(1) Аллахтын элчиси кабагын чытып, жүзүн бурду.
(2) Абдуллах ибн Умму Мактум андан туура жол сурап келгендиги үчүн. Ал сокур эле. Ал келгенде Аллахтын элчиси мушриктердин башчылары туура жолго түшөбү деген үмүттө ошолор менен алек болчу.
(3) Оо, пайгамбар! Сен кайдан билесиң? Балким ал сокур киши күнөөлөрүнөн тазаланмак.
(4) Же болбосо сенден уккан насыйкаттардан сабак алып, ал үчүн пайдалуу болмок.
(5) Ал эми өзүндөгү мал-мүлктөн улам сен алып келген ыйманга муктаж эмесмин деген адамга
(6) сен көңүл буруп, аны карап алдың.
(7) Эгер ал Аллахка тообо кылып күнөөлөрүнөн тазаланбаса, анда сен эмнеге жетишесиң?
(8) Ал эми жакшылык издеп сага шашылып келген адам
(9) ал Раббисинен коркот.
(10) Сен анын ордуна мушриктердин башчыларынан болгон башка бирөөгө алаксып туруп алдың.
(11) Андай эмес! Чындыгында бул кабыл алгандар үчүн насыйкат жана эскертме.
(12) Аллахты эскерүүнү каалаган адам Аны эскерет жана бул Курандагы нерседен сабак алат.
(13) Бул Куран периштелердин алдындагы ардактуу баракчаларда.
(14) Алар бийик орунга көтөрүлгөн жана эч кандай кир да, ыпылас да тийбегендей таза.
(15) Алар периштелерден болгон элчилердин колунда.
(16) Алар Раббисинин алдында кадырлуу, көптөгөн жакшылыктарды жана ибадаттарды кылуучулар.
(17) Каапыр адамга каргыш болсун! Анын Аллахка болгон каапырлыгы кандай күчтүү!
(18) Ал жер бетинде текеберлик жана каапырлык кылгыдай Аллах аны эмнеден жараткан экен?
(19) Аны аз өлчөмдөгү суудан жаратып, анын жаралуусун баскыч-баскыч кылып белгилеп койду.
(20) Анан аны мына ушул баскычтардан кийин энесинин курсагынан чыгуусун жеңил кылды.
(21) Андан соң аны бул жашоодо өмүр сүрүүсүн белгилегенден кийин өлтүрдү.
(22) Андан соң Өзү каалаганда аны сурак алуу жана жаза же сыйлыгын берүү үчүн кайра тирилтип алат.
(23) Абал бул каапырдын Раббисинин алдындагы милдеттерин аткардым деп элестеткениндей эмес. Ал Аллахтын ага милдет кылган парздарын аткарган жок.
(24) Аллахка каапыр болгон адам жеп жаткан тамак-ашы кайдан келгенин карабайбы?
(25) Анын келип чыгышы асмандан нөшөрлөп жана күч менен түшкөн жамгырдан.
(26) Андан соң Биз жерди жардык, ал жарылып өсүмдүктөр чыкты.
(27) Андан соң ага буудай, жүгөрү жана башка дандарды өстүрдүк.
(28) Ошондой эле ага жүзүмдөрдү жана мал-жандыктарыңарга тоюп болсун деп көк чөптөрдү өстүрдүк.
(29) Зайтундарды жана курмаларды өстүрдүк.
(30) Көп бак-дарактуу бактарды өстүрдүк.
(31) Мөмө-жемиштерди жана силердин мал-жандыктарыңарга жайыттарды өстүрдүк.
(32) Силер жана мал-жандыктарыңардын пайдасы үчүн деп.
(33) Качан экинчи жолу керней тартылып кулактарды тундуруучу катуу кыйкырык келгенде.
(34) Ал күнү адам өз ага-инисинен качат.
(35) Апасынан жана атасынан качат.
(36) Аялынан жана балдарынан качат.
(37) Ошол күндөгү катуу кыйынчылыктан улам алардын баарысы башкаларга көңүл бурбай калат.
(38) Ал күнү бактылуулардын жүздөрү жаркырап турат.
(39) Аллах аларга Өз ырайымы менен даярдап койгон нерселер үчүн күлүп-жайнап, кубанышып турушат.
(40) Ал эми ал күнү бактысыздардын жүздөрүн чаң басып турат.
(41) Аларды караңгылык каптайт.
(42) Мына ушундай абалда болгон адамдар – алар каапырлык менен бузукулукту бирдей кылгандар.