108 - Al-Kawthar ()

|

(1) Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сага көп жакшылыктарды бердик жана алардын арасында бейиштеги Каусар дарыясы да бар.

(2) Сен мушриктердин өз кудайларына жакындоо үчүн кылган курмандыгына каршылык максатта жалгыз Аллах үчүн намаз окуп жана курмандык чалуу менен бул жакшылык үчүн шүгүр кыл.

(3) Сени жек көргөн адам – ал бүткүл жакшылыктардан куру калган, аты аталса да жамандык менен аталып унутта кала турган адам.