(1) Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
(2) Мухаммад алып келген бул Куран ааламдардын Раббиси тараптан түшкөн. Мында эч кандай шек жок.
(3) Ал каапырлар: «Чындыгында Мухаммад муну Раббисинин атынан өзү ойлоп тапкан» – дешет. Бул иш алар айткандай эмес. Тескерисинче бул Раббиң тараптан түшкөн эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат. Эй, пайгамбар! Сенден мурун аларга Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбар келбеген коомду эскерткин. Балким алар акыйкатка түшүп, аны ээрчишет жана аны аткарышат.
(4) Аллах Өзү асмандар менен жерди жаратты жана ал экөөсүнүн арасындагыларды алты күндө жаратты. Ал аны бир көз ирмемден да аз убакытта жаратып коюуга кудуреттүү. Кийин Ал Өзүнүн улуулугуна ылайык деңгээлде Аршка бийиктеди жана көтөрүлдү. Эй, адамдар! Силер үчүн Раббиңердин алдында ишиңерди колго алган колдоочу да, ортомчу болгон шапаат кылуучу да жок. Ойлонбойсуңарбы, башкаларга сыйынбай силерди жараткан Аллахка сыйынбайсыңарбы?!
(5) Аллах асмандар менен жердеги бүткүл жандуу-жансыздардын иштерин Өзү башкарып турат. Эй, адамдар! Кийин силердин эсебиңерде миң жылга тете болгон бир күндө ал иштер Ага карай көтөрүлөт.
(6) Мына ошонун баарын башкарып туруучу – Ал кайыпты да, ашкерени да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Кудуреттүү, ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, Ал өз душмандарынан өч алам десе, эч ким тосо албайт. Ал Өзүнүн ыймандуу пенделерине Ырайымдуу.
(7) Ал бүткүл нерселерди эң сонун көрүнүштө жараткан жана Адамды мурда болбогондой калыпта ылайдан жаратып баштаган.
(8) Кийин аны улай урпактарын андан бөлүнүп чыккан бел суудан жаратты.
(9) Кийин инсанды толук көркөм келбетте жаратты жана жан салууга жоопкер болгон периштеге буйруу менен ага Өз рухунан үйлөп жан салды. Эй, адамдар! Ал силерге угуш үчүн кулактарды, көрүш үчүн көздөрдү, акыл жүгүртүш үчүн жүрөктөрдү берди. Аллахтын силерге берген бул жакшылыктарына аз шүгүр кылып жатасыңар.
(10) Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктер айтышат: «Биз өлүп, жерге көмүлүп, денелерибиз топуракка айланып кетсе, анан кантип кайрадан тирилмек элек?!». Буга акылдары жетпейт. Тескерисинче алар акыйкатта кайра тирилүүгө ыйман келтирбей каапырлык кылышкандар.
(11) Эй, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктерге айт: «Аллах силердин жаныңарды алууга дайындаган өлүм периштеси жаныңарды алат. Андан соң кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн бизге гана кайтып келесиңер».
(12) Жакында кыямат күнү күнөөкөрлөргө баары ачык болгондо, алар кайра тирилүүгө каапырлык кылышканы себептүү кордуктан баштарын жерге салып кордолгон абалда турушканда айтышат: «Раббибиз! Биз жалганга чыгарган кайра тирилүүнү өз көзүбүз менен көрдүк, Сен тараптан пайгамбарлар алып келген нерселердин чындык экенин өз кулагыбыз менен уктук. Эми бизди дүйнө жашоосуна кайтар, биз Сени ыраазы кылган жакшылык иштерди кылалы. Биз кайра тирилүүгө жана пайгамбарлар алып келген нерселердин чындык экенине эми ишендик». Эгер сен күнөөкөрлөрдүн мына ошондой абалда болгондорун көрсөң, абалдары кандай гана оор болгондугун көрөсүң.
(13) Эгер Биз ар бир жанга тууралыкты, ийгиликти берүүнү кааласак, анда Биз аны ошого алып бармакпыз. Бирок даанышмандыктан жана адилеттиктен Менин: «Кыямат күнү тозокту каапыр адамдар жана каапыр жиндер менен сөзсүз толтурамын. Анткени алар ыйман жана тууралык жолду таштап, каапырлык жана адашуу жолун тандашты» деген сөзүм сөзсүз ишке ашат.
(14) Кыямат күнү айыптоо максатта аларга мындай деп айтылат: «Кыямат күнүндө сурак бериш үчүн Аллах менен жолугушууну дүйнө жашоосунда унутканыңар себептүү азапты тарткыла! Чындыгында Биз силерди кыйналганыңарга карабастан азапка таштайбыз. Дүйнөдө күнөөлөрдү, каапырлыкты кылганыңар себептүү эч качан бүтпөгөн түбөлүк азапты тарткыла».
(15) Чындыгында Биз пайгамбарларыбызга түшүргөн аяттарыбызга, алар насаат кылынганда Аллахты мактоо менен аруулап сажда кылгандар, Аллахка сыйынуудан жана кандай абалда болсо да сажда кылуудан текеберлик кылбагандар ыйман келтиришет.
(16) Алар уйкусунан ойгонуп капталдап жаткан жеринен төшөктөн турушат жана Аллахка бет алышып, намаздарында жана башка ибадаттарында Анын азабынан коркуу менен, Анын ырайымын үмүт кылуу менен дуба кылышат. Ошондой эле алар Биз берген мал-мүлктөрдү Аллах жолунда сарпташат.
(17) Алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы катары Аллах алар үчүн көздөрдү кубанткан кандай гана нерселерди даярдап койгондугун эч бир жан билбейт. Ал сыйлык аябагандай бийик-чоң, Анын акыйкатын бир гана Аллах билет.
(18) Аллахка ыйман келтирип, Анын буйруктарын аткарган жана тыйгандарын таштаган адам Ага моюн сунуудан баш тарткан адамдай эмес. Бул эки тарап сыйлык же жаза алууда Аллахтын алдында бирдей эмес.
(19) Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга даярдалган алардын сыйлыгы бейиштер болот. Алар ал жайда Аллахтын берешендиги менен туруктуу жашашат. Бул алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы.
(20) Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылуу менен Аллахка баш ийбегендер үчүн кыямат күнү даярдалган жайлары тозок болот. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Алар ал жерден чыгууга аракет кылышса, кайра ага кайтарылат жана айыптоо катары аларга айтылат: «Дүйнөдө пайгамбарларыңар силерди эскерткен кезде аны жалганга чыгарган тозок азабын тарткыла».
(21) Биз Аллахка баш ийбеген ал жалганчыларды эгер алар тообо кылышпаса, акыретте даярдалган чоң азапка чейин бул дүйнөдө кыйынчылыктарды жана балээлерди тарттырабыз. Балким алар Раббисине баш ийип кайтышар.
(22) Аллахтын аяттары эскертүү катары айтылганда андан сабак албастан, көңүл бурбастан жүз бурган адамдан өткөн залым эч ким жок. Чындыгында Биз Аллахтын аяттарынан жүз буруп каапырлык жана күнөөлөрдү кылган кылмышкерлерден сөзсүз өч алабыз.
(23) Биз Мусага Тооратты бердик. Эй, пайгамбар! Сен Исра жана Мираж түнүндө Муса менен жолукканыңа шектенбегин. Биз Мусага түшкөн китепти Исраил урпактарын адашуудан туура жолго багыттоочу кылдык.
(24) Биз, Исраил урпактарынан адамдар аларды акыйкат жолунда ээрчий турган, өздөрү да акыйкат жолго баштай турган башчыларды кылдык. Анткени, алар Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып, ыйманга чакыруудагы кыйынчылыктарга сабыр кылышкан. Алар пайгамбарларына түшкөн Аллахтын аяттары чындык экенине толук ишенишкен.
(25) Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң алардын бул дүйнөдө талашып тартышкан маселелерин кыямат күнү калыстык менен чечип берет. Кимиси чынчыл, кимиси жалганчы экенин ачык билдирет жана ар бирине татыктуу сыйлыгын же жазасын берет.
(26) Эмне алар Биз мурунку коомдорду жок кылганыбызды көрүшпөй сокур болуп калыштыбы?! Мына ошолордун жок кылынганга чейинки жашашкан турак-жайларында басып жүрүшөт го! Алардын абалдарын көрүп сабак алышкан жок. Чындыгында ал коомдор каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү жок кылынуусунда үлгү-сабактар бар. Бул аларга пайгамбарлары Аллах тараптан алып келген нерсе чындык экендигине далил болот. Ал жалганчылар Аллахтын аяттарын кабыл алуу жана үлгү алуу менен угушпайбы?!
(27) Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар көрүшпөйбү, Биз эч кандай өсүмдүк өспөгөн кургак жерге жамгырдын суусун жаадырып, ал суу менен алардын төөлөрү, уйлары, койлору жана алар өздөрү да жеген эгиндерди чыгардык го?! Алар муну көрүшпөйбү, кургак жерди өндүргөн Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү экенин аңдап билишпейби?!
(28) Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар азапты шаштырып мындай дешет: «Кыямат күнү биз менен силердин ортобузду бөлөт, анан биз тозокко түшүп, силерди бейишке киргизет деп силер ойлоп жаткан өкүм качан болот?».
(29) Эй, пайгамбар! Аларга айт: «Бул убада кыямат күнү болот. Чындыгында ал пенделердин ортосун бөлгөн күн. Ал кезде дүйнөдө Аллахка каапырлык кылгандар кыямат күнүн өз көзү менен көргөндөн кийин чындыкты тастыктагандары аларга пайда бербейт жана алар Раббисине тообо кылып кайтуулары үчүн мөөнөт да берилбейт».
(30) Эй, пайгамбар! Алар адашууга батып кеткен соң сен алардан жүзүңдү бур жана алардын башына түшө турган нерсени күт! Алар да убада кылынган азапты күтүшсүн.