56 - Al-Waaqia ()

|

(1) Кыямат анык келген кезде.

(2) Аны дүйнөдө жалганга чыгарган сыяктуу жалганга чыгара тургандай эч бир жан болбойт.

(3) Ал бузуку каапырларды тозокко киргизип басынтат, такыба ыймандууларды бейишке киргизип көтөрөт.

(4) Жер катуу титиреген кезде.

(5) Тоолор бытырап талкаланат.

(6) Алар талкалангандан улам бырыксып жайылган чаңга айланат.

(7) Силер ал күндө үч топко бөлүнөсүңөр.

(8) Амал китептерин оң тараптан алган оң тарап ээлери. Алардын даражасы кандай бийик жана улук!

(9) Амал китептерин сол тараптан алган сол тарап ээлери. Алардын даражасы кандай жаман жана төмөн!

(10) Дүйнөдө жакшылыктарды кылууда алдыңкы болгондор, алар акыретте да бейишке кирүүдө алдыңкы болушат.

(11) Алар Аллахка жакын адамдар.

(12) Алар жыргалчылык бейиштеринде түрдүү жылгалчылыктар менен ырахаттанышат.

(13) Алар бул үммөттөн жана мурунку коомдордон болгон жамааттар.

(14) Алардын азыраагы акыр заман адамдары. Алар алдыңкы Аллахка жакын адамдар.

(15) Алар алтын менен токулган сөрүлөрдө.

(16) Алар ошол сөрүлөргө жөлөнүп, бири-бирине артын салбастан, бет маңдай олтурушат.

(17) Аларга кызмат кылуу үчүн картайбаган жана жок болуп кетпеген жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт.

(18) Алар кармоочсуз чөйчөктөр, кармоочу бар кумуралар жана бейиште токтобой агып турган шараптар куюлган чынылар менен айланып турушат.

(19) Ал дүйнөнүн шарабына окшош эмес, анын ичкен адамдын башы оорубайт жана акылын да жоготуп койбойт.

(20) Ал жаш жигиттер алар каалагандай мөмө-жемиштер менен аларды тегеренип жүрүшөт.

(21) Жана алар каалагандай куштардын эттери менен айланып жүрүшөт.

(22) Бейиште алар үчүн бакыраң көз сулуу аялдар бар.

(23) Алар седепте жашырылган берметтер сыяктуу.

(24) Бул алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы.

(25) Алар бейиште уят сөздөрдү жана адамды күнөөгө түрткөн нерселерди угушпайт.

(26) Алар периштелердин аларга айткан саламдарын жана алардын өз ара саламдашуусун гана угушат.

(27) Амал китептери оң тарабынан берилгендердин Аллахтын алдындагы абалы жана кадыры кандай улуу.

(28) Алар тикенектери кесилген, зыянсыз Сидрдын арасында.

(29) Үстү-үстүнө тизилген банандардын астында.

(30) Үзүлбөстөн узакка созулган көлөкөлөрдө.

(31) Токтобой аккан суулардын боюнда.

(32) Сансыз көп мөмө-жемиштер ичинде.

(33) Алар эч качан түгөнбөйт, анын мезгили да болбойт жана алар аны кайсы убакта кааласа, аларга эч кандай тоскоолдук жаралбайт.

(34) Алар сөрүлөргө коюлган бийик көтөрүлгөн төшөктөрдө.

(35) Чындыгында Биз жогоруда айтылган Хур кыздарды адаттан тыш кылып жараттык.

(36) Аларды буга чейин эч бир кол тийбеген кыздар кылдык.

(37) Алар күйөөлөрүнө сүйүктүү жана жаштары бирдей.

(38) Биз аларды бактысынын белгиси катары оң тарап алынып кеткен оң тарап ээлери үчүн жараттык.

(39) Алар абалкы пайгамбарлардын үммөттөрүнөн болгон жамааттар.

(40) Жана акыркы үммөт болгон Мухаммаддын үммөтүнөн болгон жамааттар.

(41) Амал китеби сол тарабынан берилгендердин абалы жана бара турган жайы кандай жаман.

(42) Алар өтө ысык шамалда жана өтө ысык сууда.

(43) Капкара түтүндүн көлөкөсүндө.

(44) Соккон жели да жагымсыз, көрүнүшү да жагымсыз.

(45) Алар азапка келерден мурун дүйнөдө кумардан башка эч нерсени ойлобостон жыргап жашашкан.

(46) Алар Аллахка каапырлык кылуудан жана Андан башка кудайларга сыйынуудан баш таштышкан жок.

(47) Алар кайра тирилүүнү четке кагышты жана аны мүмкүн эмес дегендей шылдыңдап мындай деп айтышты: «Биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилет бекенбиз?

(48) Же бизден мурун өлгөн абалкы ата-бабаларыбыз кайрадан тирилишет бекен?».

(49) Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү четкен каккандарга айт: «Чындыгында адамдардын абалкылары да, акыркылары да,

(50) Кыямат күнү сурак берүү жана сыйлык-жаза алуу үчүн сөзсүз түрдө чогултулат.

(51) Кийин, эй, кайра тирилүүгө ишенбеген, туура жолдон адашкандар, Кыямат күнү жаман, жагымсыз мөмөлүү "Заккум" дарагынын мөмөсүн жейсиңер.

(52) Кийин, эй, кайра тирилүүгө ишенбеген, туура жолдон адашкандар, Кыямат күнү жаман, жагымсыз мөмөлүү "Заккум" дарагынын мөмөсүн жейсиңер.

(53) Ач курсагыңарды ошол ачуу дарак менен толтурасыңар.

(54) Анын артынан кайнаган ысык суу ичесиңер.

(55) Төө акактап ооруган себептүү сууну көп ичкендей, силер дагы аны көп ичесиңер».

(56) Бул айтылган ачуу тамак жана ысык суу – аларды жаза күнү тосуп алганда көрсөтүлүүчү сый-урмат.

(57) Эй, жалганчылар! Биз силерди жоктон жараттык. Эми силерди өлгөнүңөрдөн кийин кайра тирилтебиз дегенге эмнеге ишенбей жатасыңар?

(58) Оо, адамдар! Силер аялдарыңардын жатынына таштаган уруктукту көрбөйсүңөрбү?

(59) Ал уруктукту силер жаратасыңарбы же Биз жаратабызбы?

(60) Биз силердин араңарда өлүмдү белгилеп койгонбуз. Ар бириңердин ажалыңар бар, ал алдыга да, артка да жылдырылбайт. Биз алсыз эмеспиз.

(61) Биз силерди өзүңөргө белгилүү болгондой жаратылышыңарды жана келбетиңерди өзгөртүп, силерди өзүңөр билбегендей жаратылышта жана келбетте жаратабыз.

(62) Биз силерди абалкы жолу жаратканыбызды билдиңер. Силерди абалкы жолу жараткан Аллах, силерди өлгөндөн кийин кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү экендигин ойлонбойсуңарбы жана билбейсиңерби?

(63) Силер жерге сепкен үрөөндү көрбөйсүңөрбү?

(64) Ал үрөөндү силер өстүрөсүңөрбү же Биз өстүрөбүзбү?

(65) Эгерде Биз ал үрөөндү тыпынга айлантууну кааласак, анда аны бышайын деп калганда тыпынга айлантып коймокпуз. Ошондон кийин силер анын эмне болгонуна таң калмаксыңар.

(66) Силер айтасыңар: «Биз сарптаган нерсебизден зыянга учурап азап тарттык.

(67) Атүгүл ырыскыдан да куру калдык».

(68) Силер суусаганда ичкен сууну көрбөйсүңөрбү?

(69) Силер аны асмандагы булуттардан түшүрөсүңөрбү же Биз түшүрөбүзбү?

(70) Эгерде Биз ал сууну ичкенге жана сугарганга жарабай тургандай өтө туздуу кылууну каалаганыбызда, анда Биз аны өтө туздуу кылып коймокпуз. Силерге ырайым кылып таза сууну түшүргөн Аллахка шүгүр кылбайсыңарбы?

(71) Силер пайдалануу үчүн жагып жаткан отту көрбөйсүңөрбү?

(72) Отту тутанткан даракты силер жараттыңарбы же аны силерге ырайым кылып Биз жараттыкпы?

(73) Биз бул отту силерге акырет отун эстетүү үчүн жана силердеги мусапырлар пайдаланыш үчүн кылдык.

(74) Оо, пайгамбар! Улуу Раббиңди Ага ылайык келбеген нерселерден аруула!

(75) Аллах жылдыздардын жайгашкан орундары менен ант берди.

(76) Эгер билсеңер, бул орундар менен ант берүү өтө улук. Анткени анда эсепсиз аят-белгилер жана үлгү-насааттар бар.

(77) Оо, адамдар! Силерге окулуп жаткан Куран – ыйык Куран. Анткени анда көптөгөн пайдалар бар.

(78) Ал адамдардын көзүнөн жашырылган китеп болгон Сакталган Тактада (Лаухуль Махфуз).

(79) Аны күнөөдөн жана айып-кемчиликтерден таза периштелер гана кармашат.

(80) Ал макулуктардын Раббиси тараптан пайгамбарга түшүрүлгөн.

(81) Эй, мушриктер! Силер бул сөзгө ишенбей, жалганга чыгарып жатасыңарбы?

(82) Силер Аллахтын ырыскы кылган жакшылыктарына шүгүр кылуунун ордуна Аны жалганга чыгарасыңарбы жана жамгырдын жаашын жылдызга байланыштырып: «Баланча жылдыз же түкүнчө жылдыз себептүү бизге жамгыр жаады» – дейсиңерби?

(83) Жан кекиртекке жеткенде.

(84) Ошол учурда силер алдыңардагы жаны чыгып жаткан адамды карап турасыңар.

(85) Биз ал өлүккө илимибиз, кудуретибиз жана периштелерибиз менен силерден да жакынбыз. Бирок силер ал периштелерди көрбөйсүңөр.

(86) Эгерде силер ойлогондой, кылган иш-аракеттериңердин жазасын алуу үчүн кайра тирилбегениңерде.

(87) Өлүгүңөрдөн чыгып жаткан жанды кайтаргылачы, эгер чынчыл болсоңор?! Силер муну кыла албайсыңар.

(88) Эгерде өлүк жакшылыктарга карай алдыңкылардан болсо.

(89) Ага мындан кийин чарчоо болбогон ырахат, таза ырыскы, ырайымдуулук болот жана ал үчүн көңүлү каалагандай ырахаттарга бата турган бейиш бар.

(90) Эгерде өлүк оң тарап ээлеринен болсо, анда анын абалы тууралуу кам жебе. Анткени алар үчүн бейпилдик жана тынчтык бар.

(91) Эгерде өлүк оң тарап ээлеринен болсо, анда анын абалы тууралуу кам жебе. Анткени алар үчүн бейпилдик жана тынчтык бар.

(92) Эгерде өлүк пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгаргандардан, туура жолдон адашкандардан болсо,

(93) Аны тосуп алгандагы сый тамагы – өтө ысык суу болот.

(94) Ал тозок отуна күйөт.

(95) Оо, пайгамбар! Биз сага айтып берген бул нерселер шек-күмөнсүз акыйкат.

(96) Андыктан Улуу Раббиңдин ысымын улукта жана Аны айып-кемчиликтерден аруула.