71 - Nooh ()

|

(1) Биз Нухту коомун чакырыш үчүн, аларга Аллахка ширк кылгандары себептүү кыйноочу азап келерден мурун эскерткин деп жибердик.

(2) Нух коомуна айтты: «Оо, элим! Эгерде Аллахка тообо кылбасаңар, мен силерди күткөн азапты анык эскертүүчүмүн.

(3) Менин силерге болгон эскертмемдин талабы мындайча: «Аллахка гана сыйынгыла, Ага эч нерсени шерик кылбагыла, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен буйруган нерселерде мага баш ийгиле.

(4) Эгер силер муну аткарсаңар, Аллах силердин пенделердин укуктарына байланышпаган күнөөлөрүңөрдү кечирет, силердин үммөтүңөрдүн жашоодогу мөөнөтүн Аллахтын илиминде белгиленген убакытка чейин узартат. Силер ушул абалдан тайбасаңар, жер бетин гүлдөтөсүңөр. Чындыгында өлүм келген кезде ал кечиктирилбейт. Эгерде силер билгениңерде, анда Аллахка ыйман келтирүүгө жана силер кылган ширктен жана адашуудан тообо кылмаксыңар».

(5) Нух айтты: «Оо, Раббим! Мен элимди күнү-түнү тынбастан Сага ибадат кылууга жана Сага гана сыйынууга чакырдым.

(6) Бирок менин дааватым алардын качуусун жана мен чакырган нерседен алыстоосун гана күчөттү.

(7) Мен аларды Сага гана ибадат кылуу, Сага жана Сенин элчиңе моюн сунуу сыяктуу алардын күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болгон нерселерге чакырган сайын, алар менин чакырыгымды укпаш үчүн манжаларын кулактарына тыгып, мени көрбөш үчүн беттерин кийимдери менен жаап, ширк кылууну уланта беришти жана мен аларды чакырган нерсени кабыл алып, ага баш ийүүдөн текеберленишти.

(8) Оо, Раббим! Кийин мен аларды ачык түрдө чакырдым.

(9) Кийин мен аларга дааватым түрдүү ыкмада болсун деп үнүмдү бийик чыгарып да, жай чыгарып да даават кылдым жана жашыруун сыр кылып да айттым.

(10) Аларга айттым: «Оо, элим! Раббиңерге тообо кылып, Андан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү.

(11) Эгерде силер муну аткарсаңар, Аллах силер муктаж болгон сайын нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана силерде кургакчылык болбойт.

(12) Жана силерге көп мал-мүлк жана бала-чака берет, силер мөмө-жемишинен жеген бакчаларды кылат жана силер ичүү үчүн жана жерлериңерди, малдарыңарды сугаруу үчүн дарыяларды кылат.

(13) Оо, элим! Эмне үчүн силер эч нерсеге карабай Аллахка баш ийбестик кылып, Анын улуулугунан коркпой жатасыңар?

(14) Ал силерди бел суудан, кийин уюган кандан, кийин үзүм эттен этап-этабы менен жаратты.

(15) Аллах жети асманды, асман үстүнө асман кылып кантип жаратканын көрбөй жатасыңарбы?

(16) Дүйнө асманына Айды жайгаштырды, андан жердин жашоочуларына нур чачырайт. Ал эми Күндү жарык кылды.

(17) Аллах түпкү атаңар Адамды топурактан жаратуу менен силерди жерден жаратты. Кийин силер ал өстүрүп чыгарган нерселер менен азыктанасыңар.

(18) Андан соң силерди өлүмдөн кийин кайра ага кайтарат. Кийин андан кайра тирилтип чыгарат.

(19) Аллах силер үчүн жерди жашоого ылайыктуу тегиз кылды.

(20) Балким силер адал ырыскы издеш үчүн андагы кенен жолдордо жүрөсүңөр.

(21) Нух айтты: «Оо, Раббим! Чындыгында коомум жалгыз Сага сыйынуу жана Өзүңө гана ибадат кылуу сыяктуу мен аларды буйруган нерселерге баш ийбестик кылышты жана арасыңдагы төмөн адамдар Сен байлык жана бала-чака берген башчыларын ээрчип кетишти. Алар болсо Сенин берген жакшылыктарың менен алардын адашууларын кайра күчөттү.

(22) Алардын чоңдору төмөн адамдарды Нухка каршы тукуруп, чоң айла-амал кылышты.

(23) Аларды ээрчигендерге айтышты: «Кудайларыңарга сыйынганды таштабагыла жана силердин айкелдериңер Вадды, Сувааны, Ягусту, Яукту жана Насрды таштабагыла».

(24) Алар бул айкелдери менен көптөгөн адамдарды адаштырды. Оо, Раббим! Каапырлыктан жана күнөөлөрдөн баш тартпай өздөрүнө зулумдук кылгандардын акыйкаттан адашуусун көбөйт.

(25) Алар кылган күнөөлөрү себептүү дүйнөдө топон сууга чөктүрүлдү. Анан өлүмдөн кийин түз тозокко киргизилип, аларды чөгүүдөн жана тозоктон куткарганга Аллахтан башка эч бир жардамчы табышпады.

(26) Качан Аллах Нухка буга чейин ыйман келтиргендерден башка эч ким ыйман келтирбейт деп кабар бергенде, ал айтты: «Оо, Раббим! Жер бетинде айланган же кыбыр эткен бир да каапырды калтырба.

(27) Раббибиз! Эгерде Сен аларды таштап, аларга мөөнөт берсең, ыймандуу пенделериңди адаштырышат жана Сага моюн сунбаган, жакшылыктарыңа шүгүр кылбай, каапырлыкты катуу карманган бузуку адамдарды төрөшөт.

(28) Раббим! Менин күнөөлөрүмдү кечир, ата-энемдин күнөөлөрүн кечир, менин үйүмө ыймандуу болуп киргендерди кечир жана ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир».