(1) Алим, лаам, ро. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башталышында айтылган. Аллахтын алдынан түшкөндүгүн билдирген бийик даражалуу бул аяттар – жалгыз Аллахка сыйынууну жана шарияттарды ачыктап түшүндүргөн Куран аяттары.
(2) Кыямат күнү каапырларга баары ачык болгондо жана бул дүйнөдөгү алардын каапырлыгы жокко чыкканы билингенде алар мусулман болууну эңсешет.
(3) Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларды тим кой! Алар малдарга окшоп жеп-ичип, бул убактылуу дүйнөнүн ырахаттарын пайдаланып жана дүйнөгө берилүү аларды ыйман менен жакшылык иштерди кылуудан алаксыта берсин. Алар кыямат күнү Аллахтын алдына келишкенде кандай жоготууга учурагандарын билишет.
(4) Зулумдук кылган шаарлардын кайсынысына кыйроону түшүрбөйлүк, Аллахтын илиминде анын белгиленген мөөнөтү болгон, ал алдыга да артка да жылдырылган эмес.
(5) Кайсы гана коом болбосун, анын кыйроо мөөнөтү келмейинче кыйроого учурабайт, кыйроо мөөнөтү келген болсо, анда ал кечиктирилбейт.
(6) Меккелик каапырлар пайгамбарга айтышты: «Эй, эскертме түшкөн адам! Чындыгында сен бул айткан сөзүң менен анык жиндисиң. Сен өзүндү жиндилердей алып жүрөсүң».
(7) Сен чын эле жиберилген пайгамбар жана бизге азап келээринде чынчыл болсоң, сага күбөлүккө өткөн периштелерди алып келбейсиңби?
(8) Алардын периштелерди алып кел деген сөздөрүнө Аллах жооп кылды: «Силерди азап менен жок кылууга убакыт келгенде Биз даанышмандык талап кылган абалда гана периштелерди түшүрөбүз. Биз периштелерди жибергенде алар ыйман келтиришпесе, аларга мөөнөт берилбейт. Тескерисинче, жазаны эрте алышат».
(9) Чындыгында бул Куранды Биз Мухаммаддын жүрөгүнө адамдарга эскертүү болуш үчүн түшүрдүк жана Куранды бурмалануудан, өзгөртүүдөн, ашырып же кемитүүдөн Өзүбүз сактайбыз.
(10) Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун каапырлык кылган абалкы жамааттарга пайгамбарларды жибергенибизде аларды жалганга чыгарышты. Коомуңдун сени жалганга чыгаруусу пайгамбарлардын арасынан сага биринчи жолу болуп жаткан жок.
(11) Абалкы каапыр жамааттарга пайгамбар келсе, алар аны жалганга чыгарышты жана аны мазактап күлүштү.
(12) Биз ошол коомдордун жүрөктөрүнө жалганга чыгарууну салып койгон сыяктуу Мекке мушриктеринин жүрөктөрүнө да жүз бурууну жана көк беттикти салып коёбуз.
(13) Алар Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куранга ыйман келтиришпейт. Буга чейин пайгамбарлар алып келгенди жалганга чыгарышкан адамдардын жок кылынганы тууралуу Аллахтын өкүмү болуп өттү. Эми сени жалганга чыгаргандар сабак алышсын.
(14) Ошол жалганга чыгаргандар менен көк беттик кылгандарга ачык-айкын далилдердин негизинде акыйкат көрүнүп турса дагы жана аларга асмандан эшик ачылып, көтөрүлүп баратышса дагы
(15) Алар эч ишенишпейт жана сөзсүз айтышат: «Чындыгында көздөрүбүз башкаларды көрүүдөн тосулуп калды. Биз көрүп турган нерсе сыйкырдын гана таасири. Биз сыйкырланып калдык».
(16) Биз асманда чоң жылдыздарды жараттык. Адамдар сапарга чыгышканда алар аркылуу кургактык менен деңиздеги караңгылыктардан жол табышат. Аларды Аллахтын кудуретине далил кылуулары үчүн ага көз чаптырып караган адамдар үчүн кооздоп койдук.
(17) Ошондой эле асманды Аллахтын ырайымынан куулган бардык жин-шайтандардан коргоп койдук.
(18) Ал эми бийиктеги периштелер тобунун сөздөрүн жашырынып уккандарды болсо бир нурдуу жылдыз кууп жетип күйгүзөт.
(19) Адамдар жер бетинде жайгашуулары үчүн аны жайык кылдык. Ал адамдарды чайпабаш үчүн бекем тоолорду орноттук. Ошондой эле түрлүү өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Булар даанышмандыктын талабына ылайык чектелип белгиленген.
(20) Эй, адамдар! Биз силер үчүн жер бетинде жашаган учуруңарда күн көрүүңөр үчүн тамак-аш жана суусундуктарды жараттык. Ошондой эле силерден башка силердин ырыскыңарсыз күн көрүшкөн адамдар менен жаныбарлар үчүн да жараттык.
(21) Адамдар жана жаныбарлар пайдаланышкан кандай гана нерсе болбосун, Биз аны жаратууга жана ал аркылуу адамдарга пайда бергенге кудуреттүүбүз. Биз ошолордон кандай гана нерселерди жаратпайлы, алар Биздин даанышмандыгыбыздын талабына ылайык чектелип белгиленген өлчөмдө болот.
(22) Биз булуттарды чаңдаштыруучу шамалдарды жибердик. Чаңдашкан булуттардан жамгыр жаадырдык. Жамгырдын суусу менен силерди сугардык. Эй, адамдар! Жер бетиндеги бул сууларды булак жана кудуктарга силер топтобойсуңар. Акыйкатта аларды Аллах Өзү гана топтойт.
(23) Чындыгында Биз Өзүбүз гана жоктон жаратып жана өлгөнгөн кийин кайра жан жан салуу менен өлүктөрдү тирилтебиз. Ошондой эле тирүүлөрдүн ажалдары келгенде аларды өлтүрөбүз. Биз жер бетин жана андагыларды мурас кылып Өзүбүз гана калабыз.
(24) Биз силерден алдын жана кийин ким төрөлгөнүн жана ким өлгөнүн билгенбиз. Булардын бири да Бизге жашыруун эмес.
(25) Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң алардын жакшылык кылгандарына сыйлык, жамандык кылгандарына жазасын бериш үчүн баарысын кыямат күнү чогултат. Чындыгында Ал башкаруусунда Даанышман жана Ал бардык нерсени Билүүчү.
(26) Биз Адамды чертсе үн чыккан кургак ылайдан жараттык. Ал жаратылган бул ылай көп убакыт турганы үчүн жыты өзгөрүп, кара түстө болчу.
(27) Ал эми Адамдан мурун жиндердин түпкү атасын жалындаган күчтүү оттон жараттык.
(28) Оо, пайгамбар! Раббиңдин периштелерге жана алар менен чогу болгон Иблиске айтканын эсте: «Мен жакында кургак ылайдан адамды жаратам. Аны черткенде үн чыккан, жыты өзгөргөн кара түстө болот».
(29) Аны келбетине келтирип, дене-түзүлүшүн толуктагандан кийин Менин буйругума баш ийип жана ага саламдашып сажда кылгыла.
(30) Периштелер моюн сунушту. Раббиси аларга буйрук кылгандай баарысы ага сажда кылышты.
(31) Бирок Иблис периштелер менен бирге Адамга сажда кылуудан баш тартты. Ал периштелер менен болсо дагы алардан эмес эле.
(32) Иблис Адамга сажда кылуудан баш тарткандан кийин Аллах андан: «Менин буйругума баш ийип сажда кылышкан периштелер менен бирге сажда кылуудан сени эмне тосту?» – деп сурады.
(33) Иблис текеберленип айтты: «Менин адамга сажда кылганым туура эмес. Сен аны кургаган ылайдан жараттың. Ал өзгөргөн кара түстөгү ылай».
(34) Аллах Иблиске айтты: «Бейиштен чык! Чындыгында сен куулгандардансың.
(35) Сен кыяматка чейин Менин каргышыма калдың жана ырайымымдан куулдуң».
(36) Иблис айтты: «Оо, Раббим! Анда мага жаратылгандар кайра тирилүүчү күнгө чейин мени өлтүрбөй мөөнөт бер».
(37) Аллах ага айтты: «Албетте сен ажалы кечиктирилип мөөнөт берилгендерден болдуң.
(38) Сурнай тартылып бардык жаратылгандар өлгөн убакытка чейин».
(39) Иблис айтты: «Оо, Раббим! Сен мени адаштырганың себептүү мен дагы аларга жер бетинде күнөөлөрдү кооз кылып көргөзөм жана алардын баарысын туура жолдон сөзсүз адаштырам.
(40) Бир гана Өзүңө сыйынуу үчүн тандап алган пенделериңден башкасын».
(41) Аллах айтты: «Бул – Мага жеткирүүчү түз жол.
(42) Чындыгында Менин ыкластуу пенделеримди азгырууга кудуретиң жетпейт жана аларды башкара да албайсың. Бирок сени ээрчип адашкандарды гана башкара аласың».
(43) Чындыгында тозок Иблис жана аны ээрчиген бардык адашкандарга убада кылынган жай.
(44) Алар кире турган тозоктун жети эшиги бар. Анын ар бир эшигинен Иблисти ээрчигендерден кире турган белгилүү өлчөм бар.
(45) Чындыгында Раббисинин буйруктарына моюн сунуп, тыйгандарынан алыстап Андан корккондор үчүн бейиш бактары жана булактар бар.
(46) Алар кирип баратканда аларга айтылат: «Балээ-коркунучтардан кутулуп саламаттыкта бейишке киргиле!»
(47) Биз алардын көкүрөктөрүнөн жек көрүүнү жана душмандыкты алып салдык. Алар бири-бирин жакшы көргөн бир туугандар. Алар бет маңдай бири-бирин карап сөрүлөрдө отурушат.
(48) Алар бейиште чарчашпайт жана ал жактан чыгышпайт. Алар бейиште түбөлүк калышат.
(49) Оо, пайгамбар! Пенделериме билдир: «Чындыгында алардын тообо кылгандарын Мен гана кечирем жана ырайым кылам».
(50) Жана Менин азабым – жан ооруткан азап экенин аларга жеткир. Алар Менин кечиримиме жетип, азабымдан кутулуш үчүн Мага тообо кылышсын.
(51) Ошондой эле Ибрахимге конок болуп келишкен периштелердин кабарын аларга жеткир. Алар ага балалуу болорун сүйүнчүлөп жана Луттун коомун жок кылуу үчүн келишкен.
(52) Алар анын алдына «Салам!» деп айтып киришти. Ал алардын саламына андан да жакшыраак алик алды. Аларга жесин деп отко какталып бышкан торпоктун этин тартты. Аларды адамдардан деп ойлогон. Качан алардын тамактан жебегендерин көргөндө: «Биз силерден кооптонуп жатабыз» – деди.
(53) Элчи периштелер ага: «Эч коркпо! Биз сени кубандырган кабар алып келдик. Жакында сен илимдүү эркек балалуу болосуң» – дешти.
(54) Ибрахим балалуу болосуң деген кабарга таң кала аларга: «Мен карыган куракка келип картайып калсам кайдагы баланы сүйүнчүлөп жатасыңар? Кайсы негизге таянып сүйүнчүлөп жатасыңар?» – деди.
(55) Элчи периштелер Ибрахимге: «Биз сага эч кандай шек-күмөнү жок чындыкты сүйүнчүлөдүк. Биз сага сүйүнчүлөгөн нерседен үмүтсүз калгандардан болбо».
(56) Ибрахим айтты: «Раббисинин ырайымынан туура жолдон адашкандар гана үмүт үзүшөт».
(57) Ибрахим: «Оо, Аллах тараптан келген элчилер! Эмне иш менен келдиңер?» – деп сурады.
(58) Элчи периштелер айтышты: «Аллах бизди чоң бузукулук жана жамандык кылган Луттун коомун жок кылыш үчүн жиберди.
(59) Бир гана Луттун үй-бүлөсү менен аны ээрчигендер аман калышат. Алар кыйроого учурашпайт. Биз алардын баарысын ал нерседен куткарабыз.
(60) Бирок анын аялынан башкасын. Биз аны кыйроого дуушар болгондор менен калат деп өкүм кылдык.
(61) Элчи периштелер Луттун үй-бүлөсүнө эркектердин келбетинде келишти.
(62) Лут пайгамбар аларга: «Силер чоочун экенсиңер» – деп айтты.
(63) Элчи периштелер Лутка айтышты: «Эй, Лут! Коркпо! Биз элиң күмөн санаган кыйратуучу азапты алып келдик.
(64) Биз сага эч кандай тамашасы жок чындык менен келдик. Биз сага айткан сөзүбүздө чынчылбыз.
(65) Түндүн бир бөлүгү өткөндөн кийин үй-бүлөң менен жолго чык. Алардын артында жүр. Алардын башына түшкөн нерсени көрүш үчүн араңардан эч ким артын карабасын. Аллах силерди буйруган жакты көздөй жөнөгүлө.
(66) Биз тагдыр кылган ал буйрукту Лутка аян аркылуу билдирдик. Ал буйрук – таң атканда ал коомдун бирин да калтырбай кыйратып жок кылуу эле.
(67) Садумдун эли бузукулук кылууну каалашып сүйүнгөн бойдон Луттун конокторуна жетип келишти.
(68) Лут аларга айтты: «Бул адамдар менин конокторум. Булардан каалап жаткан нерсеңер менен мени шерменде кылбагыла!
(69) Бул бузукулукту таштап Аллахтан корккула! Бул жийиркеничтүү жоругуңар менен мени кордукка салбагыла».
(70) Ага коому айтты: «Биз сени адамдарды коноктобо деп тыйган элек го?».
(71) Конокторунун алдында кечирим сурап Лут аларга айтты: «Бул кыздар силердин аялдарыңардан. Эгерде шакыбат каалооңорду ишке ашыргыңар келсе, анда аларга үйлөнгүлө!»
(72) Оо, пайгамбар! Жашооңо ант болсун! Чындыгында Луттун коому ашып ташкан шакыбаттарында темселеп жүрүшөт.
(73) Күн чыгар маалда аларды өлтүрүүчү ачуу кыйкырык алды.
(74) Анан Биз алардын шаарын астын-үстүн кылып салдык. Алардын үстүнө катып калган чопо таштарды жаадырдык.
(75) Чындыгында Луттун коомуна түшкөн кыйроо тууралуу бул айтылган нерселерде ой жүгүрткөндөр үчүн белгилер бар.
(76) Чындыгында Луттун шаары жолдун боюнда жайгашкан. Ал жерден өткөн жолоочулар аны көрүшөт.
(77) Албетте бул болгон окуяда андан сабак ала турган ыймандуулар үчүн белгилер бар.
(78) Чырмалып өскөн дарактуу шаардын жашоочулары Шуайбдын коому залымдар болушкан. Анткени алар Аллахка каапырлык кылышты жана алардын пайгамбары Шуайбды жалганга чыгарышты.
(79) Биз аларды азапка салып өч алдык. Чындыгында Луттун коомунун шаары жана Шуайбдын элинин жашаган жерлери ал жерден өткөндөрдүн кең жолунун боюнда.
(80) Хижаз менен Шамдын ортосунда жайгашкан Хижрдин жашоочулары Самуд да өздөрүнүн пайгамбары Салихти жалганга чыгаруу менен бардык пайгамбарларды жалганга чыгарышты.
(81) Ал Раббиси тараптан алып келген нерселерде чынчыл экендигине аларга далилдерди жана белгилерди бердик. Ошолордун бири төө эле. Алар бул белгилерден сабак алышпады жана көңүл бурушпады.
(82) Алар үй кылыш үчүн тоолорду оюшуп, ал жерде корккон нерселеринен коопсуздукта жашашчу.
(83) Таңга маал аларды ач айкырып азабы алды.
(84) Алардын иштеп тапкан байлыктары жана турак-жайлары аларды Аллахтын азабынан коргой алган жок.
(85) Биз асмандар менен Жерди жана ал экөөсүнүн ортосундагы нерселерди себепсиз жөн эле жараткан жокпуз. Биз алардын баарысын акыйкат менен гана жараттык. Албетте кыямат сааты сөзсүз келүүчү. Эй, пайгамбар! Сени жалганга чыгаргандардан жүз бур жана аларды жакшылык менен кечир.
(86) Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң – Ал бүткүл нерселерди Жаратуучу жана аларды Билүүчү.
(87) Биз сага жети аяттан турган фатиханы бердик. Ал – улуу Куран.
(88) Биз кээ бир каапырларга берген убактылуу жыргалчылыктарга кызыгып караба! Алардын жалганга чыгаргандарына кайгырба жана ыймандууларга кичипейил бол!
(89) Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында мен азапты анык эскертүүчүмүн.
(90) Мен силерди Аллахтын китептерин бөлүктөргө бөлгөндөрдүн башына Аллах түшүргөн нерсе силерге да жетишинен эскертемин. Алар кээ бирине ыйман келтирип, кээ бирине каапыр болушкан.
(91) Алар Куранды бөлүк-бөлүк кылышып: «Бул сыйкыр же төлгөө же ыр саптары» – деп айтышты.
(92) Оо, пайгамбар! Раббиңе ант, Биз аны бөлүктөргө бөлгөндөрдүн баарысын кыямат күнү сөзсүз суракка алабыз.
(93) Биз алардын бул дүйнөдө кылышкан каапырлыктары жана күнөөлөрү тууралуу сөзсүз сурайбыз.
(94) Оо, пайгамбар! Аллах сени даават кылууга буйруган нерсени жарыя кыл жана мушриктердин айткандарына жана кылгандарына көңүл бурба!
(95) Жана алардан коркпо! Курайштын сени шылдыңдаган каапыр башчыларынын айлакерлигине Биз Өзүбүз жетиштүүбүз.
(96) Алар Аллах менен катар башка нерселерди кудай кылып алышкандар. Жакында алар кылган ширктеринин жаман натыйжасын билишет.
(97) Оо, пайгамбар! Биз алардын сени шылдыңдап жана жалганга чыгарып жаткандары себептүү көкүрөгүң кысылып жатканын билебиз.
(98) Аллахка ылайык келбеген нерселерден Аны аруулап жана кемчиликсиз сыпаттар менен Ага мактоолорду айтып, Ага гана бет ал. Аллахка ибадат кылгандардан жана Ал үчүн намаз окугандардан бол. Бул нерседе сенин көкүрөгүңдүн кысылганына шыпаа бар.
(99) Ошондой эле Раббиңе дайым ибадат кыл жана ошого бекем болуп сага өлүм келгенге чейинки тирүүлүгүңдө аны үзбөй улант.