндиктерди жана бөдөнөгө окшогон эти даамдуу кичине куштарды түшүрдүк».
(81) Биз силерге ырыскы кылып берген адал тамак-аштарды жегиле! Бирок Биз адал кылганды таштап арам кылган нерселерге өтүп кетпегиле! Болбосо силерге Менин каарым түшөт. Кимге Менин каарым түшсө, анда ал кыйрап жок болот жана эки дүйнөдө бактысыз болот.
(82) Чындыгында Мага тообо кылып, ыйман келтиргендерге жана жакшылык иштерди кылып, туура жолго түшкөндөргө Мен Кечиримдүүмүн.
(83) Оо, Муса! Эмнеге элиңден шашылып, аларды артка калтырган бойдон алдыга озуп кеттиң?
(84) Муса айтты: «Мына алар артымда келе жатышат, жетейин деп калышты. Сени ыраазы кылыш үчүн Сага шашылып элимден алдыга озуп кеттим».
(85) Аллах айтты: «Сен артта калтырып кеткен элиңди Биз торпокко сыйынабы деп сынадык. Аларды ага сыйынууга Самирий чакырды. Ал аны менен аларды адаштырды».
(86) Муса кайтып келгенче эли музоого сыйынып кеткен эле. Аларды көрүп ачууланып, алардын кылганына кайгырып мындай деди: «Эй, элим! Аллах силерге Тооратты түшүрөм, бейишке киргизем деп жакшынакай убада берген эле го?! Же убакыт ошончолук созулуп, унутуп калдыңарбы? Же бул кылганыңар себептүү силерге Раббиңердин каары түшүшүн, азабы келишин кааладыңарбы? Ошон үчүн мен силерге кайтып келгенче моюн сунууда бекем болобуз деген убадаңарды буздуңарбы?!».
(87) Мусага эли айтты: «Эй, Муса! Биз сага берген убаданы өз ыктыярыбыз менен бузган жокпуз. Аргасыздан буздук. Биз Фараондун коомуна тийиштүү көптөгөн зер буюмдарды көтөрө чыккан элек. Кийин андан кутулуш үчүн аны бир чуңкурга таштадык. Биз чуңкурга ыргыткан сыяктуу эле Самирий да өзүндөгү Жебрейилдин атынын туягы баскан топуракты кошо ыргытты.
(88) Самирий ал зергер буюмдардан Исраил урпактарына жансыз музоонун сөлөкөтүн жасап берди. Андан уйдун мөөрөгөнүндөй үн чыгат эле. Самирийдин кылган ишине азгырылгандар айтышты: «Мына ушул силердин жана Мусанын кудайы. Ал аны ушул жерге унутуп таштап кетиптир».
(89) Мына ошол музоого азгырылып сыйынып кеткендер, ал музоо аларга сүйлөй албаганын, жооп кайтара албаганын, алардан жана башкалардан зыянды кетире албаганын, өзүнө жана башкаларга пайда бере албаганын көрбөй жатышабы?!
(90) Муса аларга кайтып келгенге чейин Харун аларга айткан: «Алтындан куюлган музоонун сөлөкөтү жана андан мөөрөгөн үндүн угулганы — силердин ыймандууңарды каапырларыңардан айырмалаш үчүн гана болгон сыноо. Эй, элим! Чындыгында Раббиңер — ырайымдуулук Ээси. Ал силерге ар кандай пайда келтире алуучу, зыяндан коргоочу Зат. Андыктан жалгыз Ага сыйынууда мени ээрчигиле, буйругума баш ийип, Андан башкага сыйынганды токтоткула!».
(91) Музоого сыйынып азгырылып кеткендер айтышты: «Муса бизге кайтып келгенге чейин биз ага сыйына беребиз».
(92) Муса бир тууганы Харунга айтты: «Алардын Аллахтан башка музоого сыйынып адашкандарын көргөн кезде аларды кайтаруудан сени эмне токтотту.
(93) Эмнеге аларды таштап мага келген жоксуң? Мен сени аларга башчы кылып дайындап кеткенимде менин буйругума каршы чыктыңбы?».
(94) Муса бир тууганы Харундун кылганына кыжырланып анын сакалынан жана чачынан тартканда ал мага ырайым кыл дегендей: «Сакалымдан, чачымдан тартпачы. Чындыгында менин алар менен калганымдын себеби бар. Эгерде мен аларды өздөрүн эле таштап койчу болсом, алар бөлүнүп, чачырап кетишеби деп корктум. Ошондо сен мага аларды бөлдүң жана алар тууралуу мага айткан осуятыңды аткарбай койдуң демексиң».
(95) Муса Самирийге айтты: «Эй, Самирий! Бул эмне кылганың? Муну кылышыңа эмне түрткү берди?».
(96) Самирий Мусага айтты: «Мен алар көрбөгөн нерсени көрдүм. Мен Жебреилди ат үстүндө баратканын көрүп, анын аты баскан жерден бир ууч топурак алгам. Кийин аны зергер буюмдардан эритилип куюлган музоонун сөлөкөтүнө чачтым эле, ал музоонун сөлөкөтүнөн мөөрөгөн үн чыкты. Напсим дагы кылган ишимди кооз кылып көргөздү».
(97) Муса Самирийге айтты: «Кеткин! Эми сен өмүрүң өткүчө «мага тийбегилечи, мен да тийбейм» деп кордукта жашап өтөсүң. Кыямат күнү сурак берип жана жазаланарыңа убада бар. Аллах бул убаданы эч качан бузбайт. Сен Аллахтан башка кудай деп сыйынып жаткан музооңду карачы? Биз аны ээригенче отко күйгүзөбүз. Анан эч нерсесин калтырбай деңизге чачып салабыз».
(98) Эй, адамдар! Аллах гана силердин чыныгы кудайыңар. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтып алган. Жана Ага эч бир нерсенин илими жашыруун эмес.
(99) Оо, пайгамбар! Сенин көңүлүңдү көтөрүш үчүн Биз сага Муса менен Фараондун жана алардын коомдорунун окуясын айтып бергенибиз сыяктуу сага мурунку пайгамбарлар менен коомдордун кабарларын да айтып беребиз. Биз сага адамдарды эскертиш үчүн Өз алдыбыздан Куранды бердик.
(100) Ким сага түшкөн бул Курандан жүз бурса, ага ыйман келтирбесе жана андагы айтылгандарды аткарбаса, анда ал кыямат күнү оор күнөөлөрдү көтөргөн жана кыйноочу азапка татыктуу болгон абалда келет.
(101) Алар ал азапта түбөлүк болушат. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман!
(102) Ал күнү кайра тирилтүү үчүн периште сур кернейин экинчи жолу тартат. Биз ошол күнү каапырлар акырет коркунучтарынын катаалдыгын көрүшкөндө өңдөрү жана көздөрү өзгөргөнүнөн көкмөк болуп калган кейипте чогултабыз.
(103) Алар бири-бирине шыбырап айтышат: «Силер өлгөндөн кийинки абалда он күндөй эле турдуңар окшойт».
(104) Биз алардын сыр кылып сүйлөшүп жаткандарын жакшы билебиз. Алардын эч бири бизге жашыруун эмес. Ошондо алардын акылдуурагы: «Силер өлгөндөн кийинки абалда бир эле күн турдуңар» – дейт.
(105) Оо, пайгамбар! Алар сенден кыяматта тоолор кандай абалда болорун сурашат. Аларга айт: «Раббим тоолорду түбүнөн жулат жана аларды чаңдай сапырат.
(106) Ал эми аларды көтөргөн Жерди эч кандай курулуштары жана өсүмдүктөрү жок тептегиз кылып таштайбыз.
(107) Эй, назар салуучу! Сен жердин ушунчалык тегиздигинен андан эч кандай ийриликти, бийиктикти жана ойдуңду көрбөйсүң.
(108) Ошол күнү адамдар сурак майданын көздөй жарчынын үнүн ээрчип жөнөшөт. Аны ээрчүүдөн аларды эч ким бурбайт. Ырайымдуунун урматы үчүн коркунучтан эч кандай үндөр чыкпай калат. Ал күнү шыбыраган үндөр гана угулат.
(109) Ал улуу күндө Аллах шапаат кылууга уруксат бергендерге гана жана шапаат кылууда, сөзүнө ыраазы болгондорго гана шапаат берилип, ал шапаат ошолорго гана пайда берет.
(110) Аллах кыяматтын качан болору сыяктуу адамдардын келечек иштерин да, алардын өтүп кеткен дүйнө иштерин да билет. Бардык пенделердин илими Аллахтын затын жана сыпаттарын камтый албайт.
(111) Пенделердин жүздөрү эч качан өлбөгөн түбөлүк Тирүүгө жана пенделердин иштерин башкарып Туруучуга баш ийишет. Өзүн-өзү кыйроого туш кылып күнөөлөрдү көтөргөн адам кыйрады.
(112) Ким Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган болсо, анда ал сыйлыгын толук алат. Ал өзү кылбаган күнөөсү үчүн азапталып же кылган жакшылык иштеринин сообу кемитилип зулумдук кылынат деп коркпойт.
(113) Биз абалкылардын окуяларын түшүргөн сыяктуу бул Куранды таза араб тилинде түшүрдүк. Жана алар Аллахтан коркушсун же Курандан үлгү-насаат алышсын деген максатта анын ичинде коркутуп сестентүү сыяктуу эскертүүлөрдүн түрлөрүн баяндадык.
(114) Аллах баарынан бийик, баарынан ыйык жана баарынан улук. Ал – бүткүл мүлк Ага гана таандык болгон Падыша. Ал Өзү Акыйкат, Анын сөзү да акыйкат. Аллах ар кандай нерслерге сыйынуучулар айтып жаткан сыпаттардан аруу. Оо, пайгамбар! Сага Жебрейил толук жеткирип бүтө электе эле Куранды аны менен кошо окуганга шашылба! Жана «Оо, Раббим! Мага үйрөткөн илимди көбөйткүн» – деп айт!
(115) Биз мурун Адамга бул дарактан жебегин деп тыюу салып, анын акыры эмне болорун айтып осуят кылганбыз. Ал осуятты унутуп, ал дарактан жеп алды, ага сабыр кыла албады. Биз андан осуятыбызды бекем карманууга болгон туруктуулукту көрө албадык.
(116) Оо, пайгамбар! Биз периштелерге: «Адамга саламдашып сажда кылгыла!» – деп айтканыбызды эстегин. Ошондо Иблистен башка баарысы сажда кылышты. Ал ошол кезде алар менен бирге эле, бирок алардан эмес болчу. Ал текеберленип сажда кылбай койду.
(117) Биз айттык: «Оо, Адам! Чындыгында Иблис сага жана аялыңа душман. Ал силерди азгыруу менен өзүнө баш ийдирип аялың экөөңөрдү бейиштен чыгарып жибербесин. Ошондо сен машакат тартып кыйналып каласың».
(118) Чындыгында сен бейиште ач калбайсың, Аллах сени тоюндурат. Жылаңач калбайсың, Ал Аллах сени кийиндирет.
(119) Чаңкабайсың, Ал суусунуңду кандырат. Күндүн ысыгы өтпөйт, Ал сени күндүн ысыгынан калкалайт.
(120) Шайтан Адамды азгырып мындай деди: «Мен сага бир даракты көргөзөйүнбү, ким андан жесе эч качан өлбөйт, түбөлүк тирүү жашайт жана түгөнгүс мүлккө ээ болот?!».
(121) Ошондо Адам менен Хава жегенге тыйылган дарактан жеп алышты. Анан алардын жабылган авраттары ачылып калды. Ошондо алар бейиштеги дарактардын жалбырактарын үзүп авраттарын жаап башташты. Адам дарактан жебөөгө болгон Аллахтын буйругун аткарбай жана да ага уруксат болбогон ишти кылды.
(122) Кийин Аллах аны тандап, тообосун кабыл кылды жана ага туура жолго түшүүгө ийгилик берди.
(123) Аллах Адам менен Хавага айтты: «Экөөңөр Иблис менен кошо бейиштен түшкүлө! Эми ал силерге, силер ага душмансыңар. Эми силерге Менин жолума багыттаган жолдомо келсе жана силерден ким аны ээрчисе, аны аткарса жана андан бурулбаса, анда ал акыйкаттан адашпайт, акыретте азапталып бактысыз калбайт. Аллах аны сөзсүз бейишке киргизет».
(124) Ал эми ким Менин эскертмемден баш тартып кабыл албаса, ага жооп бербесе, анда ага бул дүйнөдө жана кабырда тар жашоо болот жана кыямат күнү аны далилсиз жана сокур абалда сурак майданына алып барабыз.
(125) Эскертмеден баш тарткан адам: «Оо, Раббим! Эмнеге мени сокур кылып тирилттиң? Дүйнөдө менин көзүм көрчү эле го?» – дейт.
(126) Аллах ага жооп кылып айтты: «Сен дагы ушундай кылгансың, дүйнө жашоосунда сага Биздин аяттарыбыз келгенде, андан баш тартып, аларды таштагансың. Ошол сыяктуу эле сен дагы бүгүн азапта ташталасың».
(127) Мына ушундай жаза менен Биз арам кылган напсинин кызыкчылыктарына берилип кеткендерди жана Раббиси тараптан келген ачык-айкын далилдерге ыйман келтирбегендерди жазалайбыз. Акыреттеги Аллахтын азабы – бул дүйнөдөгү жана кабырдагы тар жашоодон да коркунучтуу, оор жана түбөлүк.
(128) Биз алардан мурун жок кылган көптөгөн коомдордун кабары белгилүү болгон жокпу?! Алар кыйраган коомдордун жашаган жайларында басып жүрүшөт го, алар дуушар болгон нерсенин белгилерин көрүп жатышат го?! Чындыгында ошол көптөгөн коомдордун кыйрап жок болушунда акыл ээлери үчүн үлгү-насааттар бар.
(129) Оо, пайгамбар! Эгерде Раббиң тараптан “Аллах далил алып келбестен туруп эч кимди азаптабайт” деген сөз жана Анын алдында алар үчүн белгиленген мөөнөт болбогондо, анда алар татыктуу болгон азапты тездетмек.
(130) Оо, пайгамбар! Сага карата жалган сыпаттарды айтып жаткан жалганчылардын сөздөрүнө сабыр кыл! Аллахтын алдындагы сен ыраазы болгон соопторго жетиш үчүн күн чыкканга чейинки багымдат намазында, күн батканга чейинки асыр намазында, түн убактыларындагы шам менен куптан намаздарында, күндүздүн биринчи тарабынан кийин күн төбөдөн оогондогу бешим намазында, күндүздүн экинчи тарабы бүткөндөн кийин шам намазында Раббиңе мактоолорду айтып аруула!
(131) Биз сыноо максатта кээ бир жалганчылар үчүн кылган бул дүйнө жашоосунун кооздуктарынан болгон жыргалчылыктарга назар салба! Чындыгында Биз аларга кылган нерселер убактылуу. Ал эми сени ыраазы кылып убада кылган Раббиңдин сообу — бул дүйнөдө аларга берилген убактылуу жыргалчылыктардан жакшыраак жана түбөлүктүү.
(132) Оо, пайгамбар! Үй-бүлөңдү намаз окууга буюр жана сен дагы аны аткарууга сабырдуу бол! Биз сенден өзүң жана башкалар үчүн ырыскы сурабайбыз. Сенин ырыскыңа Биз Өзүбүз кепилбиз. Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги мактоого татыктуу акыбет –Аллахтан корккон, Анын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштаган такыба адамдар үчүн.
(133) Пайгамбарды жалганга чыгарган ал каапырлар: «Мухаммад бизге Раббиси тараптан анын чынчылдыгын жана пайгамбар экендигин далилдеген керемет алып келсе кана?!» — дешти. Ал жалганчыларга асмандан түшкөн мурунку китептерди тастыктаган Куран келди го?!
(134) Эгер Биз пайгамбарды жалганга чыгарган ал жалганчыларды каапырлыктары жана баш ийбестиктери үчүн аларга пайгамбар жибергенге же китеп түшүргөнгө чейин эле азап жибергенибизде, анда алар кыяматта каапырлыктары үчүн кечирим сурап: «Оо, Раббибиз! Дүйнө жашоосунда бизге пайгамбар жибергениңде, Биз ага ыйман келтирип, Сенин азабың себептүү кордукка туш болгонго чейин ал алып келген аяттарга ээрчимекпиз го?!» – деп айтышмак.
(135) Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Баардыгыбыз Аллахтын көргөзгөнүн күтөлү. Силер дагы күткүлө! Жакында силер менен биздин кимибиз туура жолдо экендигинин сөзсүз билесиңер».