(1) Мүлк жалгыз Анын колунда болгон Аллахтын жакшылыгы көбөйдү жана улук болду. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч нерсе алсырата албайт.
(2) Оо, адамдар! Ал силердин кимиңер жакшы иш-аракеттерди кыларыңарды сынаш үчүн өлүм менен жашоону жаратты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Кечиримдүү.
(3) Ал жети асманды жаратты. Алардын ар бири эки асман бири-бирине тийишпегендей өзүнөн мурунку асмандан жогору турган өзүнчө бир катмар. Оо, назар салуучу! Сен Аллахтын жараткандарынан эч кандай айырмачылыкты жана келишпестикти таппайсың. Дагы бир жолу карап көрчү! Сен кандайдыр бир жарылууну же бөлүнүүнү көрүп жатасыңбы? Андайды эч качан көрбөйсүң. Акыйкатта сен чеберчилик жана тактык менен жаратылган нерсени гана көрөсүң.
(4) Андан кийин да улам-улам карап көрчү! Көзүң сага асмандын жаралуусунан эч кандай айып-кемчиликти көрбөстөн, кор болгон жана карагысы келбей чарчаган абалда өзүңө кайтат.
(5) Жана Биз жерге эң жакын асманды жаркыраган жылдыздар менен кооздодук жана ал жылдыздарды сөз тыңшаган жин-шайтандарда атылуучу чок таш кылдык. Биз алар үчүн акыретте жалындаган отту даярдап койдук.
(6) Ал эми Раббисине каапырлык кылгандарга кыямат күнү алоолонгон тозок азабы даярдалган. Алардын кайтып барар жайы кандай жаман!
(7) Алар тозокко ыргытылганда, казан буркулдап кайнаган сыяктуу буркулдаган жаман үндү угушту.
(8) Ал ага кирген адамдарга катуу каарданганынан, бири-биринен бөлүнүп-жарылып кетчүдөй болот. Ага тозоктук каапырлардын тобу ыргытылган сайын, ага жоопкер болгон периштелер аларды жемелеп: «Силерге дүйнөдө Аллахтын азабын эскерткен пайгамбар келген эмес беле?» – деп сурашат.
(9) Каапырлар айтышты: «Ооба, бизге Аллахтын азабын эскерткен пайгамбар келген, бирок биз аны жалганга чыгарып мындай дегенбиз: «Аллах эч кандай вахий түшүргөн жок. Эй, элчилер! Силер акыйкаттан катуу адашып кеткенсиңер».
(10) Каапырлар айтышты: «Эгерде биз пайда ала тургандай деңгээлде укканыбызда же чындыкты жалгандан айырмалай тургандай абалда акыл жүгүрткөнүбүздө, тозоктук адамдардын катарында болбойт элек. Тескерисинче, пайгамбарларга ыйман келтирип, алардын алып келгенин чындык деп тастыктап жана бейиштик адамдардан болмокпуз».
(11) Ошентип алар өздөрүнүн каапырлыгын жана жалганга чыгаргандарын моюндарына алып, тозокко татыктуу болушту. Алыс болсун, тозок ээлери!
(12) Чындыгында жалгыз калган кезде Аллахтан корккондор үчүн күнөөлөрүнө кечирим жана улуу сыйлык болгон бейиш бар.
(13) Оо, адамдар! Силер сөзүңөрдү жашырасыңарбы же ачык айтасыңарбы, Ал пенделеринин жүрөгүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
(14) Бүткүл макулуктарды Жаратуучу сырды же сырдан да жашыруун болгон нерселерди билбейт бекен? Ал пенделерине Боорукер, алардын иштеринен Кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
(15) Ал силерге жерди жашоо үчүн ыңгайлуу жана тегиз кылды. Эми силер анын ар тарабында жүрүп, Анын силер үчүн даярдап койгон ырыскысынан жегиле. Сурак берүү жана сыйлык-жаза алуу үчүн кайра тирилип Ага гана барасыңар.
(16) Жер бети жашоого ыңгайлуу болгондон кийин Аллах аны Карундун астынан ачып жибергендей, силердин да астыңардан ачып жибербейт деп ишенесиңерби? Ал тынч абалынан кийин, силерди күтүүсүздөн силкилдетип баштайт.
(17) Же болбосо, асмандагы Аллах Луттун коомуна асмандан таш жаадыргандай, силерге да жаадырбайт деп ишенесиңерби? Силер жакында Менин жазамды жана эскертмемди көргөндө билесиңер. Бирок силер азапты көргөндөн кийин андан эч пайда албайсыңар.
(18) Ал мушриктерден мурунку коомдор дагы жалганга чыгарышты. Алар каапырлыктан жана жалганга чыгаруудан кайтпай туруп алышканда, аларга Аллахтын азабы түштү. Менин аларды четке какканым кандай болду? Ал катаал четке кагуу болду.
(19) Ал жалганчылар үстүлөрүндө учуп бараткан, абада канатын бирде жайып, бирде жыйган кушка карашпайбы? Аларды Аллах гана жерге түшүрбөй кармап турат. Чындыгында Ал бардык нерселерди Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
(20) Эй, каапырлар! Эгерде Аллах силерди азаптоону кааласа, анда силерди Анын азабынан коргой турган аскериңер жок. Каапырлар алданууда, алар шайтанга азрыгылып алданышты.
(21) Эгерде Аллах силерге ырыскысын жеткирбей токтотуп койсо, эч ким силерге ырыскы бере албайт. Бирок натыйжада алар каршылашууну, текеберлик кылууну жана акыйкаттан баш тартууну токтотушкан жок.
(22) Кимиси эң туура жолдо кетүүчү: жүзүн жерге салып баскан мушрикпи, же туура жолдо түз баскан ыймандуу адамбы?
(23) Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Аллах силерди жаратты жана силерге угуу үчүн кулакты, көрүү үчүн көздү, акыл жүгүртүү үчүн жүрөктү берди. Силер Аллахтын берген жакшылыктарына аз шүгүр кыласыңар».
(24) Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Аллах силерди жер бетине таркатты жана жайылтты. Аны эч нерсени жарата албаган кудайларыңар кылган жок. Кыямат күнү сурак берүү жана жаза-сыйлык алуу үчүн кудайларыңарга эмес, Ага гана жыйналасыңар».
(25) Кайра тирилүүнү жалганга чыгарып, аны мүмкүн эмес дегендер айтышат: «Оо, Мухаммад! Сен жана сенин сахабаларың айтып жаткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда бизге аны келет деп айткан бул убадаңар качан болот?».
(26) Оо, пайгамбар! Айткын: «Кыяматтын илими Аллахтын гана алдында. Анын качан болорун Ал гана билет. Мен болгону силерге ачык эскертүүчүмүн».
(27) Качан алардын башына убада кылынган нерсе түшкөндө жана алар кыяматта азаптын жакындаганын көрүшкөндө, Аллахка каапырлык кылгандардын жүздөрү өзгөрүп, карайып кетет. Аларга: «Силер дүйнөдө ушул нерсени талап кылып шаштыргансыңар» – деп айтылат.
(28) О, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерди жекирип: «Айткылачы, эгер Аллах мени жана мени менен бирге болгон ыймандууларды өлтүрсө, же бизге ырайым кылып, ажалыбызды кечиктирсе, анда каапырларды кыйноочу азаптан ким куткарат. Аларды эч ким куткарбайт» - дегин.
(29) Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айткын: «Ал – Ырайымдуу. Ал силерди жалгыз Өзүнө сыйынууга чакырат. Биз бардык иштерибизде Ага гана таянабыз. Жакында силер ким анык адашууда жана ким туура жолдо экенин сөзсүз билесиңер».
(30) Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айткын: «Айткылачы, эгер силердин ичип жаткан сууңар, силер жетпегендей абалда жерге сиңип кетсе, анда силерге аккан мол сууну ким алып келет? Аллахтан башка эч ким алып келе албайт».