(1) Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Мага жана силерге душман болгондорду жакшы көрүп дос тутпагыла! Алар силердин пайгамбарыңардын колу менен келген динге каапырлык кылышты. Алар пайгамбарга кошуп силерди дагы Меккедеги турак-жайларыңардан чыгарышты. Алар силерге келгенде жакындыкка да, туугандыкка да, дегеле эч нерсеге карашпайт. Анткени силер Раббиңер Аллахка ыйман келтиргенсиңер. Эгерде Менин жолумда согушуу үчүн жана Менин ыраазылыгыма жетүү үчүн чыксаңар, анда андай кылбагыла, аларга болгон сүйүүдөн улам мусулмандардын кабарларын жашыруун жеткирбегиле. Мен силердин ал тууралуу эмнени жашырып, эмнени жарыялаганыңарды билемин. Ал болобу же башкасы болобу, алардын эч бири Мага жашыруун эмес. Кимде-ким каапырлар менен ошондой достук мамиледе болуп, аларга жакындык кылса, анда ал жолдун ортосунан чыгып кетти, акыйкаттан адашты жана тууралыктан четтеди.
(2) Эгер аларда силерге үстөм кылууга мүмкүнчүлүк түзүлсө эле, алар жүрөктөрүндө каткан кастыкты ачыкка чыгарышат, кордук көрсөтүү жана уруу менен силерге колдорун созушат, сөгүп жана урушуп тилине ээ чыга алышпайт жана алардай болуп Аллахка жана Анын элчисине каапыр болушуңарды каалап турушат.
(3) Эгерде каапырлар менен алар үчүн достошсоңор, анда силерге тууган-уругуңар да, бала-чакаңар да пайда келтирбейт. Кыямат күнү Аллах силерди бөлөт, араңардагы бейиш ээлери бейишке, тозок ээлери тозокко кирет. Бири-бириңерге пайда келтире албайсыңар. Аллах кылып жаткан ишиңерди Көрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге алардын сыйлыгын же жазасын берет.
(4) Оо, ыймандуулар! Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдарда жакшы өрнөк бар. Бир кезде алар каапыр коомуна: «Биз силерге жана Аллахтан башка сыйынган кудайларыңарга эч тиешебиз жок. Биз силер тутунган динге каапырлык кылдык. Силер Аллахка ширк кылбастан, жалгыз Ага ыйман келтирмейинче, биз менен силердин ортобузда душмандык жана жек көрүү жаралды» – деп айтышты. Андыктан силер дагы аларга окшогон каапыр коомуңардан баш тартууңар керек. Бирок Ибрахимдин атасына карата айткан: «Мен сиз үчүн Аллахтан кечирим сураймын. Мен сизди Аллахтын азабынан эч коргой албаймын» – сөзүндө аны өрнөк тутпагыла. Анткени бул Ибрахим атасынан үмүт үзгөнгө чейин болгон. Ошондуктан ыймандуу адам мушрик үчүн кечирим сурабаш керек. Раббибиз! Бүткүл ишибизде Сага таяндык, тообо кылып Сага кайттык жана кыямат күнү кайтып баруу – Өзүңө гана.
(5) Раббибиз! Бизди каапырларга көз каранды кылуу менен аларга сыноо кылба. Ошондо алар бизге: «Эгерде акыйкатта болсоңор, бизге көз каранды болбойт элеңер» – деп айтышпасын. Раббибиз, күнөөлөрүбүздү кечир. Чындыгында Сен жеңилбеген Кудуреттүүсүң жана Өз жаратууңда, шариятыңда жана кудуреттүүлүгүңдө Даанышмансың.
(6) Бул жакшы өрнөктү Аллахтан дүйнө жана акырет жакшылыктарын үмүт кылгандар гана ээрчишет. Ал эми ким мындай жакшы өрнөктөн баш тартса, анда Аллах пенделерине муктаж эмес, Ал алардын баш ийүүсүнө муктаж эмес. Ал бардык абалда мактоого татыктуу.
(7) Оо, ыймандуулар! Балким Аллах силерге душмандык кылган каапырлар менен силердин ортоңордо сүйүү жаратып, Аллах аларды Исламга карай багыттайт. Ошондо алар силердин диндеш бир туугандарыңар болот. Аллах силердин жүрөгүңөрдү ыйманга өзгөртүүгө Кудуреттүү. Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Мээримдүү.
(8) Исламга киргениңер себептүү силер менен согушпаган жана силерди өз мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык кылууңарды жана аларга тийиштүү акыларын берип, алардын ортосунда адилеттүү болууңарды Аллах силерге тыйбайт. Чындыгында Аллах өздөрүнө, үй-бүлөсүнө жана кол астындагыларга адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт.
(9) Силер менен ыйманыңар себептүү согушуп, силерди өз мекениңерден чыгарган же чыгарууга жардам берген адамдар менен достук мамиле түзүүңөрдү Аллах силерге тыйды. Араңардан ким алар менен достошсо, мына ошолор Аллахтын буйругуна каршы чыгып, өздөрүн кыйроого учураткан залымдар.
(10) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге ыймандуу аялдар каапырлардын жеринен мусулмандардын жерине көчүп келишсе, алардын ыйманынын чындыгын сынап көргүлө. Аллах алардын ыйманын жакшы билет. Алардын жүрөгүндөгү катылган нерселер Ага жашыруун эмес. Эгерде алардын чынчылдыгын текшергенден кийин ыймандуу экенин билсеңер, анда аларды каапыр күйөөлөрүнө кайтарбагыла. Ыймандуу аялдар каапырларга турмушка чыгууга болбойт жана каапырлар ыймандуу аялдарга үйлөнүүгө болбойт. Күйөөлөрүнө аларга берген калыңды кайтарып бергиле. Оо, ыймандуулар! Силер алардын идда мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга калың берип, үйлөнсөңөр күнөө эмес. Кимдин аялы каапыр болсо же Исламдан баш тартса, анда аны кармабасын. Анткени анын каапыр болушу менен алардын никеси токтойт. Динден баш тарткан аялдарыңарга берген калыңды каапырлардан сурагыла жана алар дагы Исламды кабыл алган аялдарынын калыңын сурашсын. Силер тараптан жана алар тараптан калыңдын кайтарылып берилүүсү тууралуу бул айтылган нерсе – Аллахтын өкүмү. Аллах силердин араңарда Өзү каалагандай өкүм чыгарат. Аллах пенделеринин абалдарын жана иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал пенделерине кылган шариятында Даанышман.
(11) Эгерде аялдарыңардын кээ бирлери динден баш тартып, каапырларга кетип калса жана силер каапырлардан алардын калыңын талап кылып, бирок алар бербей коюшса, кийин силер каапырлардан олжого ээ болсоңор, анда динден баш тартып кетип калган аялдардына күйөөлөрү берген калыңды бергиле. Жана силер буйругуна баш ийип жана тыйгандарын таштап, ыйман келтирген Аллахтан корккула!
(12) Оо, пайгамбар! Эгерде сага Меккени багынткан күндөгүдөй ыймандуу аялдар келип, Аллахка эч нерсени шерик кылбастан, жалгыз Ага сыйынууга, уурулук жана зына кылбоого, караңгылык доордогу адамдардын үрп-адаттарына ылайык балдарды өлтүрбөөгө, зынадан төрөлгөн балдарын күйөөлөрүнө таандык кылбоого жана өлүккө өкүрүп ыйлоо, чачты кыруу, кийимин тытуу сыяктуу тыюу салынган жакшылык иштерде сага каршы чыкпоого ант беришсе, анда алардын антын кабыл кыл жана алар сага ант беришкенден кийин күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим сура. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
(13) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын каарына калган коом менен достук мамиледе болбогула. Алар акыретке ишенишпейт. Тескерисинче, алар кайра тирилүүгө ишенбегендик себептүү өлүктөрдүн кайтып келүүсүнөн үмүтсүз болгон сыяктуу андан үмүт үзүшкөндөр.