87 - Al-A'laa ()

|

(1) Жараткандарынан бийик болгон Раббиңди эскерип, Аны улуктаган кезде Анын ысымын айтып аруула!

(2) Ал инсанды түз турпатта жаратты жана тулку боюн тең салмакта кылды.

(3) Ал макулуктардын түрлөрүн, түркүмдөрүн жана сыпаттарын белгилеп, алардын ар бирин өзүнө ылайыктуу жана шайкеш келген нерсеге багыттады.

(4) Ал жерден силердин мал-жандыктарыңар оттогон жайыттарды чыгарды.

(5) Кийин аны жапжашыл болгондон кийин кургаган бозомтук кара чөпкө айлантты.

(6) Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды окутабыз, аны көкүрөгүңө эч унутпай тургандай кылып топтойбуз. Сен эми буга чейин унутпай жаттап калайын деп аракет кылган сыяктуу Жебреил менен жарышып окуба.

(7) Бирок Аллах кандайдыр бир даанышмандык себептүү андан унуттурууну каалаган нерселерди гана унутасың. Чындыгында Ал ачыкты да, жашыруунду да билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.

(8) Жана Биз сага Аллах ыраазы болгон, сени бейишке киргизген иш-аракеттерди кылууңду жеңил кылабыз.

(9) Андыктан сен Курандагы вахий кылынган нерселер менен адамдарга насаат айт жана эскертмеге кулак салуу мүмкүн болсо эле аларга эскерте бер.

(10) Аллахтан корккон адамдар насааттарыңдан сабак алышат. Анткени ошолор насыйкаттан пайда алышат.

(11) Каапыр адам болсо насааттан алыстап, андан качат. Анткени ал акыретте тозокко киргени үчүн эң бактысыз адамдардан болот.

(12) Ал эбегейсиз чоң отко кирип, анын ысыктык азабын түбөлүк тартат.

(13) Кийин ал тозокто түбөлүк калат. Ал жакта тарткан азаптан эс алыш үчүн өлбөйт жана татыктуу жакшы жашоодо да жашабайт.

(14) Ким ширктен жана күнөөлөрдөн тазаланса, анда ал максатына ийгиликтүү жетти.

(15) Ошондой эле шариятта келген түрлүү зикирлер менен Раббисин зикир кылса жана намазды талаптагыдай көрүнүштө толук аткарса (ийгиликке жетти).

(16) Бирок силер дүйнө жашоосун акыреттен алдын коёсуңар жана ал экөөсүнүн ортосундагы чоң айырмачылыктан улам дүйнөнү андан артык көрөсүңөр.

(17) Бирок акырет дүйнөдөн жана андагы жыргалчылыктардан жана ырахаттардан жакшыраак, артыгыраак жана түбөлүктүү. Анткени андагы жыргалчылыктар эч качан түгөнбөйт.

(18) Чынында, Биз силерге айткан бул буйруктар жана кабарлар Курандан мурун түшкөн баракчаларда бар.

(19) Ал Ибрахим менен Мусага түшүрүлгөн баракчалар.