89 - Al-Fajr ()

|

(1) Аллах таң менен ант берди.

(2) Зуль-хижжа айынын баштапкы он күнү менен ант берди.

(3) Так жана жуп заттар менен ант берди.

(4) Ошондой эле кирген, уланган жана бүткөн түн менен ант берди. Жана бул анттардын максаты – силер иш-аракеттериңдин жазасын же сыйлыгын сөзсүз аласыңар.

(5) Бул айтылгандардын ичинде акылы бар адамды ынандыруучу ант бар бекен?

(6) Оо, пайгамбар! Раббиң Худдун коому Аад Анын элчисин жалганга чыгарышканда аларды кандай кылганын көргөн жоксуңбу?

(7) Чоң атасы Ирамга таандык болгон күч-кубаттуу Аад уруусу.

(8) Аларга окшогондорду Аллах эч бир шаарда жараткан эмес.

(9) Раббиң аска-зоолуу тоолорду оюп, алардан үйлөрдү жасаган Салихтин коому Самудду кандай кылганын көргөн жоксуңбу?

(10) Раббиң адамдар азапталуучу казыктарга ээлик кылган Фараонду кандай кылганын көргөн жоксуңбу?

(11) Булардын баарысы зулумдукта жана конкордукта чектен чыгып кетишти. Баарысы өз жеринде чектен чыгышты.

(12) Жана алар ал жакта каапырлыкты жана күнөөлөрдү жайылтуу менен бузукулукту көбөйтүштү.

(13) Ошондо Аллах аларга катаал азабын тарттырды жана жер бетинен тыптыйпыл жок кылды.

(14) Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң адамдардын жакшылык кылгандарын бейиш менен сыйлап, жамандык кылгандарын тозок менен жазалаш үчүн алардын иш-аракеттерин байкап, аларга көз салып турат.

(15) Инсан табиятынан ушундай, эгерде Раббиси аны сынап, сый-урматка бөлөсө жана байлык, бала-чака, кадыр-барк берсе, анда ал бул нерселер Аллахтын алдындагы кадырлуулугунан деп ойлоп: «Мен Раббимдин сый-урматына татыктуу болгонум үчүн Ал мени урматтады» – деп айтат.

(16) Ал эми аны сынап, ырыскысын тар кылып койсо, муну Раббисинин алдында төмөн абалда болгондугу үчүн деп ойлоп: «Раббим мени кордоду» – деп айтат.

(17) Жок, абал бул инсан ойлогондой, жакшылыктар Аллахтын пендесине ыраазы болгондугунун далили, ал эми жамандыктар пенденин Раббисинин алдында төмөн экендигинин далили эмес. Бирок аныгында силер Аллахтын берген ырыскысынан жетимди сыйлабайсыңар.

(18) Жегенге эч нерсе таппаган кедей-кембагалдарды тойгузууга бири-бириңерди үндөбөйсүңөр.

(19) Жана адал жагына карабастан, алсыз аялдардын жана жетимдердин акысын сугалактык менен жейсиңер.

(20) Мал-мүлктү өтө жакшы көргөнүңөр үчүн аны ач көздүктөн Аллах жолуна сарптоодон сараңдык кыласыңар.

(21) Силер мындай кылбагыла! Эстегиле, жер катуу силкинип титирегенде.

(22) Оо, пайгамбар! Раббиң пенделеринин ортосун ажыратуу үчүн келгенде жана периштелер дагы сап-сап болуп тизилип келгенде.

(23) Ал күнү тозок алып келинет. Анын жетимиш миң чылбыры болот. Ар бир чылбырды жетимиш миң периште сүйрөйт. Ошол күнү инсан Аллахка карата кылган кайдыгерлигин эстейт, бирок ал күндө эстөө ага эч пайда келтирбейт. Анткени ал күн иш-аракет кыла турган күн эмес, сыйлык же жаза ала турган күн.

(24) Ал терең өкүнүчтөн мындай дейт: «Аттиң-ай! Чыныгы жашоо болгон акырет жашоомо алдын ала жакшылык иштерди кылсам болмок».

(25) Ал күнү Аллахтын азабындай эч ким азаптай албайт. Анткени Аллахтын азабы өтө катаал жана түбөлүктүү.

(26) Ал каапырларды чынжырлар менен байлагандай эч ким байлай албайт.

(27) Ал эми ыймандуу жанга өлүм келген кезде жана кыяматта мындай деп айтылат: «Оо, ыймандан жана жакшылык иштерден тынчтык тапкан жан!

(28) Сен алган улуу сыйлык үчүн Раббиңе ыраазы болуп жана кылган жакшылык иштериң үчүн Анын алдында ыраазылыкка жеткен абалда кайткын.

(29) Менин такыба пенделеримдин катарына кошулгун!

(30) Жана алар менен бирге Мен алар үчүн даярдап койгон бейишиме киргин!».