76 - Al-Insaan ()

|

(1) Инсандын үстүнөн узак замандар өткөн, ал кезде анын аты да, заты да жок болчу.

(2) Чындыгында Биз инсанды аял менен эркектин суусунун аралашмасынан турган бел суудан жараттык. Биз ага милдеттерди жүктөп сынайбыз. Биз ага милдет кылып жүктөгөн шариятты аткаруусу үчүн аны уга турган жана көрө турган кылдык.

(3) Биз ага элчилерибиздин тилдеринде туура жолду баяндап бердик. Муну менен ага адашуу жолу анык болду. Ал ошондон кийин туура жолго түшүп, Аллахка шүгүр кылган ыймандуу пенде болот, же болбосо андан адашып, Аллахтын аяттарын четке каккан каапыр пенде болот.

(4) Чындыгында Биз Аллахка жана Анын элчилерине каапыр болгондор үчүн аларды тозокко сүйрөгөн чынжырларды, салынуучу кишендерди жана алоолонгон отту даярдап койдук.

(5) Чындыгында Аллахка моюн сунган ыймандуулар кыямат күнү жыпар жыттуу камфора менен аралашкан шарапка толтурулган чөйчөктөрдөн ичишет.

(6) Моюн сунгандарга даярдалган бул суусундук ¬– сузуп алуусу жеңил болгон түгөнгүс мол булактан болот. Аны менен Аллахтын пенделери суусунун кандырышат. Алар аны каалаган жагына агыза алышат.

(7) Аны ичкен пенделердин сыпаттары, алар өздөрүнө милдет кылган ибадаттарды аткарышат жана жамандыгы жайылган кыямат күндөн коркушат.

(8) Алар өздөрү тамак-ашка муктаж болуп жана табити тартып, каалап турушса дагы, аны муктаж кедей-кембагалдарга, жетимдерге жана туткундарга беришет.

(9) Аларды Аллахтын Жүзү үчүн гана тамактандырып жатышканын ичтерине сыр кылып жашырышат. Аларга берген тамак-аштары үчүн сыйлык да, мактоо да күтүшпөйт.

(10) Чындыгында биз коркунучтан улам бактысыздардын үрөйүн учурган күндөгү Раббибизден коркобуз.

(11) Аллах аларды Өз жакшылыгы менен ошол улуу күндүн жамандыгынан коргойт жана алардын жүзүнө сулуулук жана нур берет, сый-урматка бөлөйт жана жүрөктөрүнө кубаныч тартуулайт.

(12) Алар ибадаттарга, Аллахтын тагдырына жана күнөөлөргө сабыр кылышканы себептүү аларга жыргалчылыкка батырган бейишти жана алар кие турган жибекти тартуу кылды.

(13) Алар ал жакта кооз сөрүлөргө сүйөнүп олтурушат. Алар ошол бейиште шооласы зыяндуу Күндү да, ызгаардуу суукту да көрүшпөйт. Тескерисинче, алар ысык да, суук да болбогон түбөлүк көлөкөлөрдө болушат.

(14) Анын көлөкөлөрү ага жакын болот, анын мөмө-жемиштери үзүүнү каалагандарга ийилип турат. Ал аны кыйналбастан оңой эле үзүп алат. Аны жаткан, олтурган жана турган адам да үзө алат.

(15) Алар суусундук каалашканда кызматчылар аларды күмүш идиштер жана тунук чөйчөктөр менен айланып турушат.

(16) Ал өңүнүн тунуктугунда айнек сыяктуу, бирок ал күмүштөн. Ал алардын каалоосуна жараша ченемделген, андан ашып да, кемип да кетпейт.

(17) Ал сый-урматка бөлөнгөндөргө чөйчөктөрдө имбир кошулган шарап берилет.

(18) Алар бейиштеги Салсабил аттуу булактан ичишет.

(19) Аларды түбөлүк жаштыкта болуучу улан-жигиттер айланып турушат. Эгер аларды көрсөң, жүздөрүнүн жаркыраганынан, өңдөрүнүн сулуулугунан, көптүгүнөн жана таркап жүргөндүгүнөн чачылган берметтерби деп ойлойсуң.

(20) Эгер ошол бейиштеги нерселерге көз салсаң, анда сүрөттөөгө мүмкүн болбогондой жыргалчылыкты жана тендешсиз улуу мүлктү көрөсүң.

(21) Алардын үстүндө тулку бойлорун жапкан жука жибектен жана калың парчадан болгон саркеч жашыл кийимдер болот. Алар ал жакта күмүш билериктерди тагынышат жана Аллах аларга бүткүл булганычтан таза суусундук берет.

(22) Аларга сый-урмат катары айтылат: «Силерге берилген бул жыргалчылык – силердин кылган жакшылык иштериңердин сыйлыгы болду. Силердин иш-аракеттериңер Аллахтын алдында кабыл кылынды».

(23) Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды чогу бир эле түшүрбөстөн, бөлүп-бөлүп түшүрдүк.

(24) Андыктан сен тагдырга же шариятка байланыштуу Раббиңдин өкүм кылган нерселерге сабыр кыл жана сени күнөөгө чакырган күнөөкөргө, каапырлыкка чакырган каапырга моюн сунбагын!

(25) Жана Раббиңди күндүн башталышында багымдат намазын жана күндүн акырында бешим менен асыр намаздарын окуу менен эстегин.

(26) Ошондой эле Аны күүгүмдөгү шам жана куптан намаздарын окуу менен эстегин жана ал экөөсүнөн кийин тахажуд намазын окугун.

(27) Чындыгында ал мушриктер дүйнө жашоосун жакшы көрүп, ага жанталашышат жана кыйынчылыктар, сыноолор менен коштолгон оор кыямат күнүн артка таштап коюшат.

(28) Биз аларды жараттык жана алардын дене мүчөлөрүнө жана муундарына күч берип, тулку бойлорун кубаттуу кылдык. Эгер Биз аларды жок кылууну жана өздөрүнө окшогондорго алмаштырууну кааласак, анда аларды жок кылып, алмаштырып коймокпуз.

(29) Акыйкатта бул сүрөө – насыйкат жана эскертме. Ким Раббисинин ыраазылыгына жеткире турган жолго түшүүнү кааласа, анда муну кармансын.

(30) Аллах силерден ушуну каалаганда гана силер Анын ыраазылыгына жеткирген жолго түшүүнү каалайсыңар. Анткени бүткүл иштер Ага кайтат. Чындыгында Аллах пенделерине кайсы нерселер пайдалуу, кайсылары пайдасыз экенин Билүүчү жана Өз жаратуусунда, тагдырында жана шариятында Даанышман.

(31) Ал каалаган пенделерин Өз ырайымына алып, аларга ыйманга жана жакшылык иштерге карай ийгилик берет. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарга акыретте кыйноочу тозок азабын даярдап койгон.