(1) Оо, пайгамбар! Пил ээлери болгон Абраха жана анын жан жөкөрлөрү Каабаны талкалоону каалаганда Раббиң аларды эмне кылганын билбедиңби?
(2) Аллах алардын аны талкалайбыз деген жаман ойлорун текке кетирди. Алар адамдарды Каабадан бурабыз деген тилектерине жетишпеди жана андан эч нерсе ала алышпады.
(3) Аларга топ-тобу менен келген канаттууларды жиберди.
(4) Аларга каткан чопо таштарды ыргытышты.
(5) Аллах аларды малдар тебелеп тепсеп жеген эгин жалбырактарындай кылып койду.