50 - Qaaf ()

|

(1) Каф. Ушуга окшогон сөздүн түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында айтылган. Аллах маанилерди, көптөгөн жакшылыктар менен берекени камтыган ыйык Куран менен ант берди. Силер кыямат күндөгү сурак, сыйлык жана жаза үчүн сөзсүз тирилтилесиңер.

(2) Алардын баш тартуусунун себеби, алар сени калп айтат деп күтүшкөн эмес, анткени алар сенин чынчылдыгыңды билишет, тескерисинче, аларга периштелерден эмес, өздөрүнөн болгон пайгамбар келгенине таң калышты. Алар таң калып айтышты: «Бизге адамзаттан пайгамбардын келиши таң калыштуу!

(3) Биз өлүп, топуракка айлангандан кийин кайра тирилебизби? Ошол кайра тирилүү жана денебиз чиригенден кийин ага жашоонун кайра кайтуусу мүмкүн эмес нерсе, андай болбойт».

(4) Биз алар өлүп жок болгондон кийин алардын денелерин жер жегенин билебиз. Алардын эч бири Бизге жашыруун эмес. Биздин алдыбызда Аллах алардын жашоосундагы жана өлгөндөн кийинки тагдыр кылган бүткүл нерселерди сактоочу Китеп бар.

(5) Бирок ал мушриктер пайгамбар алып келген Куранды жалганга чыгарышты. Алар оңтойсуз абалда турушат. Ал тууралуу эч нерсени далилдей алышпады.

(6) Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар үстүндөгү асман тууралуу ой жүгүртүшпөйбү, Биз аны кантип жараттык, кантип курдук жана жылдыздарды жайгаштырып кантип кооздодук? Аны кемчилдүү кылган эч кандай жаракалары жок. Ушундай асманды жараткан Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү.

(7) Биз жерди жашоого ыңгайлаштырып кең кылдык, ал термелбеш үчүн бекем тоолорду орноттук жана көзгө жагымдуу түрдүү-түрдүү өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды өстүрдүк.

(8) Биз булардын баарысын Раббисине моюн сунуп кайткан пенделерге түшүнүк жана эскертүү болсун деп жараттык.

(9) Биз асмандан көптөгөн пайдалары жана жакшылыктары бар суу түшүрдүк, ошол суу менен бактарды өстүрдүк жана силер түшүмүн жыйнаган арпанын данын жана башка нерселерди өстүрдүк.

(10) Жана сабактары бири-биринин үстүнө төшөлгөн бийик курма дарактарын өстүрдүк.

(11) Биз бул өстүргөн нерселерди пенделер жей турган ырыскы болуш үчүн өстүрдүк. Жана аны менен өсүмдүк өспөгөн жерди тирилттик. Биз бул жамгыр менен өсүмдүк өспөгөн жерди тирилткен сыяктуу өлүктөрдү да тирилтебиз, алар тирилип чыгышат.

(12) Оо, пайгамбар! Сени жалганга чыгаргандардан мурунку коомдор да өз пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Нухтун коому, кудук ээлери жана Самуд коому жалганга чыгарышты.

(13) Аад коому, Фараон жана Луттун коому жалганга чыгарышты.

(14) Айка жана Йемендеги Туббъа коому пайгамбары Шуаъйбды жалганга чыгарды, бул коомдордун баары аларга Аллах жиберген пайгамбарларды жалганга чыгарышты жана аларга Аллах убада кылган азапка кабылышты.

(15) Биз кайра тирилтүүдө алсыздык кылчудай силерди биринчи жаратканда алсыздык кылыптырбызбы? Бирок алардын биринчи жаралуудан кийин кайра жаралуу тууралуу баштары катып жатат.

(16) Биз инсанды жараттык жана ал дилинде сүйлөгөн сөздөрдү жана ой толгоолорду билебиз. Биз ага жүрөк менен байланышкан моюндагы күрөө тамырынан да жакынбыз.

(17) Анын иш-аракеттерин кабыл алуучу эки периште бар, алардын бири оң тарабында, экинчиси сол тарабында олтурат.

(18) Ал кандай гана сөз айтпасын, анын сүйлөгөндөрүн күзөтүп туруучу даяр периште бар.

(19) Качып кутулуу мүмкүн болбогон өлүм кыйынчылыгы акыйкат менен келди. Оо, бейкапар инсан! Бул сен алыстап качып жүргөн нерсе.

(20) Керней тартууга жоопкер периште кернейди экинчи жолу тартты. Мына ушул кыямат күн. Каапырлар менен күнөөкөрлөргө азап убада кылынган күн.

(21) Ар бир жанды бир периште коштоп алып келет. Ал периште анын кылган иш-аракеттерине күбө болот.

(22) Ал алып келинген инсанга айтылат: «Сен дүйнөдө кумарларга жана жыргалчылыктарга азгырылганың себептүү бул күндөн бейкапар болчусуң. Эми Биз сен тарткан азап менен кыйынчылыктар себептүү сенин бейкапарлыгыңды кетирип койдук. Бүгүн болсо сен капырыңа албай жүргөн нерселерди көрө турганчалык көзүң курч.

(23) Периштелерден болгон ага жоопкер жандоочусу айтты: «Мына менде анын кылган иштери алымча-кошумчасы жок даяр турат».

(24) Аллах ал эки периштеге, коштоочу менен күбөгө өтүүчүгө айтты: «Акыйкатты четке кагып, ага баш ийбегендердин баарысын тозокко ыргыткыла.

(25) Ал Аллахтын ага жүктөгөн милдеттеринен көп баш тарткан, Аллахтын чектеринен чыккан жана ага айтылган убада же азап тууралуу шектенген.

(26) Ал Аллахка сыйынууда Аны менен катар башка нерселерди кудай тутуп алган. Аны катуу азапка таштагыла».

(27) Анын шайтандардан болгон жандоочусу андан баш тартып айтты: «Раббибиз! Мен аны адаштырган жокмун. Бирок ал өзү акыйкаттан алыстап адашууга түштү».

(28) Аллах айтты: «Менин алдымда талашпагыла! Мындан эч пайда чыкпайт. Мен силерге дүйнөдө пайгамбарларым алып келген нерсе аркылуу Мага каапырлык жана баш ийбестик кылган адамга катаал азап убада кылынганын алдын ала эскерткем.

(29) Менин алдымда сөз өзгөрбөйт жана убадам бузулбайт. Мен пенделеримдин жакшылыктарын кемитип, күнөөлөрүн көбөйтүп аларга зыян келтирбеймин. Тескерисинче, Мен алардын кылган иштерине жараша сыйлыгын же жазасын беремин».

(30) Биз ошол күнү тозоктон: «Сага ыртыгылган каапырлар менен күнөөлөргө толдуңбу?» – деп сурайбыз. Ошондо ал Раббисине: «Дагы барбы?» – деп Раббиси үчүн ачууланып кошумча талап кылып сурайт.

(31) Раббисинин буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккондорго бейиш жакындатылды. Алар андагы жыргалчылыктарды анчалык алыс эмес жерден көрүштү.

(32) Аларга айтылат: «Мына ушул Раббисине дайым тообо кылып кайткан, Анын ага жүктөгөн милдеттерин аткарган ар бир адамга берилет деп Аллахтын силерге берген убадасы.

(33) Кимде-ким Аллах гана көрө тургандай жашыруун абалда Андан корксо жана Ага бет алуу менен дайым Ага кайтып, таза жүрөк менен жолукса,

(34) Ошолорго айтылат: «Силер жаман көргөн нерседен саламатта бейишке киргиле! Бул эч качан бүтпөгөн түбөлүктүү күн».

(35) Алар үчүн ал жакта эч качан түгүнбөгөн, алар каалагандай жыргалчылыктар бар. Ошондой эле Биздин алдыбызда эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган, адам баласынын жүрөгү туйбаган жыргалчылыктар бар. Мына ошолордун бири – Аллах тааланы көрүү.

(36) Мекке элинен чыккан жалганчы мушриктерден мурун аларга караганда алд канча кубаттуу болгон канчалаган коомдорду кыйратып жок кылганбыз. Алар шаарларында ары-бери качып, азаптан сактоочу жай издеди, бирок таба албады.

(37) Чындыгында мурунку коомдордун кыйроосу тууралуу айтылган бул нерседе акыл жүгүртүүчү жүрөгү бар же бейкапар болбостон, жүрөгү менен туюп кулак салган адамдар үчүн эскертүүлөр жана сабакбар бар.

(38) Биз асмандарды, жерди жана алардын ортосундагы нерселерди көз ирмемде жаратып коюуга кудуреттүү болгонубузга карабай алты күндө жараттык жана жөөттөр айтышкандай Биз алсыраган жокпуз.

(39) Оо, пайгамбар! Жөөттөрдүн жана башкалардын айткандарына сабыр кыл. Раббиңе мактоолорду айтып Ал үчүн күн чыкканга чейин багымдат намазын оку жана күн батканга чейин асыр намазын оку.

(40) Түндүн бир бөлүгүндө Ал үчүн намаз оку жана намаздардан кийин Аны аруула.

(41) Оо, пайгамбар! Уккун, ал күнү сурнай тартууга жоопкер периште жакын жерде сурнайды экинчи жолу тартып жар салат.

(42) Ал күнү бардык макулуктар шек-күмөнсүз акыйкат менен кайра тирилүүнүн кыйкырык үнүн угушат. Аны угушкан күн – өлүктөр сурак, жаза жана сыйлык үчүн кабырларынан чыккан күн.

(43) Чындыгында Биз тирилтебиз жана өлтүрөбүз. Бизден башка тирилтүүчү жана өлтүрүүчү жок. Кыямат күнү пенделер сурак, жаза жана сыйлык үчүн Бизге гана кайтып келишет.

(44) Ал күнү жер ачылып, алар андан шашылган абалда чыгышат. Бул чогултуу Биз үчүн оңой.

(45) Биз ал жалганчылардын эмне деп жатышкандарын жакшы билебиз. Оо, пайгамбар! Сен аларды ыйманга мажбурлай тургандай алардын үстүнөн башкаруучу эмессиң. Сен болгону Аллахтын буйругун гана жеткирүүчүсүң. Андыктан сен Менин азабын тууралуу убадаларымдан корккон каапырларды жана күнөөкөрлөрдү Куран менен эскерт.