(1) Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
(2) Оо, пайгамбар! Сага түшкөн бул аяттар – даанышмандык менен сүйлөгөн китеп аяттары.
(3) Ал Раббисинин жана Анын пенделеринин алдындагы милдеттерди аткарып жакшы иш-аракеттерди кылгандар үчүн туура жол жана ырайым.
(4) Алар намазды толук түрдө аткарышат, мал-мүлктөрүнөн зекет беришет жана акыреттеги кайра тирилүү, сурак берүү, сооп же жаза алуу сыяктуу нерселерге анык ишенишет.
(5) Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар Раббиси тараптан болгон туура жолдо жана ошолор көздөгөндөрүнө жетип жана корккондорунан алыстап жеңишке жеткендер.
(6) Адамдардын арасында Надр ибн аль-Хариске окшогондор сабатсыздыктан улам Аллахтын дининен адамдарды алаксытыш үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдү тандашат жана Аллахтын аяттарын шылдыңдап күлүшөт. Мына ушул сыпаттарга ээ адамдарга акыретте кордоочу азап бар.
(7) Эгерде ага Биздин аяттарыбыз окулса, аны укпагандай, кулагында дүлөйлүгү бардай аны укпастан текеберленип бурулуп кетет. Оо, пайгамбар! Ага аны күткөн кыйноочу азаптын кабарын берип кой.
(8) Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар. Алар ал жакта Аллах алар үчүн даярдап койгон жыргалчылыкта болушат.
(9) Алар анда түбөлүк калышат. Аллах муну аларга Өзү убада кылды, мында эч кандай шек жок. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү. Ал Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман.
(10) Аллах таала асмандарды түркүксүз көтөрүлгөн абалда жаратты жана силерди чайпалтпасын деп Жер бетине бекем тоолорду орнотту. Ошондой эле Жер жүзүнө түрдүү жан-жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан жамгыр суусун түшүрүп, Жер бетинде ар кандай түрдөгү кооз көрүнүштөгү өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Аларды адамдар жана жаныбарлар пайдаланат.
(11) Бул айтылгандар Аллахтын жараткандары. Эй, мушриктер! Кана мага көрсөткүлөчү, силер Аллахтан башка сыйынганыңар эмнелерди жаратты?! Тескерисинче заалымдар акыйкаттан анык адашууда. Анткени алар эч нерсени жарата албаган, өздөрү жаратылган нерселерди Раббисине шерик кылып жатышат.
(12) Биз Лукманга диндеги туура түшүнүктү жана иштердин тууралыгын билүүнү бердик жана ага айттык: «Эй, Лукман! Раббиң сени Өзүнө моюн сунууга ийгилик берип кылган жакшылыгына шүгүр кыл! Кимде-ким Раббисине шүгүр кылса, чындыгында анын кылган шүгүрү өзүнө гана кайтат. Аллах анын шүгүрүнө муктаж эмес. Ал эми ким Аллахтын берген жакшылыгын четке кагып, Ага каапырлык кылса, чындыгында анын каапырлыгынын зыянын өзү тартат. Ал Аллахка эч кандай зыян бербейт. Ал жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес жана бүткүл абалда мактоого татыктуу».
(13) Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Лукман баласын жакшылыкка үндөп, жамандыктан эскертип мындай деди: «Оо, балам! Аллах менен катар башкага сыйынба! Чындыгында Аллах менен катар башка кудайларга сыйынуу – адамдын чоң зулумдугу. Анткени ал түбөлүк тозокко алып бара турган чоң күнөөнү кылды».
(14) Биз инсанга Аллахтын алдында күнөө болбогон иште ата-энесине баш ийүүнү, аларга жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аны өз курсагында кыйынчылык артынан кыйынчылык тартып көтөрдү жана аны эмчектен чыгаруу эки жыл. Биз ага айттык: «Аллах сага кылган жакшылыктар үчүн Ага шүгүр кыл жана сага тарбия берген, камкордук кылган ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар, ошондо Мен ар бириңерге татыктуу сыйлыгын же жазасын берем».
(15) Эгерде ата-энең күчкө салып сени Аллахка ширк кылдырууга болушунча аракет кылып мажбурлашса да, сен бул нерседе аларга баш ийбе! Анткени Жаратуучунун алдында күнөө болгон иште инсанга, пендеге баш ийүү жок. А, бирок дүйнөдө ал экөөсүн урматтап сыйла, мамилеңди бекемде жана жакшылык кыл! Мени жалгыз деп билген жана баш ийүү менен Мага кайткан адамдардын жолун ээрчи! Кийин кыямат күнү баарыңар Мага гана кайтасыңар. Ошондо Мен силерге бул дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын билдирем жана анын сыйлыгын же жазасын берем.
(16) Оо, балам! Чындыгында жакшылык же жамандык иш сары кычынын данынын салмагындай кичине болуп, эч ким көрбөгөн аска таштын ичинде болсо да, же болбосо асмандардын же Жердин кайсы жеринде болбосун, Аллах аны кыямат күнү сөзсүз алып келет жана пендеге анын сыйлыгын же жазасын берет. Чындыгында Аллах Баамчыл, Ага бүткүл нерселер ийне-жибине чейин белгилүү. Ал Кабардар, бүткүл нерселердин акыйкатын жана ордун билет.
(17) Оо, балам! Намазды толук түрдө аткар, жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар жана бул нерседе сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл. Чындыгында сага буйрулган бул нерселерди Аллах сенин аткарууңду буйурду жана сага бул нерседе эч кандай тандоо бербеди.
(18) Жана текеберленип адамдардан жүзүңдү бурба! Ошондой эле жер үстүндө менменсинип керсейип баспа! Чындыгында берилген жакшылыктар менен адамдарга текеберленип, ал үчүн Аллахка шүгүр кылбай мактанып менменсинген адамдардын эч бирин Аллах жакшы көрбөйт.
(19) Шашылбастан, өтө жай да эмес салабаттуулукту көрсөтүп бир калыпта бас жана зыян бере турганчалык үнүңдү катуу чыгарба! Чындыгында үндөрдүн эң жаманы – эшектин айкырганы. Анткени анын үнү катуу чыгат.
(20) Эй, адамдар! Көрбөй жатасыңарбы, Аллах силерге Күн, Ай, жылдыздар сыяктуу асмандардагы нерселерди пайдаланууну жеңил кылып койду. Ошондой эле силерге жан-жаныбарлар, бак-дарактар, өсүмдүктөр сыяктуу Жердеги нерселерди пайдаланууну да жеңил кылды. Жана силерге көзгө көрүнгөн сулуу келбет, келишимдүү турпат жана көзгө көрүнбөгөн акыл, илим сыяктуу Өз жакшылыктарын толук кылып берди. Мына ушундай жакшылыктарга карабастан, кээ бир адамдар эч кандай илими жок туруп, Аллахтан келген вахийге же тунук акылга же Аллах тараптан түшкөн ачык китепке таянбастан, Аллахтын жалгыз Зат экендигин кайтарып, талашып-тартышат.
(21) Эгер ошол Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышкандарга: «Аллах Өз элчисине түшүргөн жолго ээрчигиле!» – деп айтылса, алар: «Биз аны ээрчибейбиз, тескерисинче биз бут-кудайларыбызга сыйынган ата-бабаларыбызды ээрчийбиз» – дешет. Шайтан аларды бут-кудайларга сыйындырып адаштыруу менен кыямат күнүндөгү тозок азабына чакырып жатса дагы алар ата-бабаларын ээрчишеби?!
(22) Кимде-ким Аллахка чын ыкластан сыйынып, жакшылык иштерди аткарып Ага бет алса, анда ал кутулууну каалаган адам үзүлүп кетет деп коркпой турган бекем нерсени кармаптыр. Иштердин жүрүшү, акыбети жалгыз Аллахка гана кайтат. Ал баарына өзүнө жараша сыйлыгын же жазасын берет.
(23) Оо, пайгамбар! Аллахка каапырлык кылгандардын каапырлыгы сени капалантпасын. Алар кыямат күнү Бизге гана кайтып келишет. Ошондо Биз алардын дүйнөдө кылган жамандыктарынын кабарын угузуп, ага жазасын беребиз. Чындыгында Аллах көкүрөктөрдөгү нерселерди Билүүчү, алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
(24) Биз аларга дүйнө жыргалчылыктарын берип болор-болбос убакыт жыргатабыз. Кийин кыямат күнү аларды тозок азабы болгон катуу азапка салабыз.
(25) Оо, пайгамбар! Эгер сен мушриктерден: «Асмандарды ким жаратты, жерди ким жаратты?» – деп сурасаң: «Аларды Аллах жаратты» – дешет. Аларга айткын: «Силерге далилди ачык көргөзгөн Аллахка мактоолор болсун». Бирок алардын көпчүлүгү наадандыктары себептүү мактоого ким татыктуу экендигин билишпейт.
(26) Асмандардагы жана жердеги нерселердин жаралуусу, ээлиги жана башкаруусу жалгыз Аллахка гана таандык. Чындыгында Аллах жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес, Ал бул дүйнөдө жана акыретте мактоого татыктуу.
(27) Эгерде жер бетиндеги дарактар кесилип, калемсап болуп учталса жана деңиз ага сыя болуп, ага дагы жети деңиз кошумча берилсе да Аллахтын сөздөрүнүн акыры жок болгону себептүү алар эч качан түгөнбөйт. Чындыгында Аллах Кудуреттүү, Аны эч ким жеңе албайт. Ал Өз жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман.
(28) Эй, адамдар! Силердин жаралууңар жана кыямат күнү сурак берүү, сыйлык же жаза алуу үчүн кайра тирилүүңөр бир жанды жараткан сыяктуу, аны кайра тирилтүү оңой. Чындыгында Аллах Угуучу, бир үндү угууда ага башка үндөр тоскоолдук жаратпайт. Ал Көрүүчү, бир нерсени көрүүдө ага башка нерселер жолтоо болбойт. Ошол сыяктуу эле бир жанды жаратууда же аны кайра тирилтүүдө Аны башка жанды жаратуу же кайра тирилтүү алаксытпайт.
(29) Көрбөдүңбү, Аллах күн узак болуш үчүн түндү кыскартты жана түн узак болуш үчүн күндү кыскартты. Ошондой эле Күн менен Айдын жүрүшүн белгилеп койду. Ал экөөсү өз орбитасында белгилүү мөөнөттө айланышат. Чындыгында Аллах силердин кылганыңардан кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет.
(30) Мына ушул башкаруу жана өлчөө Аллахтын жалгыз акыйкат экенине күбө болот. Ал Өз Затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде акыйкат. Ал эми мушриктер сыйынган Андан башка нерселер эч кандай негизи жок жалган. Аллах гана бүткүл жаратылыштан Өз Заты, үстөмдүгү жана урматы менен Бийик. Андан бийик эч нерсе жок, Ал бардык нерседен Улук.
(31) Кемелер деңизде Анын мээримдүүлүгү жана жеңилдетүүсү менен сүзүп жүргөнүн көрбөдүңбү?! Эй, адамдар! Ал муну силерге Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана мээримин билдирген керемет-белгилерин көргөзүш үчүн кылды. Чындыгында бул нерседе кыйынчылыкта сабыр кылуучулар жана жакшылыкта шүгүр кылуучулар үчүн Анын кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар.
(32) Качан аларды бүт тараптан тоолордой жана булуттардай толкундар ороп калганда гана алар жалгыз Аллахка чын ыкластан дуба кылып жана сыйынып жалбарышат. Качан Аллах алардын дубасына жооп берип, аларды чөгүүдөн сактап, кургактыкка чыгарса, алардын кээ бирлери ортолукту карманып, аларга милдет болгондой толук түрдө шүгүр кылышпайт, ал эми кээ бирлери Аллахтын жакшылыгын четке кагышат. Биздин керемет-белгилерибизди бардык кыянатчылар (мисалы, эгер Аллах бизди куткарса, анда сөзсүз шүгүр келтирүүчүлөрдөн болобуз деп убада кылгандар), Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылбай аларды четке каккандар гана жокко чыгарышат.
(33) Эй, адамдар! Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула! Жана атасы баласына, баласы атасына эч пайда келтире албаган күндүн азабынан корккула! Чындыгында Аллахтын кыямат күнүндөгү сыйлык же жаза тууралуу берген убадасы анык жана сөзсүз болот. Андыктан силерди дүйнө жашоосунун ырахаттары жана жыргалчылыктары азгырып койбосун жана шайтан силерди Аллахтын токтоолугу жана азапты кечиктирүүсү менен алдап койбосун.
(34) Чындыгында кыяматтын качан болорун жалгыз Аллах гана билет. Ал качан кааласа жамгыр жаадырат. Жана жатындагы түйүлдүк бала же кыз экенин, бактылуу же бактысыз экенин Өзү билет. Эч бир жан эртең кандай жакшылык же жамандык кыларын билбейт. Эч бир жан кайсы жерде өлөрүн да билбейт. Мунун баарын Аллах гана билет. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү, Кабардар. Булардын эч бири Ага жашыруун эмес.