(1) Адамдарды көп ушактагандарга жана аларды жаманатты кылгандарга кыйроо жана катаал азап болсун!
(2) Анын бүткүл ою байлык топтоо жана аны эсептөө, анын андан башка ою жок.
(3) Ал чогулткан байлыгы аны өлүмдөн куткарып, дүйнө жашоосунда түбөлүк калам деп ойлойт.
(4) Абал бул наадан ойлогондой эмес. Аны тозок отуна ыргыткыла! Ал андагы азаптын катаалдыгынан улам ага ташталган бардык нерселерди майдалап, таш-талканын чыгарат.
(5) Оо, пайгамбар! Ага ташталгандардын баарысын жок кылган бул тозок эмне экенин кайдан билмек элең?
(6) Ал — Аллахтын алоолонгон тозогу.
(7) Ал адамдардын денесинен жүрөктөрүнө тешип кирет.
(8) Чындыгында ал анын ичинде азапталгандар үчүн жабык.
(9) Алар ал жактан чыгып кетпеш үчүн узун устундар менен бекемделген.